Дарак бир жерден көгөрөт же алпейим агайга

Бүт дүйнө жүзүнө белгилүү, өз өлкөсүнүн жогорку билим берүү системасынын жүзүн көрсөтүп турган университеттер тууралуу баары эле билсе керек. Бул АКШда – Гарвард университети, Улуу Британияда – Оксфорд жана Кембридж университеттери, Францияда – Сорбонна университети, Орусияда – Ломоносов атындагы Москва университети. Ал эми Кыргызстанда андай университет болуп ата мекендик жогорку билим берүүнүн көч башы – Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети эсептелинет. Ал өзүнүн 80 жылдык мааракесин үстүбүздөгү жылдын 30-майында чоӊ салтанат менен белгиледи. Айтмакчы, чет өлкөдө басылып чыккан “Дүйнөнүн университеттери” аттуу китепке Кыргызстандан жалгыз ушул Улуттук университет киргизилген. Диплому дүйнө жүзүнүн кайсы булуӊ-бурчунда болбосун, кабыл алынат, жарактуу дагы. Ушул университетте окуп калганына студенттердин басымдуу көпчүлүгү ыраазы. Жалпы гуманитардык факультеттердин студенттеринин атынан сүйүктүү агайым университеттин 80 жылдыгына карата “Улуттук университеттин Эмгек сиӊирген кызматкери”, “Улуттук университеттин Билим берүүсүнө Эмгек сиӊирген ишмер” наамдарына арзыган мыкты педагог, философия кафедрасынын доценти Таалайбек Иманкожоевге тереӊ ыраазычылыгымды билдиргим келди. Мындай ак жүрөк агайлар бул окуу жайда көп болсо деп тилейм.

Агайыбыз Ысык-Көлдүн кулуну,

Абдан күчтүү ой жүгүртүү туюму.

Бирдей сыйлайт, таӊ каласыӊ бардыгын,

Жумшак сүйлөп, кичүүнү да улууну.

 

Чыгып менден урмат-сыйдын учугу,

Үлгү кылып айткым келди ушуну.

Өтө албаймын эмнегедир агайдан,

Көрүп калсам тээ алыстан утуру.

 

Билгендерге Мухамметтин пейли бар,

Байка элди: көп элдердин пейли тар.

Ачык, жарык касиети башкача,

Не болсо да агайымдын пейли шар.

 

Артыкчылык дипломдун ээси да,

Катуу иштейт агайымдын мээси да.

Башкалардан бөлөкчөрөөк жаралган,

Артык бизге анын акыл-эси да.

 

Билимдүүнү колдоп, коштоп турчусу,

Окуу жайдын таянары, ой куту. 

Жашай бергин түбөлүккө шаӊ менен,

Ысык-Көлдүн философу,  ойчулу.

 

Аралашып чарбага да каржылык,

Ректордун жардамчысы айтылып.

Барып келип жүргөн эмес агайым,

Даярды жеп ата-энеге артынып.

 

Жүздөгөн макаланы жазыптырсыз,

Чоӊ ийгилик билген жанга бул дагы.

Мааниси зор төрт китеби, жыйнагы,

Ой учугун улап турат мындагы.

 

Азыр мына доцент болуп отурат,

Бекер турбай макаладан ой сунат.

Мээ катырып мекен, элин сатканды,

Кармоо үчүн акыл-эстен кол курап.

 

Жүрүӊүзчү ден соолукта бар болуп,

Баскан жолдор эч тоскоолсуз шар болуп.

Ушундайча элге жагып түбөлүк,

Жарык маанай жан дүйнөгө бай болуп.

 

Адам деген жашаш керек ушундай,

Тоолуу жердин алгыр бүркүт кушундай.

Желбирей бер! Жеӊиш менен бир болуп,

Кыргызымдын көк асаба туусундай.

 

Мамбет Өмүр, кыргыз филологиясы факультетинин II курсунун студенти, кытайлык кыргыз кулуну 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*