ОшМУда Конфуций институту ачылды

Ош мамлекеттик университети менен “Конфуций институттарынын” Кытайдагы башкы башкармалыгынын ортосунда 2013-жылдын 23-январында түзүлгөн  жана Синьцзян педагогикалык университети менен ушул эле жылдын 1-мартында Үрүмчү шаарында  түзүлгөн келишимдерге ылайык Ош мамлекеттик университетинде 20-июнда Конфуций институту ачылды.

Ага КР Билим берүү жана илим министри Канат Садыков, Жогорку Кеӊештин депутаты Каныбек Осмоналиев, Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы Бектемир Мурзубраимов, Ош шаарындагы Кытай Эл Республикасынын башкы консулу У.Инцинь, Синьзян педагогикалык университетинин  ректору Вейли Балати, Кытайдагы “Конфуций институттарынын” штаб квартирасынын башчысы, ошондой эле Ош шаардык мэриясынан, облустагы Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн келген өкүлдөр,  жогорку окуу жайларынын ректорлору  катышты.

Алгач сөзгө чыккан окуу жайдын ректору Каныбек Исаков Кыргыз-Кытай достук мамилелерин чыӊдоо, эки элдин  ортосундагы билим берүү, маданий тажрыйбаларды алмашуу, кытай тилин үйрөтүү жана маданиятын тааныштыруу максатында ачылып жаткан Конфуций институтун ачуудагы зарылдыктар жөнүндө айтып өттү.

Билим берүү жана илим министри Канат Садыков окуу жайдын жамаатын Конфуций институтунун ачылуу аземи менен куттуктап, ОшМУ информациялык технологияларды өздөштүрүү, кредиттик билим берүүгө өтүү, эл аралык байланыштарды чыӊдап, инвестиция тартууда, окуу жараянын автоматташтырууда кыска аралыкта алгылыктуу ийгиликтерди жарата алгандыгын жана бүгүнкү күндө окуу жай Кыргызстандагы эӊ алдыӊкы университет болуп калгандыгын баса белгиледи.

Саамалыктын кийинки бөлүгү Конфуций институтунун имаратынын алдында улантылып, анда институттун кызыл тасмасы кыркылып, каалоолор айтылды. Андан соӊ коноктор институттун материалдык-техникалык базасы менен таанышышты.

Белгилей кетсек, институтту ачууда  Кытай тарап каржылоонун биринчи этабына 300 миӊ АКШ доллардан ашык инвестиция берди. Конфуций институту 3 миӊ даанадан ашуун заманбап китептер, электрондук окуулуктар жана акыркы үлгүдөгү заманбап техникалык каражаттар, кытай маданиятынан кабар берген тарыхый баалуулуктар менен камсыздалган. Быйылкы окуу жылына Конфуций институту кытай тили, лингвистика, котормо жана котормо таануу багыттарындагы адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл алат.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*