Мектеп формасына сынак жарыяланды

1321228891_nasilie-shkola-3
Билим берүү жана илим министрлиги мектеп окуучуларынын бирдиктүү формасынын эскизине сынак жарыялады. 30-январда Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунда сынактын жеңүүчүлөрү аныкталат. Өткөн жылы бирдиктүү мектеп формасын кийгизүү боюнча Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамынын 10-беренесине министрлик өзгөртүү киргизип, аны ишке ашыруу максатында атайын жумушчу топ түзгөн. Топтун курамына Билим берүү жана илим, Саламаттыкты сактоо жана Өнөр жай жана энергетика министрликтеринин өкүлдөрү кирген.

Мектеп формасы – социалдык теңсиздикти жоет
Билим берүү жана илим министрлигинин Мектепте, мектепке чейин жана мектептен сырткаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Салтанат Мамбетованын айтуусуна караганда, бирдиктүү мектеп формасын киргизүү менен мектеп айланасындагы бир топ курч маселелерди чечүүгө болот. Биринчиден, социалдык теңсиздик жоюлат. Анткени өлкөдөгү экономикалык татаал кырдаал коомду бай менен кедейге бөлүп салды. Колунда бар үй-бүлөнүн балдары кийген кийими, көтөргөн уюлдук телефону менен курдаштарынан айырмаланып турушат.
– Байдын балдары социалдык жактан начар үй-бүлөнүн баласына кыр көрсөтүп, басмырлап, теңсинбей, текебер карашат. Албетте, каны кысып турган жаш өспүрүмдү мындай мамиле өтө оор психологиялык абалга дуушар кылат. Мектепке курдашындай жакшы кийине албаган, жогорку класстын балдарына салык төлөй албаган өспүрүм суицидке барып, мектепти, ата-энени кайгыга салып жаткан учурлар жок эмес. Андыктан бирдиктүү мектеп формасы мектеп рэкетине каршы күрөшүү ыкмасынын бири катары карасак болот. Ошондой эле ал окуучунун нравалык жактан тарбияланышына өбөлгө түзөт, – дейт С.Мамбетова.
Ооба, мектеп формасы балдар арасындагы атаандаштыкты жоюп, окуучунун бардык көңүлүн сабакка бурдуруу менен советтик мезгилдегидей аны сыймыктануу менен кийүүгө багыттайт.
Өйдө жактан көрсөтмө күтүп отурбай эле өздөрү, ата-энесинин чөнтөгүнө ылайыктап мектеп формасына өтүп алган мектептер бар. Маселен, алыскы Ош облусунун Кара-Суу районундагы Калинин атындагы орто мектептин окуучулары тээ совет учурундагыдай форма кийишет. Кыздары күрөң түстөгү көйнөк, ак фартук, ак бантик, балдары ак көйнөк, кара шым кийип, моюндарына кызыл жагоо тагынышат.
Советтик мезгилдеги мектеп формасын бүгүнкү күнү Ысык-Көл, Талас жана Нарын областтарынын айрым мектептеринде да сыймыктануу менен кийип жүрүшөт.

Сынактын максаты жана талабы кандай?
Сынактын максаты – 1-11-класстын окуучуларынын мектеп формасына бирдей талапты иштеп чыгуу менен улуттук маданиятты сактоону жана өнүктүрүүнү, өлкөнүн салттуу маданиятынын үлгүсү катары улуттук элементтерди популярдаштырууну көздөйт. Ошондой эле окуучуларга билим алууда мамлекеттик саясий принциптерди сактап, өзүн алып жүрүүнү, эстетикалык жана руханий маданиятты өнүктүрүүнү жана улуттук элементтерди популярдаштырууну милдеттендирет.

Мектеп формасы кандай болушу керек?
Кийим классикалык стилде болушу зарыл. Эркек балдар үчүн – ак көйнөк, жилет, пиджак, шым. Кыздар үчүн – ак кофта, жакет, юбка же сарафан (узундугу орточо), шым (кышында кийүүчү). Сынактын катышуучулары окуучулардын курагын, т.а. 1-4-класс, 5-9-класс жана 10-11-класстын окуучуларынын жаш курактарын эске алышы абзел.

Сынакка кимдер жана кандай шартта катышат?
Сынакка элдик уздар, чыгармачыл жамааттар, сүрөтчү-модельерлер, ийримдердин окутуучулары, окуучулары, чыгармачыл жаштар катыша алат. Жаш курагы чектелбейт. Эскиздер А 3 форматындагы кагазга тартылышы керек (гуашь, акварель ж.б.у.с. менен). Ар бир эскизде катышуучунун толук аты жөнү, туулган жылы, эскиздин аты, аткаруу техникасы, автордун кайсы жерде окуганы же иштегени, байланыш телефондору тууралуу маалыматтар толук жазылышы керек. Сынакка катышкандардын иштери ошол эле жерде сүрөткө жана видеого тартылат. Бул сынактын бир талабы.
Сынактын жеңүүчүлөрүнүн иштери 20-февралга даяр болушу керек. Албетте, окуучунун мектеп формасы кийгенге ылайыктуу, эң башкысы окуучунун ден соолугуна зыян келбеген материалдардан тигилиши керек, т.а. тигүүдө бардык санитардык-эпидемиологиялык норма сакталышы зарыл. Маселен, Британияда мектеп формасы эң арзан деп айтышат ал жерде жашаган кыргыздар. Аны пахтадан, же адамдын ден соолугуна зыян келтирбей турган материалдардан, бала чуркап, жатып, туруп ойногонго ыңгайлуу кылып тигишет экен. Ичинде болсо кичинекей ак кездемеге кантип, канча температурада жууп, үтүктөш керек, кездеме эмнеден жасалганы тууралуу так маалымат жазылат. Ал жерде мектеп формасы 50 фунт-стерлингден ашпайт (болжол менен 3500 сом).

Ким каржылайт?
“Улуттук колориттеги элементтер менен мектеп формасы” эскизи боюнча сынакты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги каржылайт.
Калыстар тобунун курамына мамлекеттик, мамлекеттик эмес уюмдардан, жарандык сектордон кирет. Калыстар тобу сынактын катышуучуларынын ичинен гран-принин, 1-, 2- жана 3-орундардын жеңүүчүлөрүн аныктайт. Алдыга чыккандар дипломдор жана белектер менен сыйланышат.
Сынактын жыйынтыгы 30-январда Балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук “Сейтек” борборунда өтөт.

Каалоочулар кимге кайрылат?
Сынакка катышам дегендер 25-январга чейин КРнын Билим берүү жана илим министрлигине өтүнмө кат менен кайрылышат. (Дареги: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 257, кабинеттер №322, 324, тел: 0312 620501, 0312 620477).

Эл аралык тажрыйба
Көбүнчө европалык мамлекеттерде бирдиктүү мектеп формасы жок. Ал жерде бул маселе ачык бойдон турат. Маселен, Улуу Британияда бирдиктүү мектеп формасы бар.
Австралия, Индия, Ирландияда мектеп формасы классикалык стилге жакындашкан. Ар бир престиждүү мектептин өзүнүн логотиби болот. Андыктан окуучулар сабакка атайын тигилген галстук менен келгенге милдеттүү. Окуучулар мектепке форманы сыймыктануу менен кийип келишет экен.
Германияда болсо бирдиктүү мектеп формасын кийгизүү боюнча талкуулар жүрүп жатат. Ал эми АКШ менен Канадада жеке жана диний окуу жайларда гана мектеп формасы атрибут катары каралат. Учурда жөнөкөй мектептерге да киргизип жатканы белгилүү. Америкалык окуучулар кочкул көк, ачык жашыл же ачык боз түстөгү формаларды кийишет.
Ал эми Кубада жалпы билим берүү мекемелеринин окуучулары жана жогорку окуу жайлардын студенттери милдеттүү түрдө бирдиктүү форма кийишет экен. Түркия, Сингапурдагы окуу жайларда милдеттүү мектеп формасы киргизилген. Болгону ар бир мектептин өзүнүн айырмалап турган түсү болот экен, бирок форманын фасондору баарыныкы окшош. Маселен, эркек балдар үчүн – костюм, кыздар үчүн – кофта, жемпер жана юбка, баары мектептин түсүндөгү галстукту тагынышат. Ата-энелердин социалдык жана материалдык абалына карабастан балдардын баары тең экенине басым жасалат.
Япония мамлекетинде жүз жылдан бери мектеп формасынын фасону өзгөргөн эмес. Япондук окуучулар “сэйлор-фуку” (матроска) формасын кийишет. Алар мектеп формасын өспүрүмдүк чактагы моданын эталону катары карашат. Керек болсо, мектептен сырткары да япон кыздары көнүмүш катары ак кофта, кыска плисировка юбка, узун гольфа жана жеңил булгаары бут кийим кийишет.
70 жылдан ашык жаныбызга, каныбызга чукул болуп калган Россияда да мектеп форма боюнча маселе курч бойдон турат. Жакында эле Думада бирдиктүү мектеп формасы каралып, бирок ал депутаттардын элегинен өтпөй калды. Анткени советтик мезгилдегидей балдардын укугун чектеп, бир калыпка салып коюуну туура көрбөгөндөр арбын экен. Ар бир мектеп ата-энелердин чечимине ылайык чечип алышы керек деген тыянакка келишти. Ал эми боордош Казакстан мамлекетинде 2003-жылдан бери акырындык менен мектептерге бирдиктүү мектеп формасы киргизилген. Ар бир мектептин окуучулары ата-энелер коомчулугу менен бирдикте форманын фасонун иштеп чыгышкан. Ошондой эле социалдык жактан начар, көп балалуу үй-бүлөнүн балдарына мектеп формасын тигип жаткан фирманын эсебинен, демөөрчүлөрдүн колдоосу менен бекер берүү да каралган.
Казак Республикасынын “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамында бирдиктүү мектеп формасын киргизүү билим берүү мекемелеринин компетенциясында экени жана милдетүү түрдө уставдарына жазылыш керек экендиги белгиленген. Андыктан республикадагы бардык жалпы билим берүү мекемелеринин уставдарында белгиленген “бирдиктүү мектеп формасы киргизилсин” деген пункт милдеттүү түрдө иштейт. Учурда республика боюнча 1-4-класстын окуучулары мектеп формасын кийишет, ошондой эле айрым мектептердин 5-11-классынын окуучулары да мектеп формасы менен камсыз болушкан.
Балдар үчүн – пиджак, жилет, шым; ак көйнөк майрамдарда кийгенге, күнүгө мектепке кийип келүү үчүн көгүш көйнөк. Кыш мезгилине: көк түстөгү трикотаж жилет, ак же көгүш түстөгү водолазка. Балдардын мектеп формасынын бир комплектиси 4800-7500 теңгеге чейин турат.
Кыздар үчүн – пиджак, жилет, юбка, шым, офис стилиндеги классикалык ак жана көгүш кофта. Кыш мезгилине: көк түстөгү трикотаж жилети, сарафан, ак жана көгүш түстөгү водлолазка. Кыздардын кийген бут кийими 3 см. жогору болбошу керек. Кыздардын кийген кийминин бир комлектиси 4900-8000 теңгеге чейин.
Ата-энелер мектеп формасын тиккен жеңил өнөр жай мекемелеринин даректерин, керектүү маалыматтарды атайын сайттардан таап алышканга мүмкүнчүлүктөрү бар.
Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*