“Бүгүн бизде “Кутбилимдин” майрамы, окуучу да, мугалим да жайдары”

21-ноябрда “Кутбилим” гезитинин 60 жылдык мааракесине арналган семинар Нарын жергесинде болуп өттү. Салтанаттын катышуучулары райондун Миӊ-Булак айылындагы Актан Тыныбек атындагы орто мектебиндеги “Кутбилим” – асыл ойлорум, турмуштун басып чоӊ жолун” аттуу жана Эмгекчил айылындагы Токтосун Байбураев атындагы мектептин педжамааты даярдаган “Кутбилимдин мааракеси – агартуу журтунун майрамы” аталыштагы семинарга күбө болушту.

Газетанын 60 жылдык мааракесине арналган иш-чаралар жазында өрүкзарлуу Баткенден башталып, андан соӊ  айтылуу Талас өрөөнүндө жана Сары-Өзөн-Чүйдө уланган эле. Републикалык масштабда кеӊири белгиленген маараке  босогодо турган кыштын алгачкы жааган аппак карына аралаш Теӊир-Тоо этегинде уланды.

“Кутбилим”

менен жашташ мектепте

 

Майрамдагыдай жасанышкан мектеп окуучулары семинардын катышуучуларын ыр-музыка менен өзгөчө шаӊдуу тосуп алышты. Меймандар алгач Актан Тыныбек атындагы орто мектептин турмушу менен таанышып чыгышты. Жалпы имараты эки корпустан турган мектеп “Кутбилим” газетасы менен жашташ болуп чыкты. Анын алгачкы имаратынын пайдубалынын курулушу 1952-жылга таандык. Учурда бул мектепте 546 окуучу билим алууда. Мында 54 мугалим эмгектенет, алардын ичинен 14 агартуучу “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисине ээ.

Семинарга барышкан Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Советбек Байгазиев, КР Эмгек сиӊирген мугалими Мукаш Жамангулов, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин окутуучусу Бакыт Орунбеков, Бишкек шаарындагы №5 улуттук гимназиянын директорунун илимий иштер боюнча орун басары Эмилбек уулу Айбек, Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болотбек Белеков жана “Кутбилим” газетасынын башкы редактору Кубат Чекиров, башкы редактордун орун басары Майрамбек Токторов баштаган атайын топ Миӊ-Булак айылындагы Актан Тыныбек атындагы орто мектептин мугалимдеринин ачык сабактарына, окуучулардын күчү менен даярдалган концертке күбө болушту. Семинар катышуучулары эки топко бөлүнүп, бири Г.Өмүкееванын “Кутбилим” газетасы – акыл-ойго кеӊешчи” деп аталган ачык сабагына, экинчи топ Ж.Осмонкулованын “На посиделках” деген аталыштагы сабагына катышты. Айрыкча, алыскы айылдагы кыргыз тилдүү мектептин окуучулары орус тилинде “Теремок” жомогун мыкты деӊгээлде  улуттук формаларды кийишип, көркөм аткарып беришкендиктери көрүүчүлөрдүн купулуна толду.

Мектеп парламентинин мүчөлөрү “Кутбилим” газетасынын башкы редактору Кубат Чекировго күтүүсүз сюрприз даярдап турушуптур. Ал “Балдардын сынагынан сынбайсыӊбы?” аттуу популярдуу ток-шоунун каарманы болду. Кезегинде ушул мектептен билим алган Кубат Асангазиевичке туш-туштан жаадырган ар түрдүү суроолор, баш катырмалар бирде мыйыгынан жылмайтса, бирде ойго салып, бирде залды дуу күлкүгө бөлөп аябай кызыктуу өттү. Суроолордун көптүгүнөн алып баруучу кай бирде зал аралап кеткен микрофонуна ээ болбой калып жатты.

 

Ыраазылык кат

 

Урматтуу Кубатбек  Асангазиевич!

 

Сизди “Кутбилим” газетасынын

60 жылдык юбилейи менен чын жүрөктөн куттуктайбыз!

«Кутбилим» газетасынын көп жылдан бери башкы редактору болуп иштөө менен республикада жаш муундардын калыптануусуна жана мугалимдердин кесиптик чеберчиликтерин көтөрүүдө талыкпай эмгектенип, билим берүү тармагын көтөрүүдө өз салымыӊызды кошуп, эл журтуӊузга ак ниеттүүлүк менен кызмат өтөп келесиз.

Сизге Нарын райондук билим берүү бөлүмүнүн, жалпы эле билим берүү тармагынын кызматкерлеринин жана өзүмдүн атымдан чын ден соолук, узун өмүр, үй-бүлөӊүзгө бакыт-таалай, элибиздин тереӊ урмат сыйына ээ болуу менен ишиӊизге мындан ары дагы чыгармачылык ийгиликтерди каалап, Сиздин эмгек жамаатыӊызга тереӊ ыраазычылык билдиребиз.

 

Нарын райондук билим

берүү бөлүмүнүн башчысы                                                                               Б.Белеков

 

           21-ноябрь, 2013-жыл,  Нарын шаары.  

Жигердүү жетекчинин жемиштүү аракеттери

Мектептин директору Ашырбек Усубалиев окуучулардын окууда жана спорт жаатында жараткан ийгиликтерине кеӊири токтолуп, учурда аткарып жаткан иштери жана келечек пландары менен бөлүштү.

– Бүгүнкү иш-чара мугалимдердин жарчысы болгон “Кутбилим” газетасынын 60 жылдык мааракесине арналып отурат. Бул биз үчүн кош майрам катары өзгөчө белгиленип жатат десем да болот. Анткени биздин айылдын кулуну, көп жылдан бери ушул газетада башкы редактор болуп иштеп келаткан Кубат Чекировдун биздин мектепте окугандыгы да биз үчүн аябай сыймыктуу. Билим-тарбия берген мугалим үчүн окуучуларынын жетишкендиктеринен өткөн сый-урмат болбосо керек. Мына бүгүнкү күндө да биздин балдар окууда жана спортто ийгиликтерге жетишип, бизди, ата-энелерин чексиз кубандырып жатышат. Алсак, 11-класстын окуучусу Байтур Токтосунов республикалык олимпиадада орус тили боюнча төртүнчү орунга жетишсе, дагы бир кызыбыз – 5-класстын окуучусу Эсенбай кызы Бурулсун грек-рим күрөшү боюнча Астанада өткөн эл аралык мелдеште байгелүү орунду ээлеп келди.

Окуучулардын ийгиликтерин арттыруу, аларга жагымдуу жана ыӊгайлуу шарттарды түзүү максатында эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташуунун натыйжасында бир топ алгылыктуу иштерди аткарууга жетиштик. Биринчи кезекте класстардын жылуу болуусуна кам көрүп жатабыз. Азыр класстарыбыздын баары жылуу, бөлмөлөрдү электр жылуулугу жана көмүр жагып жылытабыз. Экинчиден, балдардын курсактары ток болушуна, үчүнчүдөн, алардын санитардык-гигиеналык тазалыгын көз жаздымда калтырбоого аракеттенебиз. Ушул максаттарды ишке ашыруу үчүн Мерси Ко эл аралык уюму, Ага Хан фонду менен тыгыз кызматташтыкта иштеп жатабыз. Мына жакында эле мектепте чачтарач кызматын ачтык. Анын баасы 50 пайызга арзан. Атайын адистер мектепте өткөрүлгөн иш-чараларда кыздарыбыздын чачтарын жасалгалап беришет. Мындан тышкары чач жасалгалары боюнча кароо-сынактарды өткөрүшүүдө. Чачтарач кызматынын мектепте ачылышы бир чети балдардын гигиеналык-санитардык абалына оӊ таасир этсе, бир чети айылдыктардын каражатын үнөмдөп жатат десек да болот. Анткени биринчиден арзан, экинчиден, райондук борборго барып-келгенге кеткен акчасын үнөмдөйт, – дейт директор.

Жетекчи болуп келгендигине жыл айлана элек болсо да, жигердүү сапатын көрсөтүүгө үлгүргөн директордун иш билгилик жетектөөсү алдында мектепте жакшы өзгөрүүлөр болуп жатканы байкалат. Ашырбек Усубалиев жогоруда белгилегендей, Ага хан фондусунун каржылоосу менен жакында эле мектеп парламентинин кабинетин ксерокөчүрмө, принтери менен бир компьютер комплект,  фотоаппарат ж.б. техникалар менен жабдышты.

Мерси Ко, Ага Хан сыяктуу Эл аралык уюмдардан сырткары Миӊ-Булак айылынын Өнүктүрүү фонду да мектепке жакындан жардам көрсөтүп турат. Жогоруда аталган демөөрчүлөрдүн көмөктөшүүсүндө жаӊы жылга чейин заманбап жабдуулар менен жабдылган ашкана ишке киргени турат. Ал ашканада Мерси Ко эл аралык уюмунун жардамы менен бекер окушуп, атайын сертификат алган ашпозчулар иштешмекчи.

Мына ушундай ийгиликтерге жетишип жаткан жетекчи эми мектептин көмөкчү чарбасын иштетүүнү көздөп турганын айтты. Жашылча-жемиш сейрек өсүүчү Нарын өрөөнүндө күнөсканада (теплица) жашылча-жемиш өстүрсө болоорун иш жүзүндө далилдеп коюшкан ишкерлердин тажрыйбасын улантып, мектепте күнөскана куруп, анда жайы-кышы жашылча жемиш өстүрүп, окуучуларды витаминдүү азыктар менен азыктандыруу  – жетекчинин жакынкы иш пландарынын бири.

Эмгекчилдеги “Элет университетинде”

Семинардын катышуучуларынын иш сапары андан кийин ушул эле райондогу Эмгекчил айылына уланды. Мындагы Токтосун Байбураев атындагы мектептин педжамаатынын жаратман ийгиликтери кимди да болсо кубандырбай койбойт.  Коноктор бул мектептин турган турпатын “Эмгекчилдин университети” деген аталышка татыктуу деген жогорку баасын беришти. Эки кабат имараттын жер төлөсүнөн өйдө заман талабына шайкеш жасалгаланышы, жаркыраган класс бөлмөлөрү алыскы элет жеринде да мына ушундай мыкты деӊгээлде шарт түзүп иштөөгө болоорунун айкын далили экендиги талашсыз.

Бул мектептин мугалимдери “Кутбилимдин” мааракеси – агартуу журтунун майрамы” деген теманын тегерегинде ачык сабактарды даярдашкан. Бул жерде да эки топко бөлүнүшүп, бир тобу кыргыз тили жана адабияты мугалими Э.Бекботоеванын 7-класстын окуучулары менен бирдикте даярдаган “Кутбилимге” саякат” деген темадагы тарбиялык саатка, экинчиси волонтер Меган жана Ж.Калманбетованын  “Газеталар дүйнөсүн” кыдырган ачык сабагына күбө болушту.

Адатта, жаӊы башталыштын ийгиликтүү болушун пайдубалынын бекем курулушуна байланыштырып коюшат эмеспи. Анысыӊарындай, Т.Байбураев атындагы мектептин ийгиликтери анын жертөлөсүнөн башталаарына ынандык. Айткандай эле мыкты сапатта ремонттолуп, заманбап  эмеректер менен жабдылган мектептин жертөлөсү билимкананын анык жүзү катары көрсөтүүгө татыктуу деӊгээлде. Мындагы агартуучуларга арналган эс алуу бөлмөсү, жаштардын жыйналыш залы, спорттук машыгуу бөлмөлөрү ж.б. ырасында эле үлгү алаарлык жасалгаланыптыр.

Эмгекчил айылындагы Т.Байбураев атындагы орто мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы Тамара Исмаиловадан алган маалымат боюнча учурда мында 570 окуучу, 49 мугалим эмгектенүүдө. Жамааттын дээрлик көпчүлүгү жаш адистер.

–  Биздин педагогдордун 85 пайызын жаш адистер түзөт. Мектептин агартуучуларынын окуучуларга окуу тарбия берүү багытындагы иштери мыкты деӊгээлде жүргүзүлөт десем жаӊылышпайм. Мугалимдерибиз окутуунун жаӊы  ыкмалары – интерактивдүү усулдар менен окутууга аракеттенишет. 24 класс толук комплектелген, бардык предметтер боюнча мугалимдер жетиштүү. Мындан тышкары төрт автордук кабинетибиз бар: К.Мансурова атындагы тарых кабинети, Б.Мамытов атындагы математика кабинети, А.Көбүкеев атындагы кыргыз тили жана адабияты кабинети жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жасалгаланган методикалык кабинет бар.

Бизде акыркы беш жылдан бери Тынчтык Корпусунун волонтерлору иштешет. Алар биздин муктаждыктарыбызга жараша долбоор жазышып, балдарга эӊ керектүү шарттарды түзүп беришүүдө. Джессика Бреславски аттуу волонтерубуз жазган долбоордун негизинде мектептин жер төлөсүн 368 миӊ сомго жасалгалап алдык. Бул жерге жаштар борборун уюштурганбыз. Мында мектепте уюштурулган ар түрдүү семинарлар өткөрүлөт. Андан сырткары спорт менен машыктыруучу тренажер залы бар, – дейт Т.Исмаилова.

“Жашылча жеп, жакшы ойлон”

 

Жогоруда белгилегендей, теӊир-тоолуктар үчүн жашылча-жемиш өстүрүүнүн мааниси өтө зор. Андыктан жаӊы өсүп жетилип келаткан жаш өспүрүмдөр витаминге мол жашылча мөмөлөрдөн азыктануусу үчүн мектеп жетекчилери жакындан кам көрүшүүдө. Бул максатта күнөсканаларды куруунун пайдасы көп экендигине ынанып жатышат. Эмгекчилдик агартуучулардын күнөсканасында өстүрүлүп жаткан жашылча жемиштер жаӊы жылдан баштап дасторконго сунушталмакчы. Тамара Исмаилова белгилеген волонтерлордун жардамы менен ишке киргизилип жаткан күнөсканадан алынган түшүм арбын болсо, окуучулардын ашканасынан ашкан жашылча-жемиштерди жердештерине да сунуштап, андан киреше алууну көздөшүүдө.

Тынчтык Корпусунун волонтеру Меган бул айылга келгенине бир жарым жылдан ашып калды. Ал окуучуларды англис тилине үйрөтүүдө. Англис тилин ушундай адистен үйрөнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп жатышкан окуучуларга суктанса гана болот. Кээ бир борбордук мектептерде да мындай шарттар жок.

Меган менен кыргызча кыскача маек курдук. Ал бул айылга келген үчүнчү волонтер экендигин, башталгыч класстан тартып жогорку класстын окуучуларына англис тилин окутуп жаткандыгын айтты. “Беш” деген бааны көп коюп жатасызбы же “эки” деген бааныбы?” деп тамашалай сураганыбызда, ал: “Балдарымдын баары жакшы аракеттенип окушат, анан мен кантип аларга “эки” коем? – деди биздин сурообузга жооп берип.

Мугалимдер жарчысы болгон “Кутбилим” газетасынын эмгек жамааты маараке алкагында жер-жерлерде өткөргөн саякатында окурмандары менен бетме-бет кездешип, чын дилден баарлашып, дил азык топтоп кайтты.

Айнагїл
Кашыбаева, “Кутбилим”
Бишкек-Нарын-Бишкек

«Кутбилимге» каалоолор

«Кутбилимди» куттуктайбыз!

 

Кутбилим – асыл ойлорум,

Турмуштун бастыӊ жолдорун.

Бүт бойдон сенден башталат,

Бийикке барчу, бийикте басчу,

Бийиктен ашчу чоӊ жолум.

60 жашта «Кутбилим»,

Илимге, билимге арнап бүт дилин.

Талашып окуйт ар дайым,

Түндүгүӊ жана түштүгүӊ.

 

“Кутбилим” газетасынын көркөм редактору Анипа Жусубалиевага:

Гезит, гезит багыт берип оӊ-солго,

Жардамы көп жаштарга да чоӊдорго.

Көрктүү кылып, көп жагынан гезитти,

Анан берет гезит бети толгондо.

Арыбаган, талыбаган ишинен,

Анипа эже даӊгыр таза чоӊ жолдо.

“Кутбилим” газетасынын башкы редакторунун орун басары

Майрамбек Токторовго:

 

Туягы сенсиӊ тулпардын,

Кырааны сенсиӊ шумкардын.

Жердеши сенсиӊ Чыӊгыздын,

Жакасы сенсиӊ кундуздун,

Жарыгы сенсиӊ жылдыздын.

Аз жазсаӊ дагы, саз жазган,

Акыны сенсиӊ кыргыздын.

Батасы сенсиӊ Бакайдын,

Комузу сенсиӊ Атайдын.

Урпагы сенсиӊ Манастын,

Уулу да сенсиӊ Таластын.

Жашооӊду туман каптабай,

Жайдары аппак таӊ атсын!

 

Каалоолорду жазган Асанкул Буудайчиев, Актан Тыныбек атындагы орто мектептин мугалими

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*