Кантбүбү ЖУНУСОВА, Чүй жатак-мектептин директору: “Ийгиликтин паспорту” балдарды боорукердикке чакырат”

Чүй жатак-мектебинде тоголок жетим, кароосуз калган балдар тарбияланышат. Кезегинде 180 бала окучу. Тамак-аштын тартыштыгынан көп балдарды үйлөргө жайгаштырып, санын 150 чейин кыскартышкан. Учурда бул жатак-мектеп дагы “Балдар институту” коомдук фонду менен иштеп, “Ийгиликтин паспорту” программасына катышып, балдардын келечегине кам көрүп жаткан учуру. Жатак-мектептеги айрым маселелер тууралуу окуу жайдын жетекчиси ой бөлүштү.

 

– Кантбүбү Усенбаевна, Сиз жетектеген окуу жайда кандай балдар окушат? “Ийгиликтин паспорту” окуучуларга эмне берди?

– Жатак-мектепте 157 бала окуйт. Анын ичинен 117 жатаканада жашагандар,  калган окуучулар  келип-кетип окушат. Биздин окуу жай жетим жана кароосуз балдар үчүн каралган. “Ийгиликтин паспорту” программасына 2011-жылдан бери катышып жатабыз. Бул долбоор биздин эки тарбиячыны окутушту. Алар сабактан сырткары тандалып алынган балдарга сабак өтүп, балдардын жөндөмдүүлүктөрүн ачышты десек болот. Кийин программага катышкан улуу балдар кичүүлөрүн үйрөткөнгө жетишишти. Көрсө, балдар бири-бирин мугалимге караганда бат кабыл алышат экен.  Ар кандай кырдаалдан кантип чыгуу керек экендигин билишкенин айтышат. Бул программанын үч туруна катыштык. Ушул программанын жүрүшү учурунда балдар социалдык проект жазып, утуп алган грантка өз колдору менен бир топ иш аткарышты. Мисалы, окуу жайдын тегерегин ирээтке келтиришти. Кичинекей балдардын бассейни бар эле, аны тазалап, сырдап, калыбына келтирип коюшту. Балдар үйүнүн балдарына жалаяк, боркок тигип, алып барышты. Бизди дагы ушул балдардай таштап кетишкен дешип, аларды көтөрүп, боорукердик сезимдери ойгонуп, ыйлагандары да болду. Башында 180 бала тарбияланчу. Кийин балдарды толук тамактандырууга мүмкүнчүлүк болбой, тамак жеткире албай кыйналып, документтерди карап чыгып, көбүн үй-бүлөсүнө коштук. Ата-энеси бар, жашоо шарты начар болгондорду айыл өкмөттөрү менен сүйлөштүк. Айрым ата-энелерге балдарыңарга пособие аласыңар деп түшүндүрдүк. Ошентип, балдардын санын кыскарттык. “Ийгиликтин паспорту” программасы жакшы ыкмаларды окутту. Көчөдөн келген балдарды кантип окутуш керек экенин мугалимдерге үйрөттү. Бир учурда мугалимдер  жок калдык. Ошондо ишке жаштарды алып, аларды сырттан окутканга туура болду. Учурда он бир мугалим сырттан окуп бүтүштү, калганы окуп жатышат. Атайын биздин жатак-мектепке туура келген тарбиячыларды окута турган бир дагы жогорку окуу жайы жок. Өзүм көп окуймун, семинарга барып үйрөнүп алып, кайра келип мугалимдерге өтөм. 2003-жылы ЮНИСЕФ менен Москвада өткөн семинарга бир тарбиячыны кошо алып барып, окуп келгенбиз. Азыр ал менин жардамчым. “Ийгиликтин паспорту” долбоорун да иштетип жатат. Кандай долбоор болбосун аны дайыма кошо ала жүрөм. Экөөбүз окуганыбызда кайра мугалимдерге үйрөтөбүз.

–  Айрым балдарды асыроого да берет экенсиздер. Канча баланы үй-бүлөгө жайгаштырдыңыздар?   

– Кыргызстандын ичинде эле балага муктаж адамдар болот, кайрылышат. Биз аларды толук текшергенден кийин гана бере алабыз. Жалал-Абад жакка кеткен кыздарыбыз бар. Көбүнчө кичинекей балдарды сурашат. Оштон бир мектеп жетекчиси баласы кайтыш болуп калып, бизге кайрылган. Бир бала жагып, аны менен таанышып, Бишкекке келген сайын балага жолугуп жүрүп, бири-бирине көнгөндөн кийин, баланы алып кетти. Биз менен байланышып турат. Алып кетчү адамдар окуу жайга жакын жайгашса, социалдык кызматкерди үйүнө жиберип, жашоо-турмушу менен таанышабыз. Же болбосо акыркы жылдары бизге келип балдарды кулчулукка алуу максатын көздөгөндөрдү  көргөнбүз. Андайларга балдарыбызды да жолугуштурбайбыз.  9-классты бүткөндөн кийин  балдарды  Бишкек шаарындагы №17, 18, 4, 99  училищаларга өткөрөбүз. Бизден чыккандан кийин бардык милдеттер училищанын мойнуна тагылат. Алар деле биздей балдардын окуусунан, тамак-ашына чейин жоопкерчиликтүү болушат. Көбүнчөсү тикмечиге, куруучуга, ашпозчуга окушат.

– Жетим балдарга социалдык үйлөр  же там салганга жер менен  камсыз кылуу каралганбы?

– Биздин практикада мындай болгон эмес. Мамлекет тарабынан бир дагы жетим бала үйлүү же жер менен камсыздалган эмес. Ушул боюнча биз жыл сайын сунуштарыбызды киргизебиз. Бирок оң жагына чечиле элек.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*