Көрсөм дагы күн булутка киргенин, Көрбөсөм дейм мекенимди бүркөлгөн.

КУТ КОНСУН

(термеден үзүндү)

 

Кыргызды кыргыз сүйбөсө,

Кыргызга кыргыз күйбөсө,

Чогулган жерден чоӊдору,

Чет тилде гана сүйлөсө,

Баласы тургай атасы,

Манастын тилин билбесе,

Кыргызча сүйлө деп айтсаӊ,

Орусча сени тилдесе,

Сүрөтүн көрүп Чыӊгыздын,

Тааныбай аныӊ ким десе,

Олуттуу ишке бой урбай,

Үлпөттө гана гүлдөсө,

Койсо да бизди сомолоп,

Кыргызым анда жоголот.

Улуу эл кайдан бололу,

Улуулар жүрсө жоролоп.

Жоголбойм десеӊ кыргызым,

Жоо болбо эне тилиӊе.

Ооматыӊ оттон күч болсун,

Бириӊди бириӊ жок кылбай,

Ойлогон оюӊ түз болсун.

Кыргыздын тили өнүгүп,

Кыргызга өчпөс кут консун!

 

КЫРГЫЗЫМ

 

Ким айта алат ушул заман жаман деп,

Башта кедей байып калган балаӊ көп.

Арабыздан маӊкурт, зөөкүр көбөйүп,

Жакшыӊды айтсам ошончолук жараӊ көп.

 

Мактап жазат ууруларды гезиттер,

Кимиӊ мыкты, кимиӊ таза чечип көр.

Мансабына маашырланган андан көп,

Талашканы кызмат менен эшик төр.

 

Колдо барын ката калбай көӊсөгө,

Коногуӊа кымыз сунуп турчусуӊ.

Эртеӊ эски, бүгүн жаӊы турмушуӊ,

Эми сени таануу кыйын кыргызым.

 

Мейли канча өзгөрсө да замандар,

Жаман бойдон калбаса экен жамандар.

Пейилди оӊдо, бер берекет Мекенге,

Мекенчилге азыр мына заман зар.

 

Өзүбүздү барктап, сактап жашайлы,

Ансыз деле түмөн кыргыз азайды.

Биригели, бөлүнбөйлү деп туруп,

Ынтымактын бир чоӊүйүн жасайлы.

 

Андан башка аргаӊ барбы кыргызым,

Күндөн күнгө оӊолсо дейм турмушуӊ.

Түндүгүӊө, түштүгүӊө бөлүнбөй,

Чогуу жанса деп тилеймин жылдызыӊ.

Аалам кезген ай туяктуу кыргызым!

 

МЕКЕН-ЖЕР

 

Ала-Тоодо алтын жатат уюган,

Булагыӊ көп агып жаткан сууӊан.

Ким бирөөлөр ичээрге суу издесе,

Андай сууга күндө бир маал жуунам.

 

Ата-Журттун азабында иргелген,

Эл экенбиз эркиндикте күн көргөн.

Бир кезекте душманга бек чеп болсоӊ,

Эми сени тытып жулкуйт ким көргөн.

 

Бүркүттөрүӊ чоочуп учса чууӊан,

Арман күйөт көлдөгү аппак кууӊан.

Шылуундарыӊөзөктүөрттөп турушат,

Бөтөндөрдөн көӊүл эчак сууган.

 

Ата-бабам аздыгыӊа түйшөлгөн,

Аз да болсок көп бололу Үркөрдөн.

Көрсөм дагы күн булутка киргенин,

Көрбөсөм дейм Мекенимди бүркөлгөн.

 

 

САНАТ ЫР

 

Болбойт жашоо жаӊылганда,

Болот жашоо сагынганда.

Сүйүү бүтөт жүрөгүӊө,

“Сүйөмүн” деп жалынганда.

 

Бат жазылгын таарынганда,

Жаман айтпа асыл жарга.

Кек сактаба, боорукер бол,

Адам деген атыӊ барда.

 

Замзам суусу адилетте,

Жолду тапкын капилетте.

Чындыкты айт жалтактабай,

Сурагыӊ бар акыретте.

 

Жанды жебе жалган айтып,

Жалаа жаппа ак кишиге.

Ал өзүӊө келет кайтып,

Урат кудай так төбөӊө.

 

Байлык берсе чиренбегин,

Бийлигиӊе ишенбегин.

Теӊириӊди жүргүн таанып,

Напсиӊди тый, кишендегин.

 

Ойнобогун турмуш менен,

Көпкө жетет “шүгүр” деген.

Адам болгун каниетчил,

Жакшылыктан түӊүлбөгөн.

 

 

ЭӉСЕГЕНДЕ

 

Жаз болдуӊ жаштыгымды эӊсегенде,

Жарк этип маӊдайыма келсеӊ эмне.

Өзүӊдү миӊ кубултуп кыялдандым,

Өмүрдүн кош канаты дегдегенде.

 

Кача албай бу тагдырдын жазганынан,

Булуттай көчүп өттүм асманыӊдан.

Жамгырдай себелендим изиӊе мен,

Кокустан күйбөйүн деп аптабыӊдан.

 

Өмүрдүн өксүк жолун актагыдай,

Өрт кезим келсе гана баштагыдай.

Бар жогуӊ билинбеген күндөр өтүп,

Эч нерсе калбагансыйт сактагыдай.

 

Арадан алып учуп мезгил өттү,

Эӊсегем эл сыяктуу мен да көптү.

Элирип кыялымда күлүк минсем,

Эсимди бир эӊшерип жамгыр төктү.

 

 

МААНАЙ

 

Кар жаады сезимдерге бубак берип,

Жаз эмес, кышкы ызгаар убак келип.

Өзүмдү буюм сезип турдум азыр,

Койгондой кошунадан сурап келип.

 

Кейидим кем карчы көп жактарыма,

Кейидим кайгы капа тартканыма.

Өмүр бул бир көз ирмем бакыт тура,

Өлүмгө анчалык көп шашпагыла. 

 

ЫСЫК-КӨЛҮМ

 

Кетким келбейт көлүм сенин жээгиӊден,

Кумуӊ алтын, сууӊ мүрөк көрүнөт.

Толкундарыӊ жай шарпылдап турганда,

Бакыт кушу ай далыма төгүлөт.

 

Көлүм сенин амандыгыӊ тилеймин,

Толкундарыӊ тирүү турсун түрүлүп.

Ашыгабыз жетсек экен эрте деп,

Жылда бизди тозуп алгын сүйүнүп.

 

Сен бар үчүн толкуйт кээде көӊүлүм,

Өзүӊө айткан сырлар калды жээгиӊде.

Сага баруу бул өмүрдүн майрамы,

Сени көрүү чоӊ бакыт го өмүрдө.

 

Тереӊдигиӊ кыргызымдын өзүндөй,

Сабырдуусуӊ, албуут кээде мүнөзүӊ.

Тайыздыкты жек көрөсүӊ башынан,

Нак кыргызды билем катуу сүйөсүӊ.

 

Аман болгун, түбөлүк тур оо көлүм,

Бабалардын табериги, тумары.

Сага келген далай элдер таӊгалып,

Канбай турсун касиетиӊден кумары.

 

Сен бар үчүн кыргыз турар түбөлүк,

Ынтымактын, сулуулуктун туусу бол.

Кыргызымдын суудай таза пейили,

Ошондуктан булагы көп, суусу мол!

 

КЕЛЕ КЕТЧИ

(Обон үчүн)

 

Сен мени эстедиӊби, эстедиӊби,

Эстесеӊ эстеп бирок, кеч дедиӊби.

Өзүӊдү жылдыз кылып ай чырагым,

Сен баскан жолдор менен өтпөдүмбү.

 

Мен кантип унутайын өткөнүмдү,

Сагындым жоодураган көздөрүӊдү.

Жолубуз эки башка болсо дагы,

Жолугуп каламын деп көксөдүӊбү.

 

Жылуулук сенден келген кереметпи,

Жанымды жамгыр кылып себелетти.

Жаз күткөн жалбырагым күзгө жетти,

Жарыгыӊ чачып бир күн келе кетчи.

 

АКЧА

 

Акча, акча, жаныӊ акча, каныӊ акча,

Кымбаты бул дүйнөнүн укум кагаз,

Үмүтсүз шайтанга да үмүт жагат.

Акчанын азабынан аалам кезген,

Нысапсыз,  аргын, наадан, амалдуулар,

Тынч дүйнөнү жөн койбой бүлүк салат.

Акча, акча,

Бар болсоӊ бакыт болуп төгүлөсүӊ,

Жок болсоӊ азап болуп көрүнөсүӊ.

Мээнетин бүт дүйнөнүн бир эӊшерип,

Адамды бай кедейге бөлүп өзүн,

Кийимдин тигишиндей сөгүлөсүӊ.

Адам акча, аалам акча,

Акча үчүн тоголок баш оодарылат.

Адамдын жанын сатып, боорун сатып,

Алдуулар алда кайдан соода кылат.

Акча, акча,

Жашоонун куну канча, күнү канча?..

Сен кымбат көрүнсөӊ да баардыгынан,

Абийирден алда курдай арзансыӊ да,

Чындыкты көрө албаган жалгансыӊ да,

Окшошсуӊ ууруга да, жалганчыга,

Өмүрдү эки айрылыш салган чууга.

Акча, акча,

Кеӊ дүйнө сен бар үчүн тегеренет,

Байманасы ашканга бакыт болуп,

Баштан ылдый нур сымал себеленет.

Акча, акча,

Пендеге жетпей жүргөн кереметсиӊ,

Күчүӊө азгырылган далай жанга,

Ылай тургай отту да тебелеттиӊ!

Акча, акча,

Сага кулдай иштейбиз күнүүнү,

Үзбөдүм мен да сенден үмүтүмдү.

Байланган бир кагазга кайран өмүр,

Сага мен айткым келет күйүтүмдү.

Акчадан өмүр кымбат деген менен,

Акчага кул дүйнөгө кебелбеген,

Адамзат айга колун сунса дагы,

Акчадай таш боор жана кереӊ белем…

 

 

КУР ДҮРМӨТ

 

Жашоо – бул күрөш кызылдай,

Жашагым келген утулбай.

Жалган сөз жарга такады,

Атылган октун учундай.

 

Көргөндү кээде күлдүрүп,

Көр дүйнө менен сүрдүгүп.

Жакшыга жаман теӊмин дейт,

Жашооӊду коюп бүлдүрүп.

 

Майрамбек ТОКТОРОВ

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*