Элеттик мугалимдин эстен кеткис он куну

IMG_2156

Санжанбек Данияровдун фонду жарыялаган “Биринчи мугалим” конкурсу уланууда. Чүй облусунун башталгыч класстарынын мугалимдерине арналган бул конкурстун кезектеги жеңүүчүсү жылдагыдай эле 10 күнгө Москва шаарына саякатка аттанмакчы.

Фонддун жетекчиси Асель Даниярованын айтымында, конкурсту уюштурууда алар эң биринчи элет жеринде эмгектенип, материалдык байлыкка караганда жан дүйнө байлыгына жогору маани берген карапайым айылдык мугалимдин бир мүдөөсүн канааттандырууну максат коюшкан.

–          Аты айтып тургандай эле, биринчи мугалим – билим босогосун жаңы гана аттаган бөбөктөрдүн жан дүйнөсүн жаңы, пайдалуу маалыматтарга, руханий дөөлөттөргө байытуучу адам эмеспи. Ал адамдын кесиптик маданияты жогору болушу керек. Мен дагы башка замандаштарым сыяктуу эле учурда жаштардын билим деңгээлине кабатырланып көп ойлоном. Менин баамымда, илим-техника улам өсүп-өнүгүп, маалымат агымы канчалык көп болгон сайын жаштар алардын арасынан өзүнө пайдалуусун иргеп, тандап алууга, өз алдынча тереңирээк ой жүгүртүүгө жөндөмсүз болуп бараткандай сезилет. Алар ташкындап каптаган эбегейсиз түркүн түстүү маалыматтардын басымында калган сайын өздөрүнүн жаратылыш тартуулаган өзгөчөлүгүн – өз алдынча акыл калчаган жөндөмүн жоготуп баратышат. Ошондон улам аларды ар кандай багыттарга буруп кетүү оңой болуп жатат. Маселен, диний багыттарды эле алалы, алар кайсынысы кандай экендигин аңдап билүүгө али үлгүрө элек өспүрүмдөрдүн аң-сезиминдеги ошол боштуктарды толтурууга далалаттанышууда. Бул маселеге эч кимибиз кайдигер карабашыбыз керек, – дейт Асель Санжарбековна.

Ал өзү айткандай, миллионер болбосо да, жаштардын маданиятын жогорулатууга салым кошкусу келгендиктен, билим ааламына жаңыдан баш баккан бөбөктөрдүн билим куржунун толтуруучу биринчи мугалим үчүн аз да болсо пайдалуу нерсе жасагысы келет.

-Менин Москванын борборунда үй-жайым бар. Андыктан жылына бир жолу айыл жергесинде жашап, эмгектенген мугалимди Москва шаарын кыдыртсам неге болбосун деген ойго токтолдум. Албетте, каржы жагынан мүмкүнчүлүгүбүз биз каалагандай масштабда болбогондуктан, конкурс жарыялап, анын жеңүүчүсүнө ушундай мүмкүнчүлүктү тартуулоону чечтик. Жылына бир мугалимди Москвага алып барып, маданий шедеврлер менен жакындан тааныштырып турсак, ал келип, көрүп-билгендерин окуучуларына айтып берсе бир топ эле пайдалуу болоору бышык. Раматылык менин атам Санжарбек Данияров өзү эң жаш кезинен илим тармагына аралашкан, өтө билимдүү адам эле, ал дайыма жаш муундардын билимдүү, маданияттуу болушуна басым жасачу. Атам “адабиятты көп окугула, искусствону баалоого үйрөнгүлө, кеңири ой жүгүртө билүүгө умтулгула” деп көп айтаар эле.

Бул конкурс эмне үчүн башталгыч класстын мугалимине арналганын жана эмне үчүн айылдык мугалимге гана басым жасалаары эми түшүнүктүү болсо керек деп ойлойм. Ал эми биз азыр Чүй облусунун мектептери менен гана чектелип жаткандыгыбыз – каржылык камсыздоого байланыштуу. Жакынкы келечекте конкурсту кеңейтебиз деген ишеничтемин, – дейт А.Даниярова.

Аталган конкурс эки турда өтөт. Биринчи турдун үч жеңүүчүсү экинчи турга жолдомо алат да, баш байге үчүн ат салышат. Жюри мүчөлөрү билим тармагынын өкүлдөрүнөн турат. Мугалим жөнөткөн дил баянды бири-бирине көз карандысыз, керек болсо, жюри курамында кимдер бар экенин билбеген билим берүү тармагынын өкүлдөрү баалашып, баа коюшат. Иргелип алынган эмгектин авторлору экинчи турда да ачык айкын өз бааларын алышат. Андыктан, жеңүүчү “жең ичинен” аныкталат деп кабатыр болбой койсо да болот. Конкурстун соңунда катышуучулардын баарына фонддун сертификаты ыйгарылат.

Билимди, маданиятты жогорулатууга, сак саламаттыкты жана айлана-чөйрөнү сактоого салым кошкусу келген Санжарбек Данияровдун фонду 2011-жылы түзүлгөн. Бул фонд каттоодон өткөндө кыйла жыл Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун ректору болуп иштеген, заманынын белдүү инсаны, белгилүү академик өзүнүн ысмын ыйгарган.

Айыл мектептериндеги мугалимдерге арналган “Биринчи мугалим” конкурсунан башка  окуучулар үчүн “Менин үй-бүлөмдүн баяны” конкурсу уюштурулган. Мындан тышкары медициналык академиянын жаш илимпоздору үчүн да конкурс бар. Анын жеңүүчүсү да Москвага барат.

Кимдир бирөөнүн көз карашында балким Москвага барса эмне экен, азыр кыргызстандыктардын теңинен көбү ошол жакта жүрүшөт деп ойлошоор. Ырасында эле азыр Москвага барып-келүү ишке ашпас кыял болбой калды. Бирок алардын канчасы канча жолу орус элинин көөнөрбөс улуу маданиятын даңазалаган маданий жайларга барып жатышкандыктары да өзүнчө маселе чыгаар.

Фонддун кызматкерлеринин айтымында, элеттик мугалимдин Москвага барышы – бул туристтик саякатка да жатпайт. Асель айым ал адам менен күнү-түнү чогуу жүрүп, өзүнүн үйүндө жашатып, сыр бөлүшө баарлашып, борбордогу маданий очокторду түгөл кыдырып, таасирленип, өзүнө пайдалуу ойлорду, идеяларды топтошуна көңүл бурат.

Кыялдар орундалат

С.Данияровдун фондунун биринчи жеңүүчүсү деп Кемин районундагы Шабдан атындагы орто мектептин мугалими Калманбетова Бактыгүл аталган. Бактыгүл өзү көгүлтүр Ысык-Көлдүн кызы, Кеминдин келини. Өз чөйрөсүнөн тышкары чыгып көрбөгөн элет мугалими үчүн конкурс ак жолтой болду. Ал ошондон кийин республикалык бир катар конкурстарга катышып, жеңүүчү аталган. Андан тышкары карьерасында да өзгөрүү болуп, катардагы мугалимдиктен мектеп директорлугуна чейин көтөрүлгөн. “Кыялдар орундалат” деген темада презентация өткөргөн Бактыгүлдүн кыялы ишке ашып, учурда Кемин районундагы “Билимкана” билим борборун жетектейт.

Экинчи жеңүүчү Акматканова Алмагүлдун кыялы азырынча ишке аша элек. Анткени ал азыр декреттик өргүүдө болгондуктан, үй-бүлө шартына байланыштуу убактылуу артка жылдырылды. Ал эми окуучулар арасында өткөн “Менин үй-бүлөлүк баяным” аттуу конкурс да окуучулар арасында чоң кызыгуу жаратты. Анын жеңүүчүсү Тарсуу орто мектебинин окуучусу Элхан баш байге катары алган фотоаппаратынын жардамы менен мектептин анык фотокабарчысына айланган. Мектепте белгиленген ар бир иш-чара анын катышуусуз өтпөйт. Элхан алардын баарын сүрөткө тартып, кызыктуу учурларын дубал газетага жарыялап коюуну өз милдети катары эсептейт.

Асель Даниярова окуучулардын үй-бүлөсү тууралуу жазган дил баяндарын окуп чыгып, өз алдынча анализ жүргүзүүгө татыктуу болгон бир катар жерлерин белгилеп алган. Эмнегедир элет жериндеги үй-бүлөдөгү баланын көз карашында бала өзү көңүл борборунан тышкары орунда тургандыгын байкагандыгын, муну адистер талкуулоого алышы керектигин айтат.  

–          Биз айылдык окуучулар үчүн “Менин үй-бүлөмдүн баяны” аттуу конкурс уюштурганда, балдар өзүнүн үй-бүлөлүк таржымалын үйрөнүп-билишсе деген мүдөөнү көздөдүк. Башкасын айтпаганда эле алар ата-энелери менен күнүмдүк көр-тирлик темасынан көтөрүлүп, үй-бүлөлүк баалуулуктары, каада-салттары ж.б. тууралуу баарлашса деген ойдо болдук. Жыйынтыгы өтө кызыктуу болду. Балдардын кабылдоосу, көз карашы, алар жазган дил баяндар өзгөчө дүйнөнү ачты десем жаңылышпайм. Мени кабатырлантканы, алар өздөрүн үй-бүлө чордонуна койбой, обочо коюшканы болду. Адатта мен жана мени курчап турган дүйнө деген сыяктуу ой жүгүртүү болот эмеспи. Бул шартты атайын адистер көңүлдөрүнө алып, анализдеп чыгышы керек деп ойлойм. Балдардын фантазиясы чексиз эмеспи, эсимде, бир окуучу өзүнүн уруусунун таржымалын жүзүмдүн бир байлам бутагын тартып туруп, ичине камтып жазып чыгыптыр. Портрет катары тартып койгондору да болду. Эң негизгиси, алар жазган дил баяндарынан ата-энелери менен мурда болуп көрбөгөндөй чын ыкласынан баарлашкандарына, ата-бабаларынын басып өткөн жолунае өздөрү үчүн кызыктуу фактылар табылгандыгына күбө болдук, – дейт Асель айым.

Фонддун коомчулук менен тыгыз байланышы анын дагы бир өкүлү Айсалкын Саинованын жарамы менен ишке ашат. Айсалкын өз сөзүндө конкурс тууралуу гезиттерде кеңири маалымат жарыяланса да, аларга телефон чалып, ошол эле жерде камтылган маалыматтарды кайра-кайра сурап жатышканы, маалымат жайыраак жетип жаткандыктан же такыр эле жетпей жаткандыгынан, эң кейиштүүсү, маалыматты тереңирээк үңүлүп окубай жаткандыктан болсо керек деген пикирин билдирди.

–          Биз конкурс тууралуу бардык сунуштарды угуп, талкуулоого даярбыз. Мугалимдерге айтаарым, жалпы жашоо деңгээлибиз биз каалагандай жогору болбосо да, ушундай кооз кереметтүү жаратылыш койнунда чоң, көп үй-бүлөдө жашап жаткандыгыбыз үчүн бактылуу экендигибизди унутпасак. Башталгыч класстын мугалимдерине айтаарым, азыр аз айлык алып жатса эле, эч кимге керегибиз жок деп ойлошпосун, алар эң керектүү, баарыбыздын турмушубуздагы эң башкы адамдар. Анткени алардын колунда өлкөбүздүн келечеги тургандыгын эстеринен чыгарышпаса, – дешет фонддун кызматкерлери.

Мен конкурстан эмне таптым?

Калманбетова Бактыгүл: Санжарбек Данияровдун “Биринчи мугалим” конкурсунун 2011-жылдагы лауреаты:

–          Менин: “Мен Санжарбек Данияровдун фондунун “Биринчи мугалим” конкурсунун биринчи лауреатымын деген” сыймыктуу сыр баяным, балким кээ бирөөлөргө мактаныч катары сезилсе дагы, зор сыймык менен ушул сөздү кайталагым келет. Андан бери бир топ убакыт өткөндүгүнө карабай,  эстеген сайын ошол кездегидей толкунданып кетем.

Конкурс тууралуу алгачкы жолу укканда Кемин районундагы Шабдан ата мектебинде мугалим болуп иштеп жүргөн кезим эле. Албетте, жүрөгүмдүн тээ түпкүрүндө жеңишке жетишип, Москваны көрүп келсем деп эңсеп турсам да, өзүмө ишене албай турдум. Катышпай эле жөн жүрөйүнчү деп, далай айныдым. Бирок, менин кесиптештериме, айрыкча Гүлбайра Мамбетаевна Оторбаеванын колдоосу, сүрөөсү менен конкурска катышып калдым. Ошон үчүн аларга миң мертебе ырахматымды айтам.

Конкурс аябай жакшы уюштурулуптур: баардыгы ийне-жибине чейин иштелип чыккан экен. Айрыкча, берилген тапшырмалары, баалоо критерийлери, калыстар тобу, шарттары, айтор баары эң мыкты деңгээлде өттү деп ойлойм. Мен ошондо интернет деген эмне экендигин билип, биринчи жолу Power Point программасында даярдадым.

Жеңүүчү катары Москва шаарында 10 күн болдум. Бул 10 күн мен үчүн өмүрүмдө эстен чыккыс, жагымдуу, кызыктуу окуяларга, бай таасирлерге толду. Мен Асель Санжарбековнанын үй-бүлөсү жана көптөгөн кызыктуу адамдар менен жакындан таанышып, ар күнү кечинде ар түрдүү темада узакка чейин аңгемелешип отурдук. Ушунун өзү эле баа жеткис байлык эмеспи. Ал эми күндүз борбордун эң атактуу, эң кооз, даңазалуу жерлеринде: музейлерде, театрларда, эс алуу жайларында, көргөзмөлөрдө болууга, мүмкүн болушунча көптү көрүп, көп жаңы нерселерди билип калууга далалаттандым. “Щелкунчик” балетине биринчи жолу барып, аны баштан аяк бир дем менен көрдүм.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Асель Санжарбековнага чексиз ыраазычылык билдирем. Анын жардамы менен өзүмдөгү ишенбөөчүлүк, тартынчаактык сезимди жеңе алдым деп ойлойм. Ушул конкурстагы жеңишимден кийин менин профессионалдык ишмердүүлүгүмдө чоң бурулуш болду. “Биринчи мугалим” конкурсуна катышкандан кийин “Жыл мугалими 2011” республикалык конкурсуна катышып байгелүү орунга жетиштим. Санжарбек Данияровдун фондунун артынан мен азыр өзүмдүн кыялымдагы мектепте – Кемин районундагы Шабдан ата айылындагы “Билимкана” коомдук фондунда иштеп жатам.

Конкурстан кийин ар бир мугалим өзүнүн кесибине, күндө аткарып жаткан милдетине, айлана-чөйрөгө көз карашын өзгөртүү менен билимин байытып, өзү үчүн жана окутуп жаткан балдары үчүн көптөгөн маанилүү маалыматтарды алууга умтула баштаарына терең ишенем.

Айнагүл Кашыбаева,
“Кутбилим”

2 Trackbacks / Pingbacks

  1. Daniyarov.kg
  2. Daniyarov.kg

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*