Аттестат албай арабөк калышабы?

DSC03807

Кыргызстандагы улуттук фтизиатрия борборунун шаар сыртындагы клиникалык базасынын орто мектебин аяктап жаткан 10 бүтүрүүчүгө быйыл орто билими тууралуу аттестат берилбейт. Борбордун жетекчилиги мындай чечим кабыл алгандыгына мектепте билим алган балдардын саны аздыгы себеп болду деп түшүндүрүүдө.
Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жайгашкан билим берүү мекемесин жабуу жөнүндөгү жетекчиликтин мындай чечими бул жерде иштеген мугалимдер жамаатын бушайманга салды. Алды 30-40 жыл, арты 15 жылдан ашык иштеп келаткан педагогдор ден соолугуна байланыштуу узак мөөнөткө дарыланышкан балдар ансыз да коомчулуктан обочолонууга мажбур болуп жатышканда, эми алардын тагдыры кандай болот деп кабатырланышууда.
Мектепти уставына кошпой, унутта калтырышты
Жогоруда аталган орто мектепте көп жыл окуу бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Бурулуш Бапаеванын айтымында, мындан кыйын жылдарда да жабылбаган мектепти эми жапкандан кимдер мөрөй утаарын билбейм дейт.
– Менин ушул жерде иштегениме 38-39 жыл болду. Ушул убакыттын 20-30 жылын тарбия завучу, окуу завучу болуп иштеп келдим. Мектептин директорлук милдети институттун директоруна, ал эми калган түйшүктүн баары завучтун мойнуна жүктөлгөн. 2004-жылдан бери Улуттук фтизиатрия борборунун курамына кирип, аталышы алмашылгандан кийин ички түзүлүшүндө да өзгөрүүлөр болду. Ага чейин 25-27 мугалим, 15тей тарбиячы иштесе, азыр эки тарбиячы, 15 мугалим бар. Мурда 200дөн ашык бала жатып дарыланып окуп келген болсо, кийинки жылдарда 70 керебетке ылайыкталган. Балдар Билим берүү жана илим министрлиги бекиткен окуу программанын негизинде 1-класстан 11-класска чейинки окутуу орус жана кыргыз тилдеринде жүргүзүлгөн класстарда окушат. Азыркы учурда балдардын саны – 43. Бирок жыл ичинде келип-кеткен балдар болгондуктан, маалыматтар өзгөрүлүп турат. Ошого байланыштуу кийинки учурда мектепти жабуу тууралуу маселе козгогондор көбөйдү. Чындыгында бир жылда эмес, бир айда канча бала келип, кайра кетээри белгисиз шартта бир беткей чечимди кантип кабыл алууга болот? Бизди, мугалимдерди түйшөлткөн маселелер көп болууда. Пенсия жашына жакындап калган мугалимдердин тагдырын ойлогон жан жок. Алар ушунча жыл ден соолугун, өмүрүн сайып, ушул жерде иштешти да, – дейт Бурулуш Асанбаевна.
Ал айткандай эле мугалимдердин башын маң кылган түшүнүксүз кырдаалдар арбын экен. 1948-жылы курулган бул мекемеде мурда сөөк кургак учугуна кабылышкан балдар жылдап жатып дарыланышчу. Дарыналуу узак мөөнөттү талап кылгандыктан, балдар ден соолугун чыңдоо менен катар эле башка мектептерден кем калышпаган шартта сапаттуу билим алып келишкен. Улуттук фтизиатрия борбору деген аталышка ээ болгондон тарта мектептин тагдыры татаалдана баштаган.
– 2004-жылы жаңы аталышка ээ болгондон кийин мектептин уставы керек деп чыгышканда, мектептин уставын даярдаганбыз. Бирок структуранын ичинде болгондон кийин УФБга карайт дешип мектептин уставын жаратпай салышкан. Бирок жалпы уставга мектепти киргизбей коюшуптур. Акырында келип балдардын саны аз, демек мугалимдердин санын кыскартуу керек деп чыгышты. Чындыгында балдардын саны жыл сайын эмес, ай сайын өзгөрүп турат. Бир бала болсо да окутууга милдеттүүбүз да! Туура, класстарда балдардын саны аз болгондуктан индивидуалдуу түрдө окутабыз. Мындан балдар утушка гана ээ болушат деп эсептейм. Оорусуна байланыштуу балдар күнүнө 11-12ден күчтүү дарыларды ичишкендиги эске алынып, аларга болгону 35 мүнөттөн окутабыз. Түшүнгөн адамга аларга аябай кыйын.
Азыр Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Өкмөтү бир да бала окутулбай калбасын деген талапты коюшуп, ошонун аткарылышына катуу көзөмөл жүргүзүүдө. 12 предмет болгондон кийин ошончо мугалим окутушу керек эмеспи?! Же балдардын саны азыраак кезде, эмне жасалма түрдө туберкулез менен ооруган балдар көбүрөөк болсун деп балдарды кыйнашыбыз керекпи? Чындыгында республикада андан да көп чыгар, бирок аларды изилдеп, таап, ооруканага жаткыруу иш-чаралары тиешелүү деңгээлде жүргүлбөй жатса керек да. Буга дейре Саламаттыкты сактоо министрлиги жыл сайын бул мекемеге үзгүлтүксүз ачка бөлүп келген, демек, аны каржылоо булактары бар. Арийне, УФТнын кызматкерлеринин маалыматына таянып, министрлик каржылоодон баш тартты деп угуп жатабыз. 2013-жылдан баштап ансыз деле биздин чыгымдарыбызды ФОМС төлөп келатат. Оорукчан балдардан үнөмдөгөн акчаларын каякка жумшаары бизди кызыктырууда, – дейт ал.
Кургак учуктун туруктуу формасына кабылгандар көбөйүүдө
Баарынан жаманы, акыркы эки жылдан бери айтылып келаткан “бүтүрүүчүлөргө аттестат берилбейт” деген жагымсыз кабар быйыл чын чыгып жатканы болууда. Алардын айтымында, балдарды ушул эле Таш-Дөбө айылындагы Б.Бейшеналиева атындагы мектептин мугалимдери келип-кетип окутушмакчы. Бирок анда инфекциялык көзөмөлдөө чараларынын талабына каршы келет. Анткени мугалимдер эрксизден соо балдар менен карым-катнаш ташуучу булак болуп калышат.
Адис врачтар азыр Кыргызстанда кургак учук боюнча кырдаал өтө курч, айрыкча жаш бөбөктөрдүн жана өспүрүмдөрдүн арасында кургак учуктун дарыга туруктуу формасы өөрчүп бараткандыгын белгилешүүдө. Кургак учук менен күрөшүү коомдорунун ассоциациясынын президенти, КР Эмгек сиңирген врачы А.Алишеровдун маалыматы боюнча кургак учуктун туруктуу формасын дарылоо программасы ишке ашырыла баштаган 2005-жылдан бери республика боюнча 207 бала катталган. Оорунун бул формасынан жабыркаган балдарды 9 айдан баштап 2,5 жылга чейин дарылоону катуу тартипте жүргүзүү талап кылынат.
А.Алишеров ошондой эле эки министрликтин – Саламаттыкты сактоо жана Билим берүү жана илим министрлигинин жумушчу тобунун текшерүүсүнүн жыйынтыгы чыга электе УФТ жетекчилигинин ү.ж. окуу жылы аяктаган соң мектептин жабылаары тууралуу педколлективге оозеки жарыялагандыгы мыйзамга жатпасын белгилейт. Анын айтымында, мектепти жабуу менен биринчиден, балдардын билим алуу укугу бузулса, экинчиден, мугалимдерге иштеген эки айы үчүн акчалай берилүүчү компенсация берилбегендиги да мыйзамга жатпайт.
Балдарды ушул абалына баарыбыз күнөөлүүбүз
Ушул жерде 30 жылдан бери эмгектенип келаткан Лидия Мирошникова биз менен болгон маегинде кургак учуктун дарыларга туруктуу формасы менен оорушкан балдар ансыз деле депрессияга кабылышаарын, бул жерден аларды бардык жагынан колдоого алышып, оор абалын жеңилдетүүгө аракеттенишерин белгиледи.
-Биздин балдар – кургак учурунун оор формасына чалдыккандар. Аларга ансыз деле кыйын. Эң кеминде эле 18 ай дарыланышы керек. Биз балдарыбыз менен дээрлик бирге жашайбыз десек да болот. Маселен, менин Мадина деген кызым быйыл үчүнчү жылы дарыланып жатат. Кыз бала айрыкча сезимтал келет эмеспи, кээ бирлери истерикага чейин жетишкендигине көп эле күбө болобуз. Айла жок, мамлекет атайын ушундай жай бөлүп, алардын окуусуна нечен жылдан бери шарт түзүп келгендигине рахмат. Чындыгында аларга түзүлгөн шарт жылдан-жылга жакшырышы керек эле. Менин эсимде, совет учурунда инфекциясы бар деп шекшинген балдарды да жаткырышчу. Азыркы балдар өтө оор формасы менен оорушат. Балдарыбызды ушундай абалга жеткиргендигибиз үчүн бизге уят. Ал эми аларды окуусунан үзгүлтүккө учуратуу андан бетер кечиримсиз иш, – дейт.
Бурулуш Бапаеванын жеке пикиринде, бул жерде жеке кызыкчылыктар бар же тымызын тирешүүлөрдүн кесепетинен эле ортодо балдар жапа чегип жатышат деп эсептейт. Ал эми башталгыч класстын мугалими Элмира Султаналиева: “Биз ар бир баланы окутушубуз керек. Кылмышкерлер кайдан чыгат деп таң калабыз анан. Бул балдар оорушат, башка мектепке барганда аларды кучак жайып тосуп алышат дейсизби. Мисалы бир кызыбызды экинчи жыл окутуп жатабыз. Анын апасы каза болгон, ал каякка барып окуйт? Талаада калаарында шек жок. Бул диагноз менен ооруган адамдарды коомдо кооптонуу менен кабыл алышат. Бул жерде балдар дарылануу менен бирге таалим-тарбия, билим алып жатышат. Азыр мен 1-класстан 4-класска чейин 9 баланы бир класста жалгыз окутуп жатам. Ушул туурабы? Азыркы заманда да ушундай болобу?” – дейт таң калганын жашыра албай ийнин куушуруп.
Мугалимдер быйылкы окуу жылында 9-классты аяктап жаткан алты баланын жана 11-классты аяктап жаткан төрт баланын абалы кандай болооруна көздөрү жетпей отурушат. Алар алчу күбөлүк, аттестаттарын УФБ жетекчилиги алар берген справканын негизинде өздөрүнүн мектебине барып алышы керек дешүүдө. Аларга беришеби жокпу, ал азырынча белгисиз. Анткени, жыл башында катталбаган балага алар кайсы жактан аттестат алып беришет деген мыйзамдуу суроо туулат.
11-классты аяктап жаткан Ширин Абдылажанова оорунун айынан өзү жашаган жердеги мектепке бара албай калган. Эми бул жактан да ага аттестат тийбечүдөй болуп турганына капа болгон Ширин кайда бараарын билбейт.
– Азыр мен 19 жаштамын. Ден соолугумдун айынан узак убакытка ооруканага жатууга туура келди. Мен аттестат алуу үчүн 11-классты эки жыл окууга аргасыз болдум. Бирок быйыл бизге аттестат берилбейт, жашаган жериңердеги мектептен аласыңар деп жатышат. Мен ал мектептен кеткениме эки жыл болду да, мага алар кантип аттестат беришмек эле? – дейт Ширин.
Ал эми Айнура Калмак кызынын бул жерде дарыланып жаткандыгына 9 ай болду, өзү Токтогулдан келген. Келечекте биолог мугалим болгусу келген Айнура да ага аттестат кайсы жерден буюраарын билбей башы маң. Өзүнүн туулган жериндеги мектептин биолог мугалиминдей болгусу келген ал кыздын кыялы ишке ашаар бекен, жогорку окуу жайлар Айнурадай тагдырдын оор сыноосуна туш болгондордун бир жерде окуп, башка жерден аттестат алып келгендерин кандай кабыл алышаар экен?
Айнагүл Кашыбаева,
“Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*