Боромбай Меӊмурат уулунун доорун калыс иликтөө зарылдыгы

Borombai_Karakol_at-koyuu_20.6

Кыска маалымат. Боромбай Меӊмурат уулу (эски адабиятта – Бекмурат уулу) – (Болжол менен 1789-ж. – 1858) – XIX кылымда Ысык-Көл, Каркыра жана Текес өрөөндөрүн жердеген бугу уруусунун белек уругунун манабы. Боромбай 1843-ж. Жууку суусунун боюндагы Кызыл-Үӊкүр деген жерге чеп курдуруп, аны ордо кылган. 1844-ж. ал бугу уруусунун атынан Батыш Сибирдеги орус падышалыгынын бийликтерине букаралыкка кабыл алуу өтүнүчү менен элчи жиберген. 1848-ж. дагы бир ирет орус бийликтерине кайрылган. Анын элчилери 1854-ж. сентябрда Омскиге келип, 1855-ж. 17-январда Сибирдеги бул шаарда Орусиянын букаралыгына өтүү жөнүндө бугу уруусунун атынан ант беришкен. 1855-ж. Боромбай орустун подполковник чинин алган. 1855-ж. бугу менен сарыбагыш уруулары чабышкан кезде улам артка чегинип, Текести жердеп калган. Боромбай бугу уруусун сактап калуу үчүн цин-манчжурдук Кытайдан да көмөк сураган, бирок учурунда көмөк ала алган эмес. Ошондон кийин кайрадан падышалык орус бийликтерине өтүнүч менен кайрылган. 1856-ж. июнда орусиялык тыӊчы жана саякатчы, теги казак Чокон Валиханов Боромбайдын Тулпар-Таш капчыгайындагы жайлоодогу айылында болуп, бийдин сүрөтүн тарткан. Саякатчы Петр Петрович Семенов-Тян-Шанский болсо Боромбай менен 1856-57-жж. Теӊир-Тоого саякаты маалында жолуккан. Боромбай ага Карахандар каганаты доорунда Ысык- Көлдү жердеген чигилдер кыргыздардын бабаларынын биринен экенин айткан. 2012-жылы Боромбай Меӊмурат уулунун аты Каракол шаарынын мурдагы Октябрь көчөсүнө ыйгарылды.

Заманбап кыргыз тарыхнаама­сында Боромбай Меӊмурат уулу тууралуу ар тараптуу, ка­лыс маалыматты чагылдыруу зарылчы­лыгы ал жөнүндөгү бир катар негизсиз же талаш-тартыштуу жоромолдорду тактоону, айрымдарын таптакыр чет­ке кагууну талап кылат. Алардын кээ бирине токтололу.

Боромбай хан болгонбу? Болгон эмес. Бий гана болгон. Аны ак кийизге көтөрүп хан көтөргөн окуя эч бир дарек­те, ал түгүл санжыралык уламыштарда да учурабайт. Ал эми 1842-жылы сары­багыш уруусунун манабы Ормон Балык­чынын жанындагы Кызыл-Токойдо бир нече кыргыз уруусунун төбөлдөрү та­рабынан хан көтөрүлгөндүгү белгилүү.

Боромбай бий Ормон хан Түндүк Кыргызстандын бир катар өрөөндөрүн бириктирип түптөгөн көчмөн кыргыз мамлекетин чыӊдаганбы? Чыӊдаган эмес. Те­скерисинче, ага каршы жикчил саясат жүргүзгөн. Мында, албетте, Ормон хандын да күнөөсү бар. Ал бугу жана башка уруулардын үзөӊгүлөш чыккан төбөлдөрүн өзүнө тарта алган эмес. Хандыктын жогорку кызматтарына сарыбагыш уруусунан гана дайындай берген. Демек, эки төбөл теӊ уруулук деӊгээлден чыга албаган. (Боромбай­дын үзөӊгүлөшү Балбай сарыбагыш жылкысын чабам деп колго түшүп, Ормондун буйругу менен зынданда жатканы маалым).

Боромбай кыргыздын эгемен мам­лекети үчүн күрөшкөнбү? Күрөшкөн эмес. Уруу төбөлү деӊгээлинде гана саясат жүргүзгөн. Орусиянын букара­лыгына өтүү ниетин акыры өз уруусунун атынан жүзөгө ашырган.

Айтмакчы, Боромбайды орусиячыл саясаты үчүн мактагандар 1917-жыл­дагы ыӊкылаптардын арты менен кыр­гыздар XX кылымда өнүккөнүнөн кеп салышат. Мындан улам суроо туулат: Боромбай кийинчерээк Орусияда Ленин социалисттик ыӊкылап уюштураарын алдын-ала билди беле? Билген эмес. Ал каза болгондо Владимир Ленин төрөлө элек кез эле. Боромбай Карл Маркстын немис тилиндеги коммунизм­ге чакырган чыгармасын окумак тургай, орусча да билчү эмес.

Албетте, Боромбай Меӊмурат уулу­нун доорун иликтегенде, падышалык Орусиядан 1820-40-жылдары улам самсып Кыргызстанга келген теги та­тар тыӊчы соодагерлердин (мисалы, Файзулла Ногаев) тыӊчылык ишмер­диги жана алардын айрым кыргыз төбөлдөрүн орусиячыл маанайга тар­туу аркылуу падышалык оторчул бий­ликтердин ар кыл алкышын, акчалай сыйлыктарын, медалдарын алгандыгы тууралуу факттар да эске алынууга тийиш.

Боромбай үч миӊ сап керээз жаз­ганбы? Эч жазган эмес. Ал сабатсыз болгон. Ошол доордун булбулу Ар­станбек Буйлаш уулунун чыгармасын үстүрт окуп алып, кээ бир замандаштар Боромбай ыр түрүндө керээз калтыр­ган дегендей жаӊылыш пикир айтып жүрүшөт. Боромбай кара сөз түрүндөгү керээз айткан соӊ эл тыӊдаган жооп ыр – бул Арстанбектики.

Маселен, Арстанбек Буйлаш уулу­нун Боромбайга арнаган ыр саптарын­да:

“…Бак тигип, эгин айда деп,

Жөнөкөй оокат кайда деп,

Кышы жылуу, малга жай,

Жери сулуу, данга бай,

Чычкан, Даркан жайла деп,

Кашкар жакка барба деп,

Айтып жүргөн сен элеӊ”, – деп Бо­ромбайдын жаӊычыл чарбачылдыгын көрсөтөт.

Боромбайдын сөөгү кайсы жерде коюлганы аныкпы? Жок. Жети-Өгүз районуна караштуу Кичи-Кызыл-Суу капчыгайындагы Боромбайдын мүрзөсү бар делип жоромолдонгон жайды “көзү ачыктар” гана 2012-жылы “тастыкташ­кан”, башка маалымат жок. Боромбай алгач Жууку капчыгайында жерге бе­рилгендиги тууралуу маалымат бар. Демек, бул суроо дагы эле ачык бойдон кала берүүдө.

Боромбайдын үзөӊгүлөштөрү Орусияны ырааттуу колдо­ду беле? Жок. Балбай баатыр 1860-жж. (Боромбай өлгөндөн көп уза­бай) Орусияга каршы саясатты тут­кан, акыры Текестен аны алдап колго түшүрүшүп, Алматыдагы (Верный) орус абагына камашкан. Ал падышалык ору­сиялык камакта сый туткун катары кар­малып жатып өлгөн элчи Абдыракман Кучак уулунан (бул элчи 1789-жылы 20-июнда Омск шаарында каза болгон) кийинки падышалык оторчул бийликтин туткуну катары өлгөн экинчи ири кыргыз саясатчысы.

Боромбайдын өзүнүн урпактары дайым эле Орусияны жактай бериш­ти беле? Жок. Боромбайдын урпакта­рынын бир бөлүгү 1916-жылкы Орусия­га каршы улуттук боштондук көтөрүлүш жеӊилгенде, аргасыздан Кытайга журт которгон. Алардын айрымдары азыр да КЭРдин ШУАРындагы Или-Казак автоном облусуна караштуу тоолуу Текес өрөөнүндө байырлашат.

Боромбай тууралуу жазганда, албетте, анын өзгөрүүлөргө ийкемдүү мамиле жасай ал­гандыгы, багбанчылыкты колдогонду­гу сыяктуу сапаттары эске алынууга тийиш. Бирок анын өзүн өз колу менен бак тиккен Мичурин сыяктуу сүрөттөө да туура эмес.

Ошол доордо Боромбайды жактап ырдап жүргөн Арстанбек Буйлаш уулун айрым замандаштарыбыз “эшик ыр­чысы” катары төмөндөтүп көрсөткүсү келет. Бул да туура эмес. Арстанбек Анжыян, Аксыга чейин таанылган, Алымбек датканын назарына түшкөн даӊазалуу ырчы, күүчү, обончу жана ойчул болгон. Анын батасын алуу үчүн Жеӊижок ырчы атайын Аксыдан Кар­кырага келгени маалым.

Көз карашы жагынан да Арстан­бек Боромбайдан айырмаланган. 1860-жылдары чыгарган ырында Ар­станбек Чыгыш Теӊир-Тоодо эгемен мамлекет курууга умтулган Жакыпбек бак-дөөлөттү колдоого чакырган жана (Или дарыясынын жогорку агымын­да Орусиядан эркин жашаган) эгемен казак уруулары менен кыргыздар ын­тымак түзсө дурус болоор эле деген мааниде ыр саптарын калтырган. Бул маанай Боромбайдын доорунда эле па­дышалык Орусияга каршы маанай бугу уруусунун ичинде өкүм сүргөнүн, демек, бардык эле түндүк кыргыз төбөлдөрү оторчул бийликти жактай бербеген­дигин, көптөгөн бийлер падышалык Орусиянын чинине азгырылбагандыгын айгинелейт.

Былтыркы жыл Кыргызстанда мамлекеттүүлүктү чыӊдоо жылы бол­гон. Быйыл болсо былтыркы жылда жүзөгө ашырылган жетишкендиктер андан ары улантылышы абзел.

Кыргыз мамлекетин жана автономи­ясын ар кандай түрдө түптөп-чыӊдоого умтулган тарыхый инсандардын салым­дарын ар тараптуу изилдөө милдети, албетте, бир эле учурда кыргыз же­ринин айрым бөлүгүн башка кубаттуу мамлекетке “сугунта салган” учурларды да калыс иликтөөнү талап кылат.

Мындай шартта, менимче, эч бир эмоцияга алдырбастан, тарыхый фак­тылардын негизинде гана тигил же бул инсандын өмүр таржымакалын тараза­лоо зарыл.

Боромбайдын доорун изилдегенде 1950-жылдары советтик тарыхнаама­га биротоло таӊууланган “падышалык Орусиянын оторчул режими “жакшы ко­лониализм” болгон, ал эми башка импе­риалисттик метрополиялардын оторчул режимдери “ырайымсыз колониализм” болчу” деген кремлчил цензурачыл түшүнүктөн азыркы кыргыз тарыхчы­лары арылуусу керек. Маселе – элдин эгемен же башка өлкөгө көз каранды болушунда. “Жакшы колониализм” түшүнүгү тиешелүү оторчул режим­дин үстөмдүгүн актоо үчүн гана ойлоп табылган идеологиялык тар түшүнүк.

Айтмакчы, 2015-жылдын 20-янва­рындагы илимий талкуу маалында бир саясат таануучу мырза Боромбай бийдин 1855-жылдагы падышалык Ору­сиянын букаралыгына өтүү аракетин быйылкы Кыргызстандын Бажы Бирим­дигине мүчө болуу далаалаты менен салыштырып мактап өттү.

Менимче, бул одоно салыш­тыруу да четке кагылышы абзел, анткени Боромбай бий падышалык Орусиянын оторчул бийлигине букара катары өтүү арызын жолдогон, ал эми эгемен Кыргызстан бир эле учурда Бажы Биримдигинен тышкары Бириккен Улуттар Уюму­на, Шанхай Кызматташтык Уюмуна, Дүйнөлүк Соода Уюмуна, ЮНЕСКОго ж.б. өзүнүн көз каранды эместигин сак­тоо менен мүчө болуп кала берүүдө. 1855-жылкы жана 2015-жылкы окуя­лардын айырмасы асман менен жердей десек болот.

Бул чакан макалада Боромбай бий жана анын доору тууралуу учкай ай­тылган ойлор гана камтылды.

Т.ЧОРОТЕГИН, “Кыргыз Тарых Коому” ЭКБсынын президенти, тарых илим. доктору, профессор

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*