АК ЖҮРӨК АГАЙ

Педагогика илиминде өзүнчө орду бар, кыргыз тилинин методикасынын өнүгүшүнө салым кошкон, п.и.д., профес-сор Жеӊишбек Чыманов Арыпович агайыбыз 60 жашка келип калыптыр. Сүйүктүү агайыбыз студенттердин арасында зор кадыр-баркка ээ.

Ж.Чыманов 1955-жылы Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз айылын-да колхозчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1972-жылы аталган айылдагы С.М.Киров (азыркы Д.Иманов) атындагы орто мектепти бүтүргөн. 1973-1975-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУга (азыркы Ж.Баласагын атындагы КУУ) 1976-жылы кирип, аны 1984-жылы аяктаган. Педагогдук эмгек жолун ошол эле университеттин кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасында 1981-жылы лаборанттык кыз-маттан баштаган. 1981-жылдан тартып, азыркы учурга чейин кыргыз филологиясы факультетинде эмгектенип келет.1988-жылы университеттин алдындагы аспирантурага тапшырып, 1989-жылы анын сырттан окуу бөлүмүнө которулуп, кыргыз тил илими кафедрасына окутуучулук кызматка өтөт. Кафедрада окутуучу, ага окутуучу, доценттик кызматтарда иштеп, 1998-жылы кыргыз тилин жана адабиятын окутуунун методикасы кафедрасына доценттик кызматка которулат. 2000-жылы конкурстук негизде аталган кафедранын баш-чылыгына шайланат. 2005-жылы конкурстук негизде экинчи мөөнөткө кафедра башчылыгына шайланат. 2008-жылы өз каалоосу менен ка-федра башчылыгынан бошотулат. 2009-жылы ошол эле кафедранын профессорунун милдетин аткаруучу кызматына которулат. Азыркы учурда аталган кафедранын профессору.

Ж.Чыманов 1996-жылы педагогика илимдеринин кандидаты окумуш-туулук даражасын коргогон. 2003-жылы педагогика адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы берилген. 2010-жылы «Орто мектепте кыргыз тилин окутуунун лингводидактикалык негиздери» деген темада докторлук диссертациясын ишин ийгиликтүү коргогон.

Ж.Чымановдун окуган лекциялары стандарттуу лекциялардан кескин айырмаланып, жандуу, талаш-тартышуу, полемикалуу болуп студенттерди өзүнө тартып турат.

Замандаштары эмне дейт?

Тил илиминин дыйканы

Турусбек МАРАЗЫКОВ, кыргыз филологиясы факультетинин деканы, ф.и.д., профессор:

– Мен педагогика илимдеринин доктору, профессор Жеӊишбек Арыпович менен 1991-жылдан бери ушул Улуттук университетте чогуу иштеп келе жатам. Бул профессор – чоӊ педагог жана чоӊ окумуштуу. Анын жазган эмгектери негизинен, байланыштуу сүйлөөнүн илимий-педагогикалык маселелерин теориялык багыт-та изилдөөгө арналган. Тактап айтканда, профессор Жеӊишбек Арыпович кыргыз тилинде маданияттуу, ыра-аттуу, байланыштуу сүйлөй билүүнү мектепте жана жо-горку окуу жайларында кантип окутуу керек деген азыркы учурда биз үчүн абдан актуалдуу илимий-теориялык жана илимий-практикалык маселелерди изилдеп келе жатат. Албетте, бул өӊүттөн караганда, профессор Жеӊишбек Чыманов кыргыз тилин окутуунун жаӊы концепциясын су-нуштай алды десек болот. Чечмелеп айтканда, ал кыргыз тил илиминде буга чейин жүргүзүлгөн коммуникативдик багыттагы теориялык изилдөөлөрдү эске алып, азыркы мезгилде орун алган кыргыз тилин окутуу багытындагы мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча, кыргыз тилин окутуунун концепциясын өзгөртүү боюнча жаӊы, оригиналдуу идея-ларды сунуштаган методика багытында фундаменталдуу эмгектерди жазды. Андагы негизги идея – “кыргыз тили сабагы балдарга кыргыз тилинин тилдик каражатта-рынын өзгөчөлүктөрүн эле үйрөтүп чектелбестен, бул сабак кыргыз элинин үрп-адат, каада-салт маданиятына ылайык ийкемдүү, сылык-сыпаа, ырааттуу, орундуу, так, ынанымдуу, маданияттуу сүйлөй билүүнү, функционал-дык стилдин беш түрүндө стилдин өзгөчөлүгүнө, мыйзам ченемине жараша окуучу өз оюн сабаттуу жаза билүүгө үйрөтүүсү керек” деген идея. Жеӊишбек Арыповичтин кандидаттык диссертациясы дагы, докторлук диссерта-циясы дагы дал ушул сүйлөө маданиятын окутуу процес-синин көйгөйлөрүн чечүү маселесине арналган. Илимий жагынан караганда, ал жаӊычыл идеялары, изденүүлөрү менен башка окумуштуулардан, башка педагогдордон кескин айырмаланып турат.

Адамгерчилик  жагынан  караганда,  ал  –  абдан жөнөкөй, адамгерчиликтүү, маданияттуу, үй-бүлөсүнө, студенттерине, шакирттерине кайрымдуу, боорукер адам. Ишке кылган мамилеси өзгөчө. Өткөргөн сабактары сту-денттерге өзүнчө бир дүйнөнү, Чымановдук кереметти тартуулай алат. Менимче, андай сабактар айтылганда бузулуп калат. Ага катышыш керек, бүт дүйнөӊ менен сезип, ырахаттанышыӊ керек. Ошондо мындай иштерди өз ишине баш оту менен кирип кеткен, накта чыгармачыл, агедил адамдар гана жасай аларына бир ынанасыӊ.

Ошондуктан талыкпай эмгектенип, 300 басма та-бактан ашык илимий эмгек жазган, кыргыз тилинин өнүгүшүнө өмүрүн арнаган уникалдуу инсан, кесипте-шибиз, агайыбыз, агабыз Жеӊишбек Арыпович менен биз мактанабыз жана сыймыктанабыз.

МУГАЛИМДЕРДИН УСТАТЫ 

Назаркул ИШЕКЕЕВ, п.и.д., профессор:

– Жеӊишбек Чыманов адам катарында абдан нарктуу инсан. Жөнөкөй, карапайым адам. Өзгөчө ушул илимдин теориясына практикасына абдан жигердүү салым кошуп келе жатат. Окутуучу ката-рында илимде өзүнүн бир топ шакирттерин даярда-ды. Устат катарында бүгүнкү күндө абдан жигердүү иштеп жатат. Илим менен кошо окутуучулук ишин абдан үзүрлүү улантууда. Өзгөчө ушул негизги ди-циплинар боюнча методикага байланыштуу дарсты окуп, студенттердин педагогикалык чеберчилигин өркүндөтүүгө, ал багыттагы түшүнүгүн байытууга абдан көп үзүр кошту. Филолог методист окумуш-туулардын арасында өзүнүн кесибине болгон жооп-керчилиги менен, өзүнүн кесибине болгон сүйүүсү менен, чыгармачылыгы менен айырмаланып турат. Методика илиминин жетишкендигин, насыйкаттуу-лугун мугалимдерге жеткирүүгө көп аракет кылат. Бул багытта атайын курстарга барып дарс окуп жүрөт. Элет жерине чыгып мектептер менен дай-ыма үзгүлтүксүз иш алпарат. Мектеп мугалимдери менен бирге тилди окутуу боюнча айрым жетиш-кендиктерди өзүнүн сунуш-пикирлерин айтып, бул багытта мектеп менен жогорку окуу жайларындагы байланышты бекемдөө аркылуу методика илим-деринин жетишкендиктерин жайылтууга аракет кылып жатат. Жаш изденүүчүлөргө жардамын бе-рип, тийиштүү кеӊештерин берип, олуттуу, сал-мактуу ойлорун айтып, тилдин ыкчам заманбап өнүгүшүнө өзгөчө аракеттерди жасап, анын илим-деги интерактивдүү усулдарынын практикага ара-лашуусуна инновациялык технологиялардын мек-тептерде окутулушуна, кеӊири жайылышына абдан көп күч-аракет жумшаган. Демилгелүү, иштиктүү иштеген чыгармачыл ой жүгүрткөн тереӊ, кенен билими бар окумуштуу. Анын жараткан иштери практика менен тыгыз байланыштуу. Ошондуктан Жеӊиштин илимий жетишкендиктери билим берүү концепциясын өркүндөтүүгө салым кошуп келе жа-тат. Билим берүүнүн стандарттарын өркүндөтүүгө өзүнүн үлүшүн кошууда. Жеӊиш жакшынакай үй-бүлөнүн ээси. Жубайы Тажикан да педагогика жа-атында кыйла жылдардан бери эмгектенип жүрөт. Кызы дагы илимдин кандидаты, келечектен көптү үмүттөндүргөн филолог окумуштуулардын бири.

Мен Жеӊишти 60 жаш мааракеси менен чын-дилимден куттуктайм. Жеӊиш ушул маарага жөн келген  жок.  Илим  дүйнөсүндө  дагы,  практика дүйнөсүндө  дагы  жетишкендиктерге  жетишти. Үй-бүлөдө дагы, окумуштуу катары, адам катары мыкты касиеттерге ээ. Мындан ары дагы чыгар-мачылыгында адамдык, илимпоздук ийгиликтер илгерилей берсин демекчимин.

Даярдаган Орозгүл  КОЙЧУМАН кызы,

КУУнун студенти

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*