Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Аккредитация – кесиптик билим берүүнүн сапатын радикалдуу жогорулатуунун эӊ мыкты жолу”

ЖОЖ аккредитациясы эмнеге кечикти?

Жогорку Кеӊештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитети 24-февралдагы кезектеги жыйынында «Билим берүү жөнүндө» мыйзамдын 40-беренесинин башталгыч, орто, жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын аккредитациялоо бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө маселени карады.

Комитет жыйынына Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева, Кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов, Германиялык эл аралык кызматташтык уюмунун (GIZ) “Кесиптик-техникалык билим берүү жана жумуш менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү” программанын жетекчиси Агнес Волльшлегер, аталган программанын эл аралык эксперти Элисон Шмидт, программасынын жергиликтүү эксперти Ж.Жээнбаева жана жогорку окуу жайлардын ректорлору, кесиптик-техникалык окуу жайлардын жетекчилери катышты.

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева кесиптик билим берүү уюмдарынын үч миӊден ашык бүтүрүүчүлөрүнүн диплом алышы аккредитацияны жүргүзүүнүн укуктук-ченемдик базасынын жоктугунан кыйын абалга кептелиши мүмкүн экенин билдирди. Ошондуктан министрлик Жогорку Кеӊештин кароосуна “Билим берүү жөнүндөгү” Мыйзамдын 40-беренесинин күчүн 2016-жылдын сентябрь айына чейин токтото туруп, ага чейин көз карандысыз аккредитация жүргүзүүнүн мыйзамдык жол-жоболорун иштеп чыгуу керектигин белгиледи.

Аккредитация бүтүрүүчүлөргө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди берүүгө укуктуу көз карандысыз аккредитациялык агенттиктер тарабынан жүргүзүлүшү керек эле. Билим берүү министрлиги 2014-жылы ошондой агенттиктерди тандоо иштерин аткарыш үчүн Улуттук аккредитациялык кеӊешти түздү. Аккредитация 2014-жылдын сентябрында баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн башталууга тийиш эле. Бирок бул иштер мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө башталган жок, анткени укуктук-ченемдик базасы иштелип чыга элек. Ошол себептүү 18 жогорку, 22 орто жана 14 баштапкы кесиптик билим берүү уюмдары аккредитацияны күтүп жатышат.

Министр ошол эле учурда Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын көтөрүүнүн эффективдүү жолу катарында көз каранды эмес аккредитация институтун өнүктүрүүгө умтуларын айта кетти.

Талкууда комитет мүчөлөрү билим берүүнүн сапатын аныктоодо мамлекеттик аккредитациялоо тутуму эскиргендиги, коррупция коштолгон жагдайлар бар экенин анын натыйжасына билим берүүнүн сапатына эч ким кепилдик бере албастыгы, мындай мамиле мамлекеттик мамиле эместиги боюнча ойлору менен бөлүштү. Ошондой эле мыйзам кабыл алынганы менен, мыйзам алдындагы актылар иштелип чыкпай, документтер кыймылсыз туруп калгандыгы сынга алынды. Мындай жагдайда Өкмөт конкреттүү чараларды көрүп, Билим берүү жана илим министрлиги мөөнөттөрдү коюп, мыйзам аткарылышы зарылдыгы айтылды. Депутат Наталья Никитенко үстүбүздөгү жылы мыйзам алдындагы актыларды кабыл алууну сунуштады.

К.ЧЕКИРОВ,

“Кутбилим”

Каныбек ОСМОНАЛИЕВ: “Аккредитация – кесиптик билим берүүнүн сапатын радикалдуу жогорулатуунун эӊ мыкты жолу”

150 жылдан  ашуун тарыхы бар көз карандысыз аккредитация маселесине токтолгон Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев Кыргызстанда эл аралык көз карандысыз аккредитация институту таанылганын, тиешелүү мыйзамда белгиленгендигин, анын аткарылышы улам мөөнөт суралып, кийинкиге жылып жатканын тизмектеп, сөз сүйлөдү

Кесиптик билим берүүнүн сапатына баа берүү үчүн негизги инструмент болуп биздин өлкөдө билим берүү программаларын мамлекеттик аккредитациялоо жол-жобосу саналат, бирок мында бир катар олуттуу мүчүлүштүктөр бар.

Биринчиден, мамлекеттик аттестация тар ве-домстволук мүнөз алып калган, анткени мында эксперттер негизинен билим берүү система-сынан тартылган. Экинчиден, аттестацияны мамлекеттик органдар иш жүзүндө экономика секторунун жана жарандык коомдун катышуусу-суз жүргүзөт жана ал боюнча чечим кабыл алат. Үчүнчүдөн, эксперттерди окутуу жүргүзүлбөйт, эреже катары эксперттин тийиштүү билими жана квалификациясы болсо жетиштүү болот деп эсептелип келет. Төртүнчүдөн, мамлекеттик ор-гандын аттестация боюнча чечим кабыл алуусу объективдүү жана теӊ салмактанган чечимди кепилдебейт. Негизинен алганда, чечимди ка-был алуу мамлекеттик органдын жетекчилигине көз каранды болот. Чечим кабыл алууга окуу жайлардын продукциясын керектөөчүлөр, атап айтканда, жумуш берүүчүлөр катышпайт. Мын-дан тышкары, сапаттын стандарттары боюнча окуу жайдын натыйжалуулугуна жалпылап баа берилбей келет.

Өнүккөн өлкөлөрдө билим берүү программа-сына жана окуу жайга баа берүү үчүн көз каран-дысыз аккредитация жол-жобосу колдонулат. АКШда аккредитация 19-кылымда эле башталган жана анын 150 жылдык тарыхы бар. Европада аккредитация 1999-жылы Болонье деклараци-ясына кол коюлгандан кийин башталган.

Аккредитациянын маӊызы билим берүү про-граммасынын же окуу жайдын мурдатан кабыл алынган сапат стандарттарына туура келүүсүн аныктоодон көрүнөт. Аккредитация 3 этаптан: ички баа берүүдөн (өздүк аккредитациядан), сырткы баа берүүдөн жана чечим кабыл алу-удан турат. Өздүк аккредитацияда окуу жай өзүнүн аккредитациялык стандарттарга туура келүүсүн өзү текшерет жана көз карандысыз ак-кредитациялык агенттикке отчет берет. Сырткы баа берүүдө көз карандысыз аккредитациялык агенттик билим берүү программасынын жана окуу жайдын аккредитациялык стандарттарга туура келүүсүн аныктоо үчүн эксперттик топту жөнөтөт. Мында ички баа берүү боюнча отчет жигердүү колдонулат. Андан соӊ аккредита-циялоо же аккредитациялабоо жөнүндө чечим кабыл алынат. Мындан тышкары, билим берүү программасынын сапатын же окуу жайдын на-тыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунушта-малар милдеттүү түрдө берилет. Аккредитация билим берүү программаларына же окуу жайларга баа берүүнүн бир кыйла натыйжалуу жол-жобосу болуп санала тургандыгы төмөнкүдөй себептер менен түшүндүрүлөт.

Биринчиден, аккредитацияны мамлекеттик органдар эмес, буга адистешкен көз карандысыз аккредитациялык агенттиктер жүргүзөт. Аккре-дитациялык агенттиктер үчүн Европалык негизги стандарттардын биринде мындай деп айтылат: “Агенттиктер көз карандысыз болууга тийиш. Алар өздөрүнүн аракеттери үчүн автономдуу жоопкерчилик тартат. Алардын отчетторунда камтылган тыянактарга, корутундуларга жана сунуштамаларга жогорку окуу жайлар, минис-трликтер жана башка кызыкдар жактар түрүндөгү үчүнчү тараптар таасир кыла албайт”.

Экинчиден, көз карандысыз аккредитаци-яга бардык социалдык өнөктөштөр – жумуш берүүчүлөр,  кесиптик  ассоциациялар  жана бирикмелер,  мамлекеттин,  билим  берүү чөйрөсүнүн, ата-энелердин, студенттердин, жа-рандык коомдун өкүлдөрү катышат. Аккредита-цияга коомдун бардык катмарларынын мындай кеӊири тартылышы ар кандай көз караштардан туруп ар тараптуу талдоо жүргүзүүгө жана баа берүүнүн объективдүүлүгүн жана көз каранды-сыздыгын камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Аттестацияга салыштырганда аккредитация бир кыйла тереӊ иликтөө процесси болуп саналат, ал билим берүү программасынын жана окуу жайдын бардык аспектилери боюнча ар тараптуу маа-лыматтарды алууга мүмкүндүк берет. Бул болсо билим берүү программасына же окуу жайга бир кыйла тереӊ жана объективдүү баа берүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары, экономика секторунун өкүлдөрү адистердин жогорку сапатта болушуна чындап кызыкдар болгондуктан, баа берүүдө коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбейт.

Үчүнчүдөн, аккредитация баа берүүгө эле эмес, билим берүү программасынын сапатын же окуу жайдын иш-аракетин жакшыртуу үчүн сунуштамаларды иштеп чыгууга да багытта-лат. Билим берүү иш-аракетине гана көӊүл бөлүнбөстөн, билим берүү программасын же окуу жайды өркүндөтүү багытында социалдык өнөктөштөрдүн өз ара аракеттешүүсүнүн на-тыйжалуулугу арттырууга да көӊүл бурулат. Ушунун баары билим берүү программасынын сапатынын жогорулашына жана окуу жайдын өнүгүшүнө көмөк берет.

Төртүнчүдөн, аккредитацияны атайын окутул-ган эксперттер жүргүзөт. Аларды экспертиза жүргүзүүнүн методологи-ясына, аккредитациянын стандарттарын жана критерийлерин колдонууга, отчетторду жазууга, интервьюларды берүүгө дагы ушу сыяктууларга окутуу жүргүзүлөт. Эксперттер негизинен эко-номика секторунан алынат, анткени анда эмгек рыногуна кандай адистер керек экендигин жана билим берүү системасын бүтүрүп чыккан кандай адистерди жумушка алуу керектигин жакшы билишет, себеби бул эксперттер билим берүү процессин да жакшы билишет.

Бешинчиден, аккредитацияны аккредитаци-ялык агенттиктин кызматкерлеринин ичинен атайын  окутулган  референттер  уюштурат. Алар аккредитация жүргүзүүнүн методология-сына, аккредитациянын стандарттарына жана критерийлерине  жана  аларды   колдонууга, эксперттик комиссиянын мүчөлөрүнүн өз ара аракеттешүүсүн  уюштурууга,  аккредитация жүргүзүү эрежелеринин сакталышын, экспертиза жүргүзүүнүн объективдүүлүгүн контролдоого, аккредитация жүргүзүүнүн бүткүл процессинин жүрүшүндө иштиктүү, ак санатайлуу жагдайды түзүүгө окутулат.

Алтынчыдан, билим берүү программаларын жана окуу жайларын аккредитациялоо боюн-ча чечимди аккредитациялык агенттиктин өзү эмес, анын алдындагы Кеӊеш кабыл алат, ага мамлекеттин, экономика секторунун (биринчи кезекте – жумуш берүүчүлөрдүн) жана жаран-дык коомдун өкүлдөрү кирет. Бул болсо теӊ салмактанган жана объективдүү чечимди кабыл алууга көмөк берет, анткени чечимди кабыл алууда бардык социалдык өнөктөштөр каты-шат. Аккредитация боюнча чечим кабыл алууда жумуш берүүчүлөрдүн ролу өзгөчө маанилүү, анткени дал ошолор үчүн окуу жайды бүтүрүүчү адистердин квалификациясы зор мааниге ээ болот. Жумуш берүүчүлөрдүн аккредитация процессине катышуусу кабыл алынуучу аккреди-тациялык чечимдердин объективдүү болушуна көмөк берет.

Жетинчиден, аккредитация анын жыйынтыкта-рын агенттиктин сайтына жайгаштырууну талап кылат. Бул болсо аккредитация процессинин ачык-айкын болушуна көмөк берет жана жаш адамдарга, алардын ата-энелерине кесипти жана окуу жайды негиздүү тандап алуу үчүн толук, объективдүү маалыматтарды берет. Мын-дан тышкары, бул бардык кызыкдар жактардын пайдалуу маалымат алышына шарт түзөт.

Кыргызстанда азыркы убакта аккредитация жол-жобосун  киргизүү  үчүн  зарыл  шарттар түзүлгөн, алар төмөндөгүлөрдөн турат.Берилип  жаткан  билим  берүү  кызмат көрсөтүүлөрүнүн сапатын ырастоо максатын-да 2013-жылы “Билим берүү жөнүндө” Кыр-гыз Республикасынын Мыйзамына тийиштүү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген, б. а. 2013-жылдын 4-июлундагы №110 “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Ре-спубликасынын Мыйзамы менен “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-нын 40-беренесине менчигинин формасына жана ведомстволук таандыктыгына караба-стан билим берүү уюмдарын аккредитациялоо жөнүндө норма киргизилген. Бул нормага ылай-ык, аккредитациядан өткөн билим берүү уюм-дары өз бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди же билим берүү уюмдарынын өздөрүнүн чечими боюнча өздүк үлгүдөгү до-кументтерди берүүгө укук алат.

Эл аралык стандарттардын талаптарына жана “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасы-нын Мыйзамынын 40-беренесине ылайык би-лим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2014-жылдын 4-августунда №438 “Билим берүү жагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караш-туу Улуттук аккредитациялык кеӊеш жөнүндө” токтом кабыл алган, анын 2-пунктунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим ми-нистрлигине Улуттук аккредитациялык кеӊешти түзүү тапшырмасы берилген.

Өкмөттүн ушул токтомун аткаруу үчүн Кыр-гыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук аккредитациялык кеӊешти түзүүгө тийиш эле. Бул кеӊеш коомдук баш-талышта  иштөөчү,  консультациялык-кеӊеш берүүчү орган болуп саналып, аккредитаци-ялык агенттиктердин иш-аракеттерин таануу жөнүндөгү маселени коллегиялуу жана ачык кароо үчүн түзүлүшү керек болучу.

Жогоруда аталган Мыйзамдын көрсөтүлгөн беренесине ылайык, андан кийинки этапта ак-кредитациялык агенттиктердин иш-аракеттерин таануу  жол-жобосу  башталууга  тийиш  эле, анткени алар билим берүү уюмдарын аккре-дитациялоону жүргүзүүгө тийиш болчу жана 2013-жылдын 4-июлундагы №110 “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы-на өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2 беренесине ылайык аккредитация баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдары үчүн – 2014-жылдын 1-сентябрынан тартып, ал эми бөлөк билим берүү уюмдары үчүн – 2015-жыл-дын 1-сентябрынан тартып башталышы керек эле.

2014-жылдын 1-сентябрынан тартып баштап-кы, орто жана жогорку кесиптик билим берүү уюмдарын аккредитациялоо башталган жок. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги бул жагдайды аккредита-циялык агенттиктер жетиштүү санда түзүлбөй жаткандыгы менен түшүндүрүүдө. Учурда Кыргызстанда ар кыл европалык про-граммалар (GIZ, TEMPUSж.б. ) боюнча аккре-дитация жагында долбоорлор ишке ашырылган, алардын натыйжасында Кыргызстанда аккре-дитация жол-жоболорун киргизүү үчүн кыртыш түзүлүп калды.

Атап айтканда, GIZПрограммасы боюнча 2009-жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан “Кесиптик билим берүү жана жумуштуулукка көмөк көрсөтүү” долбоорунун алкагында төрт ке-сиптик лицейдин жана эки колледждин пилоттук аккредитациясы жүргүзүлдү. Бул программанын алкагында баштапкы жана орто кесиптик би-лим берүүнү аккредитациялоо боюнча Кеӊеш түзүлгөн, ал 2010-жылдан 2014-жылга чейин иштеген жана Кыргыз Республикасында аккре-дитация жүргүзүү жагында бир кыйла тажрый-баны топтогон.

Бул Кеӊешке мамлекеттин, экономика секто-рунун жана жарандык коомдун өкүлдөрү бирдей пропорцияда кирди. Кеӊештин мүчөлөрүн, экс-перттерди, референттерди, окуу жайлардын жетекчилерин Германияга алып барып окутуу жүргүзүлдү. Баштапкы жана орто кесиптик билим берүүнү аккредитациялоо үчүн зарыл болгон укуктук жана методикалык база түзүлдү. Билим берүү программаларын жана окуу жайларды аккредитациялоону жүргүзүүнүн жана чечим кабыл алуунун технологиясы толук бойдон иштелип чыкты.

2014-жылы GIZбоюнча аталган программа-нын экинчи этабы башталды, мында кесиптик билим берүүнү көз карандысыз аккредитациялоо системасын калыптандырууну жүзөгө ашыруу максат кылынган.

Пилоттук аккредитациялоонун натыйжала-ры көрсөткөндөй, аккредитация окуу жайларга чоӊ пайда келтирет, анткени алардын күчтүү жана начар жактарын көрсөтөт, аларды билим берүүнүн сапатын жогорулатууга мобилизация-лайт, социалдык өнөктөштөрдү кызматташууга жана окуу жайларга жардам көрсөтүүгө тартат. Маселен, окуу жай каражаттардын жоктугунан улам абдан заманбап жабдууларды сатып ала албашы айкын болду. Ошол эле убакта студент-терди мындай жабдууларда иштөөгө жумуш берүүчүлөр менен кызматташтыкта гана окуту-уга мүмкүн экендиги да дайын болду. Пилоттук аккредитациянын жыйынтыгы окуу жайлардын жумуш  берүүчүлөр  жана  бөлөк  социалдык өнөктөштөр менен кызматташуусунун начар экендигин айгинеледи. Жыйынтыгында аккреди-тация окуу жайлардын социалдык өнөктөштөр менен иштөөсүн жигердентти, өнүгүү үчүн башка резервдерди издөөгө түрттү.

Окуу жайлардын эмгектик рынок үчүн зарыл болгон бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын туруктуу талдап туруу жана тактап дайындоо маселелеринде жумуш берүүчүлөр менен кыз-матташуусу да абдан маанилүү болуп саналат. Атап айтканда, аккредитация окуу жайларды дал ушуга түртөт. Буга чейин бүтүрүүчүлөрдүн эмгектик рынокко зарыл болгон компетенция-ларын макулдашуу боюнча окуу жайлардын жана жумуш берүүчүлөрдүн ортосунда жигердүү байланыш анчалык байкалган эмес.

GIZпрограммасынын жыйынтыгы катары би-лим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо боюнча агенттик (БПУАА) түзүлдү.  Бул  агенттик  баштапкы  жана  орто кесиптик билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоону жүргүзүүгө даяр.

CANQA-TEMPUSдолбоорунун натыйжасы катары жогорку кесиптик билим берүүнү аккре-дитациялоо үчүн көз карандысыз аккредитаци-ялык EdNetагенттиги түзүлдү.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*