ПРЕЗИДЕНТ ОКУУЧУЛАРДЫН «МУСУЛМАН КИЙИМИН» КАБЫЛ АЛБАЙТ

“Президент Алмазбек Атамбаев “мусулмандардын кийими” деген терминди таптакыр кабыл албайт, айрыкча, балдар жана мектеп окуучулары тууралуу кеп болгондо ар дайым дин аралашпаган жана улуттук кийимдерди колдоп келген”, – деп билдирди 19-февралда Президенттин маалымат саясаты бөлүмү.

Билдирүүдө өлкө башчынын парламенттеги ыйгарым укуктуу өкүлү Жогорку Кеӊеште айрым мектеп окуучуларынын хиджаб кийип жүргөндүгүнө байланыштуу мамлекет башчысынын позициясын туура эмес түшүндүрүп койгондугу айтылат.

“Президент  Алмазбек  Атамбаев  “мусулмандардын кийими” деген терминди таптакыр кабыл албайт, айрыкча, балдар жана мектеп окуучулары тууралуу кеп болгондо ар дайым дин аралашпаган жана улуттук кийимдерди колдоп келген. Бул пози-ция кыргыз мамлекетинин дин аралашпаган мүнөзү жөнүндө конституциялык жободон улам келип чыгат. Демек, кызмат адамдарынын, тактап айтканда, Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысынын ата-энелерден мектеп оку-учуларына хиджаб кийип жүрүүнү таӊуулабагыла деп талап кылган аракеттерин толук негиздүү деп эсептейбиз”, — деп айтылат билдирүүдө.

Мектепте окуучулардын диний мүнөздөгү кийим кийип келишине каршы болгон аракетине Президенттин деӊгээлинде колдоо тапкан Ак-Талаа районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан уулу Рахат ата-энелерди мектеп жашындагы балдарына хиджаб кийип жүрүүнү таӊуулабагыла деп чакырууда.

“Биздин Ак-Талаа районундагы кээ бир мек-тептерде жоолук салынып келген окуучулар, муга-лимдер кездешет. Жалпы талапка ылайык, андай көрүнүштөрдүн мектеп сыяктуу коомдук жайларда жайылышына жол бербөө багытында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Биздин баамыбызда мектеп курагындагы өспүрүмдөр үйүндөгү ата-эне-лерин туурап же болбосо алардын талабына баш ийгендиктен, диндин шарттарын кабыл алып жатышат. Агартуучулар Кыргыз Республикасынын мыйзамынын чегинде коомдук жайлардагы жалпы кабыл алынган тартипти талап кылууга милдеттүү. Андыктан Президент Алмазбек Атамбаев айткандай, мусулман наамын кийим аркылуу эмес, жасаган иши, үлгүлүү жүрүм-туруму, окуучулар окуудагы алдыӊкы жетишкендиктери аркылуу да далилдесе болот деп эсептейбиз”, – деди “Кутбилимге” Кубан уулу Рахат.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кутбилим”

3 Комментарии

  1. Stimati ziaristi , mai lasati laudele si vdeti cine conduce o scoala ; primarul , care este ales ,nu are habar ce inseamna un examen el vine doar cu propunerea ceea ce nu este absolut deloc corect , ce sa facem politica sau educatie , o sa avem numai rezultate ,,bune,, daca directorii numiti vor avea grija numai de imaginea lor .Ce sa mai vorbim primarii trebuie sa si vada interesele personae de interesele localnicilor ca la noi la nimeni .

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*