ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУДАГЫ МЫЙЗАМ БУЗУУЛАР АНЫКТАЛДЫ

Билим берүү жана илим министрлиги түзгөн комиссия айрым окуу жайларда ЖРТнын жыйынтыгы жок же болбосо босого чектен төмөн балл алган абитуриенттер кабыл алынып, мыйзам бузууларга жол берилгенин жарыялады.

Кыргыз  медициналык академиясына жана Кыргыз-Орус  Славян,  Ош мамлекеттик  универси-теттеринин медициналык факультеттерине мыйзам бузуу жолу менен абитури-енттердин кабыл алынган-дыгын ачыктаган “Азаттык” радиосунун журналистте-ринин иликтөөсүнөн кийин жогорку  окуу  жайлардын кабыл  алуу  комиссияла-рынын ишин текшерүү үчүн билим  берүү  жана  илим министри  Э.Сариеванын буйругу менен атайын ко-миссия түзүлгөн. Комиссия бир айда 17 мамлекеттик жана үч мамлекеттик эмес окуу жайдын 2012-жылдан берки кабыл алуу комисси-яларынын ишин текшерүүгө алган. Натыйжада КММА, Кыргыз-Орус Славян уни-верситетинин медициналык факультетине жана ИСИТО, Кыргыз мамлекеттик куру-луш, транспорт жана ар-хитектура  университети, Чыгыш университети, Кыр-гызстандагы эл аралык уни-верситети, КМЮА сыяктуу бир катар окуу жайлардын айрым адистиктерине ка-был алууда мыйзам бузуу-лар болгондугу аныкталган.

–  Жалпысынан  алган-да бардык окуу жайларда ЖРТнын жыйынтыгы менен кабыл алуу тартиби сакта-лып жаткандыгын текшерүү көрсөттү. Бирок айрым окуу жайларда белгилүү себеп-тер  менен  тартип  бузуу-ларга жол берилген. Буга кимдин канчалык күнөөсү бар экендигин укук коргоо органдары иликтеп чыгышы керек. Мисалы, КММАнын, Кыргыз-Орус Славян уни-верситетинин медициналык факультетине босого чек-тен төмөнкү балл алган аби-туриенттерди кабыл алуу Билим  берүү  жана  илим министрлигинин уруксаты менен жүргүзүлгөн, – дейт комиссиянын төрагасынын орун  басары  Алмазбек Акматалиев.

Кыргыз мамлекеттик ме-дициналык академиясына 2012-жылы 42 абитуриент, анын ичинен 20 контракттык бөлүмгө,  2013-жылы  14 абитуриент, 2014-жылы то-гуз абитуриент Билим берүү жана  илим  министрлиги-нин буйругу менен кабыл алынган. Алардын ичинен 11 ЖРТнын сертификаты болгон. Калган 17 абитури-ент этникалык кыргыздар. Бирок текшерүү учурунда аларды ички экзамен ме-нен кабыл алынгандыгын тастыктаган эч кандай до-кумент болгон эмес. Акыр-кы үч жылда Билим берүү жана илим министрлигинин чечими менен КММАга бо-сого чектен төмөнкү балл менен төрт абитуриент ка-был алынган.

Ушуга окшогон мыйзам бузууларга  Кыргыз-Орус Славян университетинде дагы жол берилген. 2013-жылы Жогорку Кеӊештин Билим берүү, илим, мадани-ят жана спорт комитетинин төрагасы К.Осмоналиевдин өтүнмө каты жана минис-трликтин  буйругу  менен медициналык  факульте-тине 26 абитуриент кабыл алынган.

Текшерүүдө  “Азаттык” радиосунун журналисттери айтып чыккан Ош мамле-кеттик университетинин ме-дициналык факультетинин айланасындагы фактылар далилденген эмес. Бул окуу жайда дагы башка окуу жай-лардагыдай эле 1-2-3-турда гранттык орундар толбой калганда министрлик тара-бынан төртүнчү тур жары-яланган. Анда дагы жалаӊ жогорку  балл  топтогон абитуриенттер гана кабыл алынган.

Андан сырткары Билим берүүдөгү  стратегиялык маалымат технологияла-ры институтуна (ИСИТО) кабыл алууда дагы мый-зам бузуулар бар экендиги катталган. Бул окуу жайга дагы босого чектен төмөн балл топтогон абитуриент-тер кабыл алынып келген. Бирок министрлик бекитип берген окуу жайдын кабыл алуу эрежесинде экспери-мент катары баллы жетпе-ген абитуриенттер кабыл алынып, алардын жакшы окугандары гана жылдын аягында биротоло кирги-зилсин деп жазылып кал-ган. Ошонун негизинде окуу жай босого чегинен төмөн балл алган абитуриенттер-ди кабыл ала берген. Бирок жылдын аягында бир дагы студентти окуудан чыгарган эмес.

Гранттык комиссия деген эмне?

2006-жылдан 2013-жылга чейин Билим берүү жана илим министрли-гинин алдында Мамлекеттик грант-тык  комиссия  түзүлүп  келген.  Эки окуу жайга мыйзам бузуулар менен кабыл алынган абитуриенттердин ба-ардыгы ушул комиссиянын чечими менен кабыл алынган. Бирок комиссия мүчөлөрүнүн айтымында, министрлик-тин алдында түзүлүп келген гранттык комиссиянын мындай чечим чыгару-усу канчалык деӊгээлде мыйзамдуу экендиги талаш. Себеби комиссиянын максат, милдеттери жана укуктары эч жерде жазылган жана такталган эмес. Эгерде бул комиссия өз ишин уланта турган болсо, анын укуктук ченемде-рин аныктоо зарыл.

Ким жооп берет?

Жогорку окуу жайларына кабыл алууда жол берилген мыйзам бузууларга ким жооп берет деген суроо азырынча  жоопсуз турат. 2012-жылы дагы Медициналык акаде-мияга жалпы республикалык тестирлөөдөн алган баллы белгиленген чекке жетпеген абитуриенттер контракттык бөлүмгө кабыл алынгандыгы жана алардын айрымдары кийин бюджеттик орундарга которулгандыгы үчүн Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, бирок анын аягы бел-гисиз бойдон калып кеткен. Жакында  эле  ЖК  Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиевге дагы кылмыш иши козголгон.

Азырынча жогоруда ко-миссия аныктаган мыйзам бузуулар боюнча укук кор-гоо  органдары  тарабынан иш козголо элек, бирок ко-омчулук  дагы,  текшерүүгө алган  комиссия  дагы  буга күнөөлүүлөр аныкталып, өз жазасын алышы керек деп эсептешет.

Белгилүү коомдук ишмер, окумуштуу-педагог Жангороз Каниметов билимдин сапа-тын жакшырта албай жаткан-да начар окуган балдарды жасалмалуу түрдө жогорку окуу жайына алып келүүгө жол берилбеши керек – деп эсептейт.

– Сандан сапатка өтөлү деп, сапаттуу билимге жете албай  жатканда  тийиштүү балл топтой албаган, начар окуган  балдарды  окутам дештин өзү туура эмес. Буга ким  күнөөлүү  болсо  ошол мыйзам алдында жооп бе-риши керек. Албетте, буга кимдин  канчалык  күнөөсү бар экендигин укук коргоо органдары гана далилдейт. Чындыгында азыр сандан са-патка өтпөсөк, билим берүү тармагы мындан дагы жа-ман акыбалга келип калышы мүмкүн, – дейт Ж.Каниметов.

Ал эми окуу жай жетекчи-лери болсо министрликтин буйругун гана аткаргандарын жана  алар  министрликтен келген кандай буйрук болбо-сун аны аткарууга милдеттүү экендиктерин айтышууда.

110 баллдан жогору топтогондор гана окууга өтө алышат

Мындан ары жогорку окуу жайына жалпы республика-лык тестирлөөдөн 110 балл-дан, предметтик тесттерден 60 баллдан жогору топтогон абитуриенттер гана кабыл алынат жана босого балл төмөндөтүлбөйт. Мындай че-чим Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан чы-гарылды.  Тийиштүү  балл топтой албаган бүтүрүүчүлөр кесиптик орто окуу жайлары-на тапшырышат. Министрликтин  мын-дай  чечимин  жождорду текшерүүгө алган комисси-янын мүчөлөрү дагы колдоп чыгышты.

– 110 баллдын өзү эле аби-туриенттин эӊ начар окуган-дыгын далилдейт. Биз болсо босого баллды андан дагы төмөндөтүп, окуу жайларды “эки” эмес “бир” деген баага окуган студенттер менен тол-туруп алуудабыз. Бизге эӊ начар окуган бүтүрүүчүлөрдү андан ары окутуунун, өзгөчө мамлекетке акча төлөп оку-туунун зарылдыгы барбы, – дейт Билим берүү жана илим министрлигинин  Коомдук кеӊешинин  мүчөсү  Алмаз Тажибай.

Ал тургай окуусун жогорку окуу жайдан улантууну ка-алаган кесиптик орто окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн дагы жалпы республикалык тестирлөөдөн өткөрүү керек дешет. Анткени жогорку окуу жайына тапшырган абитури-енттердин 30% орто кесип-тик окуу жайын бүтүргөндөр болуп саналат. Алар неги-зинен  орто  кесиптик  окуу жайына жалпы республика-лык тестирлөөсүз өтүп, аны бүткөндөн кийин жогорку окуу жайына экинчи курска отуруп алышууда. Натыйжада жал-пы республикалык тесттен качкан  жалкоо  студенттер үчүн орто кесиптик окуу жайы көпүрө болуп берүүдө.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*