“УЛУТУМ – КЫРГЫЗ, УРААНЫМ – МАНАС “

Энелердин жүрөгүн зыркыратып, жер бетинин боз топурагын сапырып алаамат салган азаптуу күндөрдүн бири –Улуу Ата Мекендик согуш. Согушту жеңип маңдай жарыла сүйүнүп, жеңиш үчүн жанын берген баатырлардын таштан тургузулган элестерине таазим кылып келатканыбызга быйыл 70 жыл толду.

Энелердин жүрөгүн зыркыратып, жер бетинин боз топурагын сапырып алаамат салган азаптуу күндөрдүн бири –Улуу Ата Мекендик согуш. Согушту жеңип маңдай жарыла сүйүнүп, жеңиш үчүн жанын берген баатырлардын таштан тургузулган элестерине таазим кылып келатканыбызга быйыл 70 жыл толду.

Айыгышкан кармашта башка улуттар менен  катар кыргыздын жүрөгүндө жалыны бар эр азаматтары да баатыр элдин урпагы экенин далилдешти. Андан бери күндөр өттү, ай айланып 70 жыл жаңырды, “элүү жылда эл жаңы. ” дегендей коом өзгөрдү. Көз караш жаңырды . Учурдун талабы- алдыңкы билим, технология жана андагы жаңы ачылыштар . Бүгүнкү жаштардын умтулуусу да ушул Албетте, бул эң сонун , бирок саресеп салып, үстүртөн караган кишиге учурдагы жаштардын чет жерлерге кетип жатканын көргөндө, көкүрөктө эзелтен күйүп турчу атуулдук ыйык милдет эң башкы болбой, кийинки орунда калгандай сезилет. Бул жаш аскерлердин кызмат өтөөдөн качышы, аскердик бөлүктөрдүн айрым себептерге байланыштуу талапка жооп бербей жатышынан уламбы деген ой келет . Ушундай шарттарда Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата окуучулардын мекенчилдик сезимдерине көмөкчү таасир катары жогортодон атайын келген жоболор негиз болду.

Жер соорусу Жети-Өгүздүн Саруу айлындагы Ж. Чабалдаев атындагы мектепте да 70 жылдыкка арналган иш чаралар кызуу жүрүп жатат. Алардын бири- 9-10-11-класстардан түзүлгөн “Шумкарлар ” кошуунунун түзүлүшү. Бул кошуун 21 баладан туруп, АЧД сабагынан берген мугалимдин жетектөөсүндө кошуун кадимки аскердик тартипте даярдалып жатты. Балдар үчүн аскердик машыгуу оор экенине карабай анчалык маселе жараткан жок . Анткени менен   кошуунга аскердик келишимдүү форманы камсыз кылуу көйгөйү турду.

”Мугалим- мөмөлүү дарак дегендей” мектеп жетекчилиги демөөрчүлөргө кайрылды. Өзүбүздүн мектептин бүтүрүүчүсү, буга чейин да демөөрчүлүк кылып келген Идирисов Болот агабыз өзү окуган мектеп үчүн 19 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүп берди. Ошондогу мектеп жамаатынын жана окуучулардын сүйүнүчүндө чек жок эле . Көктөн издегенибиз жерден табылгандай эле болдук . Кечээ эле темир канат өспүрүмдөр аскердик формасы менен чыныгы мекен сакчыларына айланып калды. Бирдей кадам шилтеп, “Улутум- кыргыз , урааным-Манас” деген чакырык салып, жүрөгүнүн тереңинен чыккан жоокер ыры, речевкалары менен катарда баратса жүрөк толкуйт

Кошуундардын алгачкы аймактык таймашына борбордук бөлүктөн он мектеп катышып, алардын ичинен даярдыгынын өзгөчөлүгү менен Ж. Чабалдаев мектебинин “Шумкар” кошууну жеңүүчү деп табылды. Кийин финалдык турга чыккан В. Ленина, Шевченко, Ж. Чабалдаев мектептери ат салышып, 1-орунга Чабалдаев, 2- орунду Шевченко менен Ленин атындагы мектептер ээледи .

Кароо – сынактан жаш балдардын жүрөгүндө мекенчилдик, мекенди коргоо сезимдери уялап, келечекке болгон атуулдук көз караштары өзгөргөнү байкалды. Кошуунга катышкан эле эмес, аларга таасирленген башка окуучулардын да көздөрүнөн от жанып, келечекке ишенимдүү карагандай. Мекенчил ырлар, көркөм окуу, сахна өнөрү, хор сыяктуу искусствонун түрлөрү , аскердик даярдык ар биринин аң-сезиминин оң багытына таасир этти деген ойдобуз.

Биз үчүн ушундай бактылуу күндү камсыз кылган аталардын, агалардын элесине таазим. Айтылып келгендей, эл жерин сүйгөн, кыргыз деп күйгөн билимдүү, ишенимдүү келечек ээлери турганда “эч ким, эч нерсе , эч качан унутулбайт”.

 


Акматова Самара,

Ж.Чабалдаев атындагы Саруу орто мектебинин мугалими

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*