ЭЛЕТТЕГИ ЭЛ КОЛДОГОН МЕКТЕП

Оргочор айылынын М.Тынаев атындагы орто мектеби окуучулардын тамагын жакшыртуу боюнча райондогу алдыӊкы мектептердин бири болуп саналат. Мектепте башталгыч класстын окуучуларына БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жана ата-энелердин, жергиликтүү бийликтин жардамы менен ысык тамак үзгүлтүксүз берилүүдө.

Мектеп  БУУнун  Дүйнөлүк азык-түлүк программасына кирип, 2013-жылдан  тартып  программа аркылуу байытылган ун менен кам-сыздалган.  Андан  сырткары  ата-энелердин, жергиликтүү бийликтин демилгеси менен мамлекеттин окуучулардын ысык тамагына бөлгөн жети сомуна кошумча беш сомдон төлөп бере баштаган. Мындай демилгени жергиликтүү кой чарбасы колдоп, 60 килограмм эт кошумча берип, окуучуларга сапаттуу, витаминдүү ысык тамак үзгүлтүксүз берилип келет.

Мектеп тамагын жакшыртуу үчүн айылдык кеӊештин чечими менен Оргочор айыл өкмөтү мектепке беш гектар жерди ижара акысыз берген жана айдап себүү, түшүмүн жыйноо үчүн 75,0 миӊ сом бөлгөн. Ал эми көмөкчү чарбаны колдоо үчүн Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 76,0 миӊ сомго төрт гектарга буудайдын, беденин үрөнүн, бир гектарга картошканын үрөнүн сатып берген. Натыйжада эки жарым тонна буудай, алты тонна картошка алынып, учурда кампада сакталууда. Картошканы себүү жана жыйноо иштерине мугалимдер жана ата-энелер тартылган. Ушул жылы төрт гектар жерден эспарцет чөбүн алуу жана бир гектарга картошка себүү пландаштырылууда. Түшкөн каражаттарды эффективдүү пайдалануу үчүн банктан мектептин эсебин ачуу үчүн юридикалык документтер даярдалууда.

Убагында мектептин 230 окуучусуна ысык тамак берүү үчүн бир жумалык меню түзүү кыйынга турган. Мектеп директору А.Байгашкаева Азык-түлүк программасы аркылуу меню түзүүнүн жолдорун үйрөнүп келип, мектепке ылайыктап түзүп чыккан.

–  Мектеп  долбоорго  киргенден кийин 2013-2014-окуу жылына жергиликтүү бюджеттен 73920 сом бөлүнгөн. Ата-энелер акчалай жана азык-түлүк түрүндө колдоп, Дүйнөлүк азык-түлүк программасы байытылган ун менен камсыздап келет.

Окуучуларга бир жумалык меню түзүлүп, мектептин өзүндө жасалган ысык тамакка эт аралаштырылып, нан, таттуу токочтор, түрдүү ботколор, салат, компот бериле баштаган. Ашпозчунун эмгек маянасы аз болгондуктан, ата-энелер бөлгөн эки сомдун бир сому ашпозчулардын эмгек акысына кошумча төлөнүп жатат, – дейт Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы К.Супатаев.

Долбоордун алкагында мектеп 279,0 миӊ сомдук заманбап муздаткыч, электрондук тараза, идиш-аяк жууй турган, чийки затты бышыра турган, камыр жууруган жабдуулар менен камсыздалган. Санитария жана гигиенаны сактоо максатында жергиликтүү бюджеттен 92,0 миӊ сом бөлүнүп, балдарга ылайыкталган кол жуугуч, аристон орнотулган.

Программанын жетекчиси Надежда Франк долбоорго кирген мек-тептердин баардыгын зарыл техникалык каражаттар менен жабдылып чыкканын жана башка мектептердей эле бул айылдын ата-энелери дагы долбоорду колдоп, анын ишке ашырылышына көмөктөшүп жаткандарын айтат.

– Учурда Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте мектеп тамагын уюштуруунун ар кандай түрлөрүн көрүп жатабыз. Жаккан түрүн башка мектептерге сунуштайбыз. Бир эле учурда программага кирген  мектептерди  окутуп  жана укуктук базаны иштеп чыгуудабыз.

Бул маселелер 2017-жылга чейин чечилет жана окуучулардын ичкен тамагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштарына туураланат. Учурда кымбатчылык болгондуктан жана инфляцияны эске алып, 2018-2025-жылдарга карата мектеп тамагын каржылоону кайрадан карап чыгуу пландаштырылууда, – дейт Надежда Франк.

Балдарына үзгүлтүксүз ысык тамак берилип жатканына ата-энелер дагы ыраазы. Айылдын тургуну Надира Иманалиева БУУнун колдоосунун негизинде мектеп ашканасы жаӊы жабдуулар менен жабдылып, ысык тамак берилип жатканына ыраазычылыгын билдирип, ата-энелер дагы сыртта карап отурбай колдон келишинче жардам бере тургандыктарын айтты.

Чолпон КИЙИЗБАЕВА,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*