ЭЛ АЛКООСУНА АРЗЫГАН ТЕСКӨӨЧҮ

Талас шаардык жаш өспүрүмдөр менен иштөө бөлүмүнүн ага тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Перизат Иманбековага облустук борбордо жашаган көпчүлүк ата-энелер ыраазы, анткени ал жаштыгына карабай, өз ишин мыкты билген кызматкер экенин иш жүзүндө көрсөттү.

Баары футбол таймашынан башталган

Бул турмуш дегениң кызык! Демейде  ойлобогон  жерден күтүлбөгөн окуялар болот. Таң калыштуусу ошол калпыс кырдаал алеки саатта адам тагдырын жаңы нукка буруп салышы мүмкүн. Өз жашоосундагы ошондой күтүүсүз кырдаалды биздин каарман бүгүн жылмаюу менен эскерет.

«А кезде бүтүрүүчү класста болчумун. Бир күнү шаарыбызда кыздар арасында футбол боюнча мелдеш өтүп калды. Мен чабуулчу катары бир канча ирет атаандаштардын дарбазасына топту таа-май киргиздим. «Бали, азамат!» деп сүрөгөн элдин арасында ал күнкү таймаштын демөөрчүсү, мен окуган шаардагы №3 орто мектептин мурунку бүтүрүүчүсү, ошол тушта Ички иштер министринин орун басары болуп кызмат өтөгөн, милициянын полковниги Манас Акматбеков бар экен. Бир убакта ал мени өзүнө чакырып: «Кызым, футболду го катырат экенсиң. А милиционер болгуң келеби?» – деди. Кыялымдагы купуя сырды билип алганына таңыркап, башымды ийкедим. «Анда милиционер болушуң менен куттуктайм! Документтериңди даярда!» – деп айтты. Үйгө кантип жеткенимди билбейм. Үйдөгүлөргө айтсам, баары бирдей кубанды. Өзгөчө кичинемден «Менин кызым прокурор болот» деп эркелетчү бейиши болгур атамдын кубанычы чексиз болду. Мектепти аяктаа-рым менен Бишкектеги Милиция академиясына тапшырып, аны артыкчылык диплому менен аяктадым», – дейт Перизат.

Өспүрүмдөр менен иштөөнү өзү тандады

IMG-20150421-WA0001

Перизат билим алган Биш-кектеги Милиция академиясында бир жакшы салт бар. Окуу жай бүтүрүүчүлөрдү көбүнчө өздөрү келген аймактарга бөлүштүрөт. Перизат кызыл дипломдун ээси катары  каалаган  жеринде  иштесе болмок, бирок, ал ишти эң төмөндөн баштагысы келди. Бир жагы Бакайдай ак батасын берген Манас Сулкарнаевичтин «Кайда иштесең да жакшы иштегин» деген акыл-насааты дем берди окшойт, жашы жетпеген өспүрүмдөр менен иштөөнү тандады.

«Азыркы күндө Талас шаары боюнча 279 жаш өспүрүмдүн ата-энеси ички-тышкы миграциянын айынан борбор шаарда же чет өлкөдө эмгектенет. Мектептердин соцпедагогдору, ошондой эле социалдык кызматкерлер менен биргелешип,  алардын  жашоо шарттарынан кабар алып турабыз. Мен иштеген бөлүмдө беш кызматкер иштейт. Алардын ичинен экөөбүз аялзатынан. Кээде мектептерге барганда жогорку класстын уландары «Кыз киши болсо, колунан эмне келет» дегендей  мамиле  кылышкандай болот. Бирок сүйлөшкөн соң, пи-кирлери өзгөргөнүн көздөрүнөн байкайм», – дейт ага тескөөчү.

Үйүнөн качкан кыздардын көбүнө жардамы тийди

Талас шаарында үйүнөн качкан өспүрүмдөр үчүн атайын убактылуу кармоочу жай жок. Ошон үчүн жашы жетпеген өспүрүмдөр менен иштеген милиция кызматкерлери бул маселеде такай кыйналышат. Биздин каарман болсо, үйүнөн качкан өспүрүм кыздарды көп учурда өз үйүнө алып келип, жуундуруп, тамак берип, акыл-кеңешин айтат. Өспүрүмдөрдүн арасында сөзгө кулак салганы бар, бирок, тилекке каршы, жалган айтып, кутулуп кетүүнү ойлогондор көбүрөөк кездешет.

«Өспүрүмдөрдү  эч  качан коркутпаш керек. Анткенде алар ансайын бизден алыстайт. Тил эмизип  алдаганга  да  болбойт. Башкысы, аларга чындыкты айтуу керек. Чындык канчалык ачуу болбосун, айтуу керек», – дейт Перизат.

Ооба,  өспүрүмдөр,  айрыкча  мектептен,  үйүнөн  качкан өспүрүмдөр  менен  иштөө  кайсыл  доордо  болбосун  кыйын. Өспүрүмдөр менен иштеген адам, мейли ал педагог болсун, мейли жашы жетпеген өспүрүмдөр менен иш алып барган милиция кызматкери болсун, эң алды Адам деген улуу атка ар тараптан жооп берүүгө тийиш. Перизаттын да ойлогону ушул. Колунда адам тагдыры турганын ойлоп, уктабайт.

Кээде мурунку лекцияларды кайра барактап, соцпедагогика, соцп-сихология боюнча адабияттарды окуп чыгат. Ойлогону өспүрүмдөр, алардын эртеңки келечеги…

А.АЛИБЕКОВ, «Кутбилим»,

АКСЕЛСтин «Жамааттар байланышы» программасынын бүтүрүүчүсү (АКШ, Түндүк Каролина, 2010)

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*