ЖЕҢИШТИН НУРУН БЕРГЕНДЕР ЭЧ КАЧАН УНУТУЛБАЙТ!

Улуу Жеңиштин 70 жылдыгына карата Бишкек шаардык кеңеши демилге көтөрүп чыккан «Өлбөс полк» акциясы борбор калаанын бардык мектептеринде өтүп жатат. Бул жолу борбордогу белгилүү №69 окуу-тарбиялык комплексинин окуучулары «Жеңиштин нурун бергендер эч качан унутулбайт!» деген сахналаштырылган сценкалары аркылуу согуштун каардуулугун, ыймансыздыгын көрсөтүп, согушка аттанган эр жүрөк ардагерлер эч убакта унутулбаарын, алардын эрдиги муундан муунга аяр жеткирилерин видео, слайд аркылуу тастыктап көрсөтүштү.

DSCN6117

№69 ОТКнын директору, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Сайрагүл Атаева иш-чараны ачып жатып, каргашалуу Атамекендик согушка 365 миң кыргызстандыктар аттанып, элибиздин жаркын жашоосуна кан-жанын аяшпаганын баса белгиледи.

– Биздин окуучулар жыл бою изилдөө иштерин жүргүзүп, 1-Май районуна караштуу согуш ардагерлерин таап, өз ыктыярлары менен каражат чогултуп, аларга керектүү тамак-аш алып барып, жакындан жардам беришүүдө. Мына бүгүн сиздер көргөн видеотасма окуучулардын иш-аракеттерин тастыктап жатат. Мындан сырткары, ар бир окуучу согушка катышкан чоң атасы, чоң энеси, таятасы, таенеси тууралуу да чоң материал топтошту. Окуучулар алардын сүрөттөрүн чоңойтуп алып, сахнага көтөрүп чыгып аты, жөнүн эле айтып койбостон, кайсы полкто салгылашканын, кандай сыйлыктарга ээ болгонун айтып, сыймыктанаарын билдиришти. Учурдан пайдаланып бардык окуучуларга ыраазычылык билдирем. Биздин райондо быйыл болгону 98 согуш ардагери калды, анын 50 гана өздөрү баса алат. Биздин иш-чарага 1927-жылы туулган, согуш ардагери Владимир Александрович Харитонов гана келе алды, – деди мектеп жетекчиси.

Андан соң, согуш ардагери чыгып, согушка 17 жашында аттанганын, парашютист болгонун ж.б.у.с. далилдүү фактылар менен кызыктуу маек куруп берди. Мектеп жетекчиси С.Атаева В.Харитовноду Улуу Жеңиш күнү менен куттуктап, майрамдык белегин тапшырды.

Ал эми Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, СДПК фракциясынын лидери Алмаз Кененбаев да согушка катышкан чоң ата, чоң энелерге эстелик катары «Өлбөс полк» акциясын өткөрүп жатышканын айтты.

– №69 ОТКнын окуучулары азамат экен. Каардуу согуштун наадандыгын, ыймансыздыгын жазган акындардын ырларын жүрөккө жеткире аткарышты. Демек, бул окуу жайда сапаттуу билим берүүгө өзгөчө басым жасалат. Мен белгилеп кетким келет, №69 мектептин жетекчиси С.Атаева изденген, чыгармачыл жетекчи. Канча жолу мектепке келбе, келген сайын жаңычылдыгы менен бизди таң калтырат. Сөзсүз бир жаңы иштерин көрсөтөт. Мына бүгүнкү иш-чаранын жогорку деңгээлде көрсөтүлгөнү — бул жетекчинин талыкпай иштеп жатканын тастыктайт. Карагылачы, окуучулар чоң аталарынын сүрөттөрүн чоңойтуп алып, сыймыктануу менен сахнага алып чыгышты. Урматтуу окуучулар, силерди 5-майда өтчү «Өлбөс полк» акциясына ушул сүрөттөрүңөрдү көтөрүп алып, келгиле деп чакырып кетем. Биздин максат – жаш муун Улуу атамекендик согуш тууралуу көбүрөөк билип, муундардын байланышы үзүлбөсүнө, Атамекендик согушта катышкандардын эрдигин элдин эсинде калтырууну көздөйт, – деди Алмаз Кененбаев.

Ошондой эле Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрманова №69 ОТКнын окуучуларынын мыкты даярдыгын белгилеп, жаман нерселерден алыс болуп, бүгүнкү күндө өлкөбүздүн өнүгүп-өсүшүнө чоң салым кошуу керек экенин айтты.

– Бизге бактылуу жашоо тартуулаган ардагерлерибизди эч убакта унутпашыбыз керек. Ошондуктан биздин окуучулар ачык асмандын алдында жалаң гана жакшы майрамдарды белгилешсин. Биз согуш ардагерлеринин замандашы болуп калганыбыздын өзү эле бакыт. Анткени биз алар менен чогуу отуруп сүйлөшүп, алардын эрдиктери тууралуу китептен эмес, өз ооздорунан укканга мүмкүнчүлүктөрүбүз болду. Улуу Жеңиш бул окуу китептеринин барактары эле эмес, бул биздин — жашоо. Айта кетчү жагдай, №69 мектептин окуучуларынын жасаган иштери жөнөкөй эле катардагы иш-чара эмес, бул — тарыхты жандандыруу менен барабар. Мектептин жетекчиси, жамаат чоң иштерди аткарып жаткандарын белгилеп кетким келет. Биздин максат — окуучуларды компьютерге айлантпай, жамандык менен жакшылыктын айырмасын билген, боорукер инсандарды тарбиялап, өстүрүп-өнүктүрүү. Ошондой эле жеңиштин даамы кандай таттуу экенин, аны алып келген ардагерлер душмандар менен кандай салгылашып, Ата мекенинин тынчтыгы, биримдиги үчүн кандай аракеттерди көргөнүн окуучулар жүрөгүнөн өткөрүп, сезсин деп атайын Атамекендик согуштун ардагерлери менен түзмө-түз байланыштырдык, үй-бүлөсүнө жазган каттарын окуттук, – деди жетекчи.

Ошентип, бир сааттык иш-чаранын алкагында таланттуу окуучулар баарыбыздын жүрөгүбүздү титиретип, көзүбүзгө жаш алдырышты. Бул деген мектепте жыл бою окуучулар менен иштөө процесси жогорку деңгээлге коюлганын айгинелейт. №69 ОТК республикалык сынактарда алдыңкы орундарды бербей келгени бекер эмес экенин дагы бир ирээт тастыктады.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*