ЭМГЕК АКЫБЫЗ КАНЧАЛЫК КӨБӨЙӨТ?

 

Мектепке чейинки, жалпы билим берүүчү жана баштапкы кесиптик билим берүүчү

мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу тартиби жана механизми жөнүндө

Билим берүү жана илим министрлигинин расмий түшүндүрмөсү

 Бюджеттик тармакта иштеген кызматкерлердин, анын ичинен билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысы мамлекетте белгиленген орточо эмгек акыдан төмөн экендиги жашыруун эмес. Андыктан Жогорку Кеӊештин 2014-жылдын 15-октябрында чыгарган “Билим берүүчү мекемелердин эмгек акысы тууралуу” токтомун аткаруу максатында Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатуу үчүн токтомдун долбоорун даярдаган. Долбоорду даярдоодо педагогдордун, профсоюздук кыймылдардын, жарандык активисттердин сунуштары  эске алынды.    

Жогорку Кеӊеш 2015-жылдын жана 2016-2017-жылдардын болжолдуу бюджетин карап жатканда эмгек акыны жогорулатуу үчүн керектелүүчү каражатты табууну Өкмөткө тапшырган.     

Билим берүү жана илим министрлиги долбоорду иштеп чыгууда коомдук уюмдардын эксперттеринин, аймактык, борбор калаадагы мектептердин мугалимдери жана директорлору, эл аралык уюмдардын кеӊешчилери менен тыгыз кызматташып, биргеликте иш алып барды. 

Натыйжада билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шартын жөнгө сала турган, бардык категориялар боюнча тийиштүү өзгөртүүлөрдү камтыган токтомдун долбоору даярдалды.

 

Токтомдун долбоору боюнча эмгек акыны жогорулатуу билим берүүнүн төмөнкү түрлөрүндө каралган:

  • мектепке чейинки;
  • жалпы билим берүүчү;
  • баштапкы кесиптик билим берүүчү мекемелер.

 

Эмгек акыны жогорулатуу үчүн белгиленген өлчөмдөр:

  • мектеп мугалимдеринин (башталгыч мектептин мугалимдеринен башка) жана баштапкы кесиптик билим берүүчү мекемелердин мугалимдеринин сааттык эмгек акысы 50%;
  • башталгыч класстын мугалимдериники – 80%;
  • бала бакчалардын тарбиячыларыныкы – 80%;
  • бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын тарбиячыларыныкы – 30%;
  • баштапкы кесиптик билим берүүчү, жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин жетекчилеринин, техникалык кенже тейлөө кызматкерлеринин  кызматтык эмгек акысы – 20% жогорулайт.

Эмгек акынын жогорулашы менен 5-11-класстын мугалимдерине даярдык, сабактан сырткаркы жана чеберчиликти жогорулатуу иши үчүн төлөнүп келген кошумча акы дагы 50%, башталгыч класстын мугалимдериники 80% кошо жогорулайт.

 

Даярдык иштерине төмөнкүлөр кирет:

  • сабакка даярдануу;
  • лабораториялык жана практикалык иштерге даярдануу;
  • жазуу жана лабораториялык иштерди текшерүү;
  • көчүрүүчү жана жыйынтыктоочу экзамендерге даярдануу жана өткөрүү;
  • предмети боюнча календардык жана окуу-тематикалык пландарды жазуу;
  • кабинетти жасалгалоо жана аны жетектөө.

 

Сабактан сырткаркы жана чеберчиликти жогорулатуу ишине төмөнкүлөр кирет:

  • класс жетекчилик;
  • насаатчылык;
  • мектептик (райондук) методикалык бирикмелерди жетектөө;
  • кружоктук иш;
  • жана башка сабактан тышкаркы ишмердүүлүгү (сабакка жетишпеген жана зээндүү балдар менен иштөө, тарбиялык иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү);
  • сабакта колдонуу үчүн дидактикалык жана методикалык материалдарды даярдоо;
  • ачык сабактарды өткөрүүгө даярдануу жана өткөрүү;
  • конференцияларга, семинарларга жана методикалык кеӊештерге катышуу жана баяндамаларды даярдоо.

 

Билим берүүнүн негизин түптөй турган башталгыч класстын мугалимдери жана бала бакчалардын тарбиячылары болгондуктан, алардын эмгек акысын 50% эмес, 80% көтөрүү жөнүндө маселеге орчундуу көӊүл бурулду.

Жалпы билим берүүчү мекемелерде 5-11-класстардын жана баштапкы билим берүүчү мекемелердин орто кесиптик педагогикалык билими бар мугалимдеринин бир сааттык эмгек акысы 40 сомдон 60 сомго, жогорку педагогикалык билими бар мугалимдин эмгек акысы 45 сомдон 67,5 сомго чейин жогорулайт. Магистр даражасы бар жогорку билимдүү мугалимдин бир сааттык эмгеги 50 сомдон 75 сомго көбөйөт.

Жалпы билим берүүчү мекемелердеги орто кесиптик педагогикалык билими бар 1-4-класстын мугалимдеринин бир сааттык сабагынын акысы 40 сомдон 72 сомго чейин,  жогорку педагогикалык билими бар мугалимдики 45 сомдон 81 сомго, магистр даражасы бар жогорку билимдүү мугалимдики 50 сомдон 90 сомго чейин көбөйөт.

Бала бакчанын орто кесиптик билими бар тарбиячысынын бир сааттык эмгек акысы 32 сомдон 57,6 сомго жогорулайт, жогорку билимдүү тарбиячыныкы 35 сомдон 63 сомго жогорулайт. Магистр даражасы бар жогорку билимдүү тарбиячыныкы 38 сомдон 68,4 сомго көбөйөт.

Бардык типтеги жана аталыштагы мектеп-интернаттардын орто кесиптик билими бар тарбиячысынын бир сааттык эмгек акысы 38 сомдон 49,4 сомго, жогорку педагогикалык билими бар тарбиячыныкы  42 сомдон 54,6 сомго,  магистр даражасы бар жогорку билимдүү адистики 45 сомдон 58,5 сомго көбөйөт.

 

Мугалимдердин эмгек акысын жогорулатуу механизми

2015-жылдын 1-сентябрынан тарта 5-11-класстын мугалимдеринин эмгек акысынын сааттык көлөмүн 50%, 1-4-класстын мугалимдери жана мектепке чейинки мекемелердин, жатак мектептердин, балдар үйүнүн тарбиячыларынын эмгек акысын 80% көбөйтүү.

 

ОКО Бакалавр Магистр
чейин кийин чейин кийин чейин кийин
Орто мектептин мугалими 40 60 45 67,5 50 75
Башталгыч класстынмугалими 40 72 45 81 50 90
Мектепке чейинки мекеменин тарбиячысы 32 57,6 35 63 38 68,4
Жатак-мектептердин тарбиячысы 38 49,4 42 54,6 45 58,5

 

Мектепте сабактан тышкары жана даярдануу иштери үчүн каралган эмгек  акы сабак берген сааттарына барабар көбөйөт. Демек, 5-11-класстарда – 50% жана 1-4-класстарда 80% түзөт.

Жогоруда белгиленгендей, баштапкы кесиптик билим берүүчү, жалпы билим берүүчү жана мектепке чейинки билим берүүчү мекемелердин жетекчилеринин, техникалык жана кенже тейлөө кызматкерлеринин  кызматтык эмгек акысы 20 пайызга жогорулайт.

 

Жетекчилердин кызматтык эмгек акысы

жалпы билим берүүчү мекемелер окуучулардын (тарбиячылардын) саны боюнча   Бир айлык кызматтык эмгек акы, сом менен
Директор Окуу-тарбиялык иштери боюнча директордун орун басары директордун башка орун басарлары, сабактан сырткаркы жана мектептен тышкаркы иштер боюнча уюштуруучу
100 чейин 6000 5400 5100
100дөн 600гө чейин 6840 6156 5814
600дөн 1200гө чейин 7680 6912 6528
1200дан 1800гө чейин 8520 7668 7242
1800дөн жогору 9360 8424 7956

 

мектепке чейинки билим берүүчү мекемелер балдардын саны боюнча Бир айлык кызматтык эмгек акы, сом менен
Директор
 100гө чейин 6000
 100дөн 200гө чейин 6600
200дөн 300гө чейин 7200
300дөн жогору 7800

 

Аталган токтомдо ошондой эле мугалимдер үчүн квалификацияга жараша дагы кошумча төлөмдөр каралган. Устатчылык үчүн 2000 сом төлөнсө, насаатчыга – 1500 сом, методистке – 1000 сом кошумча төлөнөт.

Мугалимдерди аттестациядан өткөрүү, квалификация ыйгаруу тартиби, жол-жобосу 2015-жылдын 1-сентябрына чейин иштелип чыгып, Өкмөткө сунушталат. Иштелип чыккан нормативдик актынын негизинде 2016-жылдын 1-январына чейин аттестация жүргүзүлөт жана 2016-жылдын 1-январынан  тарта квалификация үчүн кошумча акы төлөнө баштайт.

Буга чейин эмгек акыга кошумча төлөнүп келген айыл жери, тоолуу жана алыскы аймак, педагогикалык стаж, гимназия жана лицей класстарындагы иштер, илимий даража, ардактуу наам үчүн каралган жана башка төлөмдөр дагы сакталат.

Бардык министрликтердин жана ведомстволордун карамагындагы бала бакчалардын жана Билим берүү жана илим министрлигине караштуу мектептердин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу үчүн 2015-жылдын төрт айына кошумча 2191,0 млн. сом, 2016-жыл үчүн 6797,0 млн. сом,  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин билим берүүчү мекемелерине тийиштүү түрдө  22,2 млн. сом жана 66,6 млн. сом керектелет. Зарыл болгон каражаттар табылгандыгын Каржы министрлиги КР Өкмөтүнүн жакында өткөн жыйынында кабарлаган. 

Бул КР Өкмөтүнүн билим берүү тармагынын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу программасынын биринчи этабы болуп саналат.

Билим берүү жана илим министрлиги базистик окуу планындагы сааттарды көп кыскартууну максат кылбайт жана аны мугалимдердин акыбалына оорчулук алып келбегендей кылып өзгөртөт. Жаӊы иштелип чыккан Базистик окуу планы мугалимдер коомчулугу менен дагы кеӊ-кесири талкууланат. 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*