АБИТУРИЕНТ – 2015: ДАЯРДЫК КАНДАЙ?

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева 23-июнда жогорку окуу жайлардын ректорлору менен абитуриенттерди кабыл алууга даярдык боюнча өткөргөн кеӊешмеде жогорку окуу жайларына кабыл алууда босого балл 110дон, предметтик тесттер 60тан төмөндөтүлбөй тургандыгын окуу жай жетекчилерине дагы бир жолу эскертип, аларга кабыл алуу өнөктүгүн мүмкүн болушунча ачык-айкын өткөрүү тапшырмасын берди. 

 

Быйыл босого баллдан жогору топтогон абитуриенттер көп

Жыйында министр былтыркыга салыштырмалуу быйыл босого баллдан жогору топтогон абитуриенттер көп экендигин баса белгилеп, андыктан кабыл алууда былтыркыдай маселе жаралбай тургандыгына ишенерин билдирди.

– Биз бардык орто билим берүүчү мектептерге маалымат берип, бүтүрүүчүлөргө жогорку окуу жайына тапшыруу үчүн 110 баллдан жогору топтоо зарылдыгын эскертүү менен бир жарым ай бою тынбай маалымат берип турдук. Калган иш силердин колуӊарда, – деди Э.Сариева.

Былтыр жалпы республикалык тестирлөөгө жалпы 51931 абитуриент катышса, анын болгону 18000 босого баллдан жогору балл топтогон. Быйылкы тестирлөөгө катышкан 52013 абитуриенттин 25 миӊден ашууну 110 баллдан жогору топтоду.

 

ЖОЖдорго кабыл алуунун графиги бекиди

Кеӊешмеде билим берүү жана илим министри Э.Сариева ЖОЖдордун жетекчилерине 2015-2016-окуу жылына карата абитуриенттерди кабыл алуу графигин бекитип берди жана ошол графикке жараша иш алып барууну тапшырды.

Бекитилген иш тартибине ылайык, абитуриенттерди жогорку окуу жайларына кабыл алуу жана каттоо иш-чараларын 7-12-июль, 14-19-июль жана 21-26-июль күндөрү өткөрүү пландалууда.

Аталган окуу жылындагы жогорку окуу жайларына кабыл алуу графиги өткөн жылдардагы графиктен айырмаланып, абитуриенттер жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттала турган болду.

«Мындай тартип жогорку окуу жайлардын кызматкерлери үчүн бир аз ыӊгайсыз болот, бирок биз ата-энелер коомчулугун дагы эске алышыбыз керек. Бизге алардан көптөгөн кайрылуулар келип түштү. Өзгөчө  иштеген ата-энелер окууга тапшырып жаткан балдарын коштоп жүрүш үчүн ыӊгайсыздыктар жаралып жаткандыгын айтышат. Андыктан биз аларга тиешелүү шарттарды түзүшүбүз керек», – деди министр Э.Сариева.

 

Абитуриенттерге маалымат жеткиликтүү эмес

Аталган кеӊешмеде министр бир катар жогорку окуу жайлардын жайкы кабыл алуу өнөктүгүнө карата кабыл алуунун эрежелери, факультеттер, адистиктер жөнүндө жетиштүү маалымат берилбей жатканын сынга алды.

“Мен ар бир окуу жайдын сайтына кирип карап чыктым. Тилекке каршы, көп ЖОЖдор өздөрүнүн сайттарына кабыл алуунун эрежелери, негизги талаптар жөнүндө маалымат коюшкан эмес. Айрым окуу жайлардын сайттарында былтыркы маалыматтар эмдигиче жаӊылана элек. Абитуриенттер бүгүн онлайн режимде жашап жатат, бул маалыматты силердин ар бир студентиӊер саналуу сааттын ичинде сайтка коюп кое алат”, – деген министр жогорку окуу жайларынын жетекчилерине бул өксүктү тез арада жоюуну тапшырды.

Министр ошондой эле ЖОЖдордун жетекчилерине кабыл алуу комиссиясынын иши жана кабыл алуунун эрежелери жөнүндө маалыматты атайын такталарга да чыгарып, маалымат менен жеткиликтүү камсыз кылуу иштерин тездетүүгө чакырды.

 

 Ачык-айкындык керек

Э.Сариева окуу жайлардын баардыгына кабыл алуу өнөктүгүн жүргүзүүдө ачык-айкындыкты камсыз кылууну тапшырды. Мурун гранттык орундарга кабыл алуу иштерин текшерген атайын комиссия түзүлүп, окуу жайлар текшерилип турган. Быйыл дагы даттануулар жана шек саноолор болбош үчүн  комиссия түзүлүп, жождор текшерилет.

 

Антикоррупциялык электрондук жабдуулар толук коюла элек

Министр Эльвира Сариева бир эле учурда ЖТРдын талондорунун штрих-коддорун окуй турган электрондук жабдууларды коюу жөнүндө министрлик берген буйрукту көпчүлүк окуу жайлар аткарганын белгиледи. Мындай жабдууларды коюу Коргонуу Кеӊешинин билим берүү тармагындагы системалуу коррупцияны жоюу боюнча чыгарган сунуштарында да каралган эле.

ЖТР сертификатынын штрих-коддорун окуй турган электрондук жабдуу азыркы учурда 23 мамлекеттик окуу жайга коюлду. Кабыл алууда  ЖРТ  талондору колдонулбай турган төрт окуу жайда (Дене тарбия академиясы, Искусство институту, Улуттук консерватория жана Улуттук көркөм академия) мындай электрондук эсептегичтер коюлган жок. Бул  тизмеге ИИМ Академиясы менен Аскердик институт да кошулду, анткени, аталган окуу жайларда абитуриенттерди кабыл алууда дене-тарбиялык сынактардын натыйжалары эске алынат. Бирок мындай жүйөлүү себептер жок болсо деле электрондук жабдууларды алуу жөнүндө министрликтин тапшырмасы Нарын мамлекеттик университетинде жана ТИМдин Дипломатиялык академиясында аткарылган эмес. Министр бул окуу жайларга абитуриенттердин аздыгын жана окуу жайдын мындай электрондук жабдуу коюуга мүмкүнчүлүгү жоктугун шылтоолобой, 7-июлга чейин коюлган талапты аткарбаса, анын жетекчилери тартиптик жаза алышарын эскертти.

 

ЖОЖдордо юридикалык статустагы структуралык бөлүмдөр жоюлууда

Билим берүү жана илим министрлигиндеги кеӊешмеде жогорку окуу жайларда өзүнчө юридикалык статустагы структуралык бөлүмдөрдү жоюу жөнүндө министрликтин чыгарган буйругунун аткарылышы да каралды. Бул маселе мамлекеттик окуу жайлардагы финансылык каражаттардын жакшы көзөмөлгө алынбай жатканына байланыштуу козголуп, ушул жазда жогорку билим берүү программасы менен иштеп жаткан структураларды юридикалык статусу жок кылып кайра түзүү жөнүндө тапшырма берилген.

Министрликтин колундагы маалыматка караганда, бүгүнкү күндө 31 мамлекеттик окуу жайдын 22синде юридикалык статуска ээ болгон өзүнчө окуу структуралары жок. Калган тогуз окуу жайынынын ичинен үчөөндө: БГУ, ЖАГУ, ОшТУда министрликтин тапшырмасы толук аткарылды. КМТУ жана КМУда өкмөттүн чечими же Президенттин указы менен түзүлүп калган бөлүмдөр бар.

– Бул маселеде Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетин кайрадан карап чыгабыз. Ал эми Кыргыз улуттук университетине ректор жаӊыдан дайындалгандыктан, бул маселеге эми тереӊден киришебиз. Баткен мамлекеттик университетинин ректору дагы милдетин аткаруучу гана болгондуктан, бул буйруктун аткарылышын талап кыла элекпиз. Эл аралык университеттин айрым бир бөлүмчөлөрү өкмөттүн буйругуна ылайык жабылып жаткандыгын эске алып, бул университетке байланышкан бир катар суроолордун башын ачып алышыбыз керек, – дейт Э.Сариева.

Андан сырткары министр учурда Мамлекеттик аттестациялык экзамендер жүрүп жаткан окуу жайлардын студенттеринен даттануулар көп түшүп жатканын баса белгилеп, окуу жай жетекчилерине бул маселени жеринде чечүүнү тапшырды.

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*