«Биздин мектеп» долбоору коомчулукту дилгирлентти

Учкан уяӊды унутпа

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын «Биздин мектеп» жаӊы долбоору мурдагы бүтүрүүчүлөрдүн жана жалпы эле коомчулуктун арасында чоӊ колдоого ээ болду. Аталган долбоорду министр өзү баштап, Чүй облусундагы №2 мектепке барып, өзүнүн иши туурасында, кесипти кантип тандоо жаатында бүтүрүүчүлөр менен ачык аӊгемелешип кайткан эле. Министр өз сөзүндө коомчулукту мектепке чакыруу багытындагы иш-аракеттер билим берүү мекемелерин эмеректер, окуу китептери ж.б. камсыз кылуу боюнча өкмөт өзүнөн жоопкерчиликти алып салат дегенди билдирбестигин, тескерисинче министрлик билим мекемелеринин керектөөлөрүн камсыздоого бөлүнчү каражаттар келерки жылы мындан да жогорулай турганын, ошондой болсо да бардык кыйынчылыктарды бирге чечсе жеӊил болорун, бул иште коомчулук четте турганы болбостугун айткан эле. Ырасында, бул иштин негизги максаты-мектепти бир кезде бүтүп кеткен активдүү жарандардын билим уясына демөөрчүлүк кылып, каралашып туруусун уюштуруу, окуучуларга кесипти туура тандоого багыт берүү болуп эсептелет. Мурдагы бүтүрүүчүлөрдүн мектептеги жолугуушуулары буга чейин чачкын өтүп келсе, быйылкы жолугушуулар министрликтин чакырыгынан улам уюшкандыкта өткөрүлгөнүн жер-жерлердеги мугалимдер бизге кабарлашты. Бул чакырыктан улам алар чындап эле мектепке олуттуу жардам зарылдыгын жүрөктөрү менен сезишип, билим тармагына жардамдарын аянган жок. Бул күндөрү долбоордун биринчи этабында миӊдеген кесип ээлери мектептерге барып, окуучулар менен жолугуп, кесип тандоо, азыркы замандын талабы, тарбия туурасында кеп кылып, кеӊеш айтып кайтышты. Мындай жакшы жоролго мектеп жашоосунда жыл бою улана бермекчи. Ал эми экинчи этабы мурдагы бүтүрүүчүлөр менен сагынычтуу жолугушуулар, белек-бечкектер, сый-урмат менен коштолуп, демөөрчүлөр акчалай жардамдарды беришти.

Түбөлүктүү инвестиция

Менин пакистандык досум Малик Ашрап өз айылында чакан мектеп ачып, балдарды окутканга демөөрчүлүк кылат. Ал анчалык деле бай адам эмес. Болгону беш, алты тил билет. Экономика жаатында эл аралык деӊгээлдеги чоӊ адис. Ал мага бир жолу маектешип олтуруп, өзүнүн миллионер достору балдарына машине, үй алып берүүгө акча сарптабасын айтты. – Мунун баары бала өзү мээнети менен таппагандан кийин баркталбайт. Машине менен катуу айдап баратып кырсыкка жолугат. Заӊгыраган үй алып берсеӊ, сатып ийип көчөдө калышы мүмкүн. Биз акчаны бир гана билим берүүгө жумшайбыз. Ага аянбайбыз. Керек болсо эӊ көп каражатты жумшаганга даярбыз. Себеби, билим – бул эӊ чоӊ байлык деп айтышат досторум. Мен буга толугу менен макулмун. Айылыма барганда туугандарым ар кандай материалдык жардам көрсөтүүмдү сурангансып турушат. Мен да айтам: “Билимгеби? Аянбайм. Жардам берем. Оокаткабы? Жок”, – дейм. Билимиӊ болсо оокатты өзүӊ таап аласыӊ. Мен ошон үчүн Пакистанда кесипке багыт берген мектеп ачтым. Акчамды ошол жакка гана жумшайм, – дейт Ашрап Малик.
Бизде да коомчулукта мектепке көмөктөшүүнү атуулдук парз катары сезе турган мезгил келди.

Бизде да билимден аянбагандар бар

Акыркы коӊгуроого тушташ Жалал-Абад областындагы Тогуз-Торо районунун №3 Б.Үрстөмбеков атындагы орто мектебинин 85 жылдыгы белгиленди. Бүтүрүүчүлөр мектепке окуу процессине, жалпы мектепке көзөмөл камераларын тартуулап келишкенин билдирди.
-Бул видео көзөмөл аркылуу мектеп директору кабинетинен эле мугалимдердин, окуучулардын эмне кылып жатканын байкоо жүргүзүп тура алат. Мектептин тегереги да күзгүгө салгандай көрүнөт. Мындай технология азыркы учурдун шартына өтө ылайыктуу. Тартипти сактоодо, билим сапатын көтөрүүдө жаӊы технологиянын жардамы зор деп ойлойбуз, – дейт аталган мектептин мурдагы бүтүрүүчүсү Бакыт Орунбеков.
“Көп түкүрсө, көл болот” дегендей, 85 жылдан ашык тарыхы бар айылдык мектептин эски имараты генерал Т.Жээналиев баштаган бүтүрүүчүлөрдүн, жалпы айылдын элинин күчү менен жана АРИСтин колдоосунда кайрадан оӊдолуп-түздөлгөн. Айылдын элине билим берген мектептин жаӊы келбетке келиши бүтүндөй элди кубандырды.
Мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн бир бөлүгү чогулуп, өзү окуган мектебине 105 миӊ сомдук интерактивдүү доска алып келип белек кылышкан. Мектеп үчүн уюштурулган марафондорго демөөрчүлүк кылган бүтүрүүчүлөрдүн да саны арбын.
Бул салтанатта белгилүү журналист, саясий илимдердин кандидаты Бакыт Орунбеков өзүнүн атынан бир нече китептерди жана “Манас” университетинин атынан 5 компьютерди белек кылган. Бишкектеги бүтүрүүчүлөрдүн атынан чогулган акчага заманбап үлгүдөгү СANON кагаз басып чыгаруу принтер, сканер, ксерокопия аппараты, китептер тапшырылды. Ал эми Н.Жээналиев окуучуларга спорттук топтун түрлөрүн белек кылганда окуучулардын кол чабуулары көпкө басылбай турду.
Ал эми Көк-Ирим айыл округунун башчысы Сыргак Борончиев, катчысы Нурайым Нарматова ж.б. АРИСтин өкүлү Марат Султановго ак кементай жаап, алыскы айылга жардам бергени үчүн айылдын элинин атынан чоӊ ыраазычылыгын билдиришти. Ал эми Урмат Токтожумаев 20миӊден ашкан суммада мектепке, алдыӊкы окуучуларга жана ушул салтанатка арналып уюштурулган спорттук иш-чаралардын жеӊүүчүлөрүнө акчалай спонсорлук жардам көрсөткөн.
– Мектебибиздин №1 корпусу чатырынан тамчы өтүп, бир жак капталы өрттөнүп кетип өтө оор абалга келип калган эле. Бул көйгөйүбүздү чечүү боюнча бир топ аракеттер көрүлсө да, натыйжасыз болуп келген. 2014-жылдын январь айында «Айылды инвестициялоо жана өнүктүрүү» (АРИС) агенттигине мектептин чатырын алмаштырып берүү боюнча 400,0 (төрт жүз) миӊ сом сурап кайрылган элек. Борбор шаарыбызда жашап турса дагы, айылдан жана айылдагы өзү окуп бүтүргөн мектебинен үзгүлтүксүз кабар алып турган республикабызга таанымал инсан генерал Токтожума Жээналиевдин жардамы аркылуу «Айылды инвестициялоо жана өнүктүрүү» (АРИС) агенттигинен колдоо таап, чатырчасын эле жаап берүү эмес, толугу менен корпусту капиталдык ремонттон өткөрүп берүү маселеси чечилип, мына бүгүн пайдаланууга берилди, – дейт мектептин директору С.Молдалиев кубанып.

Жолугушуулар жолдуу болду

Ал эми Базар-Коргон району боюнча мектеп кечелерине жолугушууга келгендерден 646 миӊден ашуун акча каражаты чогулган. Бул каражаттардын 264 миӊ сому ремонт иштерине, 288 миӊи мектепке түрдүү буюмдарды алууга, 58 миӊи спорттук иш-чараларга, жабдыктарга, 36 миӊи окуучуларга стипендия катары берилген. Ысык-Көл району боюнча бүтүрүүчү демөөрчүлөрдөн быйыл 612500 сом түшкөн. Ак-Суу районунда болсо 704200 миӊ сом чогулган. Кочкор району – 903; Жумгалда – 497; Ат-Башыда – 1327; Ак-Талаада – 772200 сомго окуу жабдыктары тапшырылган жана 73200 сом акчалай стипендиялар берилген. Нарын облусу боюнча жалпылап айтканда мектептерге демөөрчүлүктөн 1151100 сом акча чогулган. Мындан тышкары Ошто, Аксыда, Баткенде, Таласта да бүтүрүүчүлөр аз да болсо өз белектерин тартуу кылышкан. Ноокенде быйылкы жолугушууларда 1млн. 800 миӊ сом топтолгон. Мында Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепке акындын эстелиги орнотулду.
Негизинен республика боюнча мектептердеги жолугушууларга бүтүрүүчүлөр куру кол келишпептир. Биз азырынча колдо болгон айрым маалыматтар менен гана бөлүштүк. Көпчүлүгү министрлике расмий отчетторун бере элек экен. Демөөрчү бүтүрүүчүлөр билим уясына көбүнчө окутуунун жаӊы технологиялары болгон интерактивдик доскаларды, компьютерлерди, фотоаппараттарды, көзөмөл камераларды, ноутбктарды, спорт инвентарларын, китептерди, эмеректерди, стипендияларды тартуулап, ремонт иштерин жүргүзүп беришкен. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрү да окуган мектептеринде болушту. Мисалы, транспорт жана коммуникациялар министри А.Малабаев №32 Сокулук орто мектебине 34 миӊ сомго мугалимдер үчүн офис эмеректерин тартуулаган. «Акыркы коӊгуроо» салтанатында ИИМдин орун басары Р.Жапаркулов, өкмөттүн архитектура, курулуш-турак жай коммуналдык чарба агенттигинин статс-катчысы С.Бөрүбаев компьютерлерди тартууласа, калган министрлер мектептерде болуп, кызыктуу жолугушууларды уюштурушкан.
Эмесе, мектепке, билимге кетчү жолду көтөрүүдө коомчулук мындан ары да сыртта турбай, бекем активдүүлүгүн көрсөтүп, көмөк көрсөтө беришин каалайбыз.

Майрамбек Токторов, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*