МЕКТЕП ФОРМАСЫНЫН ЖАӉЫ СТАНДАРТЫ

Үстү ак, алды кара мектеп формасы талапка жооп берет.

Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева журналисттер менен болгон жолугушууда, 1-сентябрдан баштап мектеп формасынын жаӊы стандарттары  киргизилерин айтты.

– Биз, бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан мектеп формасынын бардык түрлөрүн карап чыктык, дээрлик бардыгы жаӊы стандарттарга жооп берет. Эгерде мектепте бардык окуучулар ак көйнөк, кара шым кийген болсо, жаӊы форма сатып албай эле, ошону калтырышса болот. Стандартта негизги түстөр: кара, боз, көк жана кочкул кызыл (бордо) деп жазылган, – деди министр.

Мектеп формасы өкмөттүн 2012-жылдын 10-октябрындагы «Балдар кийиминин жана бут кийиминин коопсуздугу жөнүндөгү» №704 токтомунда бекитилген техникалык регламенттерине, нормаларына жана талаптарына жооп бериши керектиги айтылды.

– Мектеп формасынын стандарттары тууралуу Өкмөткө бердик, азыр талкууланып жатат. Өкмөт бул токтомду бекитип бергенден кийин, 1-сентябрдан тарта ар бир мектеп, эгер мурда форма жок болсо мектеп формасын киргизиши керек. Киргизилген стандарттарда бүгүн кыздар үчүн колдонулуп жаткан кийимдер (блузка, жилет, юбка, көйнөк, фартук, пиджак) жана балдар үчүн (көйнөк, жилет, шым жана пиджак) бар. Мисалы, Алайда советтик мезгилдегидей кыздар көйнөк, фартук кийишет. Ошон үчүн бул дагы стандартка кирди, – деди Э.Сариева.

Мектеп формасы классикалык мүнөздө болот. Жалпы билим берүү уюмдарында спорттук кийимдерди жана спорттук бут кийимдерди, жеӊил кийимдерди, үй кийимдерин  кийүүгө болбойт.

– “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, ар бир мектептин директору ата-энелер менен чогуу кеӊешип, мектеп формасын бекитсе болот. Ооба, былтыр сынакта жеӊип алган бирдиктүү мектеп формасынын дизайны күчүн жоготпойт. Анткени жаӊы стандартта негизги (кара, боз, көк жана кочкул кызыл) түстөр белгиленгенин дагы бир жолу баса  айткым келет. Мындан тышкары, торчо жана негизги түстөрдүн вариациясы дагы келтирилген. Өз убагында 2014-жылы бекитилген форма толугу менен стандартка туура келет, – деди министр айым. – Эгерде 1-сентябрда мектеп формасы тууралуу суроолор пайда болсо (жоолук маселеси), мүмкүн кошумча иштеп чыгабыз.  Август айында мугалимдер менен  атайын жыйындар  өтөт. Ошол жерде дагы бул маселе  кеӊири талкууланат. Ошондой эле жер-жерлерди кыдырып,  ата-энелер менен дагы сүйлөшүүлөр болот.

 Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*