3-ТУР: БОСОГО БАЛЛЫ ТӨМӨНДӨБӨЙТ

Айрым жогорку окуу жайлар предметтик тесттерди талап кылган адистиктерге абитуриенттер келбей жаткандыгына байланыштуу предметтик тесттерди алып салуу сунушу менен Билим берүү жана илим министрлигине кайрылышууда. Бирок министрлик талап бардык окуу жайларга жана адистиктерге бирдей экендигин эскертүү менен, босого баллын төмөндөтпөй тургандыгын билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Евгения Чубукова билдиргендей, мындай өтүнүч менен физика, математика боюнча предметтик тесттерди талап кылган адистиктер толбой жаткан Кыргыз улуттук агрардык университети, Кыргыз улуттук университети жана Ош техникалык университети сыяктуу окуу жайлар кайрылышууда. Өзгөчө аймактык окуу жайларда бул маселе орчундуу болууда. Себеби негизги тесттен босого баллдан жогору балл топтоп, бирок предметтик тесттен тийиштүү балл топтой албай калган абитуриенттер окууга тапшыра албай калышууда.

Экинчи турдун жыйынтыгы

Жогорку окуу жайларга кабыл алуунун экинчи турунда 1351 абитуриент гранттык орундарга кабыл алынып, дагы 1087 орун толбой калды. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен кабыл алуунун үчүнчү туру 21-июлдан баштап өткөрүлүүдө. Бул тур 26-июлда аяктайт. Жогорку окуу жайларга гранттык орундарга кабыл алуу үчүнчү тур менен аяктайт. Мурунку жылдардагыдай толбой калган орундар үчүн кошумча тур өткөрүлбөйт. Мындай чечимди Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясы кабыл алды.

Экинчи турда Кыргыз медициналык академиясы  планды 96% аткарса, ИИМ Академиясы 95%, КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы 93%, Кыргыз-Түрк “Манас” университети 90% аткарды. Учурда КММАда 18 бюджеттик орун бош болсо, ИИМ Академиясында алты орун, Башкаруу академиясында жети, “Манас” университетинде 11 бош гранттык орун бар.

Жогоруда айтылгандай, предметтик тесттерди талап кылган Ош техникалык университетинде план болгону 44% аткарылып, үчүнчү турга 164 орун бош калып калса, Талас мамлекеттик университетине жалпы бөлүнгөн 82 гранттык орундан эки турда болгону 43 абитуриент кабыл алынып, үчүнчү турга дагы 39 орун калып калган. Жалал-Абад мамлекеттик университетинде дагы 113 орун бош. Кыргыз улуттук агрардык университетинде 110, Кыргыз улуттук университетинде 109, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 84 орун, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 77 орун үчүнчү турга калып калган.

Жогорку балл менен бюджетке өтпөгөндөр

Жогорку окуу жайларында бюджеттик орундар толбой жатса, негизги тесттен дагы, предметтик тесттен дагы босого баллдан жогору балл топтоп алып окууга өтө албай жүргөн абитуриенттер дагы жок эмес. Бишкек шаарынын тургуну Алимжан Алибековдун уулу негизги тесттен 148 балл, предметтик тесттен – тарыхтан 72 балл алган. Ал биринчи турда Бишкек гуманитардык университетинин психология адистигине бюджетке тапшырып өтпөй калды. Экинчи турда ушул эле окуу жайдын социалдык кызмат адистигине тапшырып дагы өтпөй калып, үчүнчү турда коомчулук менен байланыш адистигине контракттык бөлүмгө тапшырды.

– Менин уулум босого баллдан жогору балл топтогону менен минтип өзүбүз каалаган адистикке бюджетке өтө албай койдук. Эми айла жок контракттык бөлүмгө тапшырып жатабыз. ЖРТнын жыйынтыгы жакшы болгону менен, категорияларга бөлүп карай келгенде баллыбыз жетпей калды. Социалдык кызмат адистиги боюнча шаардык мектептин бүтүрүүчүсү категориясына болгону алты орун бөлүнүптүр, менин уулум жалпы 220 балл менен жетпей калды, бизден эки балл жогору балл топтогон бир бала алтынчы болуп өтүп кетти, – дейт А.Алибеков.

Бала кезинен дарыгер болууну эўсеп келе жаткан Жапарова Нурайым болсо Ысык-Көлдүн Барскоон айылынан кабыл алуунун биринчи туру башталганда эле келген. Ал негизги тесттен 145 балл, химиядан 78, биологиядан 65 балл топтогон. Бирок, Нурайым ушул күнгө чейин өзү каалаган окуу жайына өтө албай жүрөт. Биринчи турда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына талонун таштаган. Тилекке каршы, өтпөй калган.

– Биринчи турдун жыйынтыгы биз үчүн табышмак болуп калды. Себеби 1-турда алгач фамилиябыз окууга өткөндөрдүн катарына илинген. Биз сүйүнүп документибизди өткөрөлүк деп барсак, кайра тизмедеги фамилиябыз чийилип калыптыр. Кабыл алуу комиссиясынан эмне үчүн мындай болуп калгандыгын түшүндүрүп берүүсүн өтүнсөк, алар биздин баллыбыздын төмөндүгү менен түшүндүрүштү. Бирок андай болсо эмне үчүн бизди биринчи окууга өткөндөрдүн тизмесине кошуп койду, – дейт Нурайымдын эжеси Динара.

Нурайым кыялына жетүү максатында экинчи турда дагы талонун таштап көргөн, бирок анда дагы өтпөй калган. Эми акыркы үмүтү менен үчүнчү турдун жыйынтыгын күтүүдө.

– Мен бала кезимден дарыгер болууну эўсеп келе жаткандыктан башка адистикке баргым келген жок. Эми үчүнчү турдун жыйынтыгын күтүп жатам, эгерде өтпөй калсам, даярдоо курсуна тапшырып, эмдиги жылы кайра жалпы республикалык тестирлөө тапшырам, – дейт Нурайым.

Сая кеткен мүмкүнчүлүктөр

Абитуриенттердин көбү ЖРТнын жыйынтыгы боюнча окууга тапшыруунун жол-жобосун жакшы түшүнбөгөндүктөн мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана албай калышууда. Чоў-Кемин районунун Шабдан айылынан окууну бүтүп келген Уулжан 1-турда эле талонун И.Арабаев атындагы КМУнун химия факультетине бюджетке таштап, бирок негизги тести 140 балл болгону менен өтпөй калган. Экинчи турда болсо БГУнун психология факультетине тапшырып, анда дагы өтпөй калган. Анан айласы жок ушул эле окуу жайдын экология адистигине контракттык бөлүмгө тапшырууга аргасыз болгон.

– Кызым экөөбүз окууга тапшыруунун жол-жоболорун жакшы түшүнбөгөндүктөн мүмкүнчүлүктөрүбүздөн кол жууп калыптырбыз. Көрсө 1-турда эки талонду эки адистикке таштасак болмок экен. Биз аны билбей эле бир талонду эле пайдаланганбыз. Экинчи турда деле байкап туруп, акырында абитуриент аз тапшырган адистикке талонубузду таштасак болмок экен. Болбосо 145 балл менен башка адистиктерге өтүп кетмек экенбиз. Аларды эми түшүнүп, эми тапшыралык десек кеч болуп калды. Себеби контракттык бөлүмгө тапшырып, окуу акысын төлөп салганбыз, – дейт Уулжандын апасы.

 

ЖОЖ Кабыл алуу планы 1-турда кабыл алын-р 1-турдан толбой калган орундар планды аткаруу % 2-турда кабыл алынгандар 2-турдан калган орундар планды аткаруу %
КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясы 99 74 25 75 92 7 93
ИИМ Академиясы 122 114 8 93 116 6 95
БатМУ 118 58 60 49 80 38 68
БГУ 191 88 103 46 161 30 84
КР КК АИ 102 0 67 35 66
ЖАМУ 302 120 182 40 189 113 63
ЫМУ 138 106 32 77 123 15 89
КУАУ 328 145 183 44 218 110 66
КММА 413 253 160 61 395 18 96
КМТУ 615 301 314 49 531 84 86
КМУ 315 152 163 48 238 77 76
КМКТАУ 427 287 140 67 353 74 83
КУУ 559 245 314 44 450 109 81
КРСУ 100 40 60 40 65 35 65
КТУ Манас 108 44 64 41 97 11 90
КӨУ 105 60 45 57 86 19 82
НМУ 98 53 45 54 65 33 66
ОшМУ 449 182 267 41 379 70 84
ОшТУ 291 93 197 32 127 164 44
ТалМУ 82 26 56 32 43 39 52
Баардыгы 4962 2441 2418 49 3875 1087 78

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*