SOS ГЕРМАН ГМАЙНЕР – ЭНЕ ТИЛИНДЕГИ МЫКТЫ МЕКТЕП

 Шаар тургуну Дариянын эки баласы борбордогу окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептерде окуйт. Жакында кенже уулун улуу ойчул Герман Гмайнердин ысымын алып жүргөн гимназияга беришти. Бир жагы бул окуу мекемесине жакын жашашат. Экинчи себеби – өтө олуттуу. Ата-эне баласынын өз мекенинде эне тилинде билим алышын каалайт.

Мындай асыл максатты көздөгөндөрдүн арасында Дария жалгыз эмес. Быйылкы окуу жылында гимназиянын биринчи класстарына 80 окуучу кабыл алынган. «Жылдан-жылга биздин гимназиядан билим алам дегендердин саны арбып баратат. Быйыл ата-энелердин, коомчулуктун талабы менен биринчи класстагылар үчүн дагы бир кошумча класс ачтык. Жаӊы ачылган 1В классына мектептин эӊ алдыӊкы мугалими, өткөн жылы «Мугалим» журналы уюштурган «Жылдын мыкты мугалими» сынагында «Мыкты класс жетекчи» номинациясын жеӊип алган Алмагүл Байзакова билим берет», – дейт SOS Герман Гмайнер балдар мектебинин директору Светлана Теӊизбаева.

 Биз, 1-сентябрь – Билим күнүнө арналган салтанатка катышуу үчүн келген ата-энелерге кошулуп, Алмагүл эжейдин окуу бөлмөсүнө баш бактык. Кичинекей балдарды алдыда зор ачылыштар күтүп туруптур. Балдар-кыздарды эшик алдынан каалгада мээрим төккөн Күндүн сүрөтү тосуп алды. Катар тизилген парталарда ар биринин аты татынакай болуп жазылып турганын көрүшүп, балдар эмес, ата-энелердин да маанайлары андан бетер көтөрүлгөнүн байкадым.

Мугалим «Мекеним – Кыргызстан!» деген темада сабак өттү. Тоолуу мекенибизди, каарман элибизди даӊазалаган түстүү сүрөттөр, кыска-нуска түзүлгөн слайд бүгүнкү сабактын ажарын ачты. Сабактын аягында Алмагүл эжей балдардан келечекте ким болорун да суроого үлгүрдү. Аруу тилек балдардын жоопторуна баарыбыз ыраазы болдук. Кичинекей Самира эжейиндей мугалим, Нур-теӊир – космонавт, Айсулуу менен Имран – доктор, Назми – бийчи, Ангелина – атасындай милиционер, Тилек менен Аманбай – куруучу болоорун айтышты. Аманбайдын жообуна баарыбыз аргасыз күлдүк. Ал «Куруучу болом, бирок жетинчи микрорайондо гана. Анткени ошол жакта жашайм» – дейт.

Маалымат үчүн айтып койсок, биз сөз кылып жаткан SOS Герман Гмайнер балдар мектебинде учурда 526 окуучу бар. Булардын ичинен 65и  SOS Балдар айылынан, 23ү  үй-бүлөнү бекемдөө долбоорунан келишет. 144 окуучу – көп балалуулардын, социалдык жактан аз камсыздалгандардын, майыптардын балдары. Колунда бар ата-энелер айына 4500 сомдон окуу акысын төлөшөт. Күнүнө ар бир баланын тамактануусуна 60 сом тегерегинде акча коротулат. Мектепте немис жана англис тилдери тереӊдетилип окутулат. Бир катар предметтерден кошумча сабактар өтүлөт. Балдар-кыздардын ар тараптан жетик өсүүсү үчүн мында комуз, бий ийримдери иштейт. Мектепте келечек муундардын ден соолугуна өзгөчө маани берилерин да айтып койгонубуз оӊ. Биринчи класстан тартып дене тарбия, хореография сабактары окуу программасына киргизилген.

А. Алибеков, «Кутбилим»  

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*