ЖАӉЫ МУУНДАГЫ ПРЕДМЕТТИК СТАНДАРТТАРДЫН ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ ЭМНЕДЕ?

Мугалимдердин билимин жогорулатуу борборлорунун, облустук, райондук, шаардык жана мектептик усулдук бирикмелердин жетекчилеринин башын бириктирген «Жаӊы типтеги предметтик билим берүү стандарттары» аттуу өткөн конференцияда «Билим берүү тармагында реформаларды колдоо» долбоорунун алкагында иштелип чыккан 5-9-класстардын предметтик стандарттарынын өзгөчөлүктөрү тууралуу эксперттер билдирүү жасашты.

Аталган конференцияда мазмундук реформанын биринчи кадамдары мектеп билим берүү стандартын жана Базистик окуу планын иштеп чыгуу болсо, кийинки кадамдары предметтик стандарттарды иштеп чыгуу, жаӊы муундагы окуу-методикалык комплекстерди түзүү менен байланышканы айтылды.

–  Бул маселе жалгыз гана академиянын мойнуна жүктөлгөн жок. Ага тажрыйбалуу, жаӊычыл көз карашты карманган илимпоз адистер, методисттер, мектеп мугалимдери тартылды. Бул жумуштун үстүнөн Дүйнөлүк банктын жардамы менен алты айдан бери иштеп жатабыз. Бул документти шашылыш түрдө жаздык, албетте, бул туура эмес. Ошондуктан  кемчиликтер кетпей койбойт, аны баарыӊыздар туура кабыл алышыӊыздар керек. Шашылбаганда эӊ жакшы документ даярдалмак. Экинчи бир жагдай, документтерди даярдоодогу алгоритмдин бузулушу. Өткөн жылы билим берүүнүн мамлекеттик стандартын кабыл алганбыз, андан кийин предметтик стандарттарды иштеп чыкканга кириштик. Бирок ушул эки документтин ортосунда дагы бир чоӊ маанилүү документ, т.а. базистик окуу планы турат. Аны дагы иштеп чыкканбыз, бирок эмнегедир азыркыга чейин ал бекитилген эмес. Аны официалдуу түрдө бекитүү зарыл, – деди Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Абакир Мамытов.

Андан соӊ, ал дене тарбия, технология жана информатика предметтери боюнча иштелип чыккан предметтик стандарттардын өзгөчөлүгүнө токтолду.

– Мектептик билим берүүнүн жаӊы мамлекеттик стандарты Өкмөт тарабынан кабыл алынган жана бул документтин талабына ылайык окутуунун натыйжасы катары окуучунун таанып-билүүчүлүк, коммуникативдик жана турмушка болгон даярдыгын мүнөздөгөн компетенциялардын түркүмү жана мындай натыйжаны камсыз кылууга багытталган тийиштүү билим берүү аймактары аныкталган. Мурдагы тажрыйбада орун албаган кээ бир тектеш предметтерди интеграциялоо жана жаӊы аталышта берүү, окуу планындагы мамлекеттик жана тандап алуу компоненттери орун алды, ал эми башкаруу органдарына жана окуучуларга предметтерди тандоо укугу ыйгарылды. Негизинен жогоруда аталган идеялар жана сунуштар кызуу талкуунун өзөгүн түздү. Мисалы, мурдагы окуу планда технологиялык билим аймагына тиешелүү предметтер башталгыч класстарда жана 10-11-класстарда орун алган эмес. Ушундай эле абал искусство менен байланышкан билим аймагында да орун алып, тийиштүү предметтери 1-7-класстарда гана окутулуп келген эле. Мына ушул жагдайлар оӊдолду. Жаӊы кабыл алынган билим берүү стандарты мурдагы стандарттан бир топ айырмаланат, – дейт А.Мамытов.

Эксперттин айтуусу боюнча, дене тарбия предметине 68 саат каралган. Анын 48 сааты инвариативдүү, 20 сааты вариативдүү компонентке бөлүштүрүлгөн. Дене тарбия предмети боюнча стандартты иштеп чыккандар кыймылдуу улуттук оюндарга  орун беришкен. Ошондой эле дене тарбия маданиятын окутууда регионалдык өзгөчөлүгү да эске алынган. Бул предметтин фокусу же миссиясы эмнеде деген суроо туулат. Жаӊы предметтик стандартта окуучу турмушта керектүү гана кыймылдарды үйрөнүшү зарыл. Маселен, секирүү, чуркоо, сууга сүзүү — бул турмушта керек, ал эми сальто секирүү турмушта пайдаланганга кереги жок экени айтпаса деле түшүнүктүү. Экинчиден, дене тарбия сабагында окуучу күчтүү, ийкемдүү, тез кыймылдоо сапаттарына эгедер болот. Үчүнчүдөн, ден соолугу чыӊдалат. Мына ушул маселелердин тегерегинде предметтин мазмуну иштелип чыккан.

– Окуучулардын жаш курагына, жынысына, жашаган аймагына жараша тесттер иштелип чыкты. Бул предметтин жыйынтыгында окуучулар эмгекке жана коргонууга даяр чыгышат. Ошондой эле ден соолугу начар жана майып балдар үчүн атайын өзүнчө иштелип чыккан Жобо бар. Мына ошол документтин негизинде дене тарбия боюнча маселелерди чечсе болот,  – дейт эксперт.

Ал эми информатика предмети мурда 7-9-класстарда окутулуп келсе, жаӊы стандарт боюнча башталгыч класстан окутулмак болду. Эгерде мурда беш гана саат берилсе, азыр он саат бөлүштүрүлгөн. Информатика сабагында компьютердин түзүлүшүн, программалоо боюнча окутуу тууралуу талаш-тартыш жаралган. Болгону окуучуларды компьютерде иштегенге үйрөтүү керек экени каралган. Ошондой эле жаӊы кирип жаткан технология предмети боюнча дагы сунуштар түштү.

– Технология предмети жаӊы.  Эл аны эмгек сабагы деп түшүнөт. Балдарга жыгач, темир менен иштегенге үйрөтүп, кыздарга  сайма сайганды жана салат жасаганды үйрөтүп жатат дешет. Менимче, улуттук көрөӊгөнү үйрөтүш керек. Маселен, боз үй жасаганды, – деди Ош облустук билим берүү борборунун жетекчиси   Абдыкерим Муратов.

Бул предмет боюнча автордук программа иштеп чыгууга стандартта мүмкүнчүлүк каралганын Абакир Мамытов баса белгиледи.

Жаӊы стандарттын социалдык тарамы боюнча Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкери Мурат Иманкулов билдирүү жасады. Анын айтымында, социалдык тарамда тарых, адам жана коом курстары боюнча билим берүүнүн стандарты иштелип чыкты.

– Адам жана коом курсу мурда 9-10-11-класстарда гана окутулуп келсе,  2012-жылы ал адеп жана экономикага киришүү деген курстар менен биригип, Жаран таануу деген курс болуп калган. Ал эми адеп сабагы 1-11-класска чейин окутулуп келген. Бүгүнкү күнү алар интеграцияланып,  ордуна жаӊы Адам жана коом деген  курс киргизилип жатат. Анда бүгүнкү коомдогу көйгөйлөр камтылып,   окуучулардын бүгүнкү коомго жуурулушуп кетүүсүнө, саясий, экономикалык, маданий процесстерге  аралашуусуна көмөк бере турган, компетенттүү, активдүү инсанды, жаранды калыптандыруу маселесин көздөп жатат. Албетте, мурда адеп сабагында берилип келген элементтер кирет, ал таптакыр жокко чыгып кетпейт.  Анткени ошол коомдогу адептүү инсанды тарбиялоо дагы адам жана коом курсунун ичиндеги  маанилүү элементтердин бири катары саналат, – дейт эксперт. – Тарых, адам жана коом курсу боюнча стандарттын негизги максаты — бүгүнкү учурдагы компетенттүүлүккө негизделген. Себеби буга чейинки стандарттагы билим берүү тарамдары негизи билимге басым жасап келген. Канчалык көп билим берсек, ошол пайдалуу деп келгенбиз. Албетте, азыр билим экинчи орунга сүрүлүп калган жок.  Бирок ошол билген нерселерин күндөлүк практикада колдоно билген, компетенттүү инсанды калыптандыруу — бул негизги максат болуп саналат.

Ошондой эле бул тарамдын ичине кирген экинчи тармак – бул тарых курсу.  Тарыхтын  алгачкы түшүнүктөрү башталгыч класста калыптана баштайт. Тарых мурдагыдай топтомдук негизде окутулат жана бүгүнкү талапка да ылайык келет. 10-11-класстарда профилдештирүү кесипке багытталгандыктан жалпы тарыхый билим 5-9-класстарда окутулат.

– Бул класстарга Кыргызстандын жана дүйнөнүн тарыхы окутулат. 5-9-класстарда Кыргызстан тарыхына басымдуу орун берилиши керек деп айтып жатабыз, анткени дүйнөлүк практикада да ошондой. 60-70% Кыргызстандын тарыхына берилиши керек да, 30% жакыны дүйнөлүк тарыхка кетет. Азыркы тарыхый билим берүүнүн өзгөчөлүгү — билимге эмес, компетенттүүлүккө негизделген. Ошондуктан окуучуну тарыхый билим аркылуу ата-бабасынын өткөн тарыхы менен анын патриоттук сезимдерин калыптандыруу, ошол Кыргызстандын жараны, адамы экенин идентификациялоо жана Мекен үчүн күрөшө турган инсанды тарбиялоо — бул тарыхый билим берүүнүн эӊ негизги максаты болуп эсептелет, – дейт М.Иманкулов. – Азыркы иштелип чыккан стандарт боюнча буга чейинки иштеп жаткан окуу китептеринин бардыгы жараксыз болуп калат. Анткени тарыхый билим берүүнүн мазмунунда көп өзгөрүүлөр болот. Эӊ биринчи мазмун деп фармациялык жана цивилизациялык мамиле деп айтып келгенбиз. Эми биз фармациялык мамиледен толугу менен баш тартканда цивилизациялык мамилеге өткөнгө мүмкүнчүлүк болот. Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Фариза Солтогулованын айтуусу боюнча, предметтик стандарттар боюнча чечим министрликтин коллегиясында каралат. Коллегиянын чечиминин негизинде министрликтин буйругу же өкмөттүн токтому чыгат.

–   Жаӊы предметтик стандарт окуучунун мектепте алган билимин иш жүзүндө пайдалана билүүгө багытталат. Мурда билим алып чыгып кете берсе, эми аны турмушта пайдаланганга үйрөнөт.  Стандарт бекитилгенден кийин 2017-жылы этап-этабы менен ишке киргизилет, – дейт Ф.Солтогулова.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*