БИЛИМДҮҮНҮН КӨЗҮ АЧЫК, КӨӉҮЛҮ ЖАРЫК

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеӊешинин биринчи чакырылышынын депутаты, Улуу Ата мекендик согуштун майдангери, ЭЧЖБКнын (ВДНХ) бир топ жылдар такай катышуучусу, стахановчу, СССР айыл чарбасынын мыктысы, Социалисттик Эмгектин Баатыры Шаршен НАЗАРАЛИЕВ (1915-2015) жүзгө, көзү  өткөнүнө 45 жыл толуп отурат.

Шаршен Назаралиев табиятынан  адептүү, кайрымдуу, жоомарт, асыл мүнөз, жароокер, сабырдуу инсан болгон. Тамак-аштуу, ал тургай ата-теги тиягы Самарканд, биягы Кашкарга каттап соода-сатыкка аралашкан адамдар болгондуктан, эртедир-кечтир билимдин маани-маӊызын кеп кылуудан жадачу эмес. Бул сөздөр бала Шаршендин кулагынан кирип, жан-дүйнөсүндө жашоосун уланткан. Араб алфавитинен  жазып-окуганы менен латын тамгаларын таанычу эмес. Ошондуктан Кыргызстандын тоо-талааларынан депутат болуп шайлангандардын арасынан өӊчөй сабатсыздарды иргеп, атайын курстан окуткандардын арасында болот. Кыргыз ССРинин жогорку бийлик бутактарында дээрлик кырк жыл бою кызмат өтөгөн Төрөбай Кулатов менен классташ болуп, көзү ачылган соӊ, ал кездеги С.М.Киров атындагы (азыркы Лущихин атындагы айыл чарба академиясы) айыл чарба  техникумун сырттан окуу бөлүмүнө студент болуп калат.

Билим алуу, билимдүүлөр заманы – ал адамдын бүт өмүрүн коштоп турат. Кийин өзү туулган айылга барып, чарба бөлүмдөрүн башкарып, жүрө-жүрө облустук, райондук советтердин депутаттыгына шайланып, колхоздун партиялык уюмун жетектеп, айылдык советтин төрагасы болгондо да билим маселесине келгенде кыя өткөрчү эмес.

Шайлоочулардын суроо–талабында көзөмөлдөн түшчү эмес. Тегерек орто мектебинин имараты улам мезгил өткөн сайын эскирип, жараксыз абалга келгенде жергиликтүү шайлоочулар Шаршендин дарегине дал ушул маселени чечип, жаӊы имаратты салдыруу маселесин кабыргасынан коюшат.

“Менин жан-алымды койбой түз эле ал кездеги Фрунзе шаарына ээрчитип  жөнөп калдык”, – деп эскерчи өз убагындагы маектешүү учурунда согуштун майдангери, Энгельс колхозунун башкы эсепчиси Кайыпбай Акаев.

– “Сен канча акча кетерин жалтактабай түз айткын. Чоӊдорго кирип мен сөз баштаганда, сен коштоп тур. Азыркы жетекчилерө түз, ачык айтканды жактырышат.

Айтор, каржы министрлигине, Жогорку Кеӊештин жооптуу кызматкерлерине кирип жүрүп, маселени оӊ жагынан чечкенбиз”, – деп эскерет.

Азыркы Касым Каимов атындагы мектептин мурунку имараты тургузулуп, анын ачылыш аземиндеги кызыл сызманы Шаршен Назаралиевдин кесиши жөн жеринен эмес.

Ал кезде кыз-кыркындарга өзгөчө мамиле жасалып, атайын жатак-интернаттарды иштетип турушкан кез. Шаршен Назаралиев айылдагы жети жылдыкты бүткөн кыздарды бүт бойдон Талас шаарындагы жатак-интернаттарга жыл сайын  өткөрө турган. “Булар биздин келечегибиз, бир замандар келет, билимсиз адам үйдөн чыкпай калат, билим өзгөчө кыздарга керек, сыртта жүрүп, турмушка бышып, ак-караны таанып, өмүргө сергек, жоопкерчилик мамиле кылууну үйрөнүшөт” – дечү. Ал адамдын айткандары текке кеткен жок, кыздардын көбү жогорку билимдүү мугалим, дарыгер, ал гана эмес айыл чарба адистеринин ээси болушту.

“Жакшылык кылсаӊөзүӊө кайрылып келбей койбойт” дешет карыялар. Шаршен өкүл ата болуу жагынан айылда рекорд койгон.

Ошон үчүн ал мектеп окуучулары менен жолугушууларга куштарлык менен катышып, суроолоруна жооп берип, билимдин аркасынан сая түшүүнү, ал өзүӊөр үчүн өмүр бою өчпөгөн шам чырак  деп айткандан  тажачу эмес.

Колхоздун башкармалыгы, партиялык комитеттин демилгеси менен анын ысмы колхозчулардын тизмесине түбөлүккө калтырылып, айыл атын баатырдын ысмына которуу иши башталып, колдоо тапкан.

Кийин  СССР тарап, баалуулуктар эстен чыккан базар экономикасынын күүсү жана эркин-эгемендүүлүк замандын кубанычы жогоруда биз козгогон маселелерди унутта калтырып койгон. Ал гана эмес Улуу Жеӊиштин  70 жылдыгы аяктоо сапарына чыккан  ушул жылда да аны көтөрүүгө батынган инсан айылда демилге көтөрө алган жок. Буга жол берүүгө болбойт. Баатырдык санжыра адамзат жашаган заманда сапарын улаганы улаган.

М.Кайыпов, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*