“ГҮЛ ӨССӨ ЖЕРДИН КӨРКҮ, КЫЗ ӨССӨ ЭЛДИН КӨРКҮ”

Жакында “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондунун директору, экс-президент, кыргыздын сыймыктуу кызы Роза Отунбаева Алматы шаарындагы “Гүлстан” гүлбагынын түзүүчүсү жана ээси, ушул эле аталыштагы илимий-таанымдык журналдын башкы редактору, “Өсүмдүктөр ааламы” окуу-методикалык комплексинин автору, казактын баатыр кызы Гөзел Кулжабаева жана “Гүлзар” коомдук бирикмесинин директору Батима Кобдалдановаларды өзүнүн кеӊсесинде кабыл алды.

Тубаса МУГАЛИМдик табият

 Роза Отунбаеванын балдарга, жаш жеткинчектерге болгон жакындыгы, алардын ички сезимин аруулап, келечек муундун дени сак, көөдөнү таза, тилеги ак болуп чоӊоюшуна карата көргөн камылгасы, энелик мээримин төккөн камкордугу, жан дүйнөсүн гана эмес, курчап турган чөйрөсүн да көзүнүн карегиндей сактоого үйрөткүсү келген аракети анын тубаса педагогдук дараметинен кабар берип турат. Улуу батыш философу Джон Локктун “Баланын мээси таза барактай, ага эмнелерди чиймелесеӊ ал ошондой калыптанат” деп белгилегениндей, өлкөнүн келечеги тууралуу күйүп-бышып ойлонгон гениалдуу педагог өзүнүн тереӊ философиялык көз карашында аны өнүктүрүү коомдун эӊ кичинекей мүчөлөрү болгон жаш адамдардын жан дүйнөсүн тазартуудан башталууга тийиш экендигин бекемдейт.

Бүткүл дүйнө жүзүнөөзүнүн бийик интеллекти, лидерлик дарамети, чыныгы атуулдук ар-намысы, каармандыгы, кеменгерлиги менен таанылган кыргыз элинин баатыр кызынын бүгүнкү иш планы да өтө жыш. Анын жана ал түзгөн күчтүү команданын иш-аракети да бүтүндөй кыргыз мамлекетинин гүлдөп өсүшүнө багытталган. Пландуу иш-аракеттердин катарында “Жайлоо балдар бакчасы” долбоору, “Таза Бишкек” экоакциясы, инновациялык билим берүүнүөнүктүрүү боюнча “Сорос-Кыргызстан” фонду менен биргеликте өткөрүлгөн ачык лекциялардын уюштурулушу, ар ишемби сайын “Раритет” китеп дүкөнүндө “Жылдыздар балдарга окуп берет”  иш-чарасынын өткөрүлүшү, аялдардын компьютердик сабатсыздыгын жоюу боюнча жайкы мектептердин уюштурулушу (Ош шаары) жана “Балдар үчүн гүлбакча” аттуу ачык лекциянын өткөрүлүшү да орун алган.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаеванын билдирүүсүнөн фонддун иш-аракеттеринин негизин экология маселеси түзөрүн баамдай алдык. Дал ушуга байланыштуу, “Гүлстандын” атагын алыстан угуп, иш-тажрыйбаларына ичтен үӊүлүү менен мыкты идеяны кыргыз билим берүү мекемелеринде колдонуу мекенчилдик сезимдерди калыптандырууга, экологиялык тарбияны ишке ашырууга жана жашап жаткан аймагыбыздын жаратылышынын жакшырышына кошкон чоӊ салым болорун түшүнгөн Роза Исаковна Гөзел Кулжабаева жана Батима Кобдалдановалар менен атайын жолугушуу уюштуруп отурбайбы.

 Өз жерин гүлзарга айланткан казактын баатыр кыздары

 Казактын ушул эки баатыр кызы менен 2013-жылдын январь айында Алматы калаасына илимий иш сапар менен барып калган учурда Казакстандын улуу педагог-окумуштуусу, кыргыз илимпоздорунун арасында да чоӊ кадыр-баркка ээ Бактияр Сманов агайыбыз аркылуу таанышканбыз. Көп өтпөй эле алардын жумушчу аймагына да барып калдык. Ал “Гүлстан” деп аталат экен. Кыштын суук күндөрүнө карабастан, “Гүлстан” гүлбагынын ажайып кооздугу аппак кар алдынан да кылайып көрүнүп турду. Дал мына ошондон тартып биздин ортодогу кызматташтык мамиле жаралды.

“Гүлстан” бул адамзат жашоосунда чөл болсо, дал ошол чөлдүн ортосунда жайгашкан оазис           сыяктуу өзгөчө пикир жаратат. Андагы өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн көпчүлүгү биз мурда башка жактан жолуктурбаган өсүмдүктөр экендиги көрүнүп турат. Анан калса кичинекей аянтта не неген дүйүн түрдүүөсүмдүктөрдүн гармонияда өсүп турушу да көргөн адамды таӊ калтырбай койбойт. Мунун сыры гүлбак ээси Гөзел айымдын өсүмдүккө жандуу нерседей мамиле кылып, аны аярлап, ага сүйүүсүн тартуулаган, өз ишине чексиз берилгендик сезимине байланыштуу тура, көрсө. Жакындан түзүлгөн мамиледен жана алардын бир канча иш-чараларына катышуудан улам Гөзел Кулжабаеванын жаратмандык иши бир гана “Гүлстан” гүлбагы менен чектелбестен, бүтүндөй казак жерине, анын бала бакчаларынан тартып, мектептерине чейин жайылганын баамдадык. Ал эми өзү туулуп өскөн айылында “Баатыр энелер багын”, казактын улуу ырчысы Нургали Нусупжановдун багын ачып, өз жеринин айдыӊ талаасын гүлзарга айланткандыгын баатырдык, өз эли-жеринин гүлдөп өсүшүнө кошкон опол тоодой салым деп түшүнсөк болот.

Гөзел Кулжабаеванын эмгеги өз жерин көрктөндүрүү менен гана чектелбестен, жасап жаткан иш-аракетинин бардыгын илимий негизге салып, аны диссертациялык ишке айландырганын көргөндө, чындыгында да практикалык мааниси өтө тереӊ теориялык жыйынтыктар биздин элдердин педагогика илиминде жаӊы илимий табылганын жаралгандыгын тастыктап турат.

Ал эми анын илимий-практикалык жана методикалык мааниси тереӊ, жаӊыча иштелип чыккан “Өсүмдүктөр ааламы” аттуу 58 китептен турган окуу-методикалык комплексинин билим берүү тармагындагы өтө салмактуу эмгек экендигин баса белгилеп көрсөтүүнүн орду бар. Бул окуу-методикалык комплекси кыргызстандык окумуштуулардын да зор кызыгуусун жаратса, ал эми практик-мугалимдер өз ишинде аны ийгиликтүү колдонушууда. Буга биз “Гүлстан” журналы, илимий-таанымдык комплекси, “Гүлзар” коомдук бирикмеси менен биргеликте өткөргөн: эл аралык семинар, конференция, студенттик практика жана билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана мугалимдери үчүн уюштурулган экскурсиялар сыяктуу бир катар иш-чараларыбыздын жыйынтыгы менен күбө болдук.

Он жыл бою бир гана гүлдөр дүйнөсү тууралуу маалыматтарды камтыган “Гүлстан” журналын чыгаруу бул өзүнчө бир өзгөчө айта турган сөз. Бул сыяктуу журнал Кыргызстанда азырынча чыга элек. Аталган басылма бүгүнкү күндө эки элди бириктирген гүл көпүрө болуп калды десек жаӊылышпайбыз. Ар убак мен казактын даӊктуу баатыр кызы Гөзел Кулжабаеваны эстегенде анын бир сөзү эсиме түшөт. Ал: “Мен силерге бир гана оору каалайм. Ылайым гүл оорусу менен ооруп калгыла”, – дейт.

 Эки тараптуу кызматташуу

 Иш-чаранын биринчи бөлүгү “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондунда өткөрүлүп, анда эки тараптуу кызматташуу тууралуу төмөнкүдөй иш пландары каралды: билим берүү мекемелеринин айлана-тегерегин көрктөндүрүү ишин уюштуруу; “Гүлстан” илимий-таанымдык журналынын алкагында кызматташуу; “Өсүмдүктөр ааламы” окуу-методикалык комплексин кыргыз тилине которуу жана Кыргызстандын бала бакчаларына, мектептерине жайылтуу; тажрыйба алмашуу максатында Казактан   Республикасынын Алматы шаарында жайгашкан “Гүлстан” гүлбагына экскурсияларды уюштуруу жана “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду белгилеген иш-чараларды буга чейин “Гүлстан” экологиялык борбору менен 2013-жылдын башынан тарта Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультети (мурдагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту) жана 2015-жылдан баштап Нарын мамлекеттик университеттери өз деӊгээлинде кызматташып келген болсо, ал эми мындан ары дал ушул эле окуу жайлар менен биргеликте жогорку дэӊгээлде эл аралык байланыш түзүү тууралуу   сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Аталган иш-чаранын экинчи бөлүгү И.Арабаев атындагы КМУнун чоӊ азем залында Бишкек шаарынын билим берүү департаментинин, ботаникалык бактын, зеленхоздун өкүлдөрү, мектеп директорлору, бала бакчалардын башчылары, жогорку окуу жайлардын декандары, кафедра башчылары, окутуучулары жана студенттеринин катышуусунда өткөрүлдү. Анда Г.Кулжабаеванын мекенди көрктөндүрүү иши тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп,  андан соӊ автордун өзү тарабынан жалпы иш тажрыйбасы боюнча презентация жасалды. Белгилей кетүүчү нерсе, “Гүлстан” менен кызматташып келаткан үч жыл аралыгында Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык факультетинин (мурдагы Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту) кызматкерлери  тарабынан  “Өсүмдүктөр ааламы” окуу комплекси кыргыз тилине которулуп, басмага даярдалган. Иш-чарада Нарын мамлекеттик университетинин табигый-илимий билим берүү кафедрасынын башчысы Н.Ибраева тарабынан “Гүлстан” менен болгон кызматташуусунун негизинде иштелип жаткан иштер көрсөтүлдү. Жыйынтыгында жасалып жаткан жакшы саамалыктар тууралуу катышуучулар тарабынан жылуу пикирлер айтылып, иш тажрыйбалар менен бөлүшүп, жакындан алака түзүү тууралуу ойлорун билдиришти. Демек, экологиялык билим-тарбия берүү, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү боюнча жакын арада эӊ сонун иштер жүргүзүлөрү белгилүү болду.

Элибизде “Гүлдөй өс, гүлдөй жайна, кетсе өмүр, келбейт кайра” – деп айтылгандай, жакшы, кооз, бактылуу, кызыктуу жашоо-турмуш ар качан гүлгө салыштырылып келген.  Ылайым эки тараптуу сүйлөшүүлөр жемиштүү болуп, ак эмгектин акыбети кайтып, бүтүндөй кыргыз-казак жергеси гүлзарга айлансын!

 Рахат СУЛАЙМАНОВА, 

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин

Педагогикалык факультетинин деканы,

“Мугалим” илимий-педагогикалык журналынын башкы редактору.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*