МУГАЛИМДЕР – ОКУУЧУЛАРДЫН РУХАНИЙ ДҮЙНӨСҮНҮН ЗЕРГЕРЛЕРИ

  “Жыл мугалими – 2015” республикалык кароо-сынагы жыйынтыкталды. Балыкчы шаарындагы №4 мектеп-гимназиянын география мугалими Нургүл Алиева 132,3 балл топтоп, биринчи орунга чыкты. Ал эми 124,2 балл менен  Бакай-Ата районундагы Д.Батырбашиев атындагы мектеп-гимназиянын математика мугалими Тамара Бокубаева экинчи орунга татыды. Үчүнчү орунду 120,1 балл менен  Ош шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы №5 мектеп-гимназиянын кыргыз тили жана адабияты мугалими Элвиза Нарымбаева камсыз кылды.

Мыктылардын мыктысы наамы үчүн ат салышкандар: Акунова Айгүл Рысбековна – Нарын шаарындагы В.Чкалов атындагы №2 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими, Алиева Нургүл Согушбековна – Балыкчы шаарындагы №4 мектеп-гимназиянын география мугалими, Бокубаева Тамара Жанболотовна – Бакай-Ата районундагы Д.Батырбашиев атындагы мектеп-гимназиянын математика мугалими, Жумагулова Турсунгүл – Өзгөн районундагы Б.Келдибаев атындагы №25 мектептин химия мугалими, Жумагулов Алмазбек Муратбекович – Токмок шаарындагы А.Пушкин атындагы №1 мектеп-гимназиянын тарых мугалими, Жоошбаев Нурбек Кочкорович – Таш-Көмүр шаарындагы К.Осмонкулов атындагы №2 мектептин тарых мугалими, Момунов Султан Тойчуевич – Баткен шаарындагы мектеп-интернаттын география мугалими, Нарымбаева Элвиза Тойчубековна – Ош шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы №5 мектеп-гимназиянын кыргыз тили жана адабияты мугалими.

“Соолук барда, көкүрөктө жан барда,

Соксун жүрөк мектебим деп, мекен деп…”

Салтанаттуу жыйында сүйлөгөн сөзүндө билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Ашымбаева конкурсанттарга ийгилик каалоо менен мугалимдердин ары жооптуу, ары сыймыктуу ишине токтолуп өттү.

– Эӊ ириде жаш муунду тарбиялоонун татаал жолунда талыкпай эмгектенип келатышкан жалпы эле мугалимдер журтуна бакубатчылык, чыдамкайлык жана иштерине албан-албан ийгиликтерди каалап кетким келет. Өтө тез өнүгүп-өсүп өзгөрүлүп жаткан коом менен бирге мугалимдерге да жаӊы технологиялар, жаӊы ыкмаларды ыкчам үйрөнүп, аны иш жүзүнө ашырууга аракеттенип иштөө талабын турмуш өзү талап кылууда. Анткени заманбап иш жүрбөгөн жерде эч кандай реформа жардам бере албайт, – деди Т.Ашымбаева.

Алты жылдан бери өткөрүлүп келаткан мугалимдердин кесиптик чеберчилик сынагы – чыгармачылык эргүү менен эмгектенген ардактуу кесип ээлеринин тажрыйбасын көргөзүү эле эмес, аны жайылтууну, жайылтып гана тим болбой, билим нурун чачкан жарыгына жылытууну көздөгөн сынак экендигин катышуучулардын жаркын маанай жигери тастыктап турду.

Беш позициядан турган тапшырманын биринчисинде, тагыраак айтканда, өз билим деӊгээлин, чыгармачылык чеберчилигин көрсөтүүдө 124 балл менен Рыбачье шаарындагы №4 мектеп-гимназиянын география мугалими Алиева Нургүл атаандаштарынан алдыга озуп чыкты. Ага удаалаш Өзгөн районундагы Б.Келдибаев атындагы мектептин химия мугалими Турсунгүл Жумагулова (102 балл), Ош шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы №5 мектеп-гимназиянын кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалими Элвиза Нарымбаева (101 балл) топтогон упайлары менен алдыӊкы үч сапты ээлешти.

Жүрөктөрү мектеп деп согуп, мектеп деп ооруган, окуткан окуучуларынын ийгилигине кубанып, жетишпегендерин алдыга сүрөп, тынымсыз күрөш менен күн өткөргөн мугалимдер “Соолук барда, көкүрөктө жан барда, соксун жүрөк мектебим деп, мекен деп” деген ыр саптарын коштоп, сынактын талабына шайкеш мекенчилдигин, теория менен практиканы айкалыштырган сабактарын калыстардын калыс баасына сунушташты.

Калыстар демекчи, быйыл конкурсанттардын арасында агай мугалимдердин арбын келиши жана жаш мугалимдердин тартылышын жакшы жөрөлгө катары баалаган калыстар тобунун төрагасы КББАнын президенти Абакир Мамытов конкурстун жүрүшү тууралуу мындайча ой бөлүштү:

– Мугалимдердин мыктыларын тандоо максатында өткөрүлүп келаткан конкурс жылдан-жылга калыптанып, салттуу жөрөлгөгө айланып калды десем болот. Быйылкы комиссиянын курамы 13 кишиден турат. Алар: жождордун мугалимдери, профессорлор, илимий мекемелердин жетектөөчү кызматкерлери жана практик мугалимдер. Структуралык жактан быйыл өзгөрүүлөр болгон жок. Мугалимдер портфолиосун, презентациясын сунуштоодон тышкары тест, эссе жана ачык сабак өтүшөт. Ал эми мазмундук жагынан өзгөрүү бар: тестирлөөнүн суроолорун жаӊылап чыктык. Эгерде былтыр эки вариант болсо быйыл үч вариант болду. Эссенин тематикаларын да талапка жараша өзгөрттүк. Ал эми катышуучулар тууралуу айтсам, мени айрыкча эркек мугалимдердин көбөйгөнү жана ошондой эле жаш, ынтызар мугалимдер көбүрөөк болгону кубандырды. Болбосо жылда бирин-экин эле болчу. Конкурсанттар регламентти сактоого ынтызарланып, кыска, мазмундуу презентация жасоого умтулганы жакты. Бул алардын үйлөрүндөөз алдынча иштегендигин, даярданышкандыгын көрсөтөт. Ошого жараша деӊгээлдери да көтөрүлүп калгандай. Менин жеке баамымда, калыстардын ичинен мектеп мугалимдеринин койгон баалары негедир бир аз жарды болду, – деди А.Мамытов.

Калыстар тобунун төрагасы ошондой эле уюштуруу жагындагы айрым маселелерге токтолуп, алыс жактан атайын келишкен мугалимдер үчүн мындай кароо-сынактарды алдыӊкы, материалдык жана техникалык базасы күчтүү мектептердин биринде уюштурсак, алардын үйрөнүп, көрүп, тажрыйба алмашып кеткендигине ыӊгайлуу болмок деген оюн ортого салды.

Кароо-сынак – катышуунун көпүрөсү

Жылдын мыкты мугалимин эле эмес, мыкты мектебин жана алдыӊкы бала бакчасын аныктоону көздөгөн бул кароо-сынактын “Жылдын мыкты инновациялык мектеби” номинациясынын талапкери Өзгөн районунун Куршаб айылындагы англис жана орус тилдерин тереӊдетип окуткан №5 мектебинин директору Валентина Андреевна Юдина республикалык масштабдагы мындай конкурска биринчи жолу катышып жатышкандыктарын айтты.

– Биз  буга  дейре  облустук сынактарга төрт жолу катышканбыз. Бирок республикалык масштабга биринчи чыгышыбыз. Бул жактан көрүп-билгендерибизди сөз менен жеткире албайбыз. Борбор деген борбор да. Мага “Мыкты инновациялык мектеп” номинациясында биз менен катышып жаткан Бишкектеги №6 мектеп-гимназиянын кубаттуу материалдык-техникалык базасы, потенциалы бай педагогикалык кадрлары жана окуучуларынын деӊгээли өзгөчө таасир калтырды. Мектепте билим берүү сапатына, методикалык кызматты модернизациялоого өзгөчө басым жасалганы көрүнүп турат. Бизге окшогон элет мектептери үчүн өзүбүзгө тажрыйба катары ала турган жактары да көп экен. Ушундай заманбап жабдылган техникалык мүмкүнчүлүктөрдүөз көзүбүз менен көргөнүбүздүн өзү эле биз үчүн жетишкендиктердин бири деп эсептейм. Көрүп гана тим болбой, бул мектеп менен мындан ары тыгыз кызматташып иштөөгө макулдаштык, – дейт Валентина Андреевна.

Биздин темабыз бирөө гана – бул бөбөктөргө татыктуу таалим-тарбия берүү

“Мыкты бала бакча – 2015” номинациясынын катышуучусу Кара-Суу районундагы Ыкбал Ахмедалиева атындагы бала бакчанын башчысы Тургунбай кызы Алтынбү жетектеген мектепке чейинки билим берүү мекемеси союз кыйраганда кошо кыйрап калган бакчалардын бири болчу. Анын кайра калыбына келтирилип, короосунда балдар үнү жаӊырып калганына үч жылдын гана жүзү болду. Ушунча кыска убакыттын ичинде катарга кошулмак турсун, минтип кароо-сынакка катышып жаткан деӊгээлге жеткени эле өзүнчө жеӊиш эмеспи. Күндүн ысыгынан, анан сынактагы толкунданткан түйшүктөрдөн чарчаӊкы тарткан Алтынбүнү короодогу машинага эмеректерин жүктөп жаткан жеринен кепке тарттык. Кызматкерлеринин чыгармачылык менен изденип, өз колдору менен жасаган көрсөтмө куралдарын көрсөтүүүчүн алыскы Ош облусундагы Кара-Суу районунан бери атайын эринбей алып келишкендигин айткан ал жюрилердин белгилеген критерийлеринин алкагында презентация өткөргөндүгүн белгиледи.

– Кароо-сынактарга катышкандардын баары эле жеӊишке жетишүүгө аракеттенишет эмеспи. Биз ушундай республикалык деӊгээлдеги кароого катышып жаткандыгыбыздын өзү эле жеӊиш, иштегенибиздин үзүрү деп ойлойм. Анын үстүнөөтө кыска убакыттын ичинде ушундай ийгиликтерге жетишип отурабыз. Бала бакчабыздагы төрт тайпада 120 бала бар. Бөбөктөргө талыкпай таалим-тарбия берүүдө, ата-энелер менен тыгыз иштөөдө, көрсөтмө куралдарды пайдаланууда эмгек жамааттын салымы өтө чоӊ. Биздин кызматкерлер көбүнчө көрсөтмө куралдарды өз колдору менен жасашат. Турмуш-тиричиликтеги керектөөдөн чыккан майда буюм-тайымдарды кооздоп, ага башкача түр, көрк берип, экинчи жашоо тартуулагандай болушат. Эӊ маанилүүсү ушул иштерге бөбөктөрдү аралаштырып, алардын да кызыгууларын арттырышат. Конкурс тууралуу айтсам, мындай жолугушуулар, тажрыйба алмашуулар баарыбыз үчүн аба менен суудай зарыл дээр элем. Биздин темабыз бир, көйгөйүбүз бир, кубанычыбыз да бир. Ал – биздин келечек муун, аларга татыктуу таалим-тарбия берүү. Биз ушул багытта чарчабай-чаалыкпай эмгектене бермекчибиз, – деди директор айым.

 

P.S. Жеӊүүчүлөр тууралуу кеӊири материалды гезитибиздин келерки санында окуйсуздар.

 Айнагүл Кашыбаева,“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*