ИШ БИЛГИ ЖЕТЕКЧИНИН ДЕМИЛГЕСИ МЕНЕН БҮТКӨРҮЛГӨН МЕКТЕП

«Эне-Сай» жаңы конушундагы №21 мектеп 2006-жылы пайдаланууга берилген. Бирок толук бүткөрүлбөй калган. Быйыл шаардык мэрия 25 млн. сомго мектепти толугу менен капиталдык ремонттон өткөрдү. Мындан сырткары, жаңы окуу жылынан баштап бул мектепте 10-11-класстын окуучуларына кесиптик багыт берүү боюнча борбор калаадагы №17, №98 кесиптик-техникалык окуу жайлар менен келишим түзүлдү. Бул жакшы иштердин аткарылышы мектептин жетекчиси Гайде Умаровага таандык.

Жаңы окуу жылына белек

Мектеп жетекчисинин айтымында, «Эне-Сай» конушунда жайгашкан №21 мектеп тээ 2006-жылы пайдаланууга берилген. Бирок мектеп толугу менен бүткөрүлгөн эмес.

– Ошол мезгилде проектиси боюнча эки кабаттуу мектеп салынмак экен, бирок эмнегедир үч кабат салынып калыптыр. Курулуш башталганда «үч кабат салына берилсин, каражат бөлүнөт» деген экен бийликтегилер. Мектеп салынып бүткөндөүч кабатка каражат бөлүнбөй, эки кабатка гана бөлүнгөн. Алдыңкы кабаты (цокольный) бүткөн эмес. Мектептин үстү жылууланбай калган. Ошонун натыйжасында кышында  экинчи кабаттагы класстардын үстү ным тартып, көгөрүп турчу. Мындан сырткары, жылуулук системасы дагы сапатсыз болуп, көпчүлүгү иштен чыккан. Абалдан чыгуу максатында коопсуздук эрежеге  дал келбеген, колдон жасалган жылыткычтарды пайдаланып, кыштан эптеп чыгып келишкен экен, – дейт азыркы мектеп жетекчиси.

Ушундай оор абалда, санитардык гигиенага жооп бербеген шартта окуучулар окуп келишкен.  Гайде Умарова мектепке 13-декабрь 2013-жылы жетекчи болуп дайындалган күндөн тартып ал шаардык мэрияга, шаардык кеңештин депутаттарына кат менен улам-улам кайрылгандан кийин Бишкек шаарынын мэри К.Кулматов келип, ата-энелер менен жолугуп, өз көзү менен мектептин абалын көргөндөн кийин, мугалимдерге, ата-энелерге окуу жайды оңдоп бергенге убадасын берген. Ошентип жаңы 2015/2016-окуу жылына мектеп ичи-сырты менен толук бүткөрүлдү.

Эмнелер бүткөрүлдү?

– Мэр К.Кулматов ОКСтын башчысына мектепти бүтүрүү боюнча тапшырма берген. Биринчиден, мектептин үстү жылууланган. Буга чейин кышында балдар, мугалимдер сууктан, нымдан ооруп жатып калышчу. Мугалимдер жетишпей, сабактар жылдырылып, билим сапаты төмөн эле. Ушул көйгөй биринчилерден болуп чечилди. Экинчиден, мектеп сапатсыз салынып калгандыктан, арзан линолеум эбак эле жыртылып, чаң тарткан полдун үстүндө балдар окушкан. Бул маселе да чечилди.  Пол жылмаланып (стяжка тартылып), жакшы сапаттуу линолеум салынды. Менин өтүнүчүм боюнча бардык эшиктер алмаштырылды. Ошондой эле жылуулук системасы да жаңыланды, сапаттуу, энергия менен иштеген конвектор коюлду. Мындай жылытуу системасы шаар боюнча  аз эле мектепте бар. Мектептин дубалдарынын алды жактары сыртынан цементтелди, айлана-чөйрөсү курчалды, мектептин кире бериши брусчаткаланып жана айлана-чөйрөсү асфальттанды. Абдан көп жумуш аткарылды. Ошондой эле мектеп толугу менен сапаттуу жарык берчү шам чырактар менен алмаштырылып, мектеп жап-жарык болуп калды. Ашкананын полу, биринчи кабаттын кафелдери толугу менен алмаштырылды. Эки кабаттын потолоктору кайрадан шыбалды. Спорт залыбыздын эскирген  кеткен жерлери жаңыртылып, душ иштетилди. Ал жерге суу жылыткычтар (Аристон) коюлду. Мектептин ичиндеги ажатканалар ишке киришип жатат. Кышында окуучулар сырткы даратканага чыкпаса болот. Менин угушум боюнча, бул иштерге шаардык бюджеттен 25 млн. сом сарпталды. Жалпылап айтканда, мектептин ар бир проблемалуу жерлери боюнча кат жазып жатып, баарын оңдотконго жетиштим.  ОсОО «Сервис»  фирмасы мектептин ичи-сыртын сапаттуу жасагандыктан, мектебибиз жаңы салынгандай эле болуп калды, – дейт сүйүнүчү койнуна батпаган мектеп директору.

Балдарга көрүлгөн камкордук

Гайде Умарова директор болуп келгенден баштап эле билим сапатын кантип жогорулатуу керек деген маселенин үстүнөн иштеп келатат. Ириде ал бүтпөгөн мектепти бүтүртүп, жамааттын иштешине бардык шарттарды түзүп берди. Балдардын коопсуздугун сактоо максатында ата-энелер менен сүйлөшүп, алардын жардамы менен 60 миң сомго мектептин ичине жана сыртына сегиз жерге видеокөзөмөл орноттурган.

– Бизде «Мектебим алтын бешигим» деген коомдук фонд иштейт. Айына 100 сомдон ата-энелер ыктыярдуу беришет, эч ким мажбурланбайт. Албетте, мектептин өнүгүшүнө салым  кошкон ата-энелер абдан аз. Бизде жалаң ички мигранттардын балдары окушат. Жумушу жок, өздөрү эптеп батирде жашаган ата-энелер 100 сом эмес, он сом бере алышпайт. Учурда мектепте 1218 окуучу билим алат, 60 мугалим эмгектенет. Балдарды окутканга шарты жок үй-бүлөлөр көп. Ошондуктан айрым ата-эне балдарын эптеп эле 9-классты бүтүртүп, иштеткенге аракет кылышат. Курстарга окутуп, анан бели ката элек балдарын, кыздарын иштетишет. Ата-энеге жардам бериш үчүн окуучуларыбыздын көпчүлүгү жогорку класстарды окубай калышууда. Ошондуктан мен ойлонуп көрүп, бул балдарга аттестат да берип, кесип алганы боюнча сертификат да берүүнү  туура көрдүм. Экинчиден, ата-энелерге да жардам болот.  Же болбосо 9-класстан кетип калып, бир нече айлык курска акча төлөп окуп келип, анан кайрадан аттестат алыш үчүн «окууга алыңыз» деп келгендер четтен чыгат. Балдардын келечегин ойлоп, кесиптик багыт бере баштадык, – дейт Гайде айым.

Ошентип, №21 мектептин бүтүрүүчүлөрүнө кесиптик багыт берүү боюнча үч жылдан бери тигүүчү кесипке окутуп келишсе, быйылдан  баштап чач-тарачка, компьютер оңдоочуга, тырмак жасоочуга (маникюр, педикюр) окуткан борбор калаадагы №98 жана №17 кесиптик лицейлер  менен келишим түзүлдү.

– Негизинен №17 лицей менен үч жылдан бери иштеп жатабыз, кыздар тигүүчү деген сертификатты разряды менен алышат. Жумушка орношконго мүмкүнчүлүктөрү кенен. Ал жерден кийимди бычкандан тиккенге чейин үйрөнүшөт. Ошол өздөрү тиккен кийимдерин май айында жакташат. Кадимкидей эле экзамен тапшырышат. Мектепте 9 тигүүчү машинка, 1 оберлок иштейт. Сабакты №17 лицейдин мугалимдери окутушат. Кыздарыбыз окуп жатканда эркек балдар бош болуп калат экен. Ошондуктан быйыл №98 лицей менен сүйлөшүп, компьютер оңдогон мастер деген топ ачып жатабыз. Кыздарга кошумча чач-тарачтын группасын ачтык. Алардын программасы бир жылдык курс, 140 саат окутулат. Чачты жасаганды, кыркканды үйрөнүп чыгышат. Мындан сырткары, маникюр, педикюр боюнча кесипти алып чыгышат. Күнүнө 5 сааттан окушат, бешинчи күнү 10-класстар окушса, ишемби күнү 11-класстар окушат. Бул кошумча билим берүү Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы С.Мейерманова менен макулдашылган. Башчылар биздин демилгебизди колдоп, биргелешип план түзгөнбүз, ошонун негизинде балдар билим алып жатышат. Келечекте  биздин бүтүрүүчүлөрүбүз 11-классты жөн гана бүтүрбөстөн, төрт кесипке ээ болуп  чыгышат. Тигүүчү, чач-тарач, маникюр-педикюр жасоочу, компьютер оңдоочу деген. Баса, 10-класстын айрым эркек балдары чач-тарач болобуз деп жазылып алышты. Эгерде мурда 9-класстан кийин  10-15 бала калса, быйыл 40 бала окуп жатат. Ата-энелер дагы ыраазы болуп жатышат, – дейт мектеп жетекчиси.

Жоопкерсиз ата-энеге айып салынат

Балага жоопкерчиликсиз караган  ата-энелерге 1000 сомдон айып салынат. Акыркы маалыматтарды карап көрсөк, №21 мектепте окуган эки баланын ата-энесине 1000 сомдон айып салынган. Мисалы, бир ата баласын көгала кылып сабаса, экинчиси, ооруп жаткан баланы такыр карабай койгон.  Мисалы, 2-класстын окуучусу пневмония менен ооруп жатса, аракка берилген чоң энеси баланы кароосуз таштап, баланы көрүп барган мугалимдерди жолотпой койгон.  Россияда иштеп жүргөн атасы менен класс жетекчиси байланышып, аны чакырткан. Атасы келе электе эле комиссиянын жардамы менен баланы бейтапканага жаткырып, аман алып калышкан экен.

– Дарыгерлер мектепке ырахматын айтышкан. Эгерде үч күн кечиксек, баладан айрылып калмак экенбиз. Өпкөсүнө суу толуп кетиптир. Атасы келип, ырахматын айтып,  Россияга кошо алып кетти. Дагы бир окуучубузду өгөй атасы сабачу экен. Аны дене тарбия мугалимибиз  чечинип жатканда көрүп, бизге билдирген. Мектептин социалдык педагогу Динара Рыспаева үйлөрдү тыкыр кыдырат, сабакка келбей калган баланын ата-энеси менен жолугуп, себептерин аныктайт, жакындан жардам берет. Өз ишин жакшы билген соцпедагог сабалган окуучунун  үйүнө барып, психолог менен окуучуну жолугуштурганда, өгөй атасы сабаарын билдик. Ал баланы да комиссияга алып чыгып, атасына 1000 сом айып салынды. Мындан сырткары, бир энени сотко бердик. 50 сом үчүн от көзөгүч менен баланын денесин күйгүзгөн. Бул ата-энелер укук коргоо органдарынын  көзөмөлүндө турушат.

Балдарга сапаттуу билим, туура тарбия берүүүчүн бардык аракеттерди жасап жатабыз. Мектепте бий, комуз, кулатуу ийримдери иштейт. Баса, быйыл «Жүрөгүм менин балдарда» аттуу райондук сынакта мектеп 1-орунду алсак, шаардык сынакта башталгыч класстын мугалими Молдосанова Айгул 3-орунга чыгып, 40 миң сом сертификат алды, – дейт Гайде Умарова.

Максат — заманбап технология менен мектепти жабдуу

Мектеп директорунун эмки максаты — мектепти толугу менен заманбап технология менен жабдуу. Учурда ал проект гана жазбастан, демөөрчүлөрдү издеп жүргөн кези.

150 миңге интерактивдүү такта жана 250 миңге 5 компьютер алуу үчүн  «Балдардын институтуна» үч проект жазып, конкурска катышкан, азырынча анын жыйынтыгы чыга элек экен.

Гүлнара Алыбаева, «Кутбилим»

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*