ЖЫЛДЫЗЫ ЖАНГАН ЖЫЛ МЫКТЫЛАРЫ

9-октябрда борборубуздагы А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында “Жыл мугалими – 2015” республикалык кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүнө КР Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева сыйлыктарды тапшырды. Бул жылдын мыкты мугалими наамы Балыкчы шаарындагы №4 мектеп-гимназиянын география мугалими Нургүл Алиевага (132,3 балл) буюрду. Экинчи орунду Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Д.Батырбашиев атындагы мектеп-гимназиянын математика мугалими Бокубаева Тамара (124,2 балл) ээлесе, үчүнчү орун Ош шаарындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы №5 мектеп-гимназиянын кыргыз тили жана адабияты мугалим Элвиза Нарымбаеванын (120,1 балл) энчисине тийди.

Сыйлык тапшыруу аземинде министр Э.Сариева өсүп келаткан муунга билим-тарбия берүүдөгү мугалимдердин  иш-аракеттерин белгилеп өттү.

– Бул конкурс педагогдордун жаш муундарга татыктуу таалим-тарбия, сапаттуу билим берүү ишинде жогорку кесиптик чеберчилик жана чыгармачылык жигердин мааниси канчалык зор экендигин көрсөттү. Андыктан урматтуу кесиптештериме, жалпы эле окуучуларга жана студенттерге кааларым – бардык аракет-күчүңөрдү сапаттуу билим алууга жумшоо менен өлкөбүздүн билимдүү-илимдүү, татыктуу жарандарынан болгула, – деди министр куттуктоо сөзүндө.

Аталган конкурс жылдагыдай эле “Мыкты мугалим”, “Мыкты инновациялык мектеп”, “Мыкты айылдык мектеп”, “Мыкты бала бакча” деп аталган төрт номинация менен өттү.

IMG_4794

Нургүл Алиева,  2015-жылдын мыкты мугалими:

 – Мага конкурстун жүрүшүнүн ачык-айкын болгондугу аябай жакты. Катышуучулар өзүн-өзү тааныштырууда калыстардын эле эмес, бардык каалоочулардын алдында бар дараметибизди көрсөттүк десем болот. Сабак өтөөрдө да биз окуучуларыбызды эртең менен көрдүк. Бул алдын-ала даярдалбаган, айкындуулуктун көрсөткүчү болду. Бир гана келерки кароо-сынактарга каалоо иретинде айтаарым – конкурсанттар сабак өткөндө бири-бирибиздин сабактарыбызга катышканга шарт болсо аябай жакшы болмок. Анткени мага башкалардын сабактарын көрүү кызык болду. Бир чети бизге мастер-класс катары үйрөнүп, тажрыйба алмашууга ыңгайлуу шарт түзүлмөк экен деп ойлоп калдым.

Жеңүүчүлөргө сыйлык берүүдө мугалимдин муктаждыктарын эске алышкандыгы айрыкча кубандырды. Мага биринчи байгеге үй-бүлөлүк кинотеатр, ноутбук жана үч кызматты бир аткарган эң баалуу аппарат – ксерокөчүрмө, сканер жана принтер аппаратын беришти. Мындай техника мугалимге эң зарыл экендиги айтпаса да түшүнүктүү го деп ойлойм. Андыктан, ушул сынактын уюштуруучуларына, колдоочуларына терең ыраазычылыгымды билдирем.


5_2Айгүл Шимова,

«Мыкты инновациялык мектеп» номинациясында мыкты деп табылган Бишкек шаарындагы  И.Панфилов атындагы №6 автордук  окуу-тарбия комплексинин директору:

 – Ушул жылдын мыкты инновациялык мектеби номинациясында жеңүүчү болгонубузга чексиз кубанычтабыз. Бул наам бизге жөн жерден келген жок деп ойлойм. Жеңишибиз – биздин мектептин педагогикалык жамаатынын көп жылдык үзүрлүү эмгегинин натыйжасы. Мектептин таржымалы тээ 1936-жылга барып такалат. 80 жылдык тарыхы бар мектепте эмгектенген эмгек жамааты окуу класстарын окуу-көрсөтмө куралдары, компьютер, телевизор, видео-аудио жана интерактивдүү доскалар менен жабдууга, санитардык-гигиеналык нормаларга ылайык заманбап иш алып барууга басым жасайт. Айрыкча, 2014-2015-жылы мектеп аралык иш-чараларга активдүү катышып, бир катар алкыш каттарга, ардак грамоталарга ээ болдук. Мектептин базасында райондук предметтик олимпиада жана ошондой эле чет тилдери боюнча шаардык олимпиада өткөрүлдү.  Ал эми өткөн жылдын сентябрь айында “Мыкты окуу кабинети” деген аталыштагы шаардык конкурста биздин Ч.Айтматов атындагы кабинетибиз биринчи орунду ээлеген. Ушул жылы башталгыч класстар кабинети арасында өткөрүлгөн шаардык кароо-сынакта да биринчи байгелүү орунду ээлегенбиз. Ал эми республикалык конкурска катышуубузга май айына шаардык мектептер арасында өткөрүлгөн сынакта биринчи орунду ээлегенибиз негиз болду.

Биздин мектеп “Билим берүүнү башкаруу системасында инновациялык ишмердүүлүктү колдоо жана өнүктүрүүнүн инфраструктурасы” деп аталган шаардык долбоорго киргендиктен, ушул долбоордун алкагында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин, мектептердин жана балдардын чыгармачылыгын өнүктүрүү борборлорунун административдик кадрларына методикалык жардам көрсөтүү максатын көздөгөн иш-чараларды ишке ашырууда. Ушул убактын ичинде мектептин эмгек жамааты Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы менен бирдикте алты семинар өткөрдү. Атап айтсак, билим берүүнү башкаруу системасындагы инновациялык ишмердүүлүктү колдоо жана өнүктүрүү, окуу-тарбия процессинде инновациялык продукт катары электрондук окуу куралдарын колдонуу, мектептин инновациялык потенциалын өнүктүү максатында ата-энелер коомчулугу менен ич ара кызматташууга шарт түзүү сыяктуу өтө маанилүү багыттарды белгилесек болот.

IMG_4782Тамара Бокубаева,

“2015-жылдын мыкты мугалими” сынагында экинчи орунду багындырган Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Д.Батырбашиев атындагы мектеп-гимназиянын математика мугалими:

 – Мен жыйынтыгында 124,2 балл менен байгелүү экинчи орунду ээлегениме жетине албай турам. Эң сыймыктуу мугалимдик кесиптеги эмгек жолум 2003-жылы Бакай-Ата районундагы Миң-Булак айылындагы Д.Батырбашиев атындагы Чалдовар мектеп-гимназиясында башталган. Ошондон бери ушул мектепте эмгектенип келатам. Мугалимдик кесип башка кесиптер сыяктуу өтө жоопкерчиликтүү мамиле жасоону талап кылаары белгилүү. Балдар менен иштөөдө  чыгармачылык менен тынбай изденип, жаңыча ой жүгүртүп иштөө зарыл деп эсептейм. Биз – мугалимдер, балдардын кызыкчылыктары менен шайкеш, керек болсо алардан да алдыга озуп иштөөгө милдеттүүбүз. Менин кесиптештерим ушул багытта үзгүлтүксүз иштеп келишет. Айрыкча мектеп турмушун жакшыртууга багытталган эл аралык ар түрдүү долбоорлорго катышууга далалаттанабыз. Эмгектин акыбети кайтпай койбойт экен. Буга дейре мектептин, айыл өкмөтүнүн ж.б. көптөгөн Ардак грамоталарды алгам. Чоң жеңиштерим али алдыда деп ойлойм. Конкурста жеңишке жетишкен бардык кесиптештеримди ийгиликтери менен куттуктайм. Мындай конкурстар биз үчүн көптүүйрөткөн өзүнчө чоңсабак.

Замира Теңизбаева,

«Мыкты бала бакча» номинациясында биринчи орунду ээлеген Бишкек шаарындагы №82 бала бакчанын башчысы:

 – Биз дагы “Жылдын мыкты бала бакчасы” аталганыбызга кубанычыбыз койнубузга батпай толкунданып турабыз. Жеңиш – алдыга умтулууга, дагы бийиктиктерди багындырууга жана изденип иштөөгө күч-дем берген стимул болот экен. Биз буга дейре Бишкек шаарындагы бала бакчалар арасында өткөн сынакта 90 бала бакчанын ичинен биринчи орунду жеңип алганбыз. Алдыга конкреттүү максат коюп, ага жетүүгө умтулуп эмгектенген адамды сөзсүз ийгилик жылоолойт деп ишенем. Мен жетектеген эмгек жамааты да өзгөчө ата-энелер, жогорку окуу жайлар жана мектептер менен тыгыз байланышта иш алып барат. Айрыкча БГУ, И.Арабаев атындагы жогорку окуу жайлардагы педагогикалык факультеттер биздин көптөн бери келаткан өнөктөштөрүбүз. Биздин кызматкерлерибиздин басымдуу көпчүлүгү чыгармачылык жана жаштык жигер менен иш алып барышкан жаштар. Бул конкурска даярдануу процессинде көптөгөн материалдык-техникалык жана методикалык базабызды чыңдап, жаңыртып алдык. Өзгөчө автордук программалардын алкагында иш алып барабыз. Алсак, “Три единства языка” долбоорубуз кичинекей бөбөктөргөүч тилди үйрөтүүгө багытталган. Айрыкча кыргыз тилин балдарга кичинекей кезинен үйрөтүүгө кызыкдарбыз. Муну ата-энелер да жакшы түшүнүп калышты. Мурда кыргыз тилдүү эки гана тайпа бар болсо, азыр беш тайпабыз бар.

Айнагүл Кашыбаева,  “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*