ЭЛ ЭМГЕКТЕН ЭСКЕРДИ

Өткөн жумада Бишкек шаарында белгилүү коомдук ишмер, окумуштуу, педагог Карыбек Молдобаевдин бул дүйнөдөн өткөнүнүн бир жылдыгы белгиленди. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин  “Жал” студенттик шаарчасында эскерүү аземи өткөрүлүп, ага маркумдун өмүр жолундагы үзөнгүлөш шакирттери – экс-президент Роза Отунбаева баш болгон бир топ мамлекеттик ишмерлер катышышты. Карыбек Молдобаев жөнүндө «Мезгил канатындагы өмүр» (авторлору: Станбулбек Мамбеталиев, Абды Сатаров, Артыкпай Сүйүндүков) аталыштагы видеофильм көрсөтүлдү. «Карыбек Молдобаев» атындагы дарскана ачылды. “Мезгил жана өзүм тууралуу ой жүгүртүүлөр” деген Карыбек Молдобаевдин мемуардык китебинин бет ачары өткөрүлдү. Кыргыз-Түрк «Манас» университетин ийгиликтүү студенттери үчүн Карыбек Молдобаевдин неберелери тарабынан уюштурулган «Карыбек Молдобаевдин стипендиясы» аталыштагы сыйлыгы, аталган университеттин алдынкы үч студентине тапшырылды. Бул жөрөлгө ар жыл сайын Карыбек Молдобаевдин туулган күнүндө 14-ноябрда тапшырылары айтылды. Эртеси Ала-Арча Мамлекеттик Мемориалдык көрүстөнүндө Карыбек Молдобаевдин келишимдүү эстелиги ачылды жана “Алтын казына” ресторанында аш-куран окутуу тамагы берилди. Ошол куран окутуу аземинин алдында атайын ушул иш-чараларга катышыш үчүн Түркиядан келишкен эки кесиптеш шакирттерине сөз берилди. Бири – Карыбек Молдобаевдин ректорлук мезгилинде анын орун басары болуп иштеген профессор, доктор Сейфулах Чевик, экинчиси – он жыл бою Гуманитардык факультеттин деканы катары эмгектенген, кыргыз билиминин артыкчылыгы төш белгисине татыган, профессор, доктор Ильхан Шахин. Экөө тең Карыбек Молдобаев жөнүндө омоктуу эскерүү пикирлерин айтышып, аземге катышкандардын көңүлдөрүн ыраазы кылышты. Бул жерде, мына ошол эскерүү  аземинде айтылган пикирдин бирөөсүн газета окурмандарыбызга жарыялап коюуну туура көрдүк.

Ильхан Шахин, профессор, доктор:

«Карыбек Молдобаев Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин түзүлүшүнө жана өнүгүү багытына чоң салым кошкон”

 – Урматтуу Карыбек Молдобаевдин үй-бүлөсү, бир туугандары, достору жана кесиптештери, Түрк дүйнөсүнүн акылманы, аксакалы, даанышман окумуштуусу болгон Карыбек Молдобаевдин бул дүйнөдөн кеткенине, мына бул күндөрү бир жыл болду.

  Убакыт ушунчалык тез өттү. Адамзаты бул дүйнөгө келген бир конок. Бирок адам артында кандай из калтырат, бул өзгөчө бир маселе. Менин оюмча, Карыбек агай бизге эле эмес, бүтүн Түрк дүйнөсүнө ата сыяктуу болду, өрнөктүү мугалим болду, кеменгер даанышман болду, ал ар дайым иштин көзүн билчү.  Агайыбыздын кыраакы көз карашы менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде бир далай эл аралык деңгээлдеги иштер аткарылды. Бул эл аралык иштердин бир-экөөсүн айта кетейин. Биринчиси, Карыбек агай Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин түзүлүшүнө жана өнүгүү багытына чоң салым кошту. Экинчиси, балким, менимче эң маанилүүсү, Түрк цивилизациясы изилдөө борборун негиздеп, ал жөнүндө эл аралык өтө маанилүү иштерди аткарды. Ыраматылык агайыбыз Түрк цивилизациясына байланыштуу иштер университеттин түзүлүшүндөгү негизги максат экендигин бизге ар дайым айтып келди. Үчүнчүсү, дүйнөлүк жазуучулардын катарын толуктаган Чыңгыз Айтматов Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин даанышманы жана анын ардактуу профессору болушуна түздөн-түз таасир этти. Төртүнчүсү, дүйнөлүк деңгээлде таанылган белгилүү окумуштуулар ушул университетке чакырылып чыгармачылыкта иштешти. Бешинчиси, Япония, Америка, Россия жана Батыш мамлекеттериндеги университеттер менен байланыштар түзүлүп, илимий изилдөөлөр үзүрлүү жүргүзүлдү.    Карыбек агайыбыз раматылык болгондон кийин анын коллегалары жана шакирттери Карыбек агайдын баскан жолун эстеп, Түрк цивилизациясы жөнүндө сериал китептердин чыгышын колго алдык. Бул сериал китептер Turkic Cilivization Studies (Түрк цивилизациясын изилдөө) аталды. Мунун биринчи томун Карыбек Молдобаевди эскерүүгө арналып, жакында стамбул шаарында басмадан чыгардык. Китепте Америка, Түркия, Кыргызстан, Казакстан, Кореядан, Япония жана башка өлкөлөрдөн 23 адис-окумуштуулардын Карыбек Молдобаев жөнүндөгү эскерүүлөрү жана Түрк цивилизациясынын орчундуу маселелерин изилдөөгө арналган макалалары басылды. Бул китеп Стамбулдагы (Түркия) Ишкерлер биримдиги тарабынан каржыланып басылды. Мындан тышкары «Түрк цивилизациясы жана Карыбек Молдобаев» аталыштагы эл аралык симпозиумун уюштуруп өткөрүү даярдыктарын көрүп жатканыбызды айтып кетким келет.  Карыбек агайыбыз бул дүйнөдөн кетсе дагы, анын жасаган иштери мындан ары дагы уланарына ишенебиз. Агайыбыздын жаны бейиштен орун алсын, үй-бүлөсүнө жана бир туугандарына көңүл айтуу менен ыраазычылык билдирем.

Майрамбек Токторов, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*