ОШМУ: ИНТЕГРАЦИЯ, ИННОВАЦИЯ, ИНВЕСТИЦИЯ, ИНТЕЛЛЕКТ

Ош мамлекеттик университети соӊку жылдары окуу-материалдык, илимий-өндүрүштүк, адистик базасын чыӊдап, эл аралык байланыштары кулач жайып, улуттук жогорку окуу жайлардын ичинен алдыга суурулуп чыгып, мезгил менен теӊ жарышкан динамикалуу өнүгүү жолуна түшкөн окуу жайга айланды.

Каныбек ИСАКОВ,  Ош мамлекеттик университетинин  ректору, филология илимдеринин доктору,  профессор

 

Каныбек ИСАКОВ,
Ош мамлекеттик университетинин ректору, филология илимдеринин доктору, профессор

 

 

  • Башкы максатыбыз – эл аралык стандарттагы билим берүүгө жетишүү. Бул үчүн биринчи кезекте билим берүүнүн тийиштүү сапаттагы инфраструктурасын түзүүгө күч үрөп жатабыз. Ошон үчүн университетте азыр төрт жаӊы окуу имаратын курдук. Негизинен өзүбүздүн ички ресурстардын эсебинен бүткөрүлдү. 250 орундуу медициналык клиника, европалык стандарттагы стоматологиялык клиника курулуп пайдаланууга берилди. Өзгөн шаарындагы медициналык колледж жаӊы сатып алынган имаратка көчтү. Финансы-юридикалык колледж жаӊыртылып курулган имаратка ээ болду.
  • ОшМУда бир жарым миӊден ашык чет элден келген студенттер билим алууда. Биз бардык сабактарды англис тилинде окуткан, эл аралык жана мамлекеттик стандартка шайкеш билим берүү системасын түзгөнгө жетиштик. Эми аларга тийиштүү шартта билим берүүүчүн эл аралык медицина факультетинин, Конфуций институтунун  имаратын жана эл аралык стандарттагы интеллектуалдык билим берүү борборун куруп баштадык.
  • Дүйнөдөгү эӊ алдыӊкы университеттер менен биргелешкен факультеттерди ачуу аракетибиз жакшы натыйжаларды берди. Түркиянын Анкара университети менен 1993-жылы  теология факультетин түзүп баштагандан берки тажрыйбабыз артып, азыркы учурда жаӊы деӊгээлге көтөрүлдүк. АКШнын Портленд университети менен бизнес жана менеджмент факультетин ачтык, ошонун негизинде 2010-жылы биринчи болуп европалык аккредитациядан өттүк. 2013-жылы Кытайдын алдыӊкы окуу жайлары менен биргелешип Конфуций институтун түздүк. Батыш жана Чыгыштын өнүккөн университеттери менен биргелешип окутуу моделдерин жараттык. Мисалы, Түркиянын моделинде ыйман лицейин түздүк.
  • Өнүгүүнүн он пайыздык план көрсөткүчүн алдыга койдук. Чет элдик студенттердин катышы сөзсүз түрдө он пайыздан кем болбошу керек. Жалпы студенттерибиздин он пайызы биздин башка алдыӊкы өлкөлөрдөгүөнөктөш университеттерден академиялык алмашуу программалары менен барып окуп келиши керек. Окутуучулук-профессордук жамааттын он пайызы чет элдик окуу жайлардан чакыртылып алынган алдыӊкы адистер болууга тийиш. Ошол эле учурда өзүбүздүн окутуучуларыбыздын он пайызы башка алдыӊкы өлкөлөрдөгүөнүккөн окуу жайларга барып, кесиптик билим деӊгээлин көтөрүп, тажрыйба топтоп келиши абзел.
  • 2012-жылы толук электрондук башкарууга өттүк: электрондук кафедра, факультет, университет түздүк, башкаруунун жана окутуунун ачык-айкындыгына жетиштик. Ачык университеттин жакшы моделин түзө алдык.
  • Коррупцияны жоюу үчүн күрөштү чечкиндүү жүргүзүп, аны пайда кылган себептерди четинен алып жок кылып жатабыз. Он беш пункттан турган иш-чараларды иштеп чыктык. Эӊ биринчи чара – 2011-жылдан баштап жыл сайын мугалимдердин эмгек акысын элүү пайызга көтөрүп жатабыз. Эмгек акынын көлөмүн быйыл ноябрь айында дагы кезектеги жолу көтөрдүк.
  • Мугалимдердин социалдык шартын жакшыртуу, социалдык коргоо чараларын көрүп жатабыз. Ош шаарынын мэриясы менен сүйлөшүп, жер бөлдүртүп алып, мугалимдерге ипотекалык турак-жай курууну пландаштырдык. Университеттин өзүндөүй куруучулар ассоциациясын түзүп, төмөндөтүлгөн арзан баадагы турак жайды курууну келерки жылы жаз алды менен баштайлы деп турабыз.
  • Эл аралык коомчулук биздин чечкиндүү кадамдарыбызга ишенди, инвестициялык колун сунду. Инвестиция тартуунун заманбап жолдорун таба алдык. Жалдырап сурагандын ордуна биргелешкен долбоорлор аркылуу акчалай түрүндө эмес технологиялар түрүндө же кызмат түрүндө алуунун көзүн таптык.
  • Биз университетте үч эркиндикти камсыз кыла алдык. Эӊ биринчи –  сөз эркиндиги, андан кийин ой-чыгармачылык эркиндиги өлкөбүздө кандай өнүксө, биздин окуу жайда дагы бекем орун алды. Биз ошондой эле тандоо эркиндигин да камсыз кылууга жетиштик. Студент мугалимди өзү тандайт, предметти өзү тандайт. Студенттин тандоосунан өтпөй калган мугалим менен кош айтышабыз. Студент мугалимдин сабаттуулугун жана анын сапатын текшерүүчү жана аныктоочу баромерт болуп калды.
  • Кадр саясатында жаштардын жигердүү энергетикасына жана көп жыл иштеген адистердин тажрыйбасына таянып, иш алып баруудабыз. Жети-сегиз факультеттин деканы болуп 35 жашка чейинки адамдар  шайланды. Улуу жана орто муундагы мугалимдерибиз жаштардын демдүү аракетине, жаӊыланууга бут тоскон жок, жакшы иштерди бардык жагынан жабыла колдоп жатышат.
  • Студенттерибиздин активдүүлүгүн өзгөчө белгилеп айтып кетким келет. Илим, маданият, көркөм чыгармачылык, спорт, жана башка тармактарда жогорку активдүүлүктү көрсөтүп жатышат. Себеби биз алардын жүрөгүндөөздөрүнүн өлкөсү, улуту, университети үчүн шыктануунун, сыймыктануунун, ар-намыстын отун жага алдык. Алар дүйнөнүн бир да башка өлкөсүнүн балдарынан эч жеринен кем эместигин, керек болсо ыймандык, адамгерчилик жана эмгекчилдик жагынан артык экенин сезип окуп жатышат. Биз студенттердин ишенимин ушул деӊгээлге жеткирдик.

ӨРҮШ АЛГАН БИЛИМ ИНФРАСТРУКТУРАСЫ

 

 Медицина факультетиDSC_5578

ОшМУнун Медициналык клиникасы 2014-жылы 23-октябрда университеттин 75 жылдык мааракесинде пайдаланууга берилди. 250 орундуу клиника төрт кабаттан туруп,  университеттин ички мүмкүнчүлүктөрүнүн эсебинен курулду.  Анда неврология, кардиология, эндокринология, жалпы терапия, дарт аныктама жана кеӊеш берүүчү бөлүмдөр учурда иштеп жатат. Окуу-лабораториялык база өндүрүштүк практикага ылайыкташкан, анын төмөнкү кабаттарында лекциялык залдар, 250 орунга ылайыкташкан конференц-зал жана лабораториялар жайгашкан.

 Стоматологиялык клиникаDSC_6985

Стоматологиялык клиника 2014-жылы курулуп, колдонууга берилди. Анда 200 орунга ылайыкташкан  чоӊ лекциялык зал, 80 орунга ылайыкташкан кичи лекциялык зал, конференц-залдар  жана хирургиялык, тиш дарылоо,  рентген, залалсыздандыруучу кааналарда заманбап  бор машиналар  жайгашкан. Акыркы үлгүдөгү медициналык жабдыктар менен жабдылган клиника ОшМУнун базасындагы экинчи клиника болуп калды.

 

_DSC2030Өзгөн медициналык колледжи

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Өзгөн медициналык колледжи Өзгөн шаарынын борбордук бөлүгүнөн сатып алган башка имаратка көчтү. Окуу корпусу заманбап технологиялар, лабораториялык каражаттар менен камсыз болду. Ошондой эле жакынкы аралыкта  колледждин жаӊы имаратынын айланасына спорт зал, 150 орундуу жатакана, окуу имараттын үчүнчү кабатын куруу, жашылдандыруу сыяктуу пландар түзүлдү.

 

Финансы-юридикалык колледжи_DSC1435

Октябрь айында ОшМУнун финансы-юридикалык колледжи дагы жаӊы окуу корпусуна ээ болду. Имарат керектүү эмеректер менен жабдылып, 22 аудиторияга кеӊейтилип, эки миӊден ашуун студенттин сапаттуу билим алуусуна шарт түзүлдү.

 

 Эл аралык медицина факультети67U

Aвгуст айында ОшМУнун Ак-Буура кампусунда төрт кабаттуу, аянты 2400 м2 түзгөн Эл аралык медицина факультетинин окуу имаратынын курулушу башталды. Аталган окуу имаратын ушул жылдын аягына чейин ишке берүү пландаштырылган. Курулуш университеттин өзүнүн ички булактарынын эсебинен каржыланууда.

 

 Медицина факультетиВВВВ

Ал эми сентябрь айында медицина факультетине төрт кабаттуу административдик окуу имаратынын курулушу башталды. Аталган окуу имаратынын аянты долбоор боюнча 12/15 кв метрди түзүп, университеттин ички эсебинен каржыланат. Окуу имаратын ушул жылдын аягында ишке берүү пландаштырылган.

 

• Пландалган курулуштар

 

 Конфуций институтуКонфуций 1

Кытай Эл Республикасы менен биргеликте үч жыл мурда ачылган Конфуций институтунда билим алууну каалагандардын саны жылдан жылга өсүүдө. Ошондуктан аталган институтка чоӊ заманбап окуу имаратын куруу боюнча кытай тарап менен сүйлөшүүлөр жүрүп, атайын каражат бөлүндү.  Курулуш иштери 2016-жылдын башында башталат.

 

 

 Интеллектуалдык борбор2шт (1)

2016-2017-окуу жылында ОшМУнун филология факультетинин артына Кыргыз-Америка, Кыргыз-Европа жана Борбордук китепкана жана ОшМУнун Интеллектуалдык борборун   куруу пландаштырылууда.

 

 Искусство факультетиИскуство.Фак 1

Искусство факультетинин азыркы имаратынын ордуна төрт кабаттуу окуу имаратын куруунун пландары иштелип жатат. Ал искусство факультетинин чыныгы жүзүн чагылдырган архитектура менен курулмакчы.

 

 Спорт комплекс002q

ОшМУда болочокто заманбап спорт комплексин куруу дагы пландаштырылып, долбоорлоо иштери жүрүп жатат.

 

 

Кытай менен кызматташтыктын үзүрү

2013-жылы Синьцзян педагогикалык университети менен кызматташтык башталып, ОшМУда Конфуций институту ачылган. Азыркы күндө университетте искусство, тарых, юридика, бизнес жана менеджмент, медицина, эл аралык мамилелер факультеттеринде кытай тили кошумча чет тили катары окутулуп жатат.

 

 Конфуций институту аркылуу 2013-14-окуу жылында 11, 2014-15-окуу жылында 82, 2015-16-окуу жылында 45 студент КЭРдин ЖОЖдоруна бюджеттик негизде жарым жылдык, бир жылдык, төрт жылдык билим алууга жана магистратурага жөнөтүлгөн. Андан сырткары, 2013-жылдан тарта жыл сайын Кытайдын шаарларына  эки-үч жумалык жайкы лагерлерге катышкан студенттер жана мугалимдердин саны 80ге жетти.Бүгүнкү күндө ОшМУ менен Кытайдын бир катар ЖОЖдорунун ортосунда  кызматташуу жөнүндө келишимдерге кол коюлуп, студенттер төмөнкү университеттерде билим алышууда:

  • Пекин тилдер жана маданият университети
  • Шанхай чыгыш-кытай педагогикалык университети
  • Чаньань университети
  • Шэньян педагогикалык университети
  • Ганьсу саясий-юридикалык институту
  • Гуйлин технологиялык университети
  • Синьцзянь педагогикалык университети
  • Синьцзянь финансы-экономикалык университети

Андан сырткары, Шанхай саясий-юридикалык университети, Сучжоу университети, Ланчжоу университети, Лудун университети сыяктуу ЖОЖдорунда да Конфуций институту аркылуу барып билим алышууда.

Ноябрь айында ОшМУнун ректору Каныбек Исаков Пекин тилдер жана маданият университетине иш сапар менен барып, 2+2 программасы боюнча эки ЖОЖдун дипломун ала турган бакалаврларды даярдоо, магистрлерди алмашуу, китептерди басып чыгаруу боюнча келишимдерге кол коюп келди.

Ал эми Шанхай чыгыш-кытай педагогикалык университетине болгон иш сапарында Кыргызстанды изилдөө борборун ачуу, мугалимдер менен студенттерди алмашуу жана жайкы лагерлерди уюштуруу боюнча келишимге кол коюлду.

Ганьсу саясий-юридикалык институту менен ОшМУнун ортосунда юридика кесиби боюнча магистрлерди алмашуу, эки өлкөнүн мыйзамдарын которуу боюнча келишимге кол коюлду.

Кытай тилин жана маданиятын окутуу мамлекеттик башкы кеӊсеси “Ханьбан” да иш сапар менен болуп, ОшМУнун Конфуций институтунун жаӊы окуу корпусун куруу үчүн “Ханьбан” тараптан 800 000 доллар бөлүп берүү боюнча келишимге кол коюлду.

Түркия менен жемиштүү  кызматташтык

Түркиянын Йылдырым Бейазит университетинде окуган ОШМУнун студенттери.
Түркиянын Йылдырым Бейазит университетинде окуган ОШМУнун студенттери.

 ОшМУ эӊ алгачкылардан болуп Түркия Республикасы менен кызматташууну баштаган. Түркиянын Диянет фонду менен биргеликте Борбордук Азияда биринчи болуп теология факультетин ачкан. 2010-жылдан баштап Түркия менен алака-катыштагы уюмдардын саны көбөйүп, кызматташтык кеӊейүүдө. Диянет фонду, ТИКА кызматташтык агентствосу, студенттердин жана окутуучулардын тажрыйба алмашуу Мевлана программасы, Түркия өкмөтүнүн Түрк тилдүү мамлекеттер жана бир тууган элдер башкармалыгы, ошондой эле бир катар университеттер менен түзүлгөн келишимдер кызматташтыкты кеӊири өнүктүрүүгө жол ачты.

  •  Диянет фонду менен биргеликте ачылган теология факультетине  кабыл алынган студенттер биринчи жылын Түркияда окуп келишет. Ош шаарындагы окуу корпусу жана жатаканасы акыркы технологиялар менен жабдылган. Студенттер үчүн бекер жатакана жана үч маал бекер тамактануу шарттары түзүлгөн. Мындан тышкары, ректордун жеке демилгеси менен ыйман лицейи эки жылдан бери окуучуларга да билим берип келүүдө. Лицейдин окуу корпусу жаӊы үлгүдөгү жабдыктар менен жабдылган. Аталган фонд менен түзүлгөн келишимдин негизинде лицей үчүн 2016-жылы төрт кабаттуу окуу корпусун жана алты кабаттуу эки жатакана куру пландаштырылууда.
  • ТИКА менен түзүлгөн келишимдин негизинде 2011-жылы окуу китептерди жана макалаларды электрондук вариантка өткөрүүүчүн Кыргызстанда биринчи болуп сканер-робот алынган. Жакынкы күндөрдө университеттин кампустарына студенттердин жана шаар жашоочуларынын ден соолугун чыӊдоо максатында алты даана ачык спорттук жабдыктардын комплекси алынып келинет жана спорт аянтчалары жасалат.
  • Ош мамлекеттик университети акыркы эки жылда жыйырмадан ашуун университеттер менен Мевлана программасынын алкагында келишим түзүү аркылуу 70тен ашуун студентти жана 30дан ашуун окутуучуну Түркияга жөнөтүүгө мүмкүнчүлүк алды. Аталган программа боюнча Түркиянын университеттери менен эӊ көп келишим түзгөн окуу жай ОшМУ болуп эсептелет. Бул программанын алкагында медицина, педагогика, табигый илимдер, тил жана башка көптөгөн багыттарда иш жүргүзүлүүдө.
  • Түркия өкмөтүнүн Түрк тилдүү мамлекеттер жана бир тууган элдер башкармалыгынын башчысы Кудрет Бүлбүл мырзанын ОшМУга болгон зыяратында университеттин ректору менен бир канча багытта иш алып баруу макулдашылды. Атап айтканда теология факультетинин бүтүрүүчүлөрү Түркияга  магистратура жана докторантурага тапшырып, стипендия алып окушууда.
  • ОшМУнун отуздан ашуун студенти Кастамону  университетинде билим алып келишти. Ошондой эле аталган университеттин профессорлору ОшМУга келип, лекция окуп, семинарларды өткөрүшүүдө
  • Абант Иззет Байсал университети менен студент жана окутуучулардын тажрыйба алмашуусу, айрым адистиктер боюнча принцибинде Түркиянын да дипломун берүү жана ошондой эле ОшМУда азык-түлүк инженериясы жана азык-түлүк коопсуздугу адистиктерин ачуу жөнүндө келишимдер түзүлдү
  • Анадолу университети менен дистанциялык билим берүүнүөнүктүрүү боюнча келишим түзүлдү.
  • Сулейман Демирел университети менен ар түрдүү багыттарда магистратура жана докторантура даярдоо боюнча алдын ала макулдашуулар бар
  • Түркиянын Диянет фонду менен биргеликте Ислам аалымы имам Серахсинин күмбөзүн реконструкциялоо жана анын айланасында мечит, маданий-билим берүү комплексин куруу иштери уланууда. Демилгечи катары ОшМУ Серахси туурасындагы маалыматтарды топтоп, эксперттик кызмат көрсөтүүдө.
  • ОшМУнун демилгеси менен Өзгөн шаарындагы караханиддерден калган мунара, күмбөз жана комплексин реконструкциялоо планын ТИКА колдоого алып, баштапкы материал топтоо университеттин окумуштууларынын катышуусу менен ишке ашты.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*