“МАНАС” ЛИЦЕЙИНДЕГИ ЗАМАНБАП БИЛИМ

Кыргызстандын Эл мугалими Жаныш Жанузаков жетектеген лицейдеги мээнеткеч агартуучулар жана жетишкендиктер.

Таластагы “Манас” лицейин жакшы деп  көп угабыз. Миӊ уккандан бир көргөн дегендей, мактоолордун баарын өз көзүбүз менен көрүп келели деп ошол касиеттүү Манас бабабыздын атын алып жүргөн лицейге жөнөп калдык. Төө-Ашуунун тайгак жолдорунда тыгынга туш болуп, кар учурган бороонуна кайыл болуп кышты кыш дебей сапарда бараткандар  бири-бирибиз менен аӊгеме-дүкөн кура баштадык.

IMG_3316

-Жанатан телефон менен сүйлөшкөн кебиӊизге караганда журналист окшойсуз ээ, – деди сапарлашым кызыга суроо узатып. – Ооба, – дедим.

– Ушинтип суукка карабай кабар чогултат турбайсыздарбы, – деди тамашага салымыш болуп. Андан ары кебибиз дымып калды. Себеби тайгакта эптеп түз жолго чыкканды самап келаттык.

Бишкектен кеч чыктык эле. Көөдөй караӊгыда Талды-Булактын түшө беришинде шопурдан Ак-Сайдагы “Манас”  лицейинен токтотуп коюсун сурандым. Жанымдагы сапарлашым ал жакка баратканымды угуп кеп улады.

– Сиз Жаныш агайдын мектебине бараткан турбайсызбы. Таластагы эӊ  мыкты лицей. Балдарыбызды ушул жерге окутабыз деп даярдап жүрөбүз. Бул жердин шарты сонун, мугалимдери мыкты, – деди. Машинеде бараткандар да ага кошулуп лицейди мактап киришти.

Мен мактаганы деле бараткан жокмун. Көргөнү баратам, – дедим акырын. Журналисттерди жамандатып эле койсо болду дегенсишип унчукпай калышты. Ичимден элдин пикири тегин эмес экенине ынанып турдум.

Жол жээгиндеги мага тааныш Ак-Сайдагы мектепке караӊгыда келип түштүм. Бишкектеги мыкты мекемелердей тоголок лампалар менен жарык чачкан, тегереги зымпыйта тозулган бул мектепти  чын эле тааныбай турдум.

– Мени туурап бардык мектептер ушундай  лампа койдурабыз деп жатышат, – деди Жаныш агай күлүп. Агайдын үйү да мектебиндей жарык, шайма-шай экен.

 Жаныш агайды Таласта кимдер билбейт. Илгери 1992-жылы лицейине барсам мугалимдери менен бирге окуу жайдын алдындагы чөптөрүн жулуп, арыгын казышып жүрүптүр. Ал агай бул лицейди баладай асырап, канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай эрезеге жеткирди.

 – Эгемендүүлүктүн 24 жылында төрт жолу көчтүк. Жашырганда эмне, ошол “көчмөн” кезибизде билим жагынан бир аз аксадык. Топтоп алган мыкты мугалимдерим, окуучуларым ар кайсы жерде калып кетишти. Эми кайра өз айылыбыз “Манастагы” мектепке биротоло көчүп барып, мурдагы типтүү мектептин базасында лицей-интернат болдук. Иш көп. Мектеп биртоп жылдан бери каралбай калган экен. Демөөрчүлөрдү издеп жүрөм, – деди эле төрт жыл мурун мага жолугуп калып.

Мектебиӊиз тууралуу жазбайлыбы десем: – Биринчи иштейли, оӊололу, башкаларга көрсөтө турган артыкчылыгыбызды ишке ашыралы. Анан мактансак болот,- деген агайыбыз. Андан бери зуулдап беш жыл өтүп кетиптир. Беш жыл аралыгында  Жаныш агай мугалимдик кесипте 42 жыл, анын ичинде директорлук кызматта 31 жыл, лицейде 25 жыл талыкпай иштегени үчүн  КРнын Эл мугалими наамына татыктуу болду.  Ага чейин КРнын Эмгек сиӊирген мугалими наамын алды. “Жылдын Бакайы” аталды. – Жөжөнү күзүндө санай турган кез келди агай, – дедим күлүп. – Келе бергиле, мугалимдерим да, окуучуларым да чоӊоюп калышты. Моюн беришпейт, – деп күлдү. Адамдын  эмгегин айтыш үчүн азыркы заманда сыйлыктарын санап койгон жетишсиз. Жогоруда айтканымдай, элде ал киши жөнүндө эмне кеп бар, ошого да көӊүл буруш керек эмеспи. Жаныш агайдын атасы Буруш ушул мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп, 41 жашында көзүөтүп кетиптир. Атасынан эрте ажырап, 8 бир тууганынын жоопкерчилигин мойнуна алып, ЖОЖду сырттан окуп, мектепте мугалим, сыртта чарба жумушу деп жүрүп, турмуштун ысык-суугун көп тартыптыр. Өмүрлүк жолдошу да башталгыч класстардын мугалими болуп жүрүп, эс алууга чыккан. Бир  тууганы, келини да мугалим. Жаныш агай үй-бүлөсүндө мугалимдердин династиясы улана берерине ишенет. Элде Жаныш агай тарбиялаган балдар мыкты адам болуп чыгышарына ишеним чоӊ.

Эртеси таӊкы төрттө туруп жүргөн Жаныш агайдан: “Таӊ атпай кайда барасыз, – десем – Котельныйди, (мектепти жылытуучу буу казандары) көрүп келейин. Сен жата бер. Азыр эрте, – деди. Агайдын иш күнү ушинтип төрттө эле башталат экен. Себеби лицей үйүнүн жанында, эки жүз метрдей эле.

– Мындай суукта баары бир теӊ, жылуулук бир теӊ го. Биздики интернат эмеспи. Балдар үшүбөсүн деп жылуулукту өзүм көзөмөлдөйм. От жаккан балдарды улам-улам барып карап турам, – дейт. Агай өзү жеринен аз уктайт экен. – Үч саат уктасам уйкум канып калат. Башынан аз уктайм, – деди агай. Куш уйкулуу дечүбеле… Айтор,  сергектик адамдын табиятынан болот эмеспи. Интернатты балдарга атасындай мамиле жасаган ушундай мээримдүү, камкор адам башкарыш керек экенин туюп турдум.

– Бул мектеп интернатка ылайыксыз салынган. Анын залдарын атайын пластиктер менен бөлүп, жатаканага айланттык. Жууна турган жайларды, туалеттерди мектептин ичине орноштурдук. Тийиштүү жерлердин баарына суу чыгардык. Мектептин ашканасын Россиядан берилген  акча каражатына 2014-жылы оӊдотуп чыктык. Жалпысынан ремонтко мамлекеттен, демөөрчүлөрдөн берилген алты миллион сом пайдаланылды, – дейт мектеп директору.

Жөнөкөй мектепти жатак мектепке айлантканга көп түйшүк кеткени кайра жасалган иштерден көрүнүп турат. “Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк” программасынын алкагында иш алып барышып, натыйжада 674 миӊ сомго эмеректер алынып, ысык, муздак суу чыгарылыптыр. Ашкана орду түбү менен оӊдолгон. Россиядан сатып алынган аппаратка алты минутада бир кап камыр жуурулуп, ачытылат экен. Спорт залы жаркырайт. Мектепте 1-4-класстагы 299 окуучуга шашке тамагын, жатак-мектептеги 150 окуучуга беш маал тамакты ашпозчулар убагында сапаттуу  даярдап турушат. Андагы афтоматташтырылган шарт мага жакты. Жатак мектептин окуучулары кофе, чай ичем десе атайын орнотулган таза суудан колдоно алышат. Биз көбүнчө чет  өлкөлөрдөгү мектептерди көрүп келип эле мактай беребиз. Андай мектептер бизде деле бар экен. Жанузак агай дүйнөдөгү мыкты тажрыйбаларды лицейде ишке ашырганга көп аракет кылаары көрүнүп турат. Мисалы, ал Арменияга барып келген соӊ,  мектеп менен ата-эненин ортосундагы байланышты катуу чыӊдаган. Кечээ жакында Жаныш агай “Роза Отунбаеванын демилгелери” аттуу эл аралык фонддун чакыруусу менен Түркия Республикасындагы мектептерди көрүп келиптир. Андагы жакшы тажрыйбаларды мугалимдер менен бирге бөлүшүп, жакшы жактарын өздөрүндө пайдаланалы дешүүдө. Өз казанында эле кайнай бербей дүйнөдөгү алдыӊкы педагогиканы, ыкмаларды ылайыгына жараша биздин менталитетке да киргизгиси келген мугалимдердин аракети жакшы натыйжаларды берет деп ойлойбуз. Мектепке келгендер: “Себатты” эле мактай беребиз, андай мектепти жаратыш биздин деле колдон келет турбайбы” – деп айтып кетишүүдө. Бул биз үчүн сыймык, – дейт мугалимдер. Акыйкатта, каражат жетпейт деп кол куушурбай мектептин материалдык-техникалык базасын заманбап талаптарга ылайык чыӊдоо үчүн түркүн долбоорлор менен иш алып барып, демөөрчүлөрдү таап, мыкты мугалим адистерди бир жерге топтоп, билим, тарбия жаатындагы иштерди натыйжалуу уюштура билген Эл мугалими Жаныш Жанузаковго мугалимдер жамааты тереӊ ыраазы экендиктерин жашырышкан жок.

Мектептин тегерегине видео көзөмөл орнотушуптур. – Рэкет, зомбулук деген балээден алыс бололу дедик. Кечке окуучулар мугалимдердин көз алдында болушат. Көп учурда окуучулар эмне болуп жатканын айтышпай жашырышат. Бирок мен баары бир билип алам. Метепке кай жактан балдар келип жатканын көрүп турам. Бир нерсе болсо өзүм изилдеп жөнөйм. Керек болсо Бишкектен да таап келем. Бир жолу  Бишкектеги спорт мектебине биздин айылдан барып окуп жаткан балдар каникулга чыкканда келип кетишиптир. Спорт мектебине барып жолуксам таӊ калышты. Мен баары бир билип алам. Ошондуктан мектепке келбегиле. Экинчи келип бейбаштык кылсаӊар мага таарынбагыла дедим. Алар кечирим сурашты. Мен тентектердин тилин таптым окшойт, келбей калышты. Былтыр бир балабызды башка балдар уруп коюшуптур. Сурасам, эч ким айтпайт. Бирок мен сураштырып жүрүп таап койдум. Алар таӊ калып, мага акча сунушташып жатпайбы. Мен “ооруканада жаткан балага жардам бергиле. Мага силердин акчаӊардын кереги жок. Эгер дагы ушундай кылсаӊар кечирим болбойт”, – дедим. Бешинчи күнү намазга барган балдардын маселесин да чечип келдим. Мечиттеги молдолорго “силер шариятка баш ийсеӊер, мен билим берүү жана илим министрлигине, мыйзамдарга баш ийем” десем, алар мени туура түшүнүштү.

Чындыгында агай айткандай, мектепте тартип катуу экен. Болбосо коӊшу жайгашкан кесиптик техникалык (СПТУ) окуу жайдын өспүрүм балдары жайма-жай бул жакка кирип келчүдөй. Эки жакта теӊ ынтымак бардай. Таӊкалганым, окуучулар улууну көргөндө жол бошотуп, саамга токтой калышып: “Саламатсызбы?” – дешет. Көпчүлүк мектептерде, балким ушундайдыр. Бирок бул жерде өзгөчө жасалмасыз,  сени менен учурашканда окуучунун ичине орногон чыныгы ыйманды көрүп турасыӊ.

(Уландысы бар)

Майрамбек Токторов,

“Кутбилим”, Бишкек-Талас

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*