ЖОЖ: жыл ичиндеги ийгиликтер жана жетишкендиктер

Өтүп бара жаткан кой жылы республиканын жогорку окуу жайларына дагы  көптөгөн ийгиликтерди алып келди. Окуу жайлардын баардыгы жаӊыча кредиттик технологияда билим берүү, долбоорлор аркылуу илимий-изилдөө иштерин өркүндөтүү, улуттук жана жалпы адамзаттык маданий баалуулуктар менен  жаштарды тарбиялоо, окуу процессин маалыматтык жаӊы технологиялар менен жабдуу багытында олуттуу жана салмактуу иштерди  аткарышты.

Быйылкы жогорку окуу жайларындагы эӊ чоӊ окуя деп жетекчилердин кайрадан шайланышын айтсак болот. 2015-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде, Ош техникалык университетинде, Ысык-Көл мамлекеттик университетинде, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясында, Баткен мамлекеттик университетинде, Кыргыз улуттук консерваторияда жана Мамлекеттик көркөм академияда жетекчилик орунга шайлоо өткөрүлдү. Жетекчиликке ат салышкан талапкерлердин эмгек жамааттын ишеничине көбүрөөк ээ болуп, эӊ көп добуш алган жетекчи Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиянын ректору Канат Керезбеков. Ал шайлоодо 96% добуш алып, кайрадан ректорлукка дайындалды. Экинчи орунга И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору чыкты, ал эмгек жамааттын 86% добушун алып, жетекчилик кызматка кайрадан дайындалды.

Жаӊы курулуштар

Кой жылында мурунку жылдагыдай эле окуу жайдын  инфраструктурасын жакшыртууга көӊүл бөлгөн Ош мамлекеттик университети болду.  Окуу жайда бир жылда эки окуу корпусу пайдаланууга берилсе, эки окуу корпусунун курулушу башталды. Окуу жылынын башында Өзгөн медициналык колледжи жаӊы сатылып алынган, заманбап технологиялар, лабораториялык каражаттар менен камсыз болгон окуу имаратына көчсө, Финансы юридикалык  колледжи дагы октябрь айында жаӊы корпуска ээ болду. Имарат зарыл эмеректер менен жабдылып, 22 аудиторияга кеӊейтилди. Ак-Буура кампусунда төрт кабаттуу эл аралык медицина факультетинин окуу имараты курула баштады. ОшМУ сентябрь айында медицина факультетине төрт кабаттуу административдик окуу имаратынын курулушун баштады. Бул имараттарды куруу университеттин ички булактарынын эсебинен каржыланууда.

Быйыл токсон жылдыгын ийгиликтүүөткөргөн Ош гуманитардык педагогикалык институту дагы юбилейге карата жаӊы окуу имаратын куруп бүтүп, пайдаланууга берди. Республиканын борборунда жайгашып, он миӊден ашуун студенти бар окуу жайлар курбаган имаратты бул окуу жайы  ички каражатынын эсебинен курду.

Бул жылы Борбордук Азиядагы Америка университети дагы жаӊы имаратка көчтү. Аталган окуу жайдын буга чейин өзүнүн имараты болгон эмес.

Бишкек гуманитардык университети болсо  Япониянын өкмөтү бөлгөн гранттын эсебинен башкы корпусунун 3-кабатын толук ремонттон өткөрүп алды.

Эмгек акы жогорулаган окуу жайлар

Өтүп бара жаткан жылда бир катар окуу жайлар эмгек жамааттын эмгек акысын жогорулатууга жетишти. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети профессордук-окутуучулук курамдын эмгек акысына үч миӊ сомдон, докторлук диссертациясын жактагандарга 60 миӊ сомдон, кандидаттык диссертациясын жактагандарга 30 миӊ сомдон төлөп бере баштады. Ош мамлекеттик университетинин дагы окутуучулары ноябрь айынан тарта 50% жогорулатылган эмгек акы алышууда.

Жаӊы ачылыштар

Кыргыз улуттук агрардык университети быйыл башка окуу жайлардан жаӊы илимий лабораторияларды көп ачкандыгы менен айырмалана алды.   Окуу жай Эл аралык айыл чарбасын өнүктүрүү фондусунун (IFAT)  долбоору  аркылуу 430 миӊ долларга  заманбап илимий ветеринардык лабораториялык жабдыктарды, приборлорду, аспаптарды жана диагностикалык куралдарды алды. Топурактын, суунун сапаттык касиеттерин изилдөөүчүн Кыргыз-Кытай илимий-изилдөө лабораториясы, «Кыргыз Республикасында органикалык дыйканчылыкты таркатуу»  долбоорунун алкагында Япониялык эл аралык катнашуу агенттиги тарабынан “Топурак таануу-агрохимия” лабораториясы ачылып,  жаратылыш ресурстарын башкаруу факультетинин окуу лабораториясы болгон “Суу музейи” кайрадан ишке киргизилди.

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде болсо жыл жаӊырар алдында “Жаӊы Жибек Жолу” Кыргыз-Кытай эл аралык институту ачылып, Кытай тарап он студентти акысыз окутуп берүү милдетин өз мойнуна алды.

Сапат сыйлыгынын ээлери

КР Өкмөтүнүн “Сапат” сыйлыгын быйыл Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университети жеӊип алды. Ал эми “Сапат” боюнча сыйлыктын дипломанты катары Ош мамлекеттик университети, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине караштуу Башкаруу жана бизнес институту жана Кусеин Көлбаев атындагы Бишкек авто-жол колледжи таанылды.

Сапат үчүн күрөшкөндөр

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети быйыл эки программа боюнча эл аралык аттестациядан ийгиликтүүөтүп, Европанын сертификатын алды.

Ысык-Көл мамлекеттик университети болсо эл аралык байланышын чыӊдоодо алгылыктуу ийгиликтерди жаратты. Учурда ТЕМПУС программасы боюнча жети эл аралык долбоор, Эрасмус Мундус долбоору боюнча эки долбоор, Норвегиянын  билим берүү агенттигинин эки долбоору, Мевлана долбоору боюнча эки протокол, Эл аралык илимий-техникалык борбордун бир долбоору, Конфуций борборун колдоо боюнча Конфуций институтунун  бир долбоору, Кыргыз-Араб борборунун өнүгүүсү боюнча бир долбоор иштеди.

Табылгалар

Быйыл жогорку окуу жайларынын профессордук-окутуучулук курамы дагы жигердүү иштеп, алгылыктуу ийгиликтерди жаратышты. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин окутуучулары: Карбекова Азиза  жана Эрназарова Бактыгүл Түштүк Кореянын Сеул шаарында өткөн эл аралык  аялдардын “Экспозиция – 2015”  форумунда үч патентти көргөзмөгө коюп, жыйынтыгында бир алтын, бир күмүш, бир коло медаль менен кайтышты.  Ушул эле окуу жайдын доценти  Б. Эрназарова  Кыргызпатент тарабынан уюштурулган  “Ярмарка идей” конкурсунда 1-орунду алып, акчалай сыйлыкка ээ болду.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*