УЛУУ ТАРЫХЫБЫЗ, БАЙ РУХАНИЙ МАДАНИЯТЫБЫЗ ЭГЕМЕН ЭЛИБИЗДИ ЖАРАТТЫ

Каныбек Исаков, филология илимдеринин доктору, профессор

 (“Тарых жана маданият жылына” карата ой-толгоо)

“Жарандарыбыз бири-бирине дем-шык берсин”

Эгемендүүлүбүздүн алгачкы жылдары материалдык жетишпестиктер адамдарды бир топ түйшүккө салып, көйгөй жаратканы менен мамлекетибиз бара-бара бутуна туруп, телчигип, кубаттанып баратат. Мына азыр өнүгүүнүн жолуна түшүп, жашообуздун оӊолуусу байкалууда. Муну ар бир жаран өзүнүн күнүмдүк жашоосунан сезип жатат. Өткөн жылы бир топ саясий окуялардын коштолгонуна карабастан өлкөбүздө туруктуулук, ынтымак, биримдик өкүм сүрдү. Мунун өзүн элибиздин жашоо маданиятынын өскөндүгү, ой-жүгүртүүсүндө, аӊ-сезиминде өзгөрүү болгондугунан деп айтууга болот. Бүгүн биз өнүгүүнүн кайсы деӊгээлине келип турабыз дегенде, биринчи кезекте өнүгүүнүн руханий деӊгээлинин зарылдыгына муктаж болуп турабыз деп айтууга болот. Адамдардын аӊ-сезимин өзгөртүүгө, эгемендүү мамлекетибизди дүйнө жүзүнө бакубат өнүккөн өлкө катары көрсөтүүгө ар бир жарандын руханий иммунитетин көтөрүү маселеси келип чыгууда. Себеби, СССР кулагандан кийин биз эгемендүүлүктүн эйфориясында жүрдүк. Ага чейин 70-80 жыл ата-бабабыздан келаткан руханий мурастардан алыстап кеттик, бирок биз 25 жыл ичинде ошол руханий мурастарды кайтарып алуу процессин башыбыздан өткөрдүк. Бүгүн биз адамдар ортосундагы жылуу мамилени өрчүтүп, оӊ энергияны күчөтүп, жарандарыбыз бири-бирине шык бере турган, бири-бирин колдоого ала турган этапка өтүшүбүз керек. Эми алдыбызда ошол бай мурастарыбызды ар тараптуу  (тереӊдетип) изилдеп кийинки муундарга жеткирүү милдети турат.

Дилгир, сергек, мекенчил жаштар келечегибиз”

Бүгүн биз коомдогу терс көрүнүштөрдү айтууга ооп кеттик, аларды саймедиреп жүрүп, алардан чыгуунун жолдорун көрсөтө албай жатабыз. Биз ар кандай көрүнүштөн позитивди, жакшылыкты издешибиз керек. Бүгүнкү коомубузда көпчүлүк жаштарды билимсиз, маданиятсыз деген түшүнүк басымдуулук кылат. Бирок ар күнүн жаштар менен өткөргөн, алар менен жакындан мамиле кылган адам катары айтар элем, бүгүнкү жаштар андай эмес, өзгөчө ыйманга ооп, адамдык мамиле, улутту сүйүү, улуттук маданиятка астейдил мамиле кылган, улуттун көрөӊгөсүн көтөрө турган, сергек жана дилгир жаштар өсүп келатат. Балким, советтер союзунда тарбияланган бизден айырмаланып, бир топ эл аралык тилдерде сүйлөгөн, бири-бири менен мамиледе улуттук нарк-насилди алып жүргөн, улуттук маданиятты сүйгөн жаштардын тобу бар экенин мен көрүп турам. Ушул көрүнүш мамлекетибиздин өнүгүүсүнө чоӊөбөлгө түзө турган жаӊы муун келатканынан кабар берет.

Тарыхый эс-тутумубузду, руханий көрөӊгөбүздү арттыралы”

“Тарых жана маданият жылы” Кыргызстандагы бардык окуу жайлар, жарандар үчүн кубанычтуу таберик деп айтат элем. Себеби, тарых – бул биздин элибиздин басып өткөн жолу, өрнөгү, өткөндөн сабак алуу жана бай тарыхты кийинкилерге татыктуу жеткирүү. Тарыхтан үйрөнүп, келечекке көз жүгүртүү. Ал эми маданият болсо, адамдардын дүйнө таанымынын жеткен чеги, жүрүм-туруму, улутубуздун жан дүйнөсү дегенди түшүндүрөт. Ошон үчүн биз эртен кыргыз элине, кыргыз жаштарына кандай маданиятты бере алабыз деген маселе ЖОЖдо иштеген ар бир окутуучунун, илимпоздун, педагогдун негизги вазипасы болуп эсептелет. Бул “Тарых жана маданият жылы” чыгармачыл жана илимий интеллигенцияга чоӊ мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө.

Маданият боюнча биздин улуттун маданий көрөӊгөсүн алып жүрүүгө аракет кылган жаштарды колдоо, таланттарды колдоо маселелери да алдыбызда турат. Биз бул багытта азыр комплекстүү пландарды түздүк жана элге керектүү эмгектерди берели деп турабыз.

“2016-жыл руханий кайра жаралуу жылы болот деп турабыз”

Келе жаткан жыл мамлекетибиз үчүн дагы маанилүү жылдардан болот деп ойлойм. Анткени, 1916-жылдагы Улуттук боштондук кыймылынын 100 жылдыгы белгиленет. Муну улутубуз өзүнүн эркиндиги үчүн, боштондугу үчүн кылымдардан бери күрөшүп келаткан болсо, ошонун апогейине жеткен чектеринин бири катары карасак болот. Улут өзүнүн эркин, мүнөзүн, келечекке болгон ишенимин көрсөткөн мезгил. Ош мамлекеттик университети ушуга байланыштуу иш-чараларды, илимий экспедицияларды, конференция, семинарларды, изилдөөлөрдү уюштурабыз деп турабыз. Биз 1916-жылдагы окуяны элдин эркиндикке болгон умтулуусу катары баалап, анын баа баркын билишибиз керек. Кыргыз АССРнин, Кыргыз ССРнин түзүлүшүндөгү улутубуздун уӊгусун түзгөн аталарыбыздын эрдиктери менен акылмандуулугун, кыргыз элинин аймагын өз алдынча башкаруусун түзгөн улуттук лидерлерибиздин эмгектерин, трагедиялуу тагдырларын жаштарга жеткиришибиз керек.

Мына эгемендүү Кыргызстаныбызга 25 жыл толду. Бул деген чейрек кылым. Эркиндикке жеткен суверендүү эл катары, дүйнө жүзүнө Кыргызстан деген ажайып мамлекет бар экендигин билдирип, өзүбүзчө түндүгүбүздү көтөрүп, туубузду желбиретип жүрүп, ушул жылдарда алдыга кеткен, артка кеткен учурларыбыз болду. Канткен менен 25 жыл ичинде чыйралдык, эми өнүгүүнүн туруктуу жолуна түштүк десек болот. Эгемендүүлүктүн 25 жылы бизге эмне берди? Кандай сабактарды алдык? Кандай кемчиликтер, кандай алгылыктуу иштер жасалды? Эми мындан ары кантип өнүгүүгө жол алабыз? Элди, мамлекетти шыктандыра турган иш-чараларды иштеп чыгып, тарыхый баам салып, электен өткөрүү мезгили келди.

Мындан тышкары, Кыргыз АССРнин түзүлгөндүгүнө 90 жыл, Кыргыз ССРнин түзүлгөндүгүнө 80 жыл болду. Кыргыз мамлекетин түптөөчүлөр, алгачкы кыргыз элинин каймактары кимдер болгон? Улуттун жүзү кандай репрессияларга учурады? Мамлекетибиздин чек аралары такталып, атрибуттары иштелип чыкты, канча өмүрлөр кетти? Мына ушундай тарыхый бурулуштарда эл өзүнүн акыл-эсин, эс-тутумун сактап, анан өнүгүүгө жол алды. Ушул тарыхый окуяларды кайрадан аӊтарып, бүгүнкү сергек көз караш менен карап, талдап, жыйынтык чыгара турган мезгилде турабыз.

Маданият жылында болсо биздин социалисттик турмушка чейинки фольклордук чыгармаларды, эл ырчыларынын, залкар акындардын чыгармачылыгын системага салып, болгонун болгондой кылып, табийгый түрүндө, ар кандай идеологиялык корректировкаларды жасабай туруп элибизге кайра кайтарып беришибиз керек. Эмне үчүн улуттук мүнөздү, ой жүгүртүүнү, кыргыз жаранынын жаӊы образын түзүүнү актуалдуу маселелердин бири катарында Президентибиз көтөрүп жатат. Анткени, бул тарыхый бай мурастарыбыздан 70-80 жыл аралыгында алыстап калгандыгыбыз бүгүн өзүнүн терс жыйынтыктарын берип жатат. Ошол бөксөлүктү, жан дүйнөдөгү боштукту, улуттук руханий мурастарыбыз менен толтурушубуз керек.

Мисалы, Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгын белгилөөнүн алдында турабыз. “Куттуу билим” дастаны – адамзат тарыхындагы эӊ улуу мурастардын бири. Кантип мамлекетти сактап калыш керек, кантип өнүктүрүү керек? Канткенде адилеттүүлүк менен акыйкат өкүм сүрөт? Канткенде идеалдуу мамлекет башчысы болот? Чындык менен жалгандын ортосундагы күрөш, бийлик менен байлыктын күрөшү, мына ушундай түгөнбөгөн философияны берген Жусуп Баласагын атабыздын 1000 жылдык мааракесин белгилешибиз керек. Буларды жаштарга кантип, кандай формада жеткиребиз? Ушулардын айланасында ой жүгүртүп, изденишибиз керек. Ошондуктан бул жыл кайра жаралууга жол ача турган жыл деп айтсак болот.

“Биздин өлкөбүздүн тарыхы жана биздин улуттук маданиятыбыз”

Биз жылдын башында ураанды катуу дүӊгүрөтүп алабыз да, жылдын аягында аксап калуудабыз. Бул деген калыӊ элге жетпей жатат дегендик. Быйылкы жылы Президенттин жарлыгынын башкача болгондугун айтар элем. Бул жерде негизги багыттары, механизмдери конкреттүү көрсөтүлгөн жана чечмеленген. Жергиликтүү бийликтер үчүн да аткара турган иштер арбын көрсөтүлгөн, балдарды өз жеринин географиясын, тарыхын, маданиятын жана атактуу инсандарын үйрөтүүчү да иштер бар. Айыл, район, облустарда анан республикада боло турган иш-чаралар конкретүү айтылган. Атайын ушул жылды өткөрүү боюнча дирекция түзүлдү. Ар бир кыргыз жараны адамгерчиликке негизделген, дүйнө таануусу өтө кеӊири, маданияттуу жана ыймандуу инсан болушу үчүн бай тарыхыбызды, маданиятыбызды жаштардын жүрөгүнө жеткирүүнүн жолдорун издешибиз зарыл. Бул жылы ар бир жаран менин өлкөмдүн тарыхы жана менин улуттук маданиятым деп ушул асыл ишке өз салымын кошушу керек.

“Беш манжа башка билек бир, баарыбыз башка, тилек бир”

Кандай иш-чара болбосун жаштарды тарбиялоодо бул окуу жайлардын иши, ал музейдин иши, бул театрдын иши, бул китепкананын иши, бул академиянын иши дебестен, биз бир системанын бөлүгү катары органикалык биримдикте агартуучулук милдетин аткарышыбыз керек, ошондо жыйынтык жакшы болот.

“Руханий иммунитетибизди көтөрүү – улутубузду чыйралтуу”

“Тарых жана маданият жылына” карата түзүлгөн  иш-чаралар мамлекеттик стратегиялык багыт катарында демилгеленип жатат. Анан албетте, алардын ишке ашуусуна карапайым элдин салымы чоӊ. Көчмөндөр оюнуна Оштон барып, биз дагы колубуздан келген жардамды бердик. Биз буга чейин жогорудагылар чечет, алар биз үчүн ойлонот деген түшүнүктө жашап келгенбиз. Биздин жарандык коом саясатта, саясий өнөктүктөрдө активдүү болуп кетет да, ал эми түбөлүктүү маселелерде ак ниет коомду курууда, улуттук адеп аклахты көтөрүүдө активдүүлүгү азыраак болуп жаткандай.

Бирок ошол эле мезгилде элдин арасында адамдык нарк-насилди, адамдык ар намысты сактап жүргөн адамдарыбыз да көп. Кептин баары биз аларды жакшы угалбай жатканыбыздабы деп ойлойм. Алардын үнү коомго таасирдүү болбой жатат. Бүгүн биз утурумдук нерселер менен алектенип жүрүп калдык, коомубуз салабаттуу, омоктуу ойлорго өтө муктаж болуп турат. Кыргызда сөз бар: “Пенде пейилинен табат” деген, бул бөксөлүк биздин саясатташып кеткенибизден болсо керек. Бүгүн элдин руханий иммунитетин көтөрүшүбүз керек. Республикабызда азыр эӊ көйгөйлүү маселелердин бири диний башаламандык, диндеги, саясаттагы иштер коопсуздугубузга шек келтирип жаткандай. Сырттан келген агымдарга биздин ылгабай туруп аралашып кеткенибизден болууда, эгер аларды анализдеп мамиле кылганыбызда мындай терс көрүнүштөр болбойт эле. Коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөргө руханий иммунитетибизди көтөрүү аркылуу жооп беришибиз керек. Өзүбүздүн инсандык бекем ишенимибиз менен ата-бабаларыбыздан калган руханий мурасты жан дүйнөбүзгө сиӊирип, жалпы адамзаттык маданияттын жакшысын ажыратып алып пайдалансак анда биз ак ниеттүүөлкөнү курабыз.

“Биз улуу тарыхы менен мактанган, бакубат өлкөнү курууга бараткан элбиз”

Улутчулдук деген өтө ар тараптуу түшүнүк. Улутчулдук кээде националист катарында каралат, эгер андай болсо мен колдобойм. Себеби, Кыргызстаныбыз көп улуттуу өлкө. Байдылдачасынан айтканда, “Улутчул дешет билбеген, улутун кимдер сүйбөгөн. Кыргыз деп келгем дүйнөгө, Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн”. Бул жерде улутун сүйүп, аны көкөлөтүп, анын руханий байлыгын бүт жан дүйнөсүнө сиӊирүү, бул кайсы бир улуттун укугуна шек келтирүү эмес. Кайсы бир улуттун эсебинен өз улутуӊду көтөрүүгө далалат болсо, кайсы бир улуттун укугун чектеп, аны түшүрүп, өзүӊдүкүн көтөрүүгө аракет болсо андайды мен мүмкүн эмес деп айтар элем. Бирок эч бир улуттун кадырына, аброюна шек келтирбей туруп эле өз улутуӊдун өзгөчөлүгүн, асыл-нарктуулугун, улуулугун даӊктай турган позицияны мен колдоймун. Дүйнөдө ушундай элдер бар, өзүнүн улуу тарыхы менен мактанган. Биз ошол улуу тарыхы менен мактанган элдердин катарына киребиз. Ошол эле мезгилде улуу тарыхты азыр жасап аткан улуттар да жок эмес. Өзүнүн мамлекетин бакубат жана дөөлөттүү кылып көрсөтүп, дүйнөгө чоӊ таасир жасап аткан мамлекеттер ондоп саналат. Дагы бир элдер бар, алар улуу тарыхты жасоого даярданып жаткан, ошол процесстин алдында турган мамлекеттер.

Биз улуу тарыхы менен мактанган элбиз. Бирок мактанып эле жүрө бербей, ар бирибиз бүгүнкү ааламдашуу доорунда, бүгүнкүдөй замандын учкул кырдаалында ошол даӊктуу тарыхты кантип кайталайбыз деп ойлонуп, түйшөлүп, кыйналып, чыйралып, изденип ошол улуу тарыхты кайрадан жаратып, бакубат мамлекетти куруга даярданып  жаткан элбиз деп айтар элем. Бул мезгилде жашап жаткан замандаштарыбыздын баары бактылуу болушу керек. Улуу тарыхты жасап жаткандарга караганда, улуу тарыхты жасоого даярданып жаткан процессте сен өзүӊдүн салымыӊды кошуп, элдин аӊ-сезимин, жалпы массаны ошол жакка багыттай алууга аракет жасап, ошол боюнча өзүндүн азганактай болсо да эмгектериӊди жазып, туура кеп-кеӊешиӊди айтып, башкалар ойлоно элек ойлорду коомчулукка бере алсаӊ, анда өз мамлекетиӊдин жараны катары өзүӊдү бактылуумун деп айтсаӊ болот. Мен ар бир окуядан позитивди издеп жүргөн адаммын. Себеби, ар бир Кыргызстандык ойлонот, кейийт, кыжаалат болот, үмүт кылат, ишеним артат, бара-бара жан дүйнөсүндө бекем ишенимдер пайда болот. Анан чечкиндүү кадамдарды таштайт. Ошентип биз тереӊ жана бийик маданиятыбыз бизге чоӊ дем, түрткү бере турган мезгилге келдик.

Тарых үчүн 25 жыл өтө эле чоӊ убакыт эмес. Ушул мезгилде улут кантсе да чыйралды, башынан жакшы жаманды өткөрдү. Кемчилик менен алгылыктуу иштерди да, бактылуу күндөрдү да көрдү. Эгемендүүлүк оӊой оокат эмес. Биздин улуу тарыхтан алган сабак бүгүн бизди ушул эгемендүүлүккө алып келди. 2000-3000 жылдык тарыхы бар элдер жок болуп кетсе да, биз жок болбой, чачылып кайра жыйналып, үзүлүп кайра уланып, кайгырып кайра кубанып жашап келатканыбыздын феномени мына ушунда турат. Элибиз “Манас” сыяктуу эпикалык ой жүгүртүүнү пайда кылып алып, ошого ишенип, анан ал ишеними эгемендүүлүкө түрткү болду, дем күч берди. Алгач сөз жана ой жаралды, анан азаттыкка болгон умтулуу жана аракет пайда болду. Ошон үчүн артыбызда улуу тарыхыбыз, алдыбызда кеӊ келечегибиз бар деп айтууга болот.

“Улутубузда өзүн-өзү сактоо инстинкти өнүккөн”

Шанхайда Пудун деген академия бар, ал жерде мамлекеттик чиновниктер даярдалат. Жакында Пудун академиясынын ректору менен аӊгемелешип калдык. Ал Орто Азияга, анын ичинде бизге аябай кызыкты. – Силерде эки жолу революция болду, бирок элиӊер чыйралып өзүн тапты, башка мамлекеттердей болуп ара жолдо арсар болуп калган жок, себеби эмнеде –  дейт. – Биздин ар бир жарандын генетикалык кодунда, жандүйнөсүндө жашаган касиет бар. Бул улуттук акыл-эси (разум), керек мезгилде ар бир кыргыз жеке өзүнүн амбициясын ооздуктап туруп, жалпы улуттун кызыкчылыгын башкы орунга кое алат. Анан акыйкаттык, адилеттүүлүк, калыстык, тазалык үчүн күрөшкөөмүрүн арнап койгон, муктаждык болсо өлүмдөн да коркпогон калкпыз. Улутубузда зарыл учурда өзүн-өзү сактоо инстинкти ойгонуп, элибизди сактап турат  – деп айттым.

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгында кыргыздын улан-кыздары дүйнөнүн биздин ата-бабаларыбыз буту басып барбаган жерлерде жакшы оокат кылып, кадыресе бутуна туруп, жашап жатышат. Башка бир дагы улуттун өкүлдөрүнөн интеллектуалдык жактан, профессионалдык жактан кем эмес экендигин, керек болсо адамгерчилик жактан бийик экендигин көрсөтүп иштеп жаткандыгын кантип танабыз. Кыргыз жаштарынын жан дүйнөсүндө бир феномен бар. Баса белгилеп кетейин, дүйнөнү кармап турган эӊ алдыӊкы өлкөлөрдүн өкүлдөрүнөн кем эмес экендигин далилдеп, керек болсо адамгерчилик жактан бийик деӊгээлде туруп аракеттенип жатканы, бизди келечектен үмүт кылдырат. Бүгүн дүйнөнүн кайсы бурчунда болсо да, бутуна туруп, айылдагы ата-энесине акча жөнөтүп жатышкан балдарды көрүп жатабыз. Бул биздин элдин ар кандай кырдаалда жашап кетүүгө ыӊгайлашкан ийкемдүү касиет анын жан дүйнөсүндө жашап жаткандыгын көрсөтөт. Мисалы, чет өлкөдөгү кыргыз жаштары кара жумуштан интеллектуалдык жумушка өтө баштады. Керек болсо ошол жерде жетекчилик кызматтарга келишти, адамдарды жумуш менен камсыз кылган бизнестерди жасап, интеллектуалдык деӊгээли менен жашай баштады.

“Жамандыкты эмес, коомубуздан жакшылыкты көбүрөөк издесек”

(Жакшы ниетти жолдош кылалы)

Бардык жерлерде парасаттуу инсандарыбыз бар, айылда, шаарда, эл арасында жүрүп, өзүнүн бийиктигинен түшпөгөн ой жүгүртүүсү, көз карашы бар, принципиалдуу инсандардын ойлорун көбүрөөк элге берсек. Көбүнчө биз кайсы бир адамдарга таянып алып, элди тажатып койгон учурларыбыз болот. Өзүнүн нарк-насили менен, салабаттуулугу менен, токтоолугу менен жашаган адамдар бар үчүн ошол айыл кармалып турган, шаар же облус кармалып турган учурлар көп. Мына ошондой инсандар болбосо коом аӊтар-теӊтер болуп кетмек, баары эле жамандыктын артынан кууп кетмек, жакшылыкка жашоодо орун калмак эмес. Ошон үчүн ушундай нерселерди көп берсек деген ой. Жакында Туркиянын дин иштери боюнча башкармалыктын башчысы Мехмед Гөрмес экөөбүз сүйлөшүп отурганда ал айтты: “Урматтуу ректор, бүгүн бир адам кыйналып жатса, ага бирөө келип жардам берсе, ага жүрөгүн, колун сунса, бул телевидение, гезит-журналдар үчүн окуя болбой калды. Тескерисинче бирөөгө бирөө жамандык кылса, кыянаттык жасаса, бул нерсени маалыматтын биринчи бетине шашылып сүйүнчүлөгөнүбүз эмне, биз каякка баратабыз” – деди. Мен да ушуну айтар элем, бүгүн биздин элдин маанайын, коомдук ой жүгүртүүсүн позитивге бурушубуз керек.

Биздин университетте 80 жашка чыккан профессор агайыбыз бар. Ал жылына беш студентке 100 доллардан 1200 доллар, жылына 6000 доллар стипендия берет. Ошондо ар бир студентке жылына 90 000 сомдон стипендия берет. Бул беш жылдан бери туруктуу улантылып келатат. Ал бүт өмүрүндө жыйнаган, терген дүйнөсүн банкка салып, студенттерге стипендия берүүүчүн университет менен келишим түздү. Бул акчаны алган ар бир стипендиат өзүн-өзүөнүктүрүүгө жумшап жатат. Профессордун депутат болсом, же кайсы бир кызматка барсам, атым чыкса, ушул иштен пайда көрсөм экен деген оюнда жок. Ал бул ишинен ырахаттануу алат, канааттануу алат, өзүнүн жашоосунун мазмуну катары көрөт. Эмне үчүн биз андай жакшы саамалыктарды айтпашыбыз керек? Жөнөкөй адамдардын ортосундагы бири-бирине кылган жакшылыгын, бири-бирине адамдык кол сунуусун элге беришибиз зарыл деп ойлойм. Биздин студенттер өздөрүнүн демилгелери менен бир жаш радио журналист досунун өмүрүн сактап калуу үчүн боорун алмаштырууга 65 000 долларлык каражат жыйнады. Буга эч бир кызматтагы адамдар кийлигишкен жок. Жаштар базарларда, көчөлөрдө, театрда акцияларды өткөрүштү. Жардам көрсөтүүнүн түрдүү заманбап жолдорун табышты. Ушундай аруу ишке, кайрымдуу иштерге демилгечи болуп жаткан жаштарыбыз да бар. Улуулардан башталган жакшылыктар жаштарыбызда уланып келе жатат. Ал эми мындайларды окуя катары көрсөтпөй жатпайбызбы. Коомдон жамандык эмес, жакшылык издесек деп толгономун. Ата бабаларыбыз сапарга чыгаарда, “жакшы ниетти жолдош кыл” деп айткан.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*