КӨРКӨМ ӨНӨРДҮН ТАТААЛ СЫРЛАРЫН ҮЙРӨТКӨН ОКУУ ЖАЙ

Быйылкы Тарых жана маданият жылы  кыргыз элинин жашоосун, тарыхын, маданиятын кайра баштан жандандыргандай, узак уйкудан ойгонгондой, унутулуп бараткан баалуулуктарды кайра эске салгандай эле болуп калды. Улуу тарыхты тастыктап изилдегендер, маданиятка күйүп-бышкандар,  улуу баалуулуктарды аздектегендер үчүн чырагына май тамгандай эле болду.    «…Бизге жеткен ата салтын, мурасын ыйык сактап урпактарга берели…» , – деген саптар мамлекетибиздин символикаларынын бири Гимнде да айтылат. Ошол ата салтын, мурастарын, кол өнөрчүлүктүн сырларын келечек муундарга үйрөтүп келе жаткан Бишкек шаарындагы №92 Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн С.Чокморов атындагы кесиптик окуу жайы жөнүндө  бир аз сөз кылсак ашыкча болбостур.  Бул республика боюнча кол өнөрчүлүктүн көптөгөн тармактарын камтыган жалгыз  окуу жайы.

Кыргыз элинин бай мурастарынын бири – анын улуттук  көркөм кол өнөрчүлүгү. Элдин  ушул  көөнөрбөс көркөм мурасын сактап, кийинки урпактарга жеткирүү максатында жана элдик чебердин жолун мындан ары улантуу үчүн  1979-жылдын 13-апрелинде өкмөттүн чечими боюнча борбор шаарыбыз Бишкекте элдик кол өнөрчүлөрдүн №92 кесиптик-техникалык окуу жайы ачылган.  Ал эми 1993-жылы  өкмөттүн токтомунун негизинде  Бишкек шаарындагы №92 Мураскер элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн кесиптик-техникалык окуу жайына кыргыз киносунун көрүнүктүү актеру, белгилүү  сүрөтчү  жана коомдук  ишмер С.Чокморовдун ысымы ыйгарылат.

№92 кесиптик-техникалык окуу жайы  ушул  мезгилдин ичинде ар кандай кесиптеги бир  катар миўдеген чеберлерди тарбиялап, даярдап чыгарды. Алар улуттук көркөм өнөрчүлүктүн  татаал  сырлары менен ыктарын үйрөнүп чыгышты. Аталган окуу жай бир топ жылдар бою «Кыял», «Мураскер» бирикмелерине, Айнек заводуна, Булгаары заводуна, тери иштетүү фабрикасына ар кандай кесиптеги адистерди даярдап келди жана бүгүнкү күндө да улантууда. Кол өнөрчүлөрдү, чеберлерди  даярдоодогу талыкпаган эмгеги четте калган жок.

   1989-жылдын 1-сентябрынан тартып окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт. Баса, окуу жайдын тарыхына көз чаптырсак анын аталышы бир канча жолу өзгөрдү. Маселен,  1979-жылы №19 шаардык кесиптик-техникалык окуу жайы (ГПТУ) деп аталса, 1983-жылы №4 техникалык окуу жайы (ТУ) болуп өзгөрөт, андан соў  1984-жылы №92 «Мураскер» элдик көркөм кол өнөрчүлөр окуу жайы болот, ал эми  1993-жылдан азыркы күнгө чейин №92 Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн С.Чокморов атындагы кесиптик окуу жайы деп аталып келатат.

Окуу жайда  билими, квалификациясы, кесиптик деўгээли жогору  39 инженер-педагогикалык кызматкер эмгектенет.  Ар бир окуу жайдын ийгиликтүү ишмердүүлүгү, заман талабына шайкеш келүүсү, анын жетекчисинен көз каранды эмеспи. Ошондой жетекчилердин катарында Сакеева Тамара Касымбековна бар. Ал  көп жылдан бери өзүнүн талыкпаган эмгегинин натыйжасында окуу жайга бардык шарттарды камсыз кылуу менен бирдикте реформатор катары таанылган  жетекчи болуп саналат. Окуу жайы ачылгандан   бери көркөм өнөр тарыхы сабагынын мугалими, көп жыл бою окуу-методикалык, тарбиялык иштерди жүргүзгөн А.Кангелдиева,  Ж.Бакасова, живопись мугалими Т.Бектенов, дене тарбия жетекчиси К.Борбиев, окуу-методикалык иштер боюнча директордун орун басары А.Ботобекова, мугалимдер: Т.Бектенов, С.Алыбаева, М.Букардинов, колунан көөрү  төгүлгөн устаттар: А.Турдубаев, К.Шайбеков, Т.Касымалиев, Ж.Шаиева, Б.Байызов,  жаш болсо да келечекте көптү  үмүттөндүргөн жаш устаттар: Н.Тообашева, Д.Балыбаева, К.Сагынбаев, Төлөбек уулу Тыныбек, Д.Жумагулова, эсеп-чарба кызматкерлери А.Баялиев, Г.Джумалиева, А.Сыргабаева  үзүрлүү эмгектенишип жаш муундарга талыкпай билим-тарбия берип, кесиптин, өнөрчүлүктүн бардык сырларын үйрөтүп келе жатышат.

Айта кетсек,  зергерчилик, жыгачтан, булгаарыдан көркөм буюм, булгаарыдан улуттук бут кийим, улуттук буюмдарды жана сувенирлерди жасоону, улуттук буюмдарын жана кийимдерин көркөмдөөнү, улуттук стилдеги чач-тарач жасалгаларын, кенен тармактагы көркөм сүрөт түшүрүүчү, терини көркөмдөп башка жердиктер менен айкалыштырууну үйрөтүүнү окуу жайыбыз эў негизги максаты катары белгилеген. Кол өнөрчүлүктүн сырларын  өздөштүрүүдө эле анын качан, кандайча келип чыкканына  кызыгуу пайда болот. Мунун өзү эле тарых жана маданият. Заманбап, кесипкөй өнөрчүлөрдү даярдоо комплекстүү жүргүзүлөт. Окуу жайда өзүнүн китепкана  фонду, музейи, спорт аянтчасы, өнөрканалары, Манас таануу кабинети бар.   Теориялык жана өндүрүштүк окуулар азыркы замандын талабына ылайык түзүлгөн.

    Окуу жай баарыбыз сыймыктанган   кыргыз элинин тарыхынын бай мурастарынын бири – анын улуттук  көркөм кол өнөрчүлүгүн, көөнөрбөс көркөм мурасын сактап, кийинки урпактарга жеткирүү  жана элдик чебердин жолун мындан ары улантууну максат кылган үч миўден ашуун улан-кыздарды уясынан учурду. Азыркы мезгилде биздин бүтүрүүчүлөр бир гана Кыргызстанда эмес, башка бир топ мамлекеттерде да улуттук көркөм кол өнөрчүлүк аркылуу кыргыз элин, кыргыз мамлекетин  дүйнөгө таанытып келе жатышат.

Биз, кыргыз элинин башка элдерден болгон өзгөчөлүгүн – кылымдардан бери келе жаткан бай мурастарында экенин мына ушундан билебиз. Алардын сакталышы, муундан муунга уланышы «Мен – кыргызмын!»  деген ар бир атуулдун колунда.  Бөлүнгөн эчен төр экен, Бөлөкчө бейиш жер экен! Тоолорунда улагы, токоюнда чынары эчтемесин аябай берген экен кудайы! (Манастан үзүндү). Ушундай ажайып кооз Мекенибизди жети кереметибиз толуктайт: Ала-Тоо, Манас, Ысык-Көл,  боз үй,  ак калпак,  ак тулпар, комуз! Ушунун баары тарых, санжыра, кыргыз философиясы, кыргыздын идеологиясы жана маданияты!

Окуу жайына ыйгарылган сыйлыктар:

• Москва жана Фрунзедеги  ЭЧЖКнын  лауреаты;

• Кыргыз ССРнин ЭЧЖКнын лауреаты болуп күмүш, коло медалдар  жана II даражадагы диплом;

• Кыргыз Республикасынын жумушчу кадрларды жана ээлик кылуучу ишкерлерди даярдоо боюнча Мамлекеттик комитетинин ар бир жылында берилген ардак грамоталары жана I-II даражадагы дипломдору; 

• «Эмгек резерви»  – дене тарбия жана спорт боюнча Республикалык борборунун I-II-III даражадагы дипломдору жана коло медалы; 

• Кесиптик-техникалык билим берүү системасындагы «Профтехтин таланттары» аттуу өздүк көркөм чыгармачылыгынын Биринчи Республикалык фестивалынын лауреаты –  Күбөлүгү;

• Элдик көркөм кол өнөрчүлөрдүн Республикалык көргөзмө-жарманкесинин мыкты улуттук буюмдары үчүн «Алтын диплому»;

• Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын  «Кыргызстандын  келечеги – Мамлекеттик тилинде» диплому; 

• Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин  Кыргыз Республикасынын Мамлекеттүүлүгүн чыўдоо жылына арналган этномаданий программанын кол өнөрчүлүк чеберчилиги боюнча  кароо-сынактын  I даражадагы диплому;      

• Билим берүү жана илим министрлигине караштуу башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин   Ардак грамотасы; 

• Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө жана элдик көркөм кол өнөрчүлөрдү даярдоодо кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы  жана көптөгөн башка сыйлыктардын ээси.

Айсара Ботобекова,    

окуу-методикалыкиштер боюнча директордун орун басары

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*