АБИТУРИЕНТ, ЖОГОРКУ БАЛЛ ТОПТОП, КЕЛЕЧЕГИӉЕ ЖОЛ АЧ!

ЖРТдан 110 баллдан жогору топтогондор гана ЖОЖго кабыл алынат

Быйыл жогорку окуу жайына былтыркыдай эле негизги тесттен 110, предметтик тесттен 60 баллдан жогору балл топтогон абитуриенттер гана кабыл алынат. Бул тууралуу 26-февралда Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева министрликте өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо мурдагы жылдарга караганда эрте башталды. Тестке каттоо 15-февралдан бери жүрүп жатат жана ал  7-апрелге чейин созулат. Ал эми тестирлөө 16-майдан 21-майга чейин республиканын бардык аймактарында өткөрүлөт.

Жылдагыдай эле бюджеттик орундарга тапшырууну каалаган абитуриенттер негизги тест жана предметтик тест тапшырышат. Негизги тест математика, аналогия жана кошумча сунуштар, текстти окуу жана түшүнүү боюнча тест жана абитуриент тандап алган тилинде практикалык грамматикадан турат. Предметтик тестте болсо алты предмет сунушталат: химия, биология, физика, математика, тарых жана англис тили.

Контракттык негизде окутуунун бардык формаларына (күндүзгү, сырттан окуу, кечки жана дистанттык) тапшырууда дагы негизги тест милдеттүү болуп саналат жана абитуриент тандап алган адистигине жараша кошумча предметтик тесттерди тапшырууга милдеттүү.  Предметтик тесттердин жыйынтыктары абитуриентке дал келген  багыттагы бөлүмдөргө кабыл алууда артыкчылык укугуна ээ кылат.  Предметтик тесттерди абитуриент тандаган адистигине жараша өзү тандап алат.

– Республика боюнча 130 тест борбору уюштурулду. Мектепти быйыл бүтүп жаткан окуучулардын бардыгы окуп жаткан жеринен эле каттала алат. Ал үчүн атайын жооптуу кишилер дайындалган. Алар каттап алгандан кийин бардык документтерди бизге жиберишет. Ар бир мектепте ата-энелер, окуучулар үчүн жыйындар өтүп, окуучуларга ЖРТ деген эмне, эмне үчүн тесттен өтөт, катталуунун жолдору, предметтик тесттерди туура тандоо боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатат, – дейт Билимди баалоо жана окутуу усулдар борборунун директору Инна Волькова.

Жалпы республикалык тестке ким катыша алат?

 Быйыл ЖРТга мектепти, техникум, колледж жана кесиптик лицейлерди жаӊы бүтүп жаткан бүтүрүүчүлөр жана учурда жогорку окуу жайында окубаган, мектепти мурда бүтүп кеткендер дагы катыша алышат. Мурунку бүтүрүүчүлөр жашаган аймактарындагы билим берүү бөлүмдөрүнөн каттоодон өтүп, тестти ошол жактан тапшырышат. Андан сырткары Кыргызстандын ЖОЖдорунан контракттык негизде билим алууну каалаган чет мамлекеттик бүтүрүүчүлөр жана мамлекеттер аралык келишимдерге ылайык Россия, Казакстан, Тажикстан жана Белорусиянын абитуриенттери дагы бюджеттик негизде окууга өтүүүчүн ЖРТ тапшырса болот.

 Жалпы республикалык тестке кантип катталса болот?

 Бүтүрүүчүлөр тест тапшыруу үчүн өздөрү окуп жаткан билим берүү мекемесинен каттоодон өтүшөт. Ал үчүн абитуриенттин колунда паспорту (паспорт ала элек болсо, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, инсандык күбөлүгү), бир жылдан ашпаган мөөнөт ичинде тартылган 3х4 см. өлчөмүндөгү эки сүрөт жана ЖРТга каттоо акысы төлөгөндүгүн тастыктаган квитанция болушу керек. Эскерте кетүүчү жагдай, быйылтан баштап 16 жашка чыккан бүтүрүүчүлөр паспорт менен гана каттала алышат. Мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү болсо жогоруда көрсөтүлгөн документтерден тышкары  паспортун жана орто билими жөнүндө аттестатын көрсөтүшү керек. Тестке каттоо акысы – негизги тест үчүн 260 сом, ар бир предметтик тест үчүн 260 сомду түзөт.

– Быйыл тестке каттоо ишине өзгөртүү киргиздик. Эгерде окуучу 16 жашка чыккан болсо аны паспорт менен гана каттап, тестке паспорт менен гана киргизебиз. Мурунку жылдардагыдай паспорт ала элекмин деп ар кандай шылтоо айткандарга эч кандай жеӊилдиктер берилбейт, – дейт Инна Волькова.

Тестке кантип даярданса болот?

 Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу үчүн Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору тарабынан жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Борбор абитуриенттерге тестке даярдануу үчүн жаӊы колдонмолордун топтомун сунуштайт. Аларды сатып алуу үчүн ББОУБнун кеӊсесине кайрылса болот же болбосо өзү окуган мектеби аркылуу буйрутма менен ала алат. Колдонмолордун топтомунда теориялык материалдардан сырткары былтыркы жылы киргизилген тесттер дагы бар. Андыктан бул колдонмолор менен абитуриент теориялык жактан гана даярданбастан алдын ала тесттен дагы өтүп көрсө болот. Андан сырткары Интернет сайт дагы иштөөдө.  www.testing.kg. сайтынан өзүнүн билим деӊгээлин текшергиси келген ар бир абитуриент он-лайн режиминде алдын ала даярдык тестинен өтсө болот. Тесттин эрежелери, тестке даярдануунун жол-жоболору, предметтик тестти жаӊылбай тандоо үчүн сунуштар, каттоого керектелүүчү документтер тууралуу кенен маалымат дагы ошол сайтта жайгашкан.

Коопсуздук эрежелери күчөтүлдү

 Тест жүрүп жаткан учурда ар кандай тартип бузууларды алдын алуу үчүн быйыл коопсуздук эрежелери күчөтүлдү. Тестке жашыруун түрдө тартып алуучу аппараттарды же чөнтөк телефонун алып кирген окуучу дароо тесттен чыгарылат жана кайрадан тест тапшыруу укугунан ажыратылат.

– Былтыр тест жүргүзүү учурунда балдар тапшырмаларды тартып алышып Интернет баракчаларына жарыялап жиберишкен. Мындай тартип бузууларды болтурбоо үчүн быйыл коопсуздук эрежелерин күчөттүк. Тестке кирерде ар бир баланы текшерип чыгабыз. Чөнтөктөрүндө дагы ашыкча эч нерсе болбошу керек. Керек болсо көз айнектеринен өйдө текшеребиз. Эгерде кандайдыр бир көчүрүп алуучу аппараттар менен окуучулар кармалса, аларга эч кандай кечирим болбойт, – дейт Инна Волькова.

Бүтүрүүчүлөр мамлекеттик экзаменди тест менен тапшырышат

 

Быйыл облустук борборлордо жайгашкан мектептердин бүтүрүүчүлөрүнө жыйынтыктоочу мамлекеттик экзамендерин тест аркылуу тапшыруу мүмкүнчүлүгү түзүлүүдө.

Билим берүү жана илим министри Элвира Сариеванын айтымында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Талас, Каракол жана Токмок шаарларындагы 11-класстын бүтүрүүчүлөрү мурдагыдай июнь айында жалпы мамлекеттик экзаменди тапшыруунун ордуна апрель айында тесттен өтсө болот. Ар бир бүтүрүүчүнүн тесттен алган баасы аттестатына жазылат. Эгерде бүтүрүүчү  тесттен алган баасына канааттанбаса, анда ал июнь айында кайрадан жалпы мамлекеттик экзамен тапшыра алат. Бул тестирлөө акысыз Улуттук тестирлөө борбору тарабынан жүргүзүлөт. Тест ар бир облустун өзүндөөтөт. Тестти Улуттук тестирлөө борборунун кызматкерлери жер-жерлерге барып өздөрү алышат.

– Биз мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ыӊгайлуу болсун деп ушул жолду пилоттук негизде киргизип жатабыз. Буга чейин Талас облусунда пилоттук долбоор катары аппробациядан өткөрдүк. Буюрса, эмдиги жылдан баштап республикадагы бардык мектептерге киргизебиз деген ойдобуз. Мунун жакшы жери – бир күндө эле окуучу тест аркылуу билим деӊгээлин тастыктап алат. Бул тестирлөө, биринчиден,  окуучунун мектеп программасын канчалык деӊгээлде өздөштүргөндүгүн объективдүү баалоо үчүн зарыл. Себеби биз мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу борборун ачып жатабыз. Мугалимдердин билим деӊгээлин билүүүчүн окуучунун билим деӊгээлин текшеришибиз керек болууда. Экинчиден, окуучулар жалпы мамлекеттик экзаменди өзүнүн мектебинен тапшырганда алардын билими шартка жараша ар кандай бааланып калууда, көтөрмөлөп койгон учурлар дагы жок эмес. Жыйынтыгында окуучунун чыныгы билим деӊгээли аттестаттагы баасына төп келбей калууда, – дейт министр Эльвира Сариева.

Министрдин айтымында, мугалимдерди аттестациядан өткөрүп жатканда дагы бул тесттин жыйынтыгынын жардамы тиет. Себеби мугалимдин берген сабагынын сапаты баланын билим деӊгээлинен билинет.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*