БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ ЖУМУШКА ОРНОШТУРУУ МИЛДЕТИ ЖОЖ ЖЕТЕКЧИЛЕРИНЕ ЖҮКТӨЛӨБҮ?

Жогорку Кеӊештин «Өнүгүү-Прогресс» фракциясы жогорку окуу жайларга жана жетекчилерине бүтүрүүчүлөрдүн 30%дан кем эмес бөлүгүн жумушка орноштуруу жоопкерчилигин мыйзамдуу түрдө киргизүүнү жана бул талап аткарылбаса ЖОЖдордун лицензияларын жана ректорлордун ээлеп турган кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо сунушун киргизүүдө.

Бул мыйзам долбоору өткөн аптада “Өнүгүү – прогресс” фракциясынын жыйынында каралды. Фракция лидери Бакыт Төрөбаев ЖОЖдордо өзүнчө бюджет, өзүнчө саясат, өзүнчө мүмкүнчүлүк болуп, ректорлор өз казанында өзү кайнай бербей, мамлекетке дагы кандайдыр бир деӊгээлде көмөк көрсөтүүсү керектигин, ошондуктан жождорго бүтүрүүчүлөрүн жумушка орноштуруу жоопкерчилигин киргизүү зарылдыгы келип чыгып жатканын түшүндүрдү.

“Күчтүү ректорлор бүтүрүүчүлөрүнүн 30%дан кем эмес бөлүгүн жумушка орноштуруу маселесинен коркпойт”, – дейт Б.Төрөбаев.

Талкууда депутат Зиядин Жамалдинов эки жактуу айтылган пикирлерге макул экенин, ошол эле маалда ЖОЖ жетекчилеринин бүтүрүп жаткан кадрлары боюнча кандайдыр бир жоопкерчилиги болушу зарылдыгын айтса, бир катар депутаттар мыйзам долбоорунун концепциясын колдоого алышты.

Билим берүү жана илим министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов болсо министрлик дагы, жогорку окуу жайлар дагы бир гана билим берүү менен алектенерин, ал эми жогорку окуу жайлар бүтүрүүчүлөрүн өздөрү ишке орноштуруусу дүйнөлүк практикада жоктугун белгиледи. КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Зууракан Каденова бул министрлик мониторинг жүргүзүү, ваканттык жарманке өткөрүү, кызмат орундарын алдын ала болжолдоо методикасын иштеп чыгуу сындуу иш-чаралар менен гана чектелерин маалымдады. Натыйжада бул мыйзам долбоорун дагы дыкат иштеп чыгуу максатында ЖОЖ ректорлорунун катышуусу менен тегерек стол өткөрүү чечими кабыл алынып, долбоор Жогорку Кеӊештин сайтына талкууга коюлду.

ЖОЖ ректорлору жоопкерчиликтен качпайт

 Жогорку окуу жайлардын жетекчилери эл өкүлдөрү тарабынан көтөрүлүп жаткан демилгени колдошоорун, ал тургай ченемди 30%дан да жогорулатса болоорун, бирок айрым бир учурларды эске алуу зарылдыгын айтышат.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Төлөбек Абдырахмановдун айтымында, окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнүн 30% ашыгы ансыз деле жумушка орношот. Андыктан бул чекти бир аз көтөрсө деле болот. Бирок ал үчүн окуу жайларды бөлүштүрүү керек.

– Негизинен бүтүрүүчүлөрүнүн отуз пайызын жумушка орноштура албаган окуу жайдын кереги деле жок.  Бирок айрым бир себептерден улам жогорку окуу жайларын бөлүү керек. Себеби кийин ачылган жеке, чет өлкөлүк окуу жайлар бар. Мисалы, АУЦА, МУК, МУЦА. Алардын даярдаган медициналык адистеринин баары чет өлкөлүктөр. Алардын баары Кыргызстанда калып иштешпейт, кайра эле өз өлкөлөрүнө кетишет, – дейт Төлөбек Абылович.

Т.Абдырахмановдун айтымында, И.Арабаев атындагы КМУ үчүн 30% чек анчалык деле кыйынчылыкты жаратпайт. Себеби окуу жайдын бюджеттик бөлүмдөрүн аяктаган студенттердин баардыгы жолдомо аркылуу жумушка орношушат. Ал эми контракттык бөлүм менен бюджеттик бөлүмдү аяктап жумушка орношкон студенттердин баардыгын кошкондо жылдык көрсөткүч 70% жетет. Ошондуктан бул окуу жай үчүн чекти көтөрүп деле койсо болот. Бирок көпчүлүк окуу жайларга 30% чек дагы көп болуп калышы мүмкүн. Себеби алар даярдап жаткан адистердин биздин мамлекеттен иш табуусу кыйын.

– Мындай чек коюу үчүн, биринчиден, мамлекеттин экономикасы ошол талапка шайкеш болушу керек. Мисалы, Техникалык университетти ала турган болсок, анын бүтүрүүчүлөрү мамлекетте завод-фабрика жок болсо каякка барышат. Ушундай эле маселе Агрардык университетинде дагы болот. Азыр мамлекетте баары эле жеке чарба, ал жеке чарбага зоотехниктин эмне кереги бар. Анан бул окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү каяктан жумуш табышат. Ал үчүн биринчи райондун борборлорунда же болбосо бир нече айылдарды бириктирген айыл чарба сервистерин түзүү керек. Ошол жерде малды эмдеп, дарылоо сервисин, жерди иштетүү сервисин, техниканы оӊдоо сервисин куруп туруп анан бүтүрүүчүлөрдү  ошол жакка алып барып ишке орноштуруу керек. Анын үстүнө бул окуу жайлардын контракттык бөлүмдөрүн аяктаган студенттерине гана эмес, бюджеттик бөлүмдөрүн аяктаган студенттерине дагы жолдомо аркылуу бөлүштүрүлбөгөндүктөн жумуш табуу кыйын, – дейт Т.Абдырахманов.

Студенттерди дагы категорияга бөлүү зарыл

 Жогорку окуу жайлар мыйзамдын долбоорун иштөөдө студенттердин категорияларына дагы көӊүл бөлүү керектигин айтышууда. Себеби окуу жайын аяктаган студенттердин баардыгы эле өзүнүн кесиби боюнча иштегиси келбейт жана иштеп кете албагандар дагы болот. Андыктан студенттерди үч категорияга бөлүү зарыл. Биринчиси, мамлекеттик грант менен бүтүп жаткан студенттер. Бул бүтүрүүчүлөр мамлекеттен акча алып окуп жаткандан кийин, алар кайра мамлекетке сөзсүз кызмат кылышы керек. Экинчи категория болсо, өз каражаты менен окугандар. Алар өзү акча төлөп билим алып жаткандан кийин, окуу жайды бүткөндөн соӊ келечегин өзү каалагандай багытташат. Аларды күчкө салып жумушка орноштурууга мүмкүн эмес. Себеби мындай учурда алардын конституциялык укугу бузулуп калат. Үчүнчү категория – чет өлкөлүк студенттер. Ар бир окуу жайда чет мамлекеттен келип окуган студенттер бар. Алар окуусун бүткөндөн кийин Кыргызстанда калып иштешпейт, өзүнүн мамлекетине кетишет.

Мугалимдерди даярдаган окуу жайларга чекти азайтуу керек

 Бул мыйзам долбоорун кабыл алууда мугалимдик кесипке даярдаган окуу жайларга дагы башкача мамиле керек. Себеби республикада он эки жогорку окуу жайында жана төрт кесиптик орто окуу жайында мугалимдер даярдалат. Бир жылда  беш миӊге жакын студент мугалимдик  адистикти аяктайт. Бирок ошол эле учурда Билим берүү жана илим министрлигинин акыркы маалыматы боюнча республикада бүгүнкү күндө 853 гана мугалим жетишпейт. Ар бир окуу жай 30% бүтүрүүчүсүн жумушка орноштурушу керек болсо, мектептерде болгону миӊге жетпеген бош орун болсо, алардын баарын каякка батырабыз дешет жетекчилер.

– Биз ошончо бүтүрүүчүнү кубалап барсак дагы мектепке батпайт. Анан биз кантип 30% чекти аткарабыз. Ошондуктан бул мыйзам долбоорун абдан жакшы карап чыгып, бир топ талкуудан өткөрүп туруп анан кабыл алуу керек. Бирок, тилекке каршы, мектепке барган жаш мугалимдерди жетекчилер кармап кала албай жатышат. Бир жылдан кийин ар кандай себептер менен жолдомо менен барган жаш адистердин 20-30% мектептен кетип калууда, – дейт Т.Абдырахманов.

Мамлекеттик эмес окуу жайларга чектин кереги жок

 Мамлекеттик эмес окуу жайлардын жетекчилери жеке окуу жайларга бул чекти киргизбей деле койсо болот дешет. Себеби алар ансыз деле өздөрүнүн имиджи, өздөрүнүн аты үчүн иштешет.

– Бул чекти мамлекеттик окуу жайларга киргизсе болот. Себеби аларды мамлекет каржылайт, мамлекеттин имараттарында отурушат, мамлекеттен акча алышат. Мамлекеттик эмес окуу жайлар болсо өзүбүздүн арабабызды өзүбүз тартабыз, өзүбүздүн атыбыз үчүн өзүбүз күрөшөбүз. Бизге 30% деле кереги жок. Биз өзүбүз эле же өсөбүз, же өлөбүз. Андыктан бүтүрүүчүлөрүбүздүн жумушка орношушуна ириде өзүбүз кызыкдарбыз. Жумушка алардын канчалык көбү орношсо бизге ошончолук жакшы. Себеби алар аркылуу биздин ишибиздин сапаты бааланат, ошолор аркылуу абитуриенттер келишет.  Анын үстүнө жакшы иштей албаган мамлекеттик эмес окуу жайларды табигый рынок өзү эле жеп коет. Мындай окуу жайлардын ачылганына 20 жыл болду. Ошол жыйырма жылдын ичинде ачылган окуу жайлардын ичинен болгону үч-төртөө гана баш көтөрүп иштеп жатат. Калганын рынок өзү эле жок кылды, – дейт  Кыргыз-Орус билим берүү академиясынын ректору Чынара Шакеева.

 Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*