КЫРГЫЗ ТИЛИН ҮЙРӨНҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН КИТЕП ЧЫКТЫ

Филология илимдеринин доктору, профессор Камбаралиева Уулкандын кыргыз тилин чет тили катары үйрөтүүгө арналган “Элдик уламыштар, икаялар көркөм чыгармаларда жана фильмдерде. Кыргызча сүйлөшөлү”, “Кыргыз обон-күүлөрүнүн дүйнөсү. Кыргызча сүйлөшөлү” аттуу эки китеби жарык көрдү.

Китептер жалпы эле кыргыз тилин үйрөнүүчүлөргө арналып, алардын тилдик жөндөмдүүлүктөрүн, көндүмдөрүн жакшыртып, калыптандыруу үчүн  сунушталат. Китепте берилген уламыш, икаялар темага байланыштуу тандалуу менен, сабактын алкагында колдонуу максатында кыскартылып берилген. Теманы толугураак ачып берүүүчүн китепке киргизилген айрым элдик уламыштар жана икаялар автор тарабынан жаңыдан такталып жазылып, алгач ирет жарык  көрүп отурат.

Китептердеги окуу-методикалык иштелмелер чет тилин билүү  деңгээл-компетенцияларын баалоонун CEFR – Европа системасы боюнча кыргыз  тилин А-2ден жогорку деңгээлдерде өздөштүргөндөргө арналат. Берилген материалдар кыргыз тилинде өз ой-пикирин оозеки жана жазуу түрүндө билдире алуу жана коммуникативдик актта интенцияга жараша белгилүү темалар боюнча диалогдорго, дискуссияларга катыша билүү жөндөмдүүлүктөрүн,  көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган. Тил үйрөнүүчүлөрдүн тил билүү деңгээлин жогорулатуу максатында тексттердин негизинде автор тарабынан иштелип чыккан топто жана жеке аткарылуучу тапшырмалардын түрлөрү, жазуу, оозеки иштери сунушталат.  Активдүү жана пассивдүү лексикалык катмарларга тиешелүү болгон ар кандай биридиктердин маанилери, котормолору текстте колдонулганына жараша кашаалардын ичинде берилип, китептин аягындагы сөздүккө да киргизилген. Бул ыкма жаңы, тааныш эмес сөздөрдү жаттабастан эле,  маанисин контекст боюнча эстеп калууга өбөлгө  түзмөкчү.

“Кыргыз күүлөрүнүн дүйнөсү” китебинде берилген тексттер автор тарабынан ар кандай булактардын негизинде иштелип чыккан. Ал тексттердин мазмуну боюнча түзүлгөн ар кандай көнүгүү-тапшырмалар кыргыз тилин үйрөнүүчүлөргө алган билимдерин (өзүн-өзү) текшерип-теске алууга мүмкүнчүлүк берет. Китептеги ар кандай эмгектерден, изилдөөлөрдөн, Интернеттен жана башка булактардан алынган маалыматтардан тышкары автор тарабынан Кыргызстандын ар кайсы аймактарында улуу муун өкүлдөрүнөн жазылып алынган кыргыз обон-күүлөрүнө байланыштуу уламыш-икаялар да алгкач ирет жарык көрүүдө.

– Мен Америка университетинде 2005-жылдан бери иштейм. Башынан баштап эле окуу иштеримде коммуникативдик принципти колдонгонго кызыктармын. Себеби зат атооч, ат атооч дегендерден башка өлкөлөрдүн жарандары эмес, өзүбүздүн окуучуларыбыздын көңүлү айнып калды. Ар бир сабакка келген сайын, кыргыз тили дүйнө таанымын кеңейтүүчү тил эмес, тажатма тил  болуп калып бараткандыгын сезе баштадым.  Ошондуктан жалаң эле  тилдик каражаттар боюнча   сөз кыла бербестен,  кыргыз  элинин маданиятын, тарыхын, дүйнө  таанымын чагылдыра турган материалдарды студенттерге берсем кызыктуу болот деген максатта ушул китептерди иштеп чыктым, – дейт автор Уулкан Жолдошбековна. – Кыргыз обон, күүлөрүнүн дүйнөсүндө, деги эле музыка деген эмне,адам баласына кандай таасир берет, оң жана терс жактары, эмне үчүн жаман музыка, жакшы музыка деген түшүнүктөр бар, музыканы кабылдоо эмнеге байланыштуу, ушулардын физиологиялык жактан болобу, менталдык, маданият таануучулук жактан болобу чагылдырганга аракет кылдым. Бий боюнча кыргыз фильм менен сүйлөшүп, эч кимде жок материалдарды топтогонго аракет кылдым. Залкарлар, күүлөр, обондор, музыкалык аспаптар жөнүндө материалдарды топтодум. Көпчүлүк адамдар керней-сурнайды тажик, өзбектердики дейт, акыркы керней-сурнайчы Таласта жашаптыр. Бул тууралуу Касым Каимовдун «Атай» китебинде деле бар экен. Тойкожонун урпактарын да таптым.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*