К.БАЯЛИНОВДУН “АЖАР” ПОВЕСТИ – 16-ЖЫЛГА КОЮЛГАН АДАБИЯТТАГЫ ЭСТЕЛИК

 Улуттук трагедиянын жараты түбөлүккө канай берет.  Арсений Гулыга

“Ажар” ХХ кылымдын 20–жылдарында жазылган, улуттук профессионал адабиятынын тарыхында  проза жанрынын  төл башы чыгармаларынын бири.    Кылымга тете убакыттан бери мектеп окуучулары Ажардын монологун  жадыбалдай жаттап, жүрөк сыздата анын образына кирип, көркөм сөздүн сыйкырына арбалып  келет. Жазма    адабиятта адабий жанрлар али өзүнүн классикалык үлгүсүн жарата элек кезде, ал эмес жазуучунун да чыгармачылыгы калыптана элек курагында (автор анда 26 жашта экен) жаралган “Ажар” повестинин XXI кылымда деле окурманды арбап турган сыйкыры кайда? Анын темасыбы, идеясыбы, образдар системасыбы? Кайсы касиети менен “Ажар” мектеп программасынан түшпөй келет? Мугалим чыгарманы өздөштүрүүгө киришүүдөн мурун ушул суроолордун үстүндө ой жүгүрткөнү оӊ.

Азыр мектепте колдонулуп жаткан программада  “Ажар”  IX класска үч саат менен сунуш кылынган. Эмнегедир программада чыгарма  чагылдырган тарыхый доор тууралуу сөз жок. Негизги көӊүл: “Ажар” повестинде Кытай жерине качып барган кыргыз кыздарынын типтүү турмушунун реалдуу көрсөтүлүшүнө” бурулат да,  чыгарманы өздөштүрүүнүн натыйжасы катары: “Кыргыз адабиятындагы “Ажар” повестинин ордун жана таасирин” өздөштүрүүгө багыттама берилет. Олуттуу чыгармага бөлүнгөн үч саатты рационалдуу пайдалануунун зарылдыгын баса белгилөө менен аны сапаттуу өздөштүрүүнүн төмөнкү жолдорун мугалимдерге сунуш кылабыз.

Биринчи сабак.  “Ажар” повестинин сюжетин өздөштүрүүдө  предметтер аралык  байланышты пайдалануунун мааниси.

Экинчи сабак. Адабият сабагынын ички предметтик байланышы аркылуу “Ажар” повестинин идеясын талдоо.

Үчүнчү сабак. “Адам укугу адабиятта” (сабак-конференция).

“Ажар” мектеп программасынан түшпөй келе жаткан чыгарма болгону менен аны окутууга азыркы учурда жаӊы мамиле керек. Анткени мектепте “СССРдин тарыхы” менен “Кыргыз ССРинин тарыхы” окутулган советтик доордо повесттин сюжетин түзгөн – 16-жыл окуясына  туура баа берилген эмес. Эгемендүүлүктөн кийин мектептерге киргизилген “Кыргызстандын тарыхы” окуу китеби IX класста дал ушул “Кыргызстан Россия империясынын курамында” деген бөлүм менен ачылып, анын экинчи параграфы: “1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүш”  деп аталат. Демек, 16-жыл окуясы тарых  жана адабият сабагында бир мезгилде удаалаш, уланмалуу өздөштүрүлүүгө тийиш болгондуктан, сабакка жаӊы мамиле жасоо төмөнкү факторлор менен шартталат:

Биринчиден,  чыгарманын тематикасын, анын идеясын өздөштүрүү предметтер аралык байланышка муктаж.

Экинчиден, бир мазмундагы окуя, объект, фактыны илим жана искусствонун  тили менен өздөштүрүү, эки предметтин  мазмундук биримдиги таанып-билүүнүн методологиялык негизин  түзөт. Натыйжада окуучулардын улуттун башынан өткөн трагедия – бир тарыхый доор (16-жыл) боюнча билим системасын калыптандыруунун дидактикалык шартын  туура пайдалануу зарыл.

Үчүнчүдөн,  “Ажар” –  кыргыз профессионалдык проза жанрынын тарыхында белгилүү мааниге ээ. Жанрдык белгилери боюнча адабият таануу илиминде аӊдап-таанууну талап кылган ийгилик-кемчилиги бар. Чыгарманын композициялык структурасы, жанрдык табиятынан тарта образдар системасына чейин сынчыларга “жем таштап”, аларды  талаш-тартышка чакырып келгени чыгарманы адабий процесс менен бирге кароону талап кылат. Бул чыгармада  адабий билим берүүнүн экинчи этабына таандык адабияттын тарыхы боюнча окуучунун билимин жаӊы деӊгээлге чыгаруу милдети турат.

Төртүнчүдөн, элдин башынан өткөн трагедияны тарых менен адабият сабактарынын байланыштары аркылуу өздөштүрүү, окуучуларга  Ата Мекендин эгемендүүлүгү менен эркиндигинин  баркын, баасын, анын ыйыктыгын баалоого тарбиялоого тийиш. Жазуучу тарабынан сүрөттөлгөн Ажардын тагдыры  автор тарабынан берилген чоӊ идеяны – мекенсиз адамдын  көргөн күнүн кийинки урпактарга эскертүү жүгүн көтөрүп турат.

Бешинчиден, улуттук тарыхтагы мындай трагедияны  кийинки урпактар тарыхый эс тутумда сактоого милдеттүү. Адамзат тарыхында “16-жылдагыдай” геноцидди баштан өткөргөн элдер, аны кийинки муунга жеткирүүнүн ар кандай ыкмаларын ойлоп табышкан. Айталы, Армения 1915-жылы улуттун башынан өткөн геноцидди өз урпагынын эсине салуу үчүн “Унутпа” аттуу символ чыгарып, аны улуттук кийимге, төш белгиге, эстелик буюмдарга түшүргөн. Улуттук трагедиянын нравалык сабактарын жаштардын эсине салып туруунун бир каражаты –  А.Гулыганын сөзү менен айтканда “өткөнгө мамиле жасоонун эӊ жогорку тиби – тарыхый искусство”. Ушул көз караштан алып караганда, “Ажар” –  16-жылга коюлган адабияттагы эстелик.

Биринчи сабактын болжолдуу модели

 

Сабактын темасы: К.Баялиновдун “Ажар” повестинин сюжети көркөм чагылдырган тарыхый окуя.

Окутуунун технологиясы: Окуучулардын сынчыл ойлом ишмердүүлүгүн өнүктүрүү.

Сабактын тиби: Комбинациялык сабак.

Сабактын  максаты:

1) Билим берүүчү: “Ажар” повестинин сюжети жана анын композициясындагы   пролог жана эпилог аркылуу 1916-жыл – кыргыз элинин улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн маанисин актуалдаштыруу жана бул окуя боюнча окуучуларды билим системасы менен камсыз кылуу;

2) Өнүктүрүүчү: Окуучулардын көркөм чыгарма чагылдырган тарыхый доорго мүнөздөмө берүү    билгичтигин  жана көндүмүн калыптандыруу.

3) Тарбиялоочу: Ата Мекендин ыйыктыгын сезе билүүгө, мамлекеттүүлүктү, эркиндикти баалай  билүүгө, мекенчилдикке тарбиялоо; улуттун башынан өткөн окуянын негизинде окуучунун улуттук, мекенчилдик сезимдеринин ортосундагы байланышты камсыз кылуу;  чыгарманын эмоционалдык таасирин окуучунун   чыгармачылык ишмердүүлүгүн өстүрүүүчүн пайдалануу, аны сынчыл ойломго чакыруу.

Сабактын методу: Топтук  дискуссия.

Сабактын формасы: Бинардык сабак  (сабакты эки:  адабият жана тарых  мугалими чогуу өткөрсө болот).

Сабактын жүрүшү: 

1) Адабият мугалиминин кириш сөзү.

Мугалимдин кириш сөзү кыргыз элинин тарыхында 1916-жыл кандай мааниге ээ деген суроонун айланасында окуучулар менен кыска баарлашуудан башталганы максатка ылайык. Анткени адабий билим берүүнүн 9-класска койгон талабы боюнча окуучулар жазуучунун өмүрү жана чыгармачылыгын анын чыгармалары менен байланышта үйрөнүүгө тийиш. Ал эми жогоруда коюлган суроонун  жообу жазуучунун  өмүр баяны менен өздөштүрүүгө сунушталган чыгарманын ортосундагы байланышты табууга шарт түзөт:

1916-жылы К.Баялинов өспүрүм курактагы (дал ушул 9-класстын окуучуларынын курагында) бала болгону анык. Ал эл менен бирге Кытай жергесине качкан, тагдыр ага Ата Журтуна кайрылып келүү бактысын берген. Бирок бала кездеги элдин башынан өткөн кайгылуу окуялар анын жүрөгүнөөчпөс из калтырган. Жазуучунун өз башынан өткөн, өз көзү менен көргөн окуялардын бир элесине биз анын “Ажар” повестинен кезигебиз. Анда бул чыгарманын жазылуу тарыхына көӊүл буруп көрөлү:

Жазуучу Кытайдан кайра мекенине келгенден кийин орус көпөстөрүнө малай болуп, тил үйрөнгөн.  1918-жылы Коммунисттик партиянын мүчөлүгүнө кабыл алынган. 1919-жылы Ташкенде алты айлык партиялык курстан өткөн. Нарын, Ат-Башы, Кочкордо комсомол уюмдарын түзүүгө катышкан. 1920-жылы Казак-кыргыз агартуу институтунун алдындагы 6 айлык мугалимдер курсуна барып, казак профессионал адабиятын негиздөөчүлөрдүн бири Иляс Жансүгүровдун аӊгеме жазып жатканын көрүп, жазуу шыгы ойгонуп, “мен да ушундай чыгарма жазсам ээ”, – деп кыялданат.

Жазуучу прозалык жакшы чыгарма жазууну максат кылып, ичтен “бышып” жаткан ошол   курста окуп жаткан учурда, адабият мугалими Хажим Басиров эркин темада сочинение жазуу тапшырмасын берет. Касымаалынын эсине баягы Жансүгүров жазып жаткан аӊгеме түшөт да, чыгарманы жазуунун алгачкы фрагменти жаралганын автор мындайча эскерет: “Жазайын мен да ошондой, кытай жеринде сатылган кыргыз кыздарынын турмушунан…” деп, Ажардын энесинин мүрзөсүнө барып, көз жашын көлдөтүп, ыйлаган жерин жаза кеттим” .

2)       Мугалимдин жогоруда берилген кириш сөзүнөн кийин,  жазуучу сочинение катары жазган Ажардын монологун слайд менен окуучуларга көрсөтүү максатка ылайык. Анткени чыгармадан алынган бул текст сабакка эмоционалдык чыӊалуу берип, окуучулардын теманы таанып-билүү кызыгуусунун жаралышына дидактикалык шарт түзөт.

– Жаным, апа, тур! Жетим тайлактай боздоп, жетимсиреп, артыӊда калган жалгызыӊ келип, жалооруп жаныӊда олтурат. Жалгызыӊдын сөзүн ук, ая! Жалгызыӊ бүгүндөн баштап, ата-бабасы тааныбаган бөтөн журттун бирөөнө башы байланганы, ага сатылганы жатат. Андан куткар, ал азапты көрсөтпө, койнуӊа ал, ач койнуӊду!..

Сенин өлгөнүӊө кайгылуу болуп, кан жутуп, сабыркап, санаа тартып жүргөн кезимде, багат-көрөт деген тууганыӊ мени бул күнгө түшүрүп, бир жат кишиге сатып кетип, сай-сөөгүмдү сыздатты, зарлантты, муӊдантты, мага да өлүм керексинтти. Бирок сага берген ажалды кудай мага ыраа көрбөдү. Жасаган ай, мунуӊ эмнеӊ? Анык бар болсоӊ, мени эмне көрбөдүӊ?

Кантейин, эӊ болбогондо теӊтуш болсо, кыздын барар жери күйөө дегендей, жаттыгына карабай, “мейли” деп да коет элем. Бирок ал, маркум атамдан да карыган киши экен. Ага канткенде барам? Кантип аны өмүрлүк жолдош кылам? Андан канткенде кутулам? Кимден кеӊеш, кимден жардам сурайм? Айт апа! Мага айла тап! Менин сенден башка барар жерим, таянар тоом, жашынар караган-бутам калбай калды. Бирок, сен апа жоксуӊ… Сен боору суук кара жердин койнунда түбөлүк уйкуда жатасыӊ…”

3. Кезек тарых мугалимине берилип, бул учурда окутуунун “Сынчыл ойломду өстүрүү” технологиясы колдонулууга тийиш. Окутуунун бул технологиясы (М.Г.Васильева, Е.Волков) үч этаптан: чакыруу, түшүнүү, рефлексия деӊгээлдерин камтый тургандыгы илимий адабияттарда негизделгенин мугалимдер жакшы билишет.

Чакыруу этабында окуучулардын предмет, окуя, факт, теория боюнча буга чейин ээ болгон билимдерин  эске салышат. Бактыга жараша, окуучулар “Ажар” повести менен таанышканга чейин “16-жыл” окуясы боюнча билим алышкан. Предметтер аралык байланышты иш жүзүнө ашырууга түзүлгөн дидактикалык шарт (Н.А.Лошкарева), окуучунун билимин актуалдаштыруу  мүмкүнчүлүгүнүн түзүлгөндүгү менен  түшүндүрүлөт. Тарых мугалими төмөнкү суроонун айланасында баарлашуу менен окуучулардын билимин эске салып, алардын чыгарманын текстине болгон кызыгуусун мотивдештирүүгө тийиш:

• Балдар, көтөрүлүштүн чыгышына себеп болгон  тарыхый фактыларды биз билебиз. Эске түшүрөлү, падышачылык Россия биздин элдин улуттук намысына тийген кандай документ кабыл алды эле?

– 1916-жылы 25-июнда Түркстан крайы боюнча  19 жаштан 43 жашка чейинки эркектерди аскер-оорук жумуштарына алуу тууралуу Указы  жарыяланган;

– Указды аткаруу боюнча 1916-жылдын 11-июлундагы Көрсөтмө кабыл алынган;

– Көрсөтмө чыккан күнү (11-июль) Кыргызстандын  түштүгүндө жана Фергана өрөөнүндө көтөрүлүш  чыккан;  кыска убакытта падышынын аскердик күчтөрү тарабынан бул көтөрүлүш күч менен басылган;

– 1916-жылдын август айында Кыргызстандын түндүгүндө чыккан көтөрүлүш массалык мүнөзгө ээ болгон.

Тарыхый фактынын документалдуу материалдар менен коштолушу, ал документтерди талдоо окуучулардын сезимин курчутуп, илимден – искусствого өтүү  “көпүрөсүн” түзөт. Окуучулар жогоруда белгиленген тарыхый документтер боюнча билимдерин эске түшүргөндөн кийин, сынчыл ойломду өнүктүрүүнүн экинчи – түшүнүү этабына өтүүгө болот. Тактап айтканда, мурунку билим менен жаӊы билимдин ортосундагы байланыш эки предметтин (адабият+тарых) ортосунда түзүлүүгө тийиш болгондуктан, окуучуларды эки топко бөлүү менен топтук дискуссия этабына өтүүгө болот.

“Логикалык чынжыр” технологиясы менен повесттин сюжетин өздөштүрүү максатында чыгарманын урунттуу окуялары окуучуларга карточка түрүндө таратылып, топтук талкууга коюлат:

№1. Ажар  Үркүнгө чейин: “Ажар” Айткулунун карыганда көргөн жалгызы болчу. … Ажар үркүнгө чейин эч бир жаманчылык көрбөй, бир үйдүн эркеси болуп өстү.

№2. Көтөрүлүштүн чыгуу себеби: Түтүнгө бир кишиден ирет болуп, аскерликке чыксын деп манаптар буйрук кылышты. Ал иретке Айткулуну да чыгармакчы болушту. Айткулу андан качмакчы болуп, айыл манабы Сагындын алдына барды:

 “Баатыр, мени иретке чыксын деген экенсиз, бирок мен чыга ала турган эмесмин. Үйүмдө мына бул турган чычкандай жалгыз кызымдан башка бүлөм жок. … Тиги Алымкулдун ортон колдой эки уулу да барбай калып олтурбайбы? Адилеттик кылып, ошого окшогондорду чыгарсаӊыз”, – деди Айткулу.

 “Чык, эшикке ит! Сен Алымкулга теӊ келгиӊ келген экен, ээ! Муну көрбөйсүӊбү?! Сен ким? Алымкул ким? Муну билесиӊби? Эртеӊден калбай аттанасыӊ” – деп, Сагын Айткулуну үйүнөн кууп чыккан.   …Айткулунун кеткенине үч күн болгондо… “Айткулу окко учту”, – деген кабар угулду.

№3. Эл менен падышачылык Россиянын солдаттарынын ортосундагы кагылыш: “Беш жүзгө жакын киши элек… Ичибизде беш гана бардеӊке, он чакты бараӊ мылтыгыбыз бар; калгандарынын колунда найза, кылыч, айбалта, союл, чокмор, шалк этме. …Боз-Бармактын талаасын каптап, жер-сууну бербей, бизди көздөй келе жаткан солдаттар көрүндү. …Биз шашып калдык. Алар бизди тарсылдатып ата баштады. …Көзүӊ жамандыкты көрбөсүн, туш-тушубуздан ок зуулдап өтүп жатты. …Кыскасы, биз боо түшүп калдык. Кийин эсептесек 72 кишибиз өлгөн экен. Журт кача турган болду”.

№4. Кытайга качкан элдин жолдогу көргөн азабы: “Эл “Тянь-Шандын Бедел, Бирикти, Көк-Ирим, Ак-Өгүз ашууларына бөлүндү. Батманын айылы Ак-Өгүздү ашмакчы болуп, ашууну шыкап келип конушту. Эртеси күн бүркөлдү, туман түштү, борошолоп кар жаады. Кар аралаш ызгаардуу суук, белдеги карды ойго карай учуруп, көчтү жөнөтпөдү. Ордунан кыбыраган мал-жандын бардыгы тайгаланып, төмөн карай учуп жатты. …маарап турган кой-эчкилер, …суулугун чайнап калчылдаган жылкылар; чөгүп жаткан төөлөр, жүгү ооган уйлар; бутун үшүтүп кан какшаган катын балдар…”

№5. Бөтөн өлкөдө элдин көргөн күнү: Журт Турпанга түштү. Тарап, шаар-шаарга кете баштады. Батма, Козубек болуп Турпанда калышты. Экөөнүн теӊ колдорунда малдан түгү жок… Эми кантишмек? Турпандык Сабитакундун ат кепесин жумуш кылып бермекчи болуп, Козубек батирге алды. Ал – терезесиз, эшиксиз, үстүндө жарык түшө турган киши баткандай гана тешиги бар, асты жер. Ал нымдашып, аттын чыласы жыттанат. Айла жок! Эшигине кийиз калап, жерине курмушу, чөп төшөп, Батма болуп киришти.

№6. Ажардын энеси Батманын өлүмү. Ажардын колдон колго өтүп сатылышын текст аркылуу далилдөө.

№7. Ажардын качып чыгышы. Карышкырга жем болуу эпизодун көркөм окуу.

Сабакта көӊүл бурууну талап кылган олуттуу маселе – көтөрүлүштүн   жалпы улуттук мааниге ээ болгондугу.   Эгер эр бүлөнү солдатка жиберүү бир элге таандык таптык маселе болсо (бай-кедей ортосундагы), анда талкуу үчүн жогоруда берилген тексттин мазмуну жетиштүү болмок. Ал эми “Ажар” повестинде элди трагедияга алып келген конфликт улуттун ички маселеси эмес, чоӊ мамлекет жана анын майда улутка жасаган колониялык саясатында. Бул ачуу чындыкты кыргыз тарыхчыларынын ичинен белгилүү мамлекеттик ишмер Ж.Абдырахманов 1932-жылы “Кыргыздардын 1916-жылдагы көтөрүлүшү” деген эмгек жазып, анда: “16-жылды Орто Азия элдеринин колониялык көз карандылыкка каршы күрөш, … эӊ ири революциячыл окуя”, –  деп атаганы окуучуларга слайдда жазылып турууга тийиш.

Экинчи топтогу окуучуларга Кыргызстандын тарыхы предметинен буга чейин өздөштүргөн төмөнкү тарыхый фактылар жазылган карточка таратылат:

№1. Кыргызстандын абалы. ХХ кылымдын башында Кыргызстан Россия империясынын колониялык ээлиги катары кала бергени.

№2. Башкаруу системасы. Аймактык башкаруу системасы даана согуштук колониялык мүнөздө болгон. …Аймактагы бардык бийлик падыша тарабынан дайындалган генерал-губернатордун, облустук аскер губернаторунун жана акимдин колунда болгон.

№3.Экономикасы. Кыргызстан Россия империясынын башка колонияларындай эле, орус өнөр жайынын арзан сырье булагына айландырылган. Орус өнөр жай капиталы Кыргызстандын кен байлыктарын жырткычтык менен иштете баштаган.

№4. Элдин социалдык абалы. Ишканаларда жумуш убагы 12-14 саатка созулуп, жарыбаган эмгек акы алышкан. Иштөө шарты өтө оор болгон. Жергиликтүү улуттагы жумушчулардын эмгек акысы орус улутундагы жумушчулардыкына караганда эки эсе аз болгон.

№5. Жергиликтүү элдин укугу. Кыргыз жерлерин массалык түрдө тартып алуу башталган. …Россия падышачылыгы тарабынан көчмөндөр ээлеген жерлер, андагы байлыктар, анын ичинде токойлор да мамлекеттик менчик деп жарыяланган.

№6. Дини. Колониялык бийлик кыргыздар православие динин кабыл алып, падышалык армияда кызмат өтөөсүнө макул болсо гана отурукташууга макул болуу шартын коюшкан.

№7. Көтөрүлүштүн башталышы. “Көтөрүлүш 1916-жылдын 6-августунда Бишкек оёзунун Атаке, Ботбай” болуштуктарында башталган. Эртеси Токмок өрөөнүндөгү жана Сарыбагыш болуштуктарындагы кыргыздар көтөрүлүшкөн. …Түндүк Кыргызстандагы кыргыз айылдарынын бир кыйла бөлүгү жазалоочу отряддардын жана келгиндердин кысымына туруштук бере албай, жан айласын издешип, аялдарын, балдарын, үй оокаттарын алып, малын айдап, Чыгыш Түркстанды көздөй кача башташат.  Кыргыз тарыхындагы бул кайгылуу окуя “Үркүн” деген ат менен белгилүү болуп калды.

№8. Кыргыздардын  Кытайда отурукташуусу. Кытайдын аймагына карай үркүп көчүп бара жаткан кыргыздар негизги үч багытта жөнөшкөн. Биринчи багыт боюнча Ысык-Көлдүн түштүк тарабынан, Борбордук Тянь-Шань, Чүй, Кемин өрөөнүнөн козголгон 70 миӊге жакын кыргыз  Тянь-Шань тоолору аркылуу Үч-Турпан менен Ак-Сууну көздөй качкан. Бул багытта жол татаал болгону менен жазалоочулар жок болуп, мал үчүн чөп-чар кенен эле. Качкындардын экинчи бөлүгү Ысык-Көлдүн түндүк тарабындагы кыргыздар жана Жаркен, Верный, Капал ойоздорунун казактары Каркыра жайлоосу аркылуу Кулжага багыт алган. …Үчүнчү бөлүгү Ат-Башы аркылуу өтүп, Какшаалга барып баш калкалашкан.

Топторго эки предмет боюнча берилген материалдар талкууга алынгандан кийин, 16-жыл жана анын “Ажар” повестинде көркөм жалпыланышы боюнча окуучулардын билим системасын калыптандырууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Демек, “Ажар” повестин өздөштүрүүгө арналган биринчи сабактын рефлексия этабы, эки предметтик билимдин негизинде өз алдынча иштөөгө сунушталган төмөнкү тапшырмалар менен жыйынтыкталууга тийиш:

Изилдөө мүнөзүндөгү  тапшырмалар:

1. Кыргыздардын өз мекенинен Кытайга качкан багыттарынын (Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын картасын пайдалануу менен) негизинде “Үркүндүн” картасын сызуу.

2. Азыркы учурда Кытай Эл Республикасынын Турпан, Кулжа, Какшаал аймактарында мекенине кайтпай калган кыргыздар жөнүндө изилдөө иштерин жүргүзүп, реферат жазуу.

3. “Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт” (А.Осмонов) темасында эссе жазуу.

Үмүт Култаева,

филология илимдеринин доктору, профессор

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*