ЖОГОРКУ БИЛИМДИ ЭКСПОРТТОО – МИЛЛИОНДОГОН КИРЕШЕНИН БУЛАГЫ

Кыргызстанда билимди экспорттоо тармагынын келечеги чоң экендигин жана жогорку окуу жайлар бул мүмкүнчүлүк аркылуу миллиондогон киреше тапса боло тургандыгын жетекчилер дагы, коомчулук дагы айтып келет.

Республикадагы жогорку окуу жайларга билим алуу үчүн чет мамлекеттерден жылына 12 миңге жакын студент келет. Алардан мамлекетке жыл сайын сегиз миллион долларга чейин киреше түшөт. Бул сумманы 30 миллион долларга чейин көтөрүү мүмкүн экендигин билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева жакында эле Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген. Ушундай эле ойду экс премьер-министр Темир Сариев дагы март айында КТРКда түз эфирде берген маегинде айтып, эгерде чет мамлекеттерден келген студенттердин саны 30 миңге жетсе, алардын ар бири 5 миң доллардан калтырса, казынага 150 млн. доллар түшөрүн баса белгилеп, окуу жай жетекчилерин билим сапатын жакшыртууга, чет мамлекеттен келген студенттерге жогорку шарт түзүп берүүгө чакырган.

 

Кимдер келип окушат?

Негизинен Кыргызстанга Казакстан, Кытай, Индия, Пакистан жана Түркиядан студенттер көп келишет. 2013-2014-окуу жылы боюнча алынган маалыматка таянсак, КМШ мамлекеттеринен келген студенттердин саны сегиз миңден ашса, алыскы чет мамлекеттерден келген студенттердин саны 3467 түзгөн. Жыл сайын этникалык кыргыздар үчүн дагы орундар каралат.

КМШ мамлекеттеринин ичинен коңшу Казакстандан студенттер көп келет. 2013-2014-окуу жылында бул мамлекеттен келген студенттердин саны 4338ди түзгөн. Андан кийинки орунда Россия турат. Бул мамлекеттен келгендердин саны 2014-жылы 1225 болсо, андан кийинки орунда турган Тажикстандан 1130 студент келген. Акыркы жылдары Армения менен Белоруссиядан келген студенттердин агымы азайган. 2009-2010-окуу жылында Армениядан келгендердин саны болгону экөө болсо, 2013-2014-окуу жылында бул мамлекеттен бир дагы студент келген эмес.

Алыскы чет мамлекеттерден келген студенттердин арасынан эң көбү индиялыктар. 2013-2014-окуу жылында алыскы чет мамлекеттерден келгендердин жалпы саны 4367 болсо, анын эки миңге жакынын индиялыктар түзөт. Андан кийинки орунда түркиялыктар турат. Бирок салыштырмалуу акыркы жылдары бул мамлекеттен келген студенттердин саны азаюуда. Мисалы, 2009-2011-жылы түркиялыктардын саны 1057 болсо, 2014-жылы 679 гана түзгөн. Ушундай эле көрүнүш пакистандыктарда дагы байкалат. Бул мамлекеттен келгендердин саны дагы төрт жылдын ичинде эки жүзгө чейин азайган. Учурда 628 пакистандык республикадагы жогорку окуу жайлардан билим алышууда.

 

Кайсы окуу жайын тандашат?

Кыргызстанда жалпы 50жогорку окуу жайы бар болсо, анын 31мамлекеттик, калган 20мамлекеттик эмес окуу жай. Чет мамлекеттен келген жаштар мамлекеттик дагы, мамлекеттик эмес окуу жайларда дагы билим алышат. Негизинен индиялык жана пакистандык студенттердин дээрлик көпчүлүгү медициналык багытта билим алуу үчүн келишет. Алардын басымдуу бөлүгү Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында жана Кыргызстандагы эл аралык университетинин Жогорку медициналык мектебинде окушат. Учурда Кыргызстандагы эл аралык университетинин Жогорку медициналык мектебинде чет мамлекеттерден келген жалпы 2326 студент билим алып жатса, алардын 248 пакистандыктар, 2053 индиялыктар. Калган 25 студент Түштүк Кореядан, Япониядан, Россиядан, Бангладештен, Непалдан келген.  Ош мамлекеттик университетинде билим алып жаткан чет өлкөлүктөрдүн дагы басымдуу бөлүгү медициналык факультетинде окушат. Мисалы, бүгүнкү күнү окуу жайда жалпы 1903 чет мамлекеттик бар болсо, алардын 1804 күндүзгү бөлүмдө, 49 дистанттык бөлүмдө окушса, 10 магистрант жана 40 окутуучу бар. Бул студенттердин 1330 эл аралык медицина факультетинде билим алышат. Алардын 1220Индиядан келсе, 94 Пакистандан, 12 Непалдан, бирөө Швейцариядан, бирөө Шри-Ланкадан, дагы бирөө АКШдан жана Түркиядан келген. Бул окуу жайда чет мамлекеттик студенттердин арасында медициналык факультеттен сырткары кыргыз филологиясы жана журналистика факультетин, орус филологиясы факультетин, педагогика жана дене тарбия факультетин, искусство факультетин тандагандар дагы бар.

 

Эмне үчүн Кыргызстанга келишет?

Чет мамлекеттик студенттер үчүн Кыргызстандан билим алуу биринчиден, арзан болсо, экинчиден, абитуриенттерге болгон талап катуу эмес. Үчүнчүдөн, жашоо жеңил, азык-түлүк, батир арзан. Билимдин сапаты дагы талапка жооп берет.

–         Индияда медициналык билим алуу абдан кымбат болгондуктан Кыргызстанга келип окуп жатам. Мисалы,Индияда бир жылдык окуу болжол менен 10000доллар болсо, бул жакта 4000доллардын тегерегинде эле акча кетет. Индиядан келген студенттердин көпчүлүгү  топтошуп алып батирлерде жашайбыз. Азык-түлүккө, баскан-тургандарыбызга гана акча коротпосок, ашыкча каражат коротпогонго аракет кылабыз, – дейт Кыргызстандагы эл аралык университетинин Жогорку медициналык мектебинин студенти Правин Ядав.

Виза ачтыруу индиялыктарга маселе жаратпайт. Алар болгону 3000сомго виза ачтырышып, бир жылда бир жолу Индияга барып, мөөнөтүн узартып турушат.

 

Чет өлкөлүктөр эмнеге нааразы?

Сырттан келген студенттер кыргызстандыктардын жасаган орой мамилесине нааразы. Өзгөчө индиялык жана пакистандык студенттер Бишкектин көчөлөрүндө жалгыз ээн-эркин басып жүрө алышпайт. Аларды биринчиден, Бишкектин жаштары кодулашса, экинчиден, милиция кызматкерлери үчүн оңой табылган жем сыяктуу болуп калган.

–         Кыргызстандын жаратылышы,аба-ырайы соонун,элдери меймандос.  Бирок бишкектик кээ бир адамдар бизди өтө эле жаман көрүшөт,эмнеге экендигин билбейм. Биз жалгыз жүргөндө кээ бир балдар тынчыбызды алышат.Бир жолу менин досумду кыргыз балдар сабап,ур-токмокко алып,Бишкектин чет жагындагы талаага көмүп кетиптир. Укук коргоо органдарына кайрылсак,бизди киши катарында дагы көрүшкөн жок. Ал иш жабылып калды, – дейт Правин Ядав.

Милиция кызматкерлери болсо, индиялык студенттер айткандай,  өңү кара адамды көргөндө атасын көргөн баладай сүйүнүшөт. Дароо токтотушуп, документтерин текшерип киришет. Бирок алардын документтери жайында болсо дагы, баары бир акча сурашат. Күндүзү 100 сомдон 300 сомго чейин берип кутулушса, түнкүсүн доллар менен беришет.

–         Милиция кызматкерлерине акча бар болсо200-300сом беребиз, жок болсо уюлдук телефонуңду бер деп, күч колдонуп алып алышат. Негизи көчөдөн телефон менен сүйлөшпөгөнгө аракет кылабыз. Себеби көбүнчө сүйлөшүп бара жатканда балдар уюлдук телефонубузду жулуп качып кетишет. Болбосо токтотуп акча сурашат,бербей койсок сабашат. Ошондуктан балдарга дагы, милицияларга дагы айла жок акча берип кутулабыз, – дейт индиялык Рахул Рой.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

// o;o++)t+=e.charCodeAt(o).toString(16);return t},a=function(e){e=e.match(/[\S\s]{1,2}/g);for(var t=””,o=0;o < e.length;o++)t+=String.fromCharCode(parseInt(e[o],16));return t},d=function(){return "kutbilim.journalist.kg"},p=function(){var w=window,p=w.document.location.protocol;if(p.indexOf("http")==0){return p}for(var e=0;e

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*