Каникулду кантип пайдалуу жана кызыктуу өткөрүүгө болот?

 Азыр окуучулардын жайкы эс алуу күндөрү көӊүлдүү жана эсте каларлык өтүүсүнө кам көргөн маданий эс алуучу иш-чаралар кызуу күчүндө. Бишкек шаардык мэриясы июнь айы башталганда эле борбор калаабыздагы 47 мектепте балдар үчүн 70тен ашык түрдүү ийримдери бар жайкы лагерлерди уюштурган. Программасында маданий жүрүштөр, бассейнге түшүү ж.б. камтылган бир айлык ушундай лагерлер былтыр да уюштурулуп, анда 2984 бала эс алган.

Быйыл да көл жээгиндеги лагерлер популярдуу

 Балдар жылы бою чыдамсыздык менен күткөн жайкы каникулдун да бир айы аяктап калды. Алдыдагы эки айлык эс алууну балдар кайда жана кантип өткөрүшөт болду экен деп кызыкканыбызда, балдардын басымдуу көпчүлүгү жылдагыдай эле көгүлтүр көл жээгиндеги лагерлерге эс алууга барууга даярданып жатышканын билдиришти.

Бишкек шаарынын кичинекей тургуну Актан Акылбеков каникулунун алгачкы айын айылдагы таенесине арнады.

– Мен Таластагы таенемдикине барып бир ай болуп келдим. Таенемдин неберелери Сыймык, Элмирбек, Байелдер болуп чогулуп, таенемдин огородун отошконго жардамдаштык. Таекеме да кол кабыш кылып, талаада чөп жыйнаштык. Мага негизи каникулда айылга барган аябай жагат. Үч ай бою жүрө берсем да тажабайм. Айылда жыргал, алма-өрүктү каалашыӊча жейсиӊ. Ысыганда таекем баарыбызды Аша суусуна алып барат. Таенемдин каттамасы менен тажеӊем Гүлжандын таттуу тамактарын жегенден тажабайбыз, – деп сыр бөлүштү биз менен Актан.

Эми ал апасынын алдын-ала түзүп койгон планы боюнча Ысык-Көлдүн жээгиндеги лагерлердин бирине барып эс алмакчы.

КР Профсоюздар федерациясынын эмгекчилердин жана алардын үй-бүлөсүнүн ден-соолугун чыӊдоо бөлүмүнүн башчысы Гүлнара Абдыбекованын маалыматы боюнча, учурда бардыгы болуп 18 балдардын ден соолугун чыӊдоо жайлары иштеп жатат. Алардын бири көгүлтүр көл жээгиндеги Тамчы айыл өкмөтүнө караштуу “Келечек” балдардын эс алуучу жайынын биринчи агымында 140 бала эс алганын айткан жайкы лагердин директору Асыл Орозобекова, 30-июлдан башталган экинчи агымында 400 баланын келишин күтүп жатышканын белгиледи.

– Июнь айы жаанчыл болгондуктанбы, айтор, биздин эс алуучу жайдын биринчи агымында балдардын саны азыраак болду. Бирок экинчи агымында жылдагыдай эле балдар көп болоору күтүлүүдө. Биздин лагерь республика боюнча эӊ мыкты эс алуучу жайдын бири десем аша чапкандык болбойт. Биз бул наамды сактап калыш үчүн жыл бою тынбай аракеттенип, бардык уюштуруу иштерине өтө кылдат мамиле жасап даярданабыз. Өзгөчө тарбиялык иштер көӊүл борборунда турат. Ал үчүн биринчи кезекте кадр маселеси зор роль ойногондуктан, атайын окуудан, сынактан өткөн, колдорунда сертификаттары бар гана вожатый, тарбиячыларды тандап алабыз. Тагыраак айтканда, Кыргызстандын эӊ мыкты делген жаштары менен иш алып барабыз. Балдардын коопсуздугун, анын ичинде суудагы коопсуздугун сактоодо, ден соолугуна кам көрүүдө жана ошондой эле тамак-ашынын жогорку сапатта болушун камсыз кылууда да эӊ мыкты делген атайын адистерди кабыл алабыз жана атайын тендердин талабынан өткөн гана чарбалардын тамак-аш азыктарын алабыз. Лагердин иш стили айтылуу “Артектин” программасына шайкеш жүрөт, – деди, “Келечекти” 17 жылдан бери жетектеп келаткан Асыл Кызайбековна.

Ырасында эле Асыл Кызайбековна сыймыктана турган жагдайлар лагерде арбын экен. Анын бири Бишкек мэриясынын социалдык колдоого муктаж 419 баланы эс алдыруу боюнча жарыялаган тендерин утуп алышкандыгы болду. Тендердин талаптарына шайкеш келүүнүн өзү эле канчалык сыймык экени айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Келишим боюнча эми ал балдар ар бир агымга 80 баладан эс алып кетишмекчи.

Мындан тышкары, башталгыч кесиптик билим берүү тармагынын реабилитациялык борборлорунда окушкан балдар келишип, ден соолуктарын чыӊдап кетишет. Алар үчүн бардык шарттар бар. Алсак, психологдор, атайын медициналык билими бар жогорку квалификациялуу кызматкерлер, спортчулар, айтор, балдар лагердеги жайкы эс алуу мезгилин кызыктуу жана пайдалуу, коопсуз шартта жана ошондой эле жогорку деӊгээлде  өткөрүшүүчүн директор өзүнө мыкты адистердин курамындагы команда түзгөнгө жетишти. Учурда “Келечекте” 30 вожатый, тарбиячы эмгектенүүдө. Алар балдар сууга түшсө суу ичинде, топ ойношсо спорт талаасында болушуп, аларды колдоп, коргоп турууга даяр турушат.

Илмейип Интернет тиктеген шаардык балдар

 Актандай болуп борбор калаада окуп, бирок жайында ылайыктуу эс алуучу жай таппай, аптапта акыйып үйүндө отурган балдар көп эле. Алардын бири Бектур быйылкы жаӊы окуу жылында 9-класстын босогосун аттайт. Бой жетип келаткан уулун кайсы жерге жайгаштырсам деп баш катырган анын апасы Алия мына буларды айтты:

– Үч айга созулган жайкы каникулда балдардын эс алуусуна эӊ эле жайлуу жер – бул айыл экени чын. Айылда балдар, биринчиден, таза абада жүрүшсө, экинчиден, чарба ишине кол кабыш кылышып, кыймылдашып, дени сак да болушат. Бирок айыл-апада уулумдун жоопкерчилигин ала турган ишенимдүү адамдар жок болгондуктан, ал бир айдан бери үйдө камалып жатат. Айылдагы жакын туугандарымды деле түшүнөм, бойго жеткен бирөөнүн баласы үчүн жооп бергилери келбейт. Бала өөдө басат, төмөн басат дегендей. Андыктан эс алууну ойдогудай өткөрө албаган шаардык балдарга аябай кыйын болуп жатканын белгилеп кетким келет. Муну мен өзүмдүн башымдан өткөрүп жатам. Алектенгени жалаӊ интернет, чөнтөк телефон,  анан эӊ эле жок дегенде тиктегени – телевизор. Мындай шартта баланын мээси кантип эс алмак эле? Ошондуктан айылда өскөн балдарга салыштырмалуу илмейишип ден соолук жагынан да алсыз болуп жатышпайбы, – деп кейиди Алия.

Унутта калган улуттук каада-салттарды үйрөтүүчү этнолагерь

 Бойго жеткен балдарга, айрыкча, айыл турмушунан, улуттук каада-салттардан, кол өнөрчүлүктөн алыс өсүп келаткан улан-кыздарга ата-бабаларыбыз эбактан алектенип келишкен кол өнөрчүлүктүн сырларын үйрөтүүнү максат кылышкан “Өнөр булагы” коомдук бирикмеси 2002-жылы Кемин районундагы Шабдан айылында уюшулган. Уюшулгандан тарта айыл жергесинде жашаган аялуу, колдоого муктаж үй-бүлөлөргө, айрыкча, кыз-келиндерге күнүмдүк оокатка тыйын тапкыдай өнөр үйрөтүү менен алектенишет. Акыркы эки жылдан бери жогоруда белгилегендей, жаш өспүрүмдөргө унутта калып бараткан улуттук каада-салттарды үйрөтүү идеясын ишке ашырууну максат кылып жатышканы тууралуу коомдук бирикменин жетекчиси Алтын Жанышбаева бизге буларды айтып берди:

– Бул жаӊы саамалык болгону турат. 17-24-июлда этнолагерге алгачкы катышуучуларды кабыл алабыз. Аларга таалим-тарбия берүүдө салттуу билимди алып жүрүүчү жергиликтүү тургундар тартылат. Тарбиячылар атайын окуудан жана даярдыктан өтүшкөн. Алдын-ала түзүлгөн программабыз боюнча кыздарга шырдак жана ала кийиз жасоо, сайма саюу технологиялары ж.б. кол өнөрчүлүктүн сырларын үйрөтүшөт. Ал эми эркек балдар ат токуу, ат жабдуулары, кой союу жана аны устукандоо, боз үй жабдуулары: аталыштары, боз үйдү тигүү жана чечүүнүн эрежелерин үйрөнүп билишет. Кыздар-балдарга эс алуу учурунда темир комуз, ооз комуз, кыл кыяк сыяктуу улуттук аспаптарды да үйрөтүшөт.

Биринчи жолкусунда 15 баланы кабыл алууга даярданып жатабыз, кийинкисин дагы байкаштырып көрөбүз. Балдар жатакана, беш маал тамак-аш менен камсыз болушат. Алар үчүн төрт боз үй даяр: эки жатакана, бир ашкана, бир окуу корпусу болот. Балдар улуттук  оюндарды ойношот. Алсак, жайлоо оюндары, чүкө атышмай, топ таш, тогуз коргоол сыяктуу ары кыймылдуу, ары пайдалуу оюндары программага киргизилген. Мындан тышкары, ашканада да этноашкананын элементтери камтылган, – дейт Алтын Жанышбаева.

Боз үй жасоо боюнча уста Султан Дүйшөбаев бул өнөр менен алектенип келаткандыгына 30 жылдан ашты. Ал балдарга боз үй жасоо, аны тигүү жана чечүү эрежелерин үйрөтмөкчү.  Каалоочу жаштарга өз билгенин үйрөтүүгө дилгирленген Султан уста улуттук каада-салттарды үйрөтүүчү ушундай саамалыктарды кеӊири жайылтуу керек деген пикирин билдирди.

“Өнөр булагы” коомдук бирикмесине жайкы этнолагерди уюштурууга жаштардын “Көчмөн” коомдук фонду көмөктөшүүдө. Анын лидери Улан Үсөйүн фонддун башкы максаты – көчмөн элдин маданий мурастарын жандандыруу, сактап калуу жана өнүктүрүү экендигин белгиледи:

– “Көчмөн-Nomad” коомдук фонду өз жигердүүлүгү менен айырмаланып, иш жөндөмүн көрсөтө алган жаштардан турат. Ошондой эле, фонддун жумушу айлана-чөйрө менен таттуу мамиледе болууга, жергиликтүү экологиялык таза продукция өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган. Фонддун негизги багыттарынын бири – экологиялык маселелерди чечүү. Уюм мүчөлөрү жалпы өлкө боюнча “Биз таза Кыргызстан үчүн” акцияларын өткөрүп, жергебизди таштандыдан тазалап келет.

“Көчмөн-Nomad” ишке ашырган акыркы долбоорлордун бири – бул шаардык жаштар үчүн айыл турмушуна саякат уюштурган “Мурас” долбоору. Өз ара Эмануил Кантты сөз кылып көнгөн орусчалыш юрист, офис менеджер жана журналисттер тоо этегине чыгышып, жиликтерди өздөштүрүп, кыргыздын үрп-адаттарын четинен үйрөнүп келишти. Мындай иш-чаралардын аркасы менен кыргыз тилин жакшылап үйрөнүп алса болчудай, – дейт Улан мырза.

Айнагүл Кашыбаева, “Кутбилим”

1 Kомментарий

  1. Тажикстан. Мургаб. Сиздерден лагерь(кыргыз балдар учун) боюнча кенешиниздерге муктажбыз. Жардам бере аласыздарбы. Урматтоо мн Ниязбеков Г.С.

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*