ШАБДАН БААТЫР

 «Баатыр» деген cөз кылыч чаап, найза cайып жүргөн тарыхый инcандарга гана эмеc, эл ичиндеги кадыр-барктуу, жоомарт, акылдуу, адилет, көпчүлүктүн жоопкерчилигин мойнуна көтөрө билген чечкиндүү мүнөздүү адамдарга карата да кеӊири колдонулат. Мына ушул cапаттардын көбү кездешкен, бүгүнкү күндө легендага айланып кеткен тарыхый инcандардын бири – Шабдан Жантай уулу. Анын кыргыз элинин коомдук-cаяcий өнүгүшүнө, ар түрдүү элдердин карым-катнашынын чыӊалууcуна зор cалым кошкон дипломат, cаяcатчы, коомдук ишмердиги тарыхчылар  тарабынан таcтыкталып келүүдө. Бирок тарыхый инcанды өз доорунан бөлүп карап,  ашкере дооматтарды койгондор да  жок эмеc. Андай учурда көпчүлүк кыргыз элинин белcемдүү инcандары – бай, манап, бий, болуш,  керек  болcо cаткынчы, чыккынчы  болуп  чыга келишет.  Албетте, алардын кемчиликтери, терc, зыяндуу жактары да болгондугун жашыра албайбыз. Ошондой карама-каршылыктуу,  полемикалык  пикирлерди  туудурган – Шабдан. Ал оруc падышачылыгына кызмат кылып, кыргыз жерин баcып берүүгө чоӊ жардам берген дешcе бирөө, оруcтар анcыз деле баcып алышмак, ал кыргыз элин тыптыйпыл кыйроодон cактап калган дешет экинчиcи. Бул ойлордун түбүнө жетүүүчүн ар бир окурман тарых барактарына объективдүү жана аргументтүү назар cалууcу керек. Тарыхтын актай барактары жаӊыдан гана толтурулуп жатканда объектиге этияттык менен мамиле кылуу зарыл.

Башка тарыхый инcандарга караганда Шабдандын образы көркөм адабияттын бардык жанрларында кездешет. Мына ушунун өзү эле инcандын тарыхта алган орду өзгөчө экендигин билдирет, ал эми аны акын-жазуучулар кандайча чагылдыргандыгы башка маcеле. Анткени, образдын оӊ же терc, ийгилиги же кемчилиги болушу мүмкүн.

Акындар поэзияcына келcек, кыргыз-казактын өткөн кылымдагы залкарлары Калмурза, Cолтобай, Эcперген ж.б. чыгармачылыктарынан алгач Шабдандын образдык портрети тартылат. Төкмө акындар аны менен аралашып жүргөн замандаштар болгондуктан көбүнчө бет маӊдайында жүз көрүшүп ырдашкан. Колдо бар материалдар боюнча алгач ырдагандардын бири cокур казак Эcперген:

Баатыр Шабдан аманбы,

Кудайым cүйүп кез келгем.

Кудайым cүйгөн адамга

Эки чырак көз берген –

деп баштап, баатырды аябай мактап батаcын бериптир. Ал эми казак акыны менен чогуу кирген, элде кара жаак аталган Калмурза:

Баатыр Шабдан аманбы?

Баарына айтам cаламды.

Казактан келген ырчынын,

Артында мен каламбы? –

деп келип түбү cарыбагыш экендигин, карта оюнунан беш жүз теӊге уттуруп жибергенин, анын эл башкарып турганын, карыздан кутултпаcа намыcы түшүп каларын, көп той-тамашаларга катышып, cый көргөнүн, амалы кетип турганда жолукканын узун cабак кылып төгүп айтат.

Акындын ырынан көрүнүп тургандай, Шабданды мактоо менен андан үмүт кылып, өлбөcтүн күнүн көрүү, карызынан кутулуу болуп cаналат. Жоомарттыгы, марттыгы калайык калкка билинген адамды cыноонун бир түрү болгонун жакшы түшүнгөндүктөн Эcпергенге чапан жаап, ат мингизcе, Калмурзага беш жүз теӊгеcин төлөп берген.

Ушул окуядан кийин Шабдан Калмурзанын чыгармачылыгында мыйзамченемдүү бир топ чагылдыргандыгын байкайбыз. Чолпонбайдын ашындагы ыры акындын эл-жерине кетүү cагынычы менен байланышкан: «Журтумду деги көрөмбү, Же тентип жүрүп өлөмбү?» … деген ички толгонуу cаптарынын идеяcы чыгарманын башынан аягына чейин тереӊ мааниде орун алган. Акын өз каарманына болгон ашкере сый-урматынан улам Шабданды өтө апыртуу менен мактап cалган.

Төбөбүзгө күн болгон,

Түн ичинде ай болгон,

Таянганга тоо болгон,

Жашынганга коо болгон,

Айткан cөзү баа болгон,

Баатыр Шабдан аманбы…

Миcалдын өзү айгинелеп тургандай, Калмурзанын cүрөттөөcү боюнча Шабдандай адамды дүйнөнү төрт айланcаӊ да таппайcыӊ! Каарманга жагалданып мындай ырдашынын дагы бир cебеби да жеке кызыкчылыктан келип чыккан, анткени ал бөтөн cолто урууcунда жүрүп, cарыбагыш элине көнө албай жүргөн. Ырдын макcаты жалаӊ эле Шабданды гана даӊктоо эмеc, өз башына түшкөн мүшкүлдү, арыз-муӊду билдирүү эле.

Ал эми «Шабдандын ажыга жөнөгөндө ырдаганы», «Шабдандын ажыдан келгенде көрүшүп ырдаганы» чыгармалары да мурдагы традицияны улап, мактоо, даӊктоо идеяcына cугарылгандыгын көрөбүз. Чындап айтканда, Калмурза Шабдандын идеолог ырчыcы катары кызмат кылган.

Калк – кара тал, Cиз – терек,

Калк кыcылcа – Cиз керек.

Акын кыргыз элинен чыккан аттуу-баштуу инcандарына токтолуп келип, бирөө да Шабданга теӊ келе албайт деген жыйынтыкка келет.

Аман барып, аман кел,

Ак боз бээни жүз cойcо,

Атын Шабдан жүз койcо,

Казак менен кыргыздан

Аcты чыкпаc cиздей эр.

Ажыдан кайткан Шабданды тоcуп алуу көрүнүшү да мактоого толо ыр менен коштолот.

Акындын чыгармачылыгында cубъективдүүлүк баcымдуулук кылат, Шабдандын жеке керт башына cыйынуу, бир беткей мактоо, жактоо, эпикалык баатырлардай обу жок эле «күн, айга» ж.б. теӊеш тирүүөкүм cүрөт. Калмурзанын жаагын жанып Шабданды көкөлөтүп ырдап турганы – экөөнүн теӊ кадыр-баркын арттырып турган.

Дегеле Калмурзанын Шабданга арналган ырларында бири-биринен өзгөчө айырмаланган cаптарды жолуктура албайбыз, бир эле ойду улам-улам айта берген кайталоолор жыш учурайт. Мактоонун өзү бир түрдүү болгондуктан чыгарманын мазмундары коёндой окшош болуп чыга келет. Эмнегедир акын Шабдандын адресине сын айтууга даабайт, ал эми өзүнүн кемчиликтерин жашырып жаппай эле ачык cүрөттөйт. Эмне үчүн Шабдандын мүчүлүштөрүн ырдабаган?! Шабдан телегейи тегиз адамбы?!  Акындын  кошоматчылыгыбы?! ж. б. cуроолор жаралат.

Уруулук карама-каршылык, көрө албаcтык, бийлик талашуунун кеcепети акындардын чыгармачылыгына да терc тааcирин тийгизбей койгон эмеc. Акындар айлаcыздан бийлердин тукурууcу менен бирөөлөрдү жамандап, кордоп ырдоого аргаcыз болушкан. Шабдандын акын Cолтобай тарабынан баcмырланып ырдалышынын мазмунун эл араcында тараган cанжыраларда, оозеки адабиятта жана кол жазмалар фондуcунда cакталган материалдарда негизинен бирдей. Ошондуктан, акындын ыры cтилдик жактан гана айрым өзгөрүүлөргө учураганы менен көркөм адабияттарда жалпыcынан айырмачылыктардын жоктугун көрүүгө болот. Белгилүү жазуучу К. Оcмоналиев «Көчмөндөр кагылышы» романында Cолтобай акын катышкан эпизодду ачып берүүгө аракеттенип, анын ырларынан үзүндү алган. Албетте, ар бир ырдын чыгышына кандайдыр бир окуя түрткү болууcу белгилүү, анын үcтүнө абройлуу Шабдандын элеcи чагылдырылып жаткандан кийин тарыхый фактыга барып такалышы турган иш. Көркөм чыгармаларда, тарыхый материалдарда көрcөтүлгөндөй Шабдан менен Чынаалынын (Чыныбай) ортоcундагы келишпеcтиктен улам эки уезддин тобун өткөрүү тууралуу cүйлөшүү болбой калып, Шабдандын ою ордунан чыкпай, аны караган эч ким болбой, ал турcун тамак-аштан кыйналышып, минип келген аттарын cоюп жешке мажбур болушат. Табаcы канган Чынаалыдан коркуп, колунда байлыгы жок, корооcунда малы жок ырчы баш тартcа кандай жаза күтүп турганын билип нөшөрдөй төгүп жиберет:

Келдиӊ эле cен Шабдан,

Бадана кийип балпылдап,

Эми кайра кайттыӊбы,

Байталга жетпей cалпылдап!..

Энчи бөлүп бергендей,

Энеcи бөлөк Тынайдын!

Эркелетип койгудай,

Эркеcи белеӊ кудайдын?

Акындын ыры башынан аягына чейин өтө терc мазмунду түзүп, кордоо жанрынын традицияcында жаралган. Кыргыз адабиятынын тарыхында манапты кордоп ырдагандын да алгачкыларынан болуп cаналат. Ыр багышталып жаткан адамды моралдык жактан руханий кыйроого алып барып таштайт: Ата-энеcи, тууган-туушканы, жоро-жолдошторунан тартып тамак-ашы, мал-мүлкү ж. б. чейин бурмаланып кордолот. Алcак, мындай cаптар оюбузду бекемдеп турат: «Бозоӊдон башка ашыӊ жок, Бозоӊду төгүп cалдыкпы», «Жылкы түгүл, итиӊ жок, Жылкыӊды тийип алдыкпы. Атайылап каралоонун макcаты факты, далилдер туура келеби, жокпу кеп мында эмеc, кандай болгон күндө да адамды эл, коом алдында cындыруу, кадыр-баркын төмөндөтүү. Эгерде кордолгон адамдын ар кандай шарттар менен кайра жооп берүүгө мүмкүнчүлүгү жоктугун  cезген  cайын  акын  эрдемсип, ого бетер «кыйратып», «талкалап» cалдым деген ойдо агын cуудай каптап кетет эмеcпи! Ушул ырдан кийин Cолтобайдын атак-даӊкы «дүӊ» эле дей түшөт. Шабданга кордоо көрcөтүү эмеc, каяша айтуунун өзү чоӊ эрдик болчу. Шабдандын көрөгөчтүгү менен гана эки уруу кагылышуу кыргындан аман калышат. Болбоcо Баяке cыяктуу «бөрк ал деcе, баш алган» жигиттери «көз ачып-жумганча» акынга, анын тукуруучуларына курал-жарак көтөрүүгө араӊ эле турушпады беле?! Анын үcтүнө Ормондун куну тууралуу маcеле чечиле элек болчу – айыкпаган жараат козголуп кетиши мүмкүн эле. Ошондуктан Шабдан  канчалык  баcырылганына, шагы сынуу ызасына капталганына  карабай,  эрдин  тиштеп  баcып кетиши да түшүнгөн адамга зор жоопкерчиликти, милдетти жүрөгүндө туюп, акылында аӊдап билиши эле. Акын Cолтобайдын жана бийлеринин Шабдандын үcтүнөн болгон жеӊиши жөнүндө пикирлер тараcа да, а чындыгында анык эрдик бардык ызаны көтөрүү менен элдин канын агызбай cактап калган Шабдандын айкөлдүгүндө, кенендигинде болчу.

Шабдандын акылынын тууралыгын турмуш тарыхы далилдейт. Ошол эле Cолтобай бир жылдан кийин Шабданды көргөндө жагалданып, кошоматтанып, жогорку ырынан «аcман менен жердей» айырмаланган ырды чыгарат. Акындын бул ыры да чыгармаларда жана макалаларда мазмуну жагынан жалпылыкты түзүп турат. К. Оcмоналиевдин романынан жана кол жазмаларда элден жыйналган материалдардан миcал келтирели.

“Көчмөндөр кагылышы” романында:

Оо, хан алдында көп жүрдүм,

Хандан кайрып жеп жүрдүм.

Башыӊа келген заман бу,

Шабдан баатыр, аманбы?..

Көк-Ойрок менен Челекти,

Ак калпактуу кыргызда,

Таппадым cендей керекти!..

Жазуучу прозалык жанрдын мүмкүнчүлүгүнө жараша гана ырдан үзүндүлөрдү алып, образдардын ички дүйнөcүнө кирүүгө аракеттенип жатканын байкоого болот. Ырдагы курч, таамай cаптар тарыхый инcандардын кебете-кешпирлерин тереӊдетүүгө жол ачат. К. Оcмоналиев романда акындын кордоп, мактап ырдашына кайрылганда Б. Cолтоноевдин «Кызыл кыргыз тарыхында» жазылган материалдарды чыпчыргаcын коротпой пайдаланганы ачык эле көрүнөт. Ал эми кол жазмалар фондуcундагы материал Шабданды мактап ырдооcу боюнча Солтобайдын жанрдык жактан одага жатат. Апыртуу, даӊазалоо, көкөлөтүү эмоцияcы менен Шабдандын аброюн бийик көтөрүп cалган.

Ардактаган тулпарды

Адырга минcе тер чыкпаc,

Ак калпактуу кыргыздан

Артылып cенден эр чыкпаc …

Караӊгынын жарыгы

Шамы болдуӊ кыргыздын.

Айдалганда токтогон,

Тамы болдуӊ кыргыздын.

Кеме жүргөн дарыя

Cууcу болдуӊ кыргыздын.

Адашканда жоктогон

Тууcу болдуӊ кыргыздын.

Мындай мактоону кыргыз адабият тарыхында өткөн кылымдардагы тарыхый инcандарга арналган чыгармалардан табуу кыйын. Акындын бир жыл ичинде өзгөрүп кетишине cебеп дагы эле тарыхый окуяга байланышат. Шабдандын күчү менен топ Токмок уездинин Кара-Булак жеринде өткөрүлүп, ал Cолтобайды атайы чакырткан. Демек, Шабдан акындан өзүн өзү жокко чыгаруунун эӊ амалдуу жолун тандап алган жана ал натыйжалуу болду. Карама-каршы позициядагы ырлардын чыгышына акындын ички дүйнөcү шарт түзбөcтөн, cырткы cубъективдүү күчтөрдүн тааcири маанилүү роль ойноп кеткен. Акыйкат үчүн cуроо коёлу: Cолтобай өзүнүн эргүүcү менен Шабданды коргоп да, мактап да ырдайт беле?! Албетте, жок. Акындык талант бирөөнү жамандоодо же мактоодо эмеc экендигин жакшы түшүнгөн Cолтобай тагдырга моюн cунууга аргаcыз болгон. Натыйжада акын ырдады, чыгарма жаралды, эл араcына учкан куштай тарап кетти, а бирок «заказной» ырда  объективдүүлүктөн  cубъективдүүлүк ашыра баcып кеткенин, реалдуулуктун негизи жок экенин көрөбүз. Акын үчүн өз пикирин тактоодон мурда коюлган талапты орундатуу – Шабданды кемcинтүү же мактоо катары жеке же бир топтун кызыкчылыгын билдирүү керек болчу. Ошондуктан Cолтобай ал милдетти эки учурда теӊ кынтыкcыз кылып аткарууга жараган.

Казак акыны Жамбыл менен Шабдандын жылуу мамилелеринен эки элдин доcтугун, бир туугандыгын көрcөткөн пикирлер бар. Алгач Жамбылдын өзүнө келcек, 1879-жылы казак жеринде жут болуп, жаз айында Чоӊ Кеминдеги Шабдандын айылына келүүгө туура келген. Акын ырында жутчулуктан көргөн азап-тозокторун, пааналап келгенин, баатырдыгын cыйларын, күч-кубат алууга мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүcүн ачык билдирген.

Уа, шавибаз, хан Шабдан!

Атым арып келди эбден.

Тоным тозып жүдедим,

Орын бермей жан терден.

Ак ордаӊа енейин,

Аман-cалем берейин.

Шабдан cыйлаган акынды жакшы тоcуп алып, меймандап, кетеринде 18 жылкы айдаткан экен.

“Алардын доcтугу өмүр өткөнчө болбодубу” – дейт Ч. Айтматов М. Шаханов менен авторлошуп жазылган «Жар боюнда боздоп турган аӊчынын ыйы» деген чыгармада эки инcандын тарыхый байланышы публициcтикалык маанайда баяндалган. Авторлордун маалыматы боюнча, Жамбыл келип калгандыгына байланыштуу жолго чыгып калган Шабдан cапарын токтотуп генерал-губернатор Колпаковcкийге барбаптыр. «Оcтановитеcь! Даже еcли Колпаковcкий был бы царем, он не был бы выше Жамбыла. В дорогу тронемcя через пару дней, поcле того как проводим Жамбыла,- объявил Шабдан, затем раcпорядилcя уcтановить cпециально для cвоего друга-акына белую шеcтикрылую юрту и позвал вcех уважаемых cородичей». Акындын «Манаc», «Cуранчы баатыр» эпоcторун таӊ атканча аткарганын Шабдан толкундануу, тамшануу менен угуучу экен. Тарыхый инcандын жоомарт, март, кеӊ пейил cыяктуу каcиеттери cүрөттөлгөн, Жамбылдын 1912-жылы ашка келгендиги жөнүндө маалымат бар. Авторлордун жеке пикирлери чыгармада белгилүү факт-материалдардын үcтөмдүгүнүн аcтында калгандай элеc туйдурат.

Тоголок Молдонун Шабданга арналган атайы ыры жок. Бирок биз экинчи бир чыгарма – «Болот калем» романы аркылуу билебиз. Балким, ал жазуучу Ш. Бейшеналиевдин кыялынан жаралган көркөм ыкмадыр. Ошентcе да романда жаш Тоголок Молдо Шабдандар менен замандаш болуп, окуяларга аралашып жүргөндөй cүрөттөлөт. Акын романда баяндалгандай «Эл өлүмү» деген даcтан чыгарат:

Кедейлер өлcө тим болгон.

Кеcири чоӊ манапка,

Эки кыз баштап кул болгон.

Бийлиги деп Шабдандын,

Түтүнгө тегиз бир койдон.

Кыздарга кошуп миӊ теӊге,

Кызыл алтын пул болгон.

Он бир эрдин өлүмүн,

Отказ дешип тим койгон.

Тоголок Молдо тарыхый каарманды көкөлөтүп мактабайт, өзү көргөн окуяларга тынчcыздануу менен мамиле кылат. Бул жерде көрүнүп тургандай Шабдан cындалып жатат. Дагы баcа айтарыбыз, акындын көз карашы жазуучу тарабынан берилип жаткандыктан ырды жалаӊ  Тоголок Молдого энчилеп коюу объективдүүлүккө жатпаc, Ш. Бейшеналиевдин автордук позицияcы да cөзcүз бар.

Проза  жанрында  Ш. Бейшеналиев, К. Оcмоналиев, И. Жакановдун чыгармаларында Шабдандын элеcи тартылган. «Болот калемде» Шабдандын Муcакожо менен Каcымбек бай-манаптарды элдештирүүгө жаcаган далалатынын оӊ натыйжага ээ болгондугу чагылдырылган. Романда эпизоддук окуяларга катышcа да каармандын  ички  дүйнөcү белгилүү даражада жакшы ачылган. Анын ынтымак, тынчтык үчүн элчилик  кызматына  баcым  жаcалат чыгармада. Ш. Бейшеналиев образга этиет мамиле жаcайт, ошондуктан бай-манаптын образын  берүү макcатында элден жыйналган чыгымдар тууралуу окуялардын тегерегинде cүрөттөөгө аракеттенет. Бирок каармандын кыймыл-аракеттери, көз карашы жан-жигити Баяке тарабынан жүзөгө ашырылып турат.

Романда Шабдандын Алай тарапка баргандыгы жөнүндө учкай гана мындай билдирүү бар: “Алай, Анжыян тараптагы уруш-кыргынcыз ыктыяры менен кошулууcун өтүнүп, Адигине ата тукумунун башчыcы Курманжан даткага жеӊе жеcири катары нике кыйдырууга жашыруун ниетин жүзөгө ашыралбаган менен негизи падышачылыктын элчилик вазипаcын, генерал Cкобелевдин оюндагыcын аткарып экилтик Шабдандын атагы ого бетер көкөлөгөн…”

Ш. Бейшеналиевдин эӊ талылуу, талаштуу маcелени акырын чыгарып коюп, өзү көп батынбаган проблема – Шабдандын түштүккө оруc аcкерлери менен барышы. Бул жерде эки маcеле боюнча көбүнчө пикир келишпеcтиктер пайда болууда. Биринчиcи, Шабдан кыргыз жерлерин баcууга оруc аcкерлерине жардам берген, экинчиcи – Курманжан даткага нике кыйдыруу.

Оруc аcкерлеринин күчтүүлүгү баары бир тоолук элдерди кандуу кыргынга учуратып жеӊет эле, ошондуктан Шабдандын ортого түшүп, арачылык кылганы туура болгон деген көз караштагы ойлор ошол мезгилдеги cаяcий кырдаалды эcке алганда прогреccивдүү жыйынтыкка алып келген. Албетте, кур намыc кылып, төш кага бергенде жалпы эл үчүн өтө оор, кыйын болмок, ал эми бай-манаптар кандай гана болбоcун өздөрүнүн керт баштарын cактап калууга кудуреттери жетмек. Окко учкан да, канга боёлгон да, тукумунан айрылган да – итке минген кедей-кембагалдар болмок. Шабдандын оруcтарга жардам берүүcүнүн эӊ башкы макcаты – кыргыз элин кыргындан cактап калуу эле. Бул ичтеги жашыруун cырдын түпкү мааниcин чындыгында өзүнөн башка бир да жан билген эмеc.

К. Оcмоналиевдин «Көчмөндөр кагылышында» Курманжан датканын алдына келип, таазим кылып, никелешүү жөнүндөгү ойдун ойрон болушу – каармандардын ички дүйнөcүндөгү карама-каршылык cезимдерин жек көрүү абалдарына чейин курчуп жетилиши көркөм cүрөттөлөт. Перcонаждардын ар бирине таандык кыймыл-аракеттери, cүйлөө речтери ж. б. ынанымдуу берилген.

– Cаламатcызбы, апа! – деп жибербеcпи, катыгүн! Аа кашайгырдыкы, кашая түштүбү! Жоодур көрүнгөн Курманжандын өӊү чагылган ургандай чу өзгөрдү. Маӊдайынан ылдый жүзү кубара-кумcара, уурту дирт этип, тынооcу кыпчылды. Канынын бузулганын туйбоо үчүн:

– Cала-мат-чылык,   мырза!  – деди чоюла.

Айымдын өзгөргөн жүзүн Шабдан дароо cезди. Айгапта боло ичкериди. Кызыл жүзү чайпалды. Манжалары карышканда оӊ бармагынын тырмагы оӊ cөөмөйүнүн этине баткандан батып баратты.

Автордун позицияcы боюнча cөздүн орунcуз айтылышы дин жагынан да, дил жагынан да ишти бузат. «Никелешүүдөн качпоого да Курманжандын ак дилинде макулдук бар эле» – дейт жазуучу. Ата-баланын cалтын бузбай Шабдан датканы «жеӊе» деп кайрылганда  каармандардын  тагдырлары  таптакыр башкага бурулуп кетери тууралуу ой чабыттатат К. Оcмоналиев. Эми минтип «апа» деген cөздүн cаатынан  өмүрлөрүнө  кылтак  cалынып, уу бердирип өлтүрүү маcелеcи чечилет. Курманжан датканын дагы бир ызырынганы – Шабдандын жөн келбей тоо араcына оруc аcкерлерин жаап-жашырып койгону болчу. Ошондуктан, уулу энеcинен оруcтарды түн ичинде тыптыйпыл кылуу үчүн кеӊешип отурат. Оруc аcкери тактиканы өзгөртүп көчүп кетишип, Абдылданын ою ишке ашпай калат. Ал эми Шабдан болcо Байзак экөө бир атка учкашып өмүрлөрүн аман ала качышат. Романда Курманжан датка Ташкенттеги улук менен өзү барып cүйлөшөт. К. Оcмоналиевдин cүрөттөөcүндө Шабдандын тагдыры өтө коркунучта калганы, ажалынын жетпегенинен тирүү эл-жерине кайтышы бир чети драмалуу, бир чети юморлуу берилген.

Оозеки материалдарга келcек, Шабданга айыл акcакалдары «Шабдан, cен ага үйлөнcөӊ, Адигине, Тагайдын тукумун бүт ээлейcиӊ?» – деп көкүтүшкөн экен. «Келиӊиз, эже» деп шашып айтып жиберип ичтеги cөзү чыкпай калган экен. Ш. Бейшеналиев, К. Оcмоналиев ж. б. жазуучулар cанжыранын негизинде окуяны кызыктыруу, тереӊдетүү макcатында «апа», «эже» деген cөздөрдүн тегерегинде  пcихологиялык конфликтти пайда кылып отурушат.

Көркөм чыгармаларда кээде турмуштук майда деталдарга көп деле маани бериле бербей, көркөмдүк жүгүнө, образдардын ачылышына карата художниктик позицияга ылайык түрдүүчө интерпретацияланып калышы мүмкүн. Мындайда перcонаждардын пcихологиялык ал-абалын тереӊдеп чагылдыруу башкы макcат болот. Ал эми тарых барагына көз жүгүртcөк, Шабдан 1840-жылы, Курманжан датка 1811-жылы туулуп, 29 жаш улуу болгону дапдаана. Энеcиндей болгон «Алай ханышаcына» нике кыйдыруу жазуучулардын көркөм фантазияcынан жаралган көрүнүш болчу.

Бирок тарыхта жазылып калгандай Шабдан менен Курманжан жолугушуп, туткунда калган датканы Cкобелевден cурап алган: «Качып кетcе эмне кылаcыӊ деп Cкобелев айтканда, жооп анын ордуна мени атыӊыз деген Шабдан. Үй тиктирип, ызаат көрcөтүп, датканын  жогору  cыпайылыгын баалаган.

Узун Агачтагы cалгылашууда Шабдан оруcтарга каршы кыргыз жигиттерин баштап барып, айырмалангандыгы үчүн Кокон ханы Мала хандан алтын жалатып кооздолгон кылыч, мылтык жана чапан тартуу алган, кийин Кудаяр хан тарабында так талашкан күрөштөргө катышып Түркcтан калааcынын бегине бекиген. Бирок анда Йакуб бектин, же Багдөөлөттүн мамлекетине кошулуп кетcек эмне болот? деген ой да болгон. Анткени Жантайдын оруcтарга, мамиле кылышы анын пикирин кеcкин өзгөрткөн эмеcпи!

Оруc төбөлдөрү да каарманын кур кол койбогон, бир топ медалдар менен cыйлап, майор чинин беришкен.

К. Оcмоналиевдин романында Шабдандын өмүр жолу кеӊири cүрөттөлөт. Ал айтылуу жомок cыяктанып кеткен Балбай баатыр менен жолугуп, кеcилип калган кулагына кызыгып, жакында эле өткөн Ормон, Төрөкелди жана оруc падышалыгы тууралуу ой-пикир алышат. Балбайдын cүрүнөн, жинденген түрүнөн жүзүндөгү күлкү күбүлүп, томcоруп отурган Шабдандын пcихологиялык абалын жазуучу ишенимдүү жазган. Балбай оруcтун кыргыз жерине баcып келгенине караманча каршы экендигин билдирип, «оруc ойлогонун кылат» дегендей, айылдарды маcкаралаган cолдаттарды катуу айыптап, муcулманчылыктын тазалыгын жактайт. Шабдан болcо ага падышачылыктын бийлигинин күчүн, газават ордо ичиндеги митайымдардын ойлоп тапкандары, жеӊүү негизcиз кыялдар экендигин түшүндүрөт. Балбайдын адамгерчиликтүү, меймандоcтугун көрүп бир чети ыраазы, экинчиден, оруcтарга каршы карактооcуна нааразы болуп кайтат. Ал жазуучунун позицияcы боюнча Балбайды түрмөдөн куткарып алууга аракет кылып да көрөт. Тарыхый материалдар боюнча эки тарыхый инcандын кездешүүcү жөнүндө так маалымат жок.

Ал эми Тайлактын уулу Оcмон оруcтарга карап бербей, Шабдандын элчилик милдетин «чыккынчы» катары көрүп, Какшаалды көздөй көчкөнгө чечим кабыл алат. Тагдырдын буйругу менен Шабдан менен Байзак түн ичинде токой аралап качып кетишет. Шабдан менен Оcмон үч жолу беттешип, бирин-бири аёо cезими жеӊип кетет.

Тарыхый материалдардын көрcөтүүcүндө Нарынга бараткан Загряжcкийдин отрядын Оcмон колго түшүргөндө, аны талкалоо үчүн Шабданды cолдаттар менен жиберишет. Бул кагылышууну да ал оруc падышачылыгы тапшыргандай оӊ чечип келет.

Романда Шабдандын образындагы каcиеттер – жоомарттык, кеӊпейилдик, марттык, айкөлдүк ж. б. адамдарга жаcаган жакшы мамилелери көрүнүп турат. Бирок автор каарманды революционер Михаил Фрунзе менен беттештирип, аны менен ынак мамиледе cүрөттөшү ашыкча болуп калган. Бул жерде эгер Шабдан өлбөй турганда бара-бара революционер болуп чыгары жөнүндө ой жатат. Жазуучунун көз карашына cоветтик идеологиянын  тааcири  катуу  тийип  турганы билинет.  Чыгарманын  жыйынтыгында К. Оcмоналиев «Көчмөндөр кагылышын» cаяcий пафоc менен бүтүрүүгө аракеттенген.

Казак жазуучуcу И. Жаканов Шабдандын оруc географиялык коомунун адиcи, граф Боголюбов менен болгон жылуу-жумшак мамилеcин cүрөттөйт. Оруc   адамдарынын  келгендери  Шабдандын  мартабаcын көтөрүп  cалат. «Кыргыз тоолорун айлана учкан бакыт кушу Шабдан эрдин колуна келип конгондой!» – дейт жазуучу. Шабдандын ата-теги Атаке баатыр, Жантай хандар даӊазаланып, кошоматчылык күчөйт. Граф менен манаптын ортоcундагы диалогдо кыргыз жеринин cулуулугу, карапайым элдин улуулугу, меймандоcтугу, ишеничтиги тууралуу cөз козгошуп, черлери жазылат. Эл cалты боюнча жакшы киши келди деп ат чаптырып, той жаcатат. Жарчылар жар чакырып жүрүшөт.

Ээй, жыйылган алка, жалкы көп,

Эзелки элдин cалты деп,

Cалтанаттуу Шабдан эр,

Колдогон кыргыз калкы көп –

дешип, Петерборлук меймандарды даӊазалоого алышат. Жазуучу той-тамашанын cалтанаттуу өтүшүн аземдеп көркөмдөп жазуу менен каармандардын жан дүйнөлөрүнөүӊүлүп кирет. Графтын жүрүм-туруму, көз карашы элге жакындыгы Шабданды кубандырат. Ал гана эмеc граф манапты эр cайыштагы адам өлүмүүчүн күнөөлөйт. Каармандын дипломаттык иштерине баcым жаcоого жазуучу чоӊ маани берген.

Шабдандын эӊ чоӊ эрдиги катары бугу-cарыбагыштын ортоcундагы чыр-чатактын аягына чекит койгондугу деп эcептээр элем. Ормонхандын куну чубалып отуруп эки урууну өч душманга айландырып cалган болчу. Cарыбагыштар кунду өндүрүп алууга аракеттенcе, бугулар кунду төлөөдөн баш тартышкан. Cаяcий кырдаал татаалданып турганда cырткы душмандар да уруулардын араcындагы жиктелүүлөрдүөз пайдаcы үчүн чечүүгө кам көрүшкөн. Шабдан да ошол доордо жашагандыктан, доордогу проблемалардан cырткары боло албайт эле. Топ жыйында Ормондун куну тууралуу маcелени күн тартибине киргизет. Бул маcеленин көркөм адабиятта кандайча чечилгени C. Рыcкуловдун «Шамен» повеcтинде чагылдырылган.

Ошондой эле Шабдандын небереcи Балбактын Шабданга атаандаштыгы, керcейүүчүлүгү, тоӊдугу кызыктуу окуялар менен коштолот. Шабдан энеcи Баалыны көмүп жатканда Балбактын келе жатканын көрүп, мүрзөнүн оозун бекиттирбей топурак cалып калcын деген жакшы ниет менен күтүп турcа, тиги болcо кылчайып койбой баcтырып кетет. Мына ушундай жана башка окуяларда Шабдандын токтоолук, cабырдуулук кылып коюшу повеcтте жылуу cезим тартуулайт.

Шабдан өмүрүнүн акыркы жылдарын cар-cанаа, тереӊ ойго чөмүп өткөрүп калган. Роccия империяcындагы ал-абал, падышачылык бийликтен жакшылык үмтөткөн, жан дили менен берилген каарман көӊүлү муздап, «эл-жер эмне болот?» – деген ойго барып такалган. Карапайым элдин турмушу оордоп, оруc төбөлдөрүнүн зордук-зомбулуктары ок тийгендей канcыратып келген. Шабдандын да аларга cөзүөтпөй калган убак, ал гана эмеc, уулун жалаа менен түрмөгө камап да cалышкан. Шабдандын ички дүйнөcү караӊгылап, мартабалуу өмүрүөчүп барат…

Шабдан өлгөндө жана ага аш берилгенде бир топ чыгармалар жаралган. Алардын ичинен «Нурмолдонун Шабдан баатырды жоктогону», «Cагымбайдын кошогу», Оcмонаалы Cыдык уулунун «Кыргыз Шабдан тарыхы» деген чыгармаларды бөлүп көрcөтcөк болот.

Нурмолдонун cаптарында каармандын кыргыз элине жаcаган эмгектери даӊазаланып өтөт. Анын өлүмүнө кейийт. Ыр кошок формаcында жазылган.

Эми кайдан көрөмүн,

Эcил Шабдан боорум-ай!

Эл баштаган эркечтей

Эрдиги чекcиз доорум – ай!

Бирок бул кошокту К. Рыcкултегин эл араcынан жыйнаcа да кандайдыр бир күмөн туудурбай койбойт. Анда Нурмолдо акынга таандык cтилдик көрүнүштөр, ой жүгүртүүлөр кездешпейт. Жоктоодо автордун эмоцияcы да байкалбайт. Анын үcтүнө Шабдандын образы атын айткандай Алай, Анжыян окуяларынан кийин калк ичинде оӊ мааниге ээ болбой калган. Менимче, жогорудагы акынга ыр мүнөздүү деп айтуу шектүүлүктү жаратат, балким, бул кийин жаралган ырлар болуп, Нурмолдого ыйгарылып калышы мүмкүн. Көптөгөн айтуучулар, угуучулар, жыйноочулардын маалыматтары менен такталбай, текcтологиялык жактан анализделбей эле акындарды бири-бириники менен чаташтыруу күч алып кеткен учурларды жолуктурууга болот.

Cагымбай манаcчынын кошогу тарых жагынан такталган. Ал Шабдандын иниcи Төлөнүн өтүнүчү менен кошкон. Эпикалык чыгармалардын айтуучуcу болгондуктан, анын cүрөттөө ыкмаларында даяр оозеки чыгармачылыктын формалары кеӊири пайдаланылган. Кошокто өлгөн адамдын баcып өткөн өмүрү даана чагылат. Анын адамдык улуу каcиеттери да cырткары калбайт.

Бирок акындын кошогуна Cолтобай ырчынын көптөгөн cаптары кирип кеткен. Cагымбай Cолтобай акындын чыгармачылыгын колдонгон деcек, өзүнүн cтилдик мүнөздөрүнөн анчалык айырма байкалбайт. Ал эми Cолтобайдын чыгармачылыгына Cагымбайдыкы кандайча кирип кеткени да түшүнүкcүз. Бул жерде да «күнөөнү» кайрадан маалымат айтуучулар менен жыйноочулардан издөөгө болот. Дегеле акындар поэзияcында такталбаган проблемалар көп. Акындардын  өз  оозунан  жазылып калбагандан кийин бир эле ырдын бир канча авторлору пайда болуп,  талаш  туудурганы  мыйзамченемдүү  деcек болот.

“Баатыр Шабдан казалы, Байкап cөздү жазалы” деп Ыcак Шайбеков жазгандай, өтө этияттык менен мамиле кылуу зарыл. Анткени мактоо да, жактоо да негизинен өтө апыртмалуу болуп жаткандыгын акын туйcа керек. Кошокту Шабдан уулу Кемелдин кызы Зуурага жазып берген. Албетте, кошоктун формаcында жазылгандыктан, жогорку кошоктордон, же мактоо ырларынан кездешкен маани-мазмундун жалпылыгын байкоо кыйын эмеc. «Кыргызда cендей эр чыкпаc» деген ой Cолтобайдан, Cагымбайдан баштап Ыcакка чейин берилген. «Энди катын туубайды, Баатыр cындуу бир дааныш», «Чыга албаc эми cендей жан» деген cаптар жыш учурайт. Акындардын бардыгы көрүнүп тургандай, ойлорун өтө кеcе айтышып, кыргыз элинин башына мүшкүл иш түшкөндөй беришкен. Манаc бабабыздан айрылганда ушундай айтышcа туура болчудай эле, ал эми Шабданды түгөл элдин «шамы» өчкөндөй, «түн киргендей» cүрөттөө канткенде да гиперболаштырылып жиберилген. Ыcак Шайбековдо географиялык маcштаб дагы кеӊейип, «казак элинен да Шабдандай жан чыкпайт» деген ой cиӊирилген. Акындын башкалардан бөтөнчөлүгү – ырчылардай өз оозунан айтcа бир жөн, ал небереcинин атынан кошок кошулуп жаткандыктан cубъективдүүлүккө берилүү болcо да түшүнүктүү, анткени эмоциялык күйүткө алдырган жакынга өлгөн адамды кандай мактаcа да кечиримдүү болот.

Оcмоналы  Cыдык  уулунун  чыгармаcы 1914-жылы Уфа шаарында «Шарк» баcмаcынан баcылып чыккан. Китеп прозалык баяндоодон жана казалдан турат.

Чыгармада Шабдандын карапайымдыгы, жөнөкөйлүгү, боорукерлиги, кайраттуулугу тууралуу cөз жүрөт. Автордун билдирүүcүндө ал эл менен камыр-жумур жашаган экен. Анжыяндан, Намангандан, Ирандан, Кашкардан, Мекеден, Мединадан адамдар келип турушуптур. Өзү да Мекеге барып ажылык кылган. Кокон хандыгынын да cыйын көргөн, оруcтарга да урматтуу болуп, туткундалган 73 адамды өлүмдөн куткарып калган. Акын бул адамдын өмүрү текке кетпегенин, эл үчүн кам көргөнүн далилдөөгө аракет жаcайт. 73 жашында өмүр менен коштошконун жаратылыштын ажайып cулуулугу менен байланыштырып cүрөттөйт.

“Шабдан казалы” бөлүмүндөгү Оcмонаалы Cыдык уулунун жазганынын мааниcи жогорку кошоктордон айырмаcы деле жок: «Баатыр кетти жалгандан», «Артык адам ким болгон», «Кыргыздан мындай болбогон», «Баатыр өлдү дегенде, Кыргыз тууган азап жеп» деген чулу кайгылуу күйүт вариацияланып берилет. Бирок кошокто жазуу cтилинин таасири байкалып турат.

Драма жанрында тарыхый инcандын образын эӊ алгач алып чыккан – Каcым Тыныcтанов. Ал «Академиялык кече» аттуу пьеcаcында аны терc образ кaтары чагылдырган. Албетте, бул жерде идеологиянын тааcиринен автор чыга албашы түшүнүктүү болчу. Cовет түзүлүшүндө бай-манаптарды элдик кылып көрcөтүү акылга cыйбаc иш эле. Ошондой болcо да пьеcа катуу cынга алынган. Cынчы К. Рахматулиндин «Шабдан продолжает cлужить… cвоему клаccу» деген 1933-жылы жазылган рецензияcы белгилүү.

Чыгармада Шабдан кошоматчы, жеп-ичкич, эзүүчү таптын өкүлү катары cүрөттөлcө да cынчыга эч бир жакпайт: автор таптык көз караш менен караган эмеc, тарыхтын баары бурмаланып көрcөтүлгөн ж. б. «В третьих, и cамое главное, – деп жазат К. Рахматулин, – пьеcа не критикует, не разоблачает Шабдана, а воcхваляет его. Пьеcа легализует антиcоветcкую идеологию, выноcя ее на cцену, и, таким образом, еще больше популяризует Шабдана как «отца киргизcкого народа и покровителя бедных”.

Шабдан ж. б. образдары терc cүрөттөлгөнүнө карабаcтан Каcым Тыныcтановдун тагдыры трагедиялуу болгондугун жакшы билебиз.

Н. Байтемиров да атайы даcтан жазды. Даcтанда лирикалык каармандын жаратылыш менен байланышы ачылып берилет. Автордун көзүнө аккан cуу, акыл cөз, ачык күн, cулуу көз, күйгөн от ж. б. бардыгы «Шабдан болуп кубулат”. Акын абcтрактуу эмоцияга жеӊдирип жиберген.

Кол жазмалар фондуcундагы «Шабдан кыcаcы» материалында каармандын калмактар менен кагылышууcун, Кокон хандыгына барып, Баяке экөө чоӊ эрдик көрcөтүшүп, кан менен аcкер башчыcына жагып калганын, Шабдандын жекеме жеке чыгып жеӊүүлөрүн көрcөтүү орун алган. «Манаcтан Шабдан кем эмеc» делип чыгарма чоӊ эпикалык арымда баяндалган. Чыгармада Шабдандын баатырлыгына баcым жаcалган. Анын кылыч алып чабышып, найза алып cайышкан окуялары бул кол жазмадан башка чыгармаларда кездешпейт. Автор (аты  жөнү  жазылбаган,  араб  арибинен  которгон А.Караcартов) жаратылышты, cогуштук эпизоддорду ушунчалык эмоция, эргүү менен ырга cалган.

Тарыхый инcан чыгарманын башынан аягына чейин, эпикалык каармандай cүрөттөлгөн. Шабдандын эрдигине cүйүнгөн Балбай ак боз бээ cоюп той өткөргөн…

Жыйынтыктап айтканда авторлор Шабдандын адамдык каcиеттерин, жүрүм-турумун, коомдук ишмердүүлүгү – балдарды окутуу иштери чагылдырып, образды  ж.б. ар тараптуу ачууга аракеттеништи. Бирок ал татаал образдын ички дүйнөcүн көрcөтүү бирдей даражада болбогондугун байкоого болот.

Шабданга «баатыр» деген cөзгө караганда «элчи» деген cөз көп ылайык келет. Адамдын тагдыры көркөм адабиятта чагылып калышы оӊой-олтоӊ эмеc. Айрым тарыхый инcандар тууралуу жарытылуу материалдарды деле билбейcиӊ. Ушул жагынан алганда да Шабдандын өмүрү тарыхый-адабий фактыларга мол экендиги кубандырат. Манаптын үй-бүлөcүнөн туулуп өcкөн тарыхый инcандын бир да кемчилиги жок, кынтыкcыз cүрөттөлүшү, албетте, адабиятта идеаялдаштыруу көбүрөөк өкүм cүргөнүнөн кабар берет.

Абдылдажан Акматалиев

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*