КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ ШВЕЙЦАРИЯДА ӨТКӨН ОЛИМПИАДАДА КОЛО МЕДАЛГА ЭЭ БОЛДУ

2016-жылдын 11-17-июлда Швейцариянын Цюрих шаарында XLVII International Physics Olympiad (IphO) физика предмети боюнча эл аралык олимпиада болуп өттү. Олимпиадага дүйнөнүн 90 өлкөсүнөн окуучулар катышты.

Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин коомчулук менен байланыш     координатору Ш.Дубанаеванын берген маалыматына таянсак,  Кыргызстандан барган  команданы “Себат” эл аралык билим берүү мекемесинин төрт окуучусу: Мырзабеков Азамат, Сагымбаев Алымбек, Байзаков Нурбек, Садиков Артур жана №61 мектептин окуучусу Губарченко Михаил түздү. Бардык турлардын жыйынтыгы боюнча Кадамжай лицейинин окуучусу Садиков Артур 3-орунду ээлеп, коло медалга татыктуу болду.

–          Бул эл аралык физика предмети боюнча олимпиада (International Physics Olympiad) 1967- жылдын декабрынан баштап жыл сайын өткөрүлүп келет. Катышуучу өлкө беш окуучудан турган командасы жана эки жетекчиси менен катышууга укуктуу. Бул олимпиада түрдүү мамлекеттердин окуучуларынын арасында физика предметин билүү жана анын ыкмаларын колдонуу жөндөмдөрүн аныктоо боюнча өткөрүлүп келет, – дейт Ш.Дубанаева.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*