АЙЫЛДЫК МЫКТЫ МЕКТЕП

Быйылкы окуу жылында республика боюнча инновациялык 100 мектептин ичинен  жакшы көрсөткүчтү берген  30 мектепти  Азия өнүктүрүү банкы каржылай турган  “Окутуунун сапатын жакшыртуу” долбооруна  ЫсыкКөл облусунун   Ак-Терек айылындагы Жунуш уулу Жапар атындагы жалпы орто билим берүүчү  мектеп  да кирди. Ошондой эле  ал Рисеч энд Дивелопмент (Аренди) коомдук фонду каржылаган “Ысык-Көл областында билим берүүнүү күчөтүү” долбоорунун да катышуучусу. Бул долбоордун алкагында 10-11- класстын окуучуларын ЖРТга даярдоо үчүн бардык шарттар каралган.

 

“Билим түйүнү” – мугалимдердин башын бириктирген борбор

Жунуш уулу Жапар атындагы  орто мектептин директору Канат Тогузаковдун айтуусуна караганда, ал жетектеген окуу жай инновациялык мектеп  болгондуктан батыш чөлкөмдөгү мектептер аралык “Координациялык кеңештин”  алкагында түзүлгөн  “Билим түйүнүнүн” борбору болуп эсептелет.

–         Бардык чөлкөмдүк иш-чаралар биздин мектепте өтөт. “Билим түйүнүндөгү” бардык мектептерге маалыматтык- усулдук жардам көрсөтүп жатабыз. Андан тышкары да райондун, облустун аймагындагы мектептердин мугалимдери да тажрыйба алмашуу үчүн келип турушат. 2013- жылы 3- апрелде Ысык- Көл облусундагы директорлору катышкан чоң семинар өткөргөнбүз. 2016-жылдын 27- июнунда Чоң-Алай районунун директорлорунан турган чоң делегация биздин мектепте мейманда болуп, “Тегерек стол” өткөрүлүп, кеңири форматта тажрыйба алмашуу болду. Биздин мектеп алайлыктарга абдан жакты, – дейт К.Тогузаков. – Мектеп имараты 540 окуучуга эсептелген. Бирок азыр 647   окуучу окуйт. Окуу негизинен бир нөөмөткө (сменада) өтүп, экинчи нөөмөттө үч гана класс окуйт. Окутуу кабинеттик системада өтүлөт. Ар бир мугалим, кабинет башчы, класс жетекчи, окуучулар өзүлөрүнө тиешелүү кабинеттерге чоң жооопкерчилик менен мамиле кылышат. Мебелдин сакталышы абдан жакшы. 1988-жылдан бери даярдоо классыныкын эсепке албаганда эч кандай эмерек сатылып алынган эмес. Бизде автордук алты кабинет жогорку деңгээлде жабдылган: «Курманбакиева Өнөкбүбү», «Мурзабекова Бурулуш», «Жанганаев Үсөн», «Сатыке», «Жаныбеков Кадыр», ал эми  “Молдалиев Турсунбек” атындагы аскердик тарбия берүү кабинети жаңы түзүлдү. Бул кабинеттерди жогорудагы пенсионерлердин балдары өздөрүнүн эсебинен жабдып чыгышты.

  Донорлор. Инвестиция тартуу

Биздин мектепке инвестиция тартуу жана донорлор менен иштөө жаатында чоң тажрыйба топтолгон жана жакшы ийгиликтер бар. Мисалы,  «Айылдык  мектеп долбоорунун» алкагында эки долбоор ишке ашты:«Информациялык борбор түзүү». Анын суммасы 127 959 сомду түзсө, «Орус тил кабинетин жабдуу» долбоорунун суммасы – 58 855 сом. Ал эми Жаргылчак айыл өкмөтүнүн жардамы менен эки  класс-комплект (стол, стул), актовый залга 35 отургуч, усулканага эки стол, т.а. 194 000 сомдук эмеректер алынды.

АРИСтин жардамы менен «Мектептин жылуулук системасын капиталдык ремонттон өткөрүү» долбоору 463 000 сом менен ишке ашты. Ошондой эле АРИСтин жардамы менен ашканага 200 000 сомдук  жабдууларды сатып алдык. БИОМ эл аралык экологиялык уюм менен көп жылдан бери кызматташуунун натыйжасында күн энергиясы менен жылый турган 10 бочка жасалып, айылдын тургундарына берилди. (Ар биринин баасы – 5000 сом.) Ошондой эле БИОМ менен бирдикте мектептин ашканасына күн менен суу жылыта турган коллектор орнотулуп ишке берилди. Анын баасы1000 доллар.  Өнүктүрүү фондунун жана АОнун жардамы менен  2013-2014-окуу жылында эң чоң долбоор ишке ашырылды. Б.а. 3 000 000 сомго  мектептин чатыры капиталдык ремонттон өткөрүлүп жана терезелер пластик терезелерге алмаштырылды. Эң башкысы, мындан 2-3 жыл мурун республикалык конкурска катышып,  “Айылдык мыкты мектеп” номинациясына татыктуу болуп, 80 000 сом сыйлык алып, ага окуу процессине керектүү жабдуулар сатылып алынган. Ошентип өткөн окуу жылдарында мектепке бюджеттен сырткары 4 799 542  сом тартылды, – дейт директор.

 

Экологиялык билим берүү

Аталган  мектеп көп жылдардан менен экологиялык багытта да кошо билим берип келатат. 2003-жылдан бери Эл аралык БИОМ экологиялык уюму менен иштешет.

– Жакында эле ШПАРЕ (энергия сарамжалдуулук  боюнча долбоор) долбоорун каржылаган Норвегиядан, Эстониядан жана БИОМдун жетекчиси В.Коротенко баштаган чоң делегация мектепке келип кетти. Аларга экологиялык багытта жүргүзүлүп жаткан иштер абдан жакты. Биология кабинети кошумча ШПАРЕ долбоорунун кабинети кылып жабдууга суммасы 30 миң сомго   банерден, аликобонддон жасалган стенддерди тагып беришти жана 200 жакын китепче, таблица ж.б. камсыз кылышты. Биздин мектеп дүйнөлүк ШПАРЕ түйүнүнүн мүчөсү болуп калды. Конокторго мектептеги “Мүрөк” эко-тобунун отчет-презентациясы абдан жакты. (Жетекчиси эл агартуунун отличниги Курманалиева Ж.). Ошентип биздин мектептин педжамааты чыгармачылык менен үзүрлүү иштеп жатышат. Эмгек жерде калбайт экен, ишибиз өкмөт тарабынан, жергиликтүү билим берүү, акимчилик тарабынан да бааланууда, – дейт К.Тогузаков.

 

Ийгиликтүү мектеп, чыгармачыл жамаат

 –         Биздин мектеп көп жылдардан бери чыгармачылык менен иштеп келе жаткан республикадагы алдыңкы мектептердин бири. Ийгиликтер оңой  олтоң эле келе койбойт экен. “Мыкты мектеп” деген наамды  булгабаш үчүн биздин педжамаат чымыркануу менен иштеп келе жатабыз. Окуу жылы ичинде окутуу-тарбиялоо процессин жолго салуу, билим сапатын көтөрүү максатында  ар кандай сынактар байма- бай өтүп турат. Мисалы,  «Жылдын мыкты мугалими»,  «Мыкты усулдук  бирикме», « Мыкты насаатчы»,  «Мыкты жаш адис» ж.б.  Айрыкча «Мыкты бирикме» кароо-сынагыкызыктуу, таасирлүү өтөт. Мында  окуу- тарбия иштери боюнча директордун орун басары Алмагүл Жамакееванын салымы зор. 2014- 2015- окуу жылында  башталгыч класстарынын  мыкты мугалими     Аскар кызы Айнура өзүнүн жаш экендигине карабай райондук  “Жыл мугалими- 2015” кароо- сынагында “Баш байгени”  жеңип алды. Экологиялык областтык сынакта биология мугалими  Жыпар Курманалиева  “Практикалык иштердин мыкты иштелмеси” номинациясы боюнча областта биринчи орунду алды. Райондук, областтык олимпиадаларда алдыңкы орундарды камсыз кылып келе жатабыз.  Бул багытта биология (мугалим   Ж.Курманалиева), математика ( мугалим Ы.Бакашев)  сабактары боюнча көрсөткүчтөр жакшы.  ЖРТнын жыйынтыгы да жаман эмес.  Өткөн окуу жылдарындагы окуучуларыбыз Шабданбаева Алина 198 упай,  Калысбекова Нурия 180 упай, ж.б. быйыл   2016- жылы Бейшебаев Туратбек 170  упай, Кадырбаева Нурайым  162 упай ж.б. алганга жетишишти. Ушундай ийгиликтер эске алынып,  2014- жылы биздин мектепке “Инновациялык мектеп” деген статус берилген,  – дейт сыймыктануу менен жетекчи.

Гүлнара Алыбаева, “Кутбилим”

 

 

 

 

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*