БИРИНЧИ МУГАЛИМГЕ ТААЗИМ

Санжарбек Данияровдун фонду айылдык башталгыч класстын мугалимдери үчүн уюштурган республикалык “Биринчи мугалим” сынагынын кезектеги жеңүүчүсүн аныктады. Сынакка катышкан 75 мугалимдин ичинен жеңүүчү деп табылган Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылындагы Ленин атындагы орто мектептин башталгыч классынын мугалими  Айгүл Жолчубаева сынактын шарты боюнча Москва шаарына 10 күндүк саякатка бармакчы.

Аталган сынактын жеңүүчүсүн аныктоочу экинчи турда Кемин районунун Кичи-Кемин айылындагы мектептин мугалими Жаңыл Акматалиева, Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылындагы мектептин мугалими Айгүл Жолчубаева жана Алай районунун Бүлөлү айылындагы мектептин мугалими Сергүл Примбердиевалар күч сынашмак. Бирок кеминдик мугалимдин сыркоолоп келбей калгандыгына байланыштуу таймаш калган эки мугалимдин ортосунда өттү. Айтмакчы, келе албай калган мугалим да сыйлыксыз калган жок, ал биринчи турдун жеңүүчүсү катары сыйланат жана башка кесиптештери сыяктуу классы менен борбор калаабызга экскурсияга келмекчи.

Сынактын “Китеп – эң мыкты дос, ата-энелерге, окуучуларга кайрылуу” деп аталган биринчи туруна республикабыздын аймактарынан 85 дилбаян түшкөн. Сынак жалаң гана айыл жергесиндеги мектеп мугалимдери үчүн болгондуктан, шаардык мугалимдерден келген үч дилбаян кошулган жок. Ал эми алты мугалимдин дилбаяны плагиат боюнча текшерүүдөн өтпөй калды. Арасында дарегин толук жазбай койгондор да кездешти. Кубанычтуу жагдайы, сынакка жети облустун тең мугалимдери катышкандыгы болду. Баардыгынан көп дилбаян (20) Нарын облусунан келген.

Бөбөктөрдү китеп окууга үндөгөн темасы жакты

Сынакка катышууга дилгирленген 75 катышуучунун ичинен Баткен районундагы Кара-Булак айылынан келген башталгыч класстын мугалими Ибрагим кызы Мавлюда да бар. Ал айылындагы С.Эрматов атындагы мектепте 21 жылдан бери балдарга сабак берип келүүдө. Борбордон миң чакырым алыс жерден атайын келген мугалимди кепке тартканыбызда, ал сынак тууралуу буларды айтып берди:

–           Мен биринчи кезекте мугалимдер үчүн эң пайдалуу сынак уюштуруп жаткан Санжарбек Данияровдун фондуна, Асель Санжарбековнага терең ыраазычылык билдирип кетким келет. Анткени, тээ алыскы аймактардан борборго келип, ушундай сынактарды көрүүнүн өзү эле биз үчүн руханий чоң азык. Биз бул жерден жеке эле сынак менен чектелбестен, Болот Шамшиев, алыскы Алтайдан келген эл жазуучу, акын Бронтой Янгович Бедюров сыяктуу тарыхый инсандарды көрүп, алардын сөзүн угуп кетүүнүн өзү эле эң чоң сыймык эмеспи.

Сынак тууралуу мен “Кутбилим” гезитинен жарыясын окуп, темасын аябай жактырдым. Себеби, балдарды, мейли ал кичинекей бөбөкпү, мейли, жогорку класстын окуучусу болобу, азыркы кезде окуучуларды китеп окууга кызыктыруу кыйын иш болуп калды. Муну мугалимдер эле эмес, ата-энелер да жакшы билет болуш керек. Ушул теманы козгоп, ошол көйгөйдү кантип биргелешип чече алабыз деген сунуштун өзү эле колдоого аларлык. Биз көбүнчө “Бирге окуйбуз” теледолбоорун жактырып көрөбүз. Көрүп эле тим болбой, күнүнө сабакта 10 мүнөт бөлүп, балдар менен бирге көркөм чыгармаларды, мисалы, Манас айтып, түрдүү жомокторду, жаңылтмачтарды, табышмактарды окуп-үйрөнөбүз. Мындай ыкманын пайдасы аябай чоң экен. Балдар ушунчалык кызыгып, кээде табышмактарды өздөрү да ойлоп таап жиберишет. Андыктан, балдардын жан дүйнөсүн байытууда, таалим-тарбия берүүдө көркөм адабияттын ролу чоң деп айтаар элем, – деп ой бөлүштү баткендик агартуучу.

Калыстар тобунун калыс пикири

Сынактын калыстар тобунун төрайымы И.Арабаев атындагы КМУнун педагогика кафедрасынын доценти Миргүл Эсенгулованын пикиринде, сынактын жыл сайын артыкчылыктары өсүүдө.

–          Мен үч жылдан бери калыстар тобундамын. Сынак жыл сайын кеңири кулач жайып келаткандыгы кубандырат. Буга дейре Чүй облусунун мугалимдеринин арасында гана болсо, быйыл жалпы республикалык деңгээлге чыкты. Санжарбек Данияровдун фондунун негиздөөчүсү Асель Санжарбековнанын “Биздин келечегибиз башталгыч класстардын мугалимдери окуткан балдардан көз каранды” деген оюна толук кошулам. Чындыгында эле башталгыч класста балдарга кандай билим берсек, андан ары ошондой уланат. Андыктан билим берүү тармагына үйдөгү ата-энеден баштап, жогорку кызматтагы кызматкерлерге чейин ар бирибиз кайдигер болбошубуз керек.

Сынак канчалык деңгээлде өсүп жатат? Биринчиден, артыкчылыктары арбып бараткандыгы чындык. Биринчи кезекте мугалимдер өөдө-ылдый шарттарга карабай, мектепте иштеп жатышкандыктары, экинчиден, ушундай сынактарга катышууга кызыккандары колдоого аларлык, кубанычтуу көрүнүш. Арийне, катышкан мугалимдердин теориялык билими жетишсиз болууда. Тилекке каршы, мен үч жыл аралыгында сынакка катышып жаткан мугалимдердин арасынан жарк этип чыга калгандарын көрө элекмин, көбү бир алкактан чыга албай, калыптанып калган шаблон боюнча иш алып барышат. Ошондуктан, биз калыстар тобу ойлонуп, мугалимдерге жаңы дем-күч бере турган кошумча семинарларды, тренингдерди өткөрүү жагын сунуштоону ойлонуштуруп жатабыз. Менин жеке пикиримче, сынактын биринчи турундагы дилбаяндын негизинде мугалимдин деңгээлин аныктоо жетишсиз окшойт. Анын үстүнө бизге жиберген дилбаяндардын жарымынан көбү плагиат болуп жатканы өкүнүчтүү. Мугалимдер өз алдынча ойлонуп, чыгармачылык менен изденип иштешсе деген каалоомду айтаар элем, – дейт Миргүл Молутбековна.

Максатыбыз – мугалимдердин билим казынасын байытуу

Белгилүү окумуштуу-физиолог, медициналык билим берүү жана илимди уюштуруучу, коомдук ишмер, кыйла жыл КММИни (азыркы И.Ахунбаев атындагы КММА) үзүрлүү башкарып келген Санжарбек Данияровдун Фонду элет мектептеринде эмгектенген башталгыч класстын мугалимдери үчүн беш жылдан бери “Биринчи мугалим” сынагын уюштуруп келет. Фонддун негиздөөчүсү, окумуштуунун кызы Асель Даниярованын айтымында, сынак буга чейин Чүй облусунун гана аймагында өткөрүлүп келсе, быйылтан баштап республикалык масштабга чыгып отурат.

–          Кыргызстанда жашаган калктын үчтөн эки бөлүгү элет жеринде жашайт, демек, биз, жалпыбыз айылда төрөлүп-өскөн балдардын сапаттуу билим алышына, ден соолугунун чың болушуна эмитен кам көрүшүбүз керек. Мен 10-15 жылдан кийин биздин элди алдыга кыймылдатуучу активдүү күч азыр башталгыч класста билим алып жаткан балдардын колдоруна тийерин көрүп турам. Андыктан биз өлкөнүн келечегин кандай муунга өткөрүп берип жатканыбызга азыртадан кам көрүшүбүз керек деп эсептейм. Ал балдарга билим фундаментин, аң-сезимин түптөгөн, керек болсо, мораль, принциптерди калыптандырган кимдер? Албетте, алардын ата-энелери, мугалимдер, эң биринчи кезекте – башталгыч класстын мугалимдери.

Санжарбек Данияровдун фонду быйыл бешинчи жолу “Биринчи мугалим конкурсун өткөрдү. Мурда маалымдалгандай, жеңүүчү Москва шаарына 10 күндүк маданий-маалымат арттыруучу саякатка жолдомо алат. Ал программанын алкагында Россиянын борборундагы эң мыкты, дүйнөгө таанымал драмтеатрларды, музейлерди, галереяларды жана башка эң көрүнүктүү жайларды көрөт. Мындай саякат уюштуруп жатканыбыздын эң биринчи максаты – мугалим ошол жерден көрүп-билгендери жөнүндө өзүнүн окуучуларына эле эмес, жалпы эле эмгек жамаатына, мектеп окуучуларына айтып берип, өзүнүн да, балдардын да кругозорун кеңейтүү.

Ушундай эле кызыктуу саякатка чыгууга жолдомолорду экинчи, үчүнчү орунду ээлеген мугалимдер алышат. Алар өздөрү окуткан класстын балдары менен борбор калаабыз Бишкектеги маданий-эс алуучу көркөм жайларды кыдырышат. Буга чейинки жеңүүчүлөрдүн айткандарына караганда, балдардын көпчүлүгү мурда-кийин борборго келишкени менен бир да жолу музей, театрларда болушпаптыр. Андыктан ары кызыктуу, ары пайдалуу болоору шексиз.

Мен үчүн бүгүн Сокулук районундагы Төмөнкү-Чүй айылынын башталгыч классынын мугалими Наталья Александровна Уланованын классы бизге жолдогон видеобаянын көрүү аябай жагымдуу болду. Айрыкча, балдардын кубанычы мени толкундатты. Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, биздин сынактын былтыркы жылкы жеңүүчүлөрүнүн бири Наталья Александровнага бир күндүк экскурсияны уюштурууда бизге эң чоң көмөк көрсөткөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирип кетким келет. Кичинекей балдарды бир жакка уюштуруп баруу эң эле оор, аябай машакаттуу иш эмеспи. Бизге айрыкча, анын ата-энелерден келген өкүлдөрдү, жалпы эле балдарды тартиптүү уюштургандыгы жакты, – деп ой бөлүштү Асель Санжарбековна.

Сынактын атактуу меймандары

10-сентябрда И.Арабаев атындагы КМУнун жыйындар залында өткөн салтанатка биринчи турга катышкан мугалимдердер да келишти. Келген меймандардын эң кызыктуусу жана ардактуусу албетте, кыргыз кино жылдызы, СССР Эл артисти, легендарлуу кинорежиссер Болот Шамшиев, белгилүү чыгыш таануучу-түрколог, Алтай Республикасынын эл жазуучусу, акын Бронтой Янгович Бедюров, “Новая литература Кыргызстана” долбоорунун координатору, редактору,  Кыргызстандагы китеп басуучулардын жана китеп таратуучулардын Ассоциациясынын аткаруучу директору, жазуучу Олег Бондаренко, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору профессор Төлөбек Абдырахманов ж.б. болду. Алардан тышкары, сынактын 2015-жылдагы жеңүүчүсү Наталья Уланованын, КММАнын жаш окумуштуу-дарыгерлеринин арасындагы сынакта жеңишке жетишкен жаш дарыгерлер Елена Черномазованын, Жаркын Откееванын саякат учурунда көрүп-билгендери тууралуу айтып бергендери жана жалпы эле меймандар менен баарлашуу суроо-жооп иретинде өтө кызыктуу өттү. Мугалимдер үчүн руханий бай азык топтоого ушундай мүмкүнчүлүк түзүп беришкен С.Данияровдун фондунун кызматкерлерине ыраазычылыктарын билдиришти.

Айнагүл Кашыбаева,

“Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*