«БАЙЧЕЧЕКЕЙ» – БАЛАЛЫКТЫН СИМВОЛУ

bfaa

Журналдын баш редактору Токтосун Самудинов «Кутбилим» газетасынын башкы редактору Кубат Чекировдун суроолоруна жооп берет.

– Токтосун агай, кыргыз баласы үчүн гүлдѳрдүн да эӊ ыйыгы, биринчи эле оозго келери – байчечекей. Жарыктык, кѳктѳмдѳ күн аз жылымдап, кар анча кетелекте эле ар кай жерден үлбүрѳп чыга калган гүлдүн баатырлыгына айран каласыӊ. Журналдын атынын коюлушу бекеринен эмес го дейм. Биринчи редактор катары атын сиз койдуӊузбу?

– Жок. Атын ал кездеги мамлекетибиздин жетекчиси Турдакун Усубалиев ѳзү койгон экен. Анткени 1976-жылдын 24-августунда КПСС БКнын «Кыргызстанда 1977-жылдын январынан «Байчечекей» («Подснежник») деген ат менен балдар журналын чыгаруу тууралуу» атайын Токтому чыккан болчу. Демек, аты Москвага ошондо эле даяр бойдон барыптыр.

– Затына аты жарашып, 40 жыл бою кѳгѳрүп-кѳктѳп келатканы бекеринен эмес экен да! Башка республикаларда ушу сыяктуу журналдардын аты кандай?

– Мен билгени – Казакстанда «Балдырган», кыргызча балтыркан деген чѳп, Ѳзбекстанда «Гунча», кыргызчасы бүчүр болот го, Түркмѳнстанда «Кѳрпе», ал козу деген сѳз экен, Тажикстанда «Чашма», бизче булак болуп которулат.

– «Байчечекейдин» 20 жылдык юбилейи Опера жана балет театрында чоӊ салтанат менен ѳткѳнү али эсимде. Аялдар конгрессинен З. Акбагышева, билим берүү министрлигинен Г. Куликова, мэриядан Л.Комиссарова, «Мээрим» эл аралык фондусунан М. Абдразакова атайын келип, ысык-ыклас сѳздѳрү менен куттукташпадыбы.

– Куликова ал кезде он жашар Дарья деген кызы экѳѳ В. Шаинскийдин «Бирге жүрсѳ досторум» деген ырын кыргызча ырдашты. «Кутбилим» газетасынын атынан тапшырган ѳзүӊдүн адрес папкаӊ да редакциябызда сакталуу. Билинбей арадан дагы 20 жыл ѳтүп кетиптир. Биздин видеоархивибиз бай. Ошо опера жана балет театрында «Байчечекейди» куттукташкан кѳрүнүктүү акын-жазуучулар – С. Жусуевдин, Ш. Бейшеналиевдин, К. Бобуловдун, О. Султановдун жана башкалардын сѳздѳрүн, бѳбѳктѳрүбүздүн концерттик номерлерин бүгүн ЭлТР каналынан эл кайрадан кѳрүп, уга алышат. Анда 9-10 жаштагылар азыр ѳздѳрү үй-бүлѳ күткѳн азамат жигит-кыздар да! Ата-энелеринин кичинекей чактагы элестери, албетте, алар үчүн чоӊ кызыгууну туудурары анык.

– Токтосун агай, «Байчечекей» журналынын басып ѳткѳн 40 жылдык сапары элибиздин соӊку үч муунунун тагдыр-жолун эстетип турат. Ал балалыктын символу сыяктуу. Журнал жѳнүндѳ сѳз болгондо канчалаган чыгаан адамдар кѳз алдыга тартылат.

– Албетте! Баскан жол ошонусу менен кымбат, ошонусу менен унутулгус. Алар – бир жылдарда «Байчечекейде» эмгек эткен сүрѳтчү Белек Жумабаев, акындар Абзий Кыдыров, Жайлообек Бекниязов, сүрѳтчү Иманкул Сагындыков. Редакциянын каттар бѳлүмүндѳ Зейнеш Абакирова менен Жаӊыл Супатаева эжелерибиз үзүрлүү иштешти. Учурда белгилүү акындар – Байтемир Асаналиев, Нургазы Ахмедулин дал жогорудагы таанымал инсандардын чыгармачыл жолдорун татыктуу улантып келишет. «Байчечекейдин» окурмандары Жакыпбек Абдылдаев, Каныбек Жунушев, Амангелди Мисиров, Эсенгул Чопиев, Вахаб Умаров, Батма Абдухамидова, Зууракан Конгайтиева, Зинахан Пасаӊова, Сулайман Рысбаев, Абдыкерим Муратов, Алмазбек Токтомаметов, Абдылда Карасартов, Исабек Токтогулов сыяктуу таанымал калемгерлердин чыгармаларын качантан сүйүп окушат.

– Опера, балет театрында белгиленген 20 жылдык юбилейиӊиздерде журналдын, коллективдин, жеке баш редактордун адресине жылуу-жумшак кеп сѳздѳр айтылды. Анда «Байчечекей» 20 жашта болчу. Бүгүн 40 жашта. Демек, дагы да ыраазылык сѳздѳр кѳбѳйѳ түштү дегенге негиз бар. Кантсе да, мен ѳзүм күбѳ болгон ошондогу бир факт: Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун сизге арнап театрда окуган ыры. Бүгүнкү маегибизди ошол ыр менен аяктагым келип турат. Анткени ал ырда мактоо эмес, 40 жыл бою окурман журту ѳзү калыс болгон чындык бар. Сѳз чынынан бузулбайт эмеспи.

«БАЙЧЕЧЕКЕЙ»

журналына жана анын баш редактору

Токтосун САМУДИНОВго

(Журналдын 20 жылдык юбилейинде окулган ыр)

Сен ѳзүӊ да байчечекей сыяктуу

Таза жүргѳн таза акынсыӊ, уяттуу.

Азаматсыӊ, эрте жеткен акылга,

Аӊдап турган дайым тияк-биякты.

«Байчечекей» да бир уул-кызыӊдай,

Балапандай, колдо ѳстүргѳн кушуӊдай.

Биз баарыбыз дал ошондой кѳрѳбүз,

Бизге дагы «Байчечекей» ушундай.

Жаман болсо ар бир үйдүн башчысы,

Жакшы болбойт үй-бүлѳнүн бактысы.

Сен экенсиӊ жакшы апа да, жакшы ата,

Редактор мырзанын да жакшысы.

Жайлоодо кѳп жашыл гүлдүн түрлѳрү,

Жайда назик булбулдардын үндѳрү.

Сен барыӊдан жакшы болуп  ушунча,

«Байчечекей» ушунчалык гүлдѳдү.

Омор СУЛТАНОВ, Кыргыз Эл акыны.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*