«МЕН ҮЧҮН БИЛИМДҮҮ, АДЕПТҮҮ ЖАНА МАДАНИЯТТУУ БОЛУУ ДЕГЕН ЭМНЕ?»

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мектептеринин 5-7-класстарында 1-сентябрда өтүлүүчү сабактын болжолдуу үлгүсү.

Сабактын максаты: Күтүлүүчү натыйжалар
Билим берүүчү максаты: Окуучулар инсандагы билимдүүлүк, адептүүлүк, маданияттуулук сапаттарын түшүндүрүп бере алышат инсандагы билимдүүлүк, адептүүлүк, маданияттуулук сапаттарынын манызын түшүндүрүп бере алышат

– аталган сапаттардын өзгөчөлүктөрүн макал-лакаптар боюнча  айтып бере алышат

Өнүктүрүүчүлүк максаты: Инсандын билимдүүлүк, адептүүлүк, маданияттуулук сапаттары тууралуу алынган  маалыматтарды талкуулап, талдай алышат

 

– талкуунун жыйынтыгы боюнча аргументтүү жыйынтыктарды жасап, сынчыл ой жүгүртө алышат

–  билимдүү, адептүү жана маданияттуу болуунун түрдүү кырдаалдардагы – үй-бүлөдөгү, мектептеги жана коомдогу айырмачылыктарын, окшоштуктарын жана өзгөчөлүктөрүн түшүндүрө алышат

Таалим-тарбия берүүчү максаты: Билимдүүлүктүн, адептүүлүктүн жана маданияттуулуктун үлгүсүн көрсөтүп, түшүндүрө алышат – билимдүү, адептүү жана маданияттуу инсандын үлгүсүн көрсөтүп, түшүндүрүшөт

– адамдын ар түрдүү жүрүм-турумун салыштырып, түшүндүрмө бере алышат

 Сабактын жабдылышы: маркер, флипчарт, проектор, интерактивдүү доска. Мугалим бул сабакта темага тиешелүү билимдүүлүк, адептүүлүк, маданияттулук боюнча түзгөн слайддарды ж.б дидактикалык материалдарды пайдаланса болот.

САБАКТЫН ЖҮРҮШҮ 

Сабактын баскычтары Мугалимдин  ишмердүүлүгү Окуучунун ишмердүүлүгү
1. Уюштуруу

(1 мүнөт)

Саламдашуу, жаны окуу жылы менен окуучуларды куттуктоо. Саламдашат. Суроолорго жооп берүүгө даярданышат.
2. Мээ чабуулу

(4 мүнөт)

Мугалим окуучуларга суроо менен кайрылат:

– 2017-жылдын өзгөчөлүктөрү эмнеде?

Эгер окуучулар 2017-жыл “Ыйман, адептүүлүк жана маданият” жылы деп жарыялангандыгы жөнүндө айтышпаса, мугалим багыттоочу суроолорду берет.

Окуучулар бул тууралуу айтканда, төмөнкү суроону берет:

– Эмне үчүн ыймандуу, адептүү, тарбиялуу болуу маанилүү?

Окуучулар 2017-жылдын өзгөчөлүктөрү жөнүндө билдирүү менен, өз ойлорун айтышат.
3. Окуучулар-дын пикирлерин жыйынтыктоо

(1 мүнөт)

Мугалим: “Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаев 2017-жылды “Ыйман, адеп жана маданият жылы” деп жарыялоо боюнча жарлыкка кол койду. Бүгүнкү сабакта адамдагы мына ушул билимдүүлүк, адептүүлүк жана маданияттуулук сыяктуу мыкты сапаттар жөнүндө пикир алышып, талкуулап, ар кимибиз өзүбүз үчүн жыйынтыкка келели.
4. Топтор менен  иштөө

№ 1 тапшырма. Атыбыздын маани-маңызын биз кандайча түшүнөбүз

(10 мүнөт)

Мугалим класстын ар жерине үч макалды илип, окуучуларга жаккан макалын тандап алуусун суранат:

1. “Билеги күчтүү бирди жыгат,

Билими күчтүү минди жыгат.”

2. “Абийриңди жашындан сакта.”

3. “Акылдуу жигит азыраак сүйлөп,  көп тыншайт.”

 

Мугалим “билимдүү”, “адептүү” жана “маданияттуу” деген үч сөздү доскага илип, тандаган макалын ушул сөздөр менен байланыштырууну сунуштайт.

Андан соң бул сөздү кандай түшүнөөрүн ар түрдүү каражаттар менен түшүндүрүүнү топтордон суранат.

Окуучулар өзүнө жаккан макалдын жанына топтолушат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Окуучулар сунушталган сөздөрдү макал менен байланыштырат, бул сөздөр командалардын аты болуп калат.

Окуучулар өздөрүнүн командаларынын аттарын сцена, оюн, инценировка, сүрөт, ыр ж.б. аркылуу түшүндүрүп беришет.

Андан соң өздөрүнүн иш-аракетин “Күндүн желеси”, класстер жана “Ромашка гүлү” аркылуу презентациялашат

1-топ: «Канткенде мен билимдүү адам боло алам?»

 

1-топтун болжолдуу жооптору:  

«Күн нуруна» билимдүүлүктү билдирген сапаттарды жазышат: билимдүү,  акылдуу, тарбиялуу, кичи пейил, адептүү, сабырдуу, маданияттуу, адилеттүү ж.б.

2-топ: «Адептүүлүктү мен кандай түшүнөм?»

 

2-топтун болжолдуу жооптору:

Класстер адептүүлүк деген суроого жооп берүү менен толтурат:  адептүү, тарбиялуу, билимдүү, маданияттуу, сабырдуу, үлгүлүү, калыс ж.б.                        

3-топ: «Мен үчүн маданияттуу адам деген эмнени билдирет?»

 

3-топтун болжолдуу жооптору:

Кандай адамды маданияттуу деп айта алабыз деген суроого «Ромашка гүлүнө» жазып жооп беришет: сылык, таза, тыкан, акылдуу, адептүү, билимдүү, кичипейил ж.б.

5. Рефлексия жана башкалардын оюна кошумчалоо (5 мүнөт) Мугалим окуучуларга ойлорун кошумчалаганга жана топтордун презентацияларына карата ойлорун айтканга мүмкүнчүлүк берет. Окуучулар өздөрүнүн ойлорун жана мүмкүнчүлүккө жараша топтордун презентацияларына кошумча ойлорун айтышат.
6. Топтордо иштөө

№ 2 тапшырма Бул сапаттарды кантип колдонобуз?

(12 мүнөт)

 

Мугалим топторго тапшырмаларды берет:

«Көрдүңөрбү, балдар билимдүү, адептүү жана маданияттуу адам болуу оңой эмес экен. Байкадыңарбы, үч топто аталган сапаттар кайталап жатат. Демек, инсандагы жакшы сапаттарды бөлө албайт экенбиз. Бул үч сапат ар бир адамда чогуу жүрүшү керек.

Келгиле, эми, ушул сапаттарды биз кайсы жерде кандайча колдонорубузду  талкуулайлы.

Окуучулар тапшырмаларды чогуу аткарышат. Жоопторун презентациялашат.

 

1-топ. “Үй-бүлөдө мен өзүмдү кантип алып жүрө аламын?”

 

Окуучуларынын  болжолдуу жооптору:  

1. Ата-энени жана үй-бүлөдөгү улууларды сыйлоо, кичүүлөрдү урматтоо;

2. Ата-эненин жана улуулардын сөзүн бөлбөй угуу;

3. Озүңдү жана колдонгон буюмдарыңды таза алып жүрүү;

4. Сарамжалдуу болуу жана пайдалуу жумуш жасоо;

5. Келген коноктор менен сылык учурашуу жана жакшы мамиле кылуу ж.б.

2-топ. «Мектепте мен өзүмдү кантип алып жүрө аламын?»

 

1. Сабакка кечикпей келүү;

2. Мугалимдин сөзүн угуу;

3. Тапшырмага даяр болуу;

4. Өзүңдү жана колдонгон буюмдарыңды таза алып жүрүү;

5. Башкалар менен карама-каршылыкка барбоо;

6. Мектептин иштерине активдүү катышуу;

7. Улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызаттоо ж.б.

3-топ. «Коомдо мен өзүмдү кантип алып жүрө аламын?» 1. Улууларды сыйлоо, кичүүлөрдү ызаттоо;

2. Какырынбай, түкүрүнбөй таза жүрүү;

3. Коомдук транспортто улууларга орун берүү;

4. Карыяларга жана балалууларга жардам берүү;

5. Коомдук эрежелерди сактоо ж.б.

7. Топтордо иштөө

№3 тапшырма Пазл түзүү

(8 мүнөт)

 

Мугалим: «Балдар биз силер менен үй-бүлөдө, мектепте жана коомдо өзүбүздү кантип алып жүрүшүбүз керектигин билип алдык. Алар өз ара байланышта, бири-бирин толуктап турат. Андыктан, аларды бөлүп айтуу кыйын. Келгиле, балдар, бул тапшырмада аталган үч сапатты бириктирип, байланыштырып пазл түзөлү”. Окуучулар пазл түзүшөт. Ал үч бурчтук, конус же тегерек болушу мүмкүн. Алгач форманы тандап алып, анын бир бөлүгүнө топтун аталышын жазып, андан соӊ бириктиришет.
8. Рефлексия жана жыйынтыктоо

(4 мүнөт)

Мугалим окуучуларга өздөрүнүн оюн айтууга мүмкүнчүлүк берет жана сабакты жыйынтыктайт. Окуучулар аргумент келтирүү менен, сабактагы кайсы учурлар жакканы же жакпаганы тууралуу өз ойлорун айтышат.

Түзүүчүлөр:      Козубаева Б.У., КББАнын ага илимий кызматкери;

Курманалиев К.А., И.Арабаев ат. КМУнун ага окутуучусу;

                        Сураганова З.А., КББАнын илимий кызматкери.

 

 

 

 

“ЧТО ДЛЯ МЕНЯ ЗНАЧИТ БЫТЬ НРАВСТВЕННЫМ, ВОСПИТАННЫМ И КУЛЬТУРНЫМ ЧЕЛОВЕКОМ?”

Примерный образец урока на 1 сентября  для 5-7 классов общеобразовательных школ Кыргызской Республики.

Цель урока: Ожидаемые результаты
Образовательная цель: обеспечить в ходе урока усвоение, повторение понятий терминов как  образованность, нравственность и культурный человек

 

 

может объяснить сущность таких человеческих качеств: образованность, нравственность, культурный человек

– может рассказать  об особенностях перечисленных качеств через пословицы и поговорки

Развивающая цель: Способствовать развитию умений учащихся обобщать полученные знания, делать выводы, обсуждать и анализировать полученную информацию о лучших человеческих качествах и делать выводы

 

–  критически мыслит, делает аргументированные выводы по результатам обсуждения

– приводит примеры из жизненных ситуаций (семьи, школы, общества и др.)

Воспитательная цель:  формирование навыков, убеждений, а также социально-психологических качеств человека  – может привести примеры образованного, нравственного и культурного человека;

– может анализировать и делать выводы;

Оборудование: маркер, флипчарт, проектор, интерактивная доска. На этом уроке учитель может использовать слайды  по теме:  «Образование, нравственность и культура», а также другие дидактические материалы.

Ход урока

Этапы уроков Деятельность учителя Деятельность учащегося
1. Организацион-

ный момент

(1 мин.)

Приветствие учителем учащихся и поздравление с началом нового учебного года.

“Дорогие ребята, поздравляю вас с началом нового 2017-2018 учебного года и с 1-сентябрём – Днем знаний!”

Приветствуют учителя.
2. Мозговой штурм

(4 мин.)

Учитель задает  вопросы:

–      В чем особенности 2017 года?

Если учащиеся не говорят о том, что год объявлен “Годом нравственности, воспитания и культуры», тогда учитель задает уточняющие вопросы.

 

Учащиеся перечисляют, называют особенности 2017 года.
3. Обобщение мнений учащихся

(1 мин)

 

Учитель: Президент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев 5 января подписал Указ «Об объявлении 2017 года «Годом нравственности, воспитания и культуры».

На сегодняшнем уроке мы с Вами обсудим о лучших качествах человека: об его образованности, нравственности и культурности, и в конце урока каждый для себя сделает выводы о дальнейших своих действиях.

4. Работа в группах

Задание №1.

Как мы понимаем суть своего названия

(10 мин.)

Учитель вывешивает три пословицы на разных уголках класса и просит детей прочитать их и выбрать понравившуюся пословицу:

1.   “Одного одолеет силец, тысячу одолеет мудрец”;

2.   “Береги честь смолоду”;

3.   “Добрый молодец мало говорит, больше слушает”.

Учитель напишет на доске или повесит готовые слова на ватмане: “образованный”, “нравственный” и “культурный”, потом дает задание детям соединить понравившиеся пословицы с этими словами и высказать свое мнение

Учащиеся прочитав пословицы, собираются возле понравивщейся пословицы.

Учащиеся соединяют пословицы с предложенными словами, и полученным предложением   называют свою команду. Затем учащиеся  с помощью пантомимики,  игры, картинки, песни и др. средств показывают, как они понимают название команды, потом они пишут слова, подтверждающие свои действия в лучах солнца, кластере и ромашке.

1 группа: «Как я могу стать образованным человеком?» 1 группа подбирает в «Лучах солнца» слова, обозначающие качеству этой фразы: образованный, умный, воспитанный, терпимый, культурный, справедливый и др.
2 группа: «Как я понимаю нравственность?»

 

2 группа заполняет кластер на вопрос: «Как я понимаю нравственность?»: умный, нравственный, воспитанный, образованный, культурный, терпимый, примерный, справедливый и др.
3 группа: «Что означает для меня культурный человек?»

 

3 группа пишет ответы на ромашке, о культурном человеке: вежливый, чистоплотный, умный, нравственный, снисходительный  и др.
5. Рефлексия и дополнение мнения других групп

(5 мин)

 

Учитель дает возможность учащимся высказать свои мнения и дополнить мнения, высказанные в других группах во время презентации. Учитель поддерживает высказанные мнения . Учащиеся высказывают свои мнения и по мере возможности дополняют мнения групп.
6. Работа в группах

Задание № 2.

Как проявляются эти качества?

 (12 мин)

 

Учитель раздает каждой группе задание и говорит: Видите, ребята, быть образованным, нравственным и культурным человеком нелегко.

Вы, наверное, заметили,  что в каждой группе многие вышеназванные человеческие характеристики повторяются. Поэтому мы не можем делить эти качества. Эти три качества всегда должны присутствовать в каждом человеке. А теперь давайте обсудим, как и где проявляются эти качества?

Учащиеся вместе выполняют задания. Делают презентацию.

 

1 группа. Как я могу вести себя в семье?

 

Примерные ответы учащихся:

1. Уважение родителей и взрослых в семье, уважение младших;

2. Не перебивая слушать родителей и взрослых;

3. Содержать в чистоте себя и личные вещи;

4. Быть экономным, тратить деньги разумно;

5. Быть вежливым и т.д.

2 группа. «Как я могу вести себя в школе?»

 

1. Не опаздывать на урок;

2. Слушать учителя;

3. Готовить домашнее задание;

4. Содержать в чистоте себя и личные вещи;

5. Не вступать в конфликт с другими;

6. Принимать активное участие в школьных мероприятиях;

7. Уважительно относиться к старшим и младшим.

3 группа. «Как я могу вести себя в обществе?» 1. Уважительно относиться к старшим и младшим;

2. Не мусорить и не плеваться;

3. Уступать место старшим в общественном транспорте;

4. Оказывать помощь пожилым людям;

5. Соблюдать общественные правила и т.д.

7. Работа в группах

Задание №3. Создание пазла.

 (8 мин.)

Ребята, мы с Вами узнали о том, как вести себя в семье, школе и в общественных местах. В результате мы еще раз убедились, что эти качества взаимосвязаны, они друг друга дополняют и делить их очень сложно.

Поэтому, ребята, соединяя эти качества, давайте создадим пазлы.

Учащиеся будут создавать пазл. Пазл может быть в форме треугольника, конуса, круга и др.

Для этого они сначала выбирают форму и написав свое название в одну часть пазла, они их соединяют.

Может быть будет несколько разных форм пазла.

8. Рефлексия и подведение итогов

(4 мин.)

Учитель задает наводящие вопросы, дает возможность учащимся высказать свои мнения, обобщяет и подводит урок. Учащиеся выражают свои мнения, что и какие моменты на уроке им очень понравились или наоборот, аргументируя свои высказывания.

Составители:           Козубаева Б.У.,с.н.с КАО;

Курманалиев К.А.,ст. преподаватель КГУ им. И.Арабаева;

Сураганова З.А., н.с. КАО.

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*