ИНТЕРНЕТТЕШТИРҮҮ: САПАТТУУ БИЛИМГЕ КАРАЙ ЖАҢЫ БАГЫТ

four

Республикадагы жети жүздөн ашуун мектеп Интернетке кошулуп бүтүп, учурда бул мекемелерде уюштуруу, окутуу иштери жүргүзүлүүдө.

Билим берүүнүн эффективдүүлүгүн арттыруу, окуучуларга маалыматтык, коммуникациялык, интерактивдик технологиялар менен билим берүү, тарбиялоо жана заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими менен республикадагы мектептерге интернет байланышын кошуу үчүн республикалык бюджеттен 300 млн. сом каралган. Анын ичинен 163 млн. сом мектептерди интернетке кошууга, калган 136 млн. сом телевизор менен камсыздоого бөлүнгөн.

Билим берүү жана илим министрлиги мектептерди Интернет менен камсыздоо үчүн өткөн жылдын декабрь айында тендер өткөргөн. Ага жалпы алты: “Кыргызтелеком”, “Альфа Телеком”, “Ак-Нет”, “Ай-Спэйс”, “Элкат” жана “Флайнет” компания катышып, натыйжада  “Ай-Спэйс” ЖЧК тандалып алынган. Конкурстук комиссиянын чечиминин негизинде бул компания менен жалпы 775 мектепти Интернетке кошуу үчүн 111,8 млн. сомго келишим түзүлгөн. Келишимге ылайык 775 мектептин 70% (542 мектеп) ушул жылдын 1-сентябрына чейин, ал эми калган 30% 1-ноябрга чейин бүткөрүлмөк. Алардын ичинде чек ара аймагында жайгашкан 27 мектеп да бар. “Ай-Спэйс” ЖЧКсынан маалымдашкандай, бүгүнкү күндө тизмеге кирген мектептердин дээрлик баардыгы Интернетке кошулуп бүттү. Компаниянын менеджери Мадина Ботированын айтымында, келишимге ылайык компания бул мектептерди бир жыл бою үзгүлтүксүз интернет менен камсыз кылат. Ар бир мектеп сырткы зонада секундасына 2 Мбит, республиканын ичинде секундасына 10 Мбит пайдалана алат.

Мектептердин Интернет байланышына кеткен бир жылдык чыгымы республикалык бюджет тарабынан төлөнөт.

Компетенттүү адистер жетишсиз

Мадина Ботирова долбоорду ишке ашырууда аймактардын өзгөчөлүгү эске алынгандыктан кыйынчылыктар болбогондугун, бирок тизмеге кирген мектептердин баардыгы интернетке кошулууга даяр эмес экендигин айтат.  Айрым мектептерде атайын жабдылган компьютердик класстар жок болсо, электр жабдуулары талапка жооп бербеген мектептер дагы болгон. Бирок азыр айрым мектептерде (өзгөчө аймактардагы) информатика класстарын талапка ылайык тейлей турган компетенттүү адистердин жоктугу эң башкы маселе болууда. Андыктан MaxLink байланыш оператору мугалимдерге бардык суроолор боюнча кеп-кеңеш берүүгө даяр жана аны ишке ашыруу үчүн бардык күчүн жумшайт. Учурда күнү-түнү кыргыз жана орус тилин билген адистерден турган техникалык колдоо кызматы иштеп жатат.

Билим берүү жана илим министрлиги болсо бул маселе мектептерде акырындап жолго коюлуп жаткандыгын маалымдады.

Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушундагы бул мектептин жаңы корпусу 1-сентябрда гана пайдаланууга берилгендиктен интернет толук ишке киргизиле элек. Буга чейин информатика мугалими дагы жок болгондуктан Интернет кошулган кабинет жабык туруп калган.

  • Информатика мугалимин жаңы алып, ал эки күн мурун ишке киришти. Азырынча мектепте куруучулар ишин толук бүтө электигине байланыштуу бир аз кармалып жатат. Негизи мектепте 48 компьютери менен эки класс бар. Директордун орун басарларынын бардыгына бирден компьютер берилген. Анткени аларга административдик иштерди бүтүргөнгө абдан керек. Ал эми биздин окуучулар дагы, мугалимдер дагы Интернет менен иштөөдө кыйналышпайт. Анткени төрт жыл мурун эле өз алдынча Интернетке кошулуп, БилимТВны пайдаланып, керектүү сабактарын жаздырып алып келгенбиз. Эми биз окуучуларга дагы жогорку шарт түзүп берүүгө аракет кылып жатабыз. Себеби бүгүнкү күндүн окуучусу замандан артта калбашы керек. Мурда болсо вай-фай менен киргендиктен бир аз чектөө бар болчу. Азыр андай чектөө жок болгондуктан, мындай мүмкүнчүлүктү текке кетирбешибиз керек. Интернетке кошулуп, турникетти дагы кенен иштеткенге жакшы болду. Себеби буга чейин аны вай-фай аркылуу иштетип келгенбиз. Негизи  биздин мектеп төрт жылдан бери окуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн турникетти иштетип келет. Азыр окуучулардын баардыгы мектепке чип менен киришет, – дейт мектеп жетекчиси Көлбаева Саламат.

Интернетке жаңы кошулган Арашан айылындагы Стрельникова орто мектебинде окуучулар үчүн бир класс уюштурулса, мугалимдер үчүн атайын беш компьютер коюлуп берилген. Учурда бул мектептин мугалимдерине атайын информатика мугалими интернетти өздөштүрүү боюнча сабак өтүүдө.

  • Интернеттин киргизилиши биринчи иретте убакытты үнөмдөөгө пайдасын тийгизип жатат. Себеби мурун бир кагазды районго жеткириш үчүн убактысын дагы, акчасын дагы коротуп атайын бир киши барып келчү. Азыр болсо интернет аркылуу эле жиберип коюп жатабыз. Мугалимдерге болсо абдан жакшы жардамчы болот экен. Алар окуучуларга бир гана доска, боор менен сабак өтпөстөн, зарыл маалыматтарды, материалдарды алып пайдаланса, өз алдынча кесиптик чеберчилигин жогорулатса болот. Окуучулар болсо азырынча информатика сабагынан эле пайдаланып жатышат. Акырындап башка предметтерден дагы колдонууга өткөрөбүз, – дейт мектеп директорунун орун басары Каргабаева Светлана.

Негизи Интернетти туура жана эффективдүү пайдалануу билим алуунун универсалдуу булагы болуп саналат. Анткени мугалим дагы, окуучу дагы сабагына тийиштүү маалыматтарды, методикалык колдонмолорду бирдей пайдаланса, мугалимдер он-лайн конференцияларга, окутуучу тренингдерге катышып, кесиптик чеберчилигин жогорулатса болот. Андыктан мугалим дагы, окуучу дагы аны туура пайдаланганды үйрөнүшү керек.

Республикада жалпы 2236 мектеп бар. Анын 775 мамлекет тарабынан интернетке кошулса, 467 буга чейин эле өз алдынча кошулган. Калган 994 мектеп акча каражатынын бөлүнүшүнө ылайык, кийинки этап менен  кошулат.
Билим берүү жана илим министрлиги мектептерге 4236 телевизор сатып алуу үчүн 136,0 млн. сомго тендер жарыялап, конкурстук комиссиянын чечимине ылайык “Аман Роуд” ЖЧКсы менен 2016-жылдын ноябрь айында 129 731 736 сомго келишим түзгөн. Бүгүнкү күндө Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарындагы мектептерге телевизорлор коюлуп бүтүп, учурда Ысык-Көл жана Нарын облустарына жеткирилүүдө.

Чолпон Кийизбаева, “Кутбилим”

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*