ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА КЕСИПКӨЙЛҮКТҮ КАЛЫПТАНДЫРАТ

Ж.Баласагын атындагы КУУнун проректору Н.Ишекеев Бишкек шаарындагы №91 мектептин директору Ч.Чекировага Ыраазычылык барагын тапшырып жаткан учуру.

“Мугалим – адамдардын жан дүйнөсүнүн жаратын өзүнө
билгизбей айыктыруучу дарыгер”

Б. АЛЫМОВ

Ж. Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунда педагогикалык практиканы жыйынтыктоо жана КУУнун 80 жылдыгына карата уюштурулган “Мугалим – билимдин, акыл-эстин саяпкери” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Ага чогулган айыл өкмөттөрүнүн башчылары, мугалимдер, институттун бүтүрүүчүлөрү педагогикалык практиканын маанилүүлүгүн көрсөтүп, мындан ары да тыгыз байланышта иштөө керек экендигин баса белгилешти. Жогоруда аталган окуу жай менен иш алып барып, студент-практиканттарга иш-тажрыйбасын бөлүшүү менен мыкты насаатчылык көрсөткөндөрүүчүн айрым мектеп директорлору, айыл өкмөтүнүн башчылары окуу жайдын Ыраазычылык барактарына татышты. Ошондой эле практика учурунда өзүнүн чыгармачылыгын, интеллектуалдык потенциалын, методикалык колдонмолорду пайдалана алгандыгы үчүн эӊ мыкты студенттер деп табылган 45 бүтүрүүчү институттун Ардак грамотасына ээ болушту. Жыйынтыгында келген конокторго чакан концерт тартууланды. Анда эмесе, ушул иш-чарада айтылган ой-пикирлерге окурмандардын көӊүлүн бурабыз.

 

 

Рахат СУЛАЙМАНОВА,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун директору, педагогика илимдеринин кандидаты:

Мугалимдерди даярдаган институттун келечеги кеӊ”

– 80 жылдан ашык тарыхында азыркы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук универ­ситети (КУУ) өлкөбүздүн социалдык-экономи­калык жана руханий-маданий өсүп-өнүгүшүнө, билим берүү системасына чоӊ салым кошо алды. Университет өзүнүн түзүлгөн күнүнөн тарта кыргыз элинин агартуу ишин колго алып, өсүп келе жаткан муундардын сабатсыздыгын массалык түрдө жоюу маселесин ишке ашы­руу үчүн калкка мугалим адистерди даярдоо максатында ачылганы анык. Тарыхка жана аны изилдеген окумуштуулардын пикирине кайрылсак, 1924-жылдын 14-октябрында Кыр­гыз автономиялуу областы түзүлгөндөн кийин, Ташкент жана Алма-Ата агартуу институттары ачылган соӊ, автономиялуу областтын ад­министрациясы 1925-жылдын 25-октябрында Кыргыз агартуу институтун ачуу жөнүндөгү че­чимин кабыл алат. Бул токтом ошол мезгилдеги педагогикалык адистерди даярдоо маселесин чечүү мүмкүнчүлүгүн берген. Автономиялуу областтан тышкаркы жерлерде билим алуу орто жана жогорку квалификациялуу мугалим адистерди жетиштүү деӊгээлде камсыз кыла алган, бирок ал жалпы өлкөүчүн педагог ади­стерди даярдоо маселесин чече алган эмес. Андыктан, автономиялык областтын аймагын­да титулдук улуттагы жарандардын арасынан мугалим адистерди массалык түрдө даярдоо үчүн педагогикалык окуу жай түзүү зарылдыгы келип чыккан. Окуу жайда иштөөүчүн биринчи контингент Ташкент жана Алма-Ата шаарла­рынан окуп келген кыргыз улан-кыздарынан түзүлгөн.

1928-жылы автономиялуу республиканын чечими менен Кыргыз агартуу институту респу­бликалык маанидеги Кыргыз борбордук педаго­гикалык техникуму болуп өзгөртүлгөн. Кыргыз педагогикалык техникуму кыргыз улуттук интел­лигенциясын калыптандырууда, республикада маданий революцияны ишке ашырууда баа жеткис роль ойногон. Педтехникум толук эмес орто мектептер үчүн мугалимдерди даярда­ган. Бара-бара анын төртүнчү курстарында студенттер тил, математика, тарых боюнча да адистеше башташкан.

1932-жылдын 13-январында РСФСР Эл комиссарлар советинин токтомуна ылайык, автономиялуу республиканын өкмөтү Фрунзе шаарында борбордук педагогикалык техникум­дун базасында биология, физика-математика, адабият жана коомдук илимдер сыяктуу төрт факультети бар педагогикалык институтту ачуу тууралуу чечим кабыл алган. Институт өзүнүн биринчи окуу жылын 1932-жылдын 3-октябры­нан баштаган. Ал эми Кыргызстандын алгачкы жогорку окуу жайы болгон педагогикалык ин­ституттун салтанаттуу түрдө расмий ачылышы 1932-жылдын 5-ноябрында болгон.

Бүгүнкү күндө улуттук университеттин кура­мында институт, борборлордон, факультеттер­ден тышкары, классикалык 9 факультет (кыргыз филологиясы, орус жана славян филологиясы, чет тилдер, математика, информатика жана кибернетика, физика жана электроника, химия жана химиялык технологиялар, тарых жана чөлкөм таануу, география жана экология) бар. Аталган факультеттерде негизинен республи­канын бардык мектептери үчүн педагогика­лык адистер даярдалып келет. Бирок акыркы убактарда бул факультеттердеги даярдалган адистиктердин квалификациясы түздөн-түз мугалимдикке эмес, академиялык кызматкерге ылайык атала баштаган. Мындан бул адистик­тердин окуу пландарындагы педагогикалык-пси­хологиялык, методикалык дисциплиналардын, педагогикалык практиканын азайышы келип чыккан. Ал эми бүгүнкү мектептер чыгармачыл, усулдук жактан тереӊ даярдыктагы, өз кесибин сүйгөн мугалимге муктаж болуп турган учурда жогорудагыдай көрүнүштүн келечек муундарга билим берүү тармагы үчүн анчалык ылайык эместиги келип чыгат.

Кыргыз Республикасындагы билим берүү системасындагы буга чейинки болуп жаткан реформалардын жыйынтыгы, жогорку окуу жай­лардын негизинен өзүн-өзү каржылоо жолуна түшүүсүөлкөдө педагогикалык окуу жайлардын жок болушуна алып келди. Анткени акыркы мез­гилдердеги мугалимдин статусунун төмөндөшү, айлык акынын аздыгы, бирок жоопкерчиликтин түйшүктүүлүгү мугалимдик адистикке болгон кызыкчылыктын тарашына алып келген. Ан­дыктан жалаӊ мектеп мугалимдерин даярда­ган И.Арабаев, К.Тыныстанов атындагы жана башка республикадагы жогорку окуу жайлар «педагогикалык» деген статусунан баш тартып, өзүн-өзү сактап калуу үчүн жаштар кызыккан, «модалуу» заманбап башка адистиктерди кошо даярдаган окуу жайларга айланышкан.

Мына ушундан улам республикада мугалим адистерге болгон муктаждык кескин түрдөөсүп, жер-жерлерде алардын жетишсиздиги келип чыккан. Мунун жыйынтыгы мектепте адистиги туура келбеген бүтүрүүчүлөрдүн иштөөсүнө, эки ставкадан ашык жумушчу жүгүнүн бөлүнүшүнө, пенсиялык курактагылардын өтө басымдуу­лук кылуусуна, атайын билими жоктордун иштөөсүнө жана бир эле мугалимдин бир канча предметтерден сабак берүүсүнө алып келген. Жыйынтыгында мектептеги билим берүүнүн сапаты өтө начарлап, анын кедергиси жалпы дүйнөлүк деӊгээлге чыкканда ачык көрүнүп турат.

Советтер Союзу учурунда биздин респу­бликадагы 11 жогорку окуу жайдын ичинен алтысы педагогикалык болуп, алар бүтүндөй өлкөнү мугалим адистер менен камсыз кылууда ашыктык кылбаса, ал эми азыр 2200дөй орто мектеп болуп, калкыбыздын саны барган сайын өсүп жаткандыгына карабастан, өлкөбүздө бир дагы педагогикалык атайын окуу жайы жок. Мына ушул сыяктуу кыйчалыш кырдаал, көйгөй жараткан маселелердин келип чыгышынан улам республикада атайын жалаӊ гана муга­лимдик адистикке максаттуу даярдаган жана жергиликтүү айыл өкмөттөрдүн, билим берүү башкармалыктарынын социалдык заказын канааттандырып, алар менен биргеликте иш алып барган окуу жайдын ачылышы замандын талабы болуп калган.

Жогоруда белгиленген ойлорго жооп катары Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту ре­спубликалык маанидеги өлкө ичиндеги билим берүү тармагындагы заманбап жана атаандаш­тыкка туруктуу педагогикалык борбор катары калыптанып жана өнүгүп келе жатат. Институт Чүй областынын администрациясынын жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук уни­верситетинин ортосунда 2009-жылдын 16-мар­тында түзүлгөн келишимдин негизинде жана «Кыргызстанда билим берүүнү реформалоо концепциясын» ишке ашыруу максатында Би­лим берүү жана илим министрлигинин макул­дугу менен, Ж.Баласагын атындагы КУУнун курамында университеттин азыркы ректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор И.Ч.Исамидиновдун жаӊычыл идеялары болгон көрөгөчтүгү жана реформатордук демилгеси менен уюштурулган.Тарых кайрадан кайталан­гансып, институт өзүнүн биринчи окуу жылын 2009-жылдын 5-октябрынан баштаган. Инсти­туттун ачылышынын эӊ негизги себеби, өлкөнүн мектептеринде мугалимдердин жетишсизди­ги өтө чоӊ маселеге айлана баштагандыгына байланыштуу болгон. Алдын ала жүргүзүлгөн талдоолорго салыштырганда бир эле Чүй обла­сты боюнча 2009-жылкы маалыматтар боюнча эки миӊдей мугалимдин жетишсиз экендигин көрсөткөн. Андыктан, мектеп үчүн келечекте чыныгы мугалим болууну самаган жаш муун­дардын курамынан турган жалаӊ педагогикалык адистиктеги институттун ачылышы замандын талабы болгондугун ошол тарыхый кырдаал өзү ырастап турат.

Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагоги­калык кадрларды максаттуу даярдоо институту жогорку жана орто кесиптик билим берүү про­граммалары боюнча педагогикалык адистерди 12 багытта даярдайт. Алдына коюлган мак­саттуу педагогикалык программаларды атка­рууда төмөндөгүдөй принциптерди иш жүзүнө ашырат:

– азыркы күндөгү экономикалык жактан оор шартта билим алууга мүмкүнчүлүгү чектел­ген, таланттуу жана педагогикалык адистикке ынтызар улан-кыздарды айыл өкмөттөрүнүн эсебинен каржылоо аркылуу кесиптик жактан даярдоону иш жүзүнө ашыруу;

– билим берүүдө окуу жай, мектеп, ата-эне жана жергиликтүүөзүн-өзү башкаруу орган­дарынын ортосунда адисти даярдоо боюнча кызматташууну ишке ашыруу;

– жогорку жана орто кесиптик педагоги­калык окуу жай менен мектептин, теория ме­нен практиканын ортосундагы байланышты чыӊдоо, адистерди өз жерлерине практикага жиберүү менен алардын кийинки жумушчу ор­дун бекемдөө;

– педагогикалык практикага басым жасоо;

– институттун базасында жогорку жана орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу менен үзгүлтүксүз, ырааттуу педаго­гикалык билим берүү;

– мугалимдердин кадыр-баркын жогору­латуу жана максаттуу даярдалган сапаттуу педагогикалык кадрлар менен элет жерлерин камсыздоо.

2009-жылы институтка алгачкы 808 абиту­риент, ал эми 2010-жылы 626, 2011-жылы 798, 2012-жылы 997 абитуриент кабыл алынган. Азыркы күндө институтта окушкан 2414 сту­денттин контингенти төмөндөгүдөй эки топко бөлүнөт:

– жогорку кесиптик билим берүү бөлүмүндө 1051 студент;

– орто кесиптик билим берүү бөлүмүндө 1363 студент.

Институт түзүлгөн алгачкы жылы борбор калаадагы жана улуттук университеттин ичин­деги алдынкы педагогдор жана окумуштуу­лар кызматташууга чакырылган. Алсак, ф.и.д., профессор, «Манас таануу» курсунун автору С.Байгазиев, мамлекеттик желектин автору С.Иптаров, философия жана саясат таануу илимдеринин доктору М.Т.Артыкбаев, педа­гогика илимдеринин докторлору, профессор­лор Н.А.Асипова, А.Алимбеков, С.Рысбаев, А.С.Раимкулова,тарых илимдеринин кандидат­тары, доценттер А.Божоноев, Т.Шейшеканов, Р.Жолдошев, география илимдеринин канди­даты, профессорлор К.Сагындыков, З.Алиев, М.Кадыркулов, биология илимдеринин кан­дидаттары, доцент Э.Нуржанов, С.Тоялиев, химия илимдеринин доктору, профессор Р.К. Сарымзакова, химия илимдеринин кандидаты, доцент К. Жумабекова, филология илимдери­нин кандидаттары И.Султаналиев, Б.Оторбаев, Б.Баймырзаев, психология илимдеринин канди­даты М.Камчыбеков ж.б. Эгерде алгач ачыл­ганда институтта 70 окутуучу иштеген болсо, ал эми бүгүнкү күндө институтта 217 окутуучу- профессорлор эмгектенет. Алардын 35%га жакыны илимий даражага жана наамдарга ээ. Сабактар окутуунун жаӊыча технологияларын колдонуу менен чыгармачылык негизде өтүлөт.

Студенттер педагогикалык практиканы Бишкек шаарынын толук орто билим берүүчү мектептеринде (мектептерде, гимназиялар­да) жана мектеп-интернаттарында өткөрүшөт. Айыл өкмөттөрүнүн жолдомосу менен келип, окуп жаткан студенттер педагогикалык прак­тиканы айыл өкмөтүнө тиешелүү мектептерде Билим берүү жана илим министринин уруксаты менен жүргүзүлөт.

Педагогикалык практиканы айыл жерлерин­деги мектептерде өтүү андагы мугалимдердин жетишсиздигин жоюуга, алардын ошол мек­тепте бекитилип калуусуна, келечекте иштей турган коллективи менен студент кезден ара­лашуусуна мүмкүндүк түзөт. Педагогикалык практиканын жетекчилери студенттер практика өтүп жаткан ар бир шаардык жана айылдык мектеп менен педагогикалык тармакта тыгыз байланышта болуп турат.

Институттун дагы бир өзгөчөлүгү – сту­денттер окууну бүткөндөн кийин институттун жетекчилиги айыл өкмөттөрү менен бирдикте дипломго ээ болгон жаш адистерди жумушка орноштурууда ар тараптан жардам көрсөтөт. Педагог адистерди даярдоодогу окуу жай, ата- эне, жергиликтүү айыл өкмөттөрү, билим берүү башкармалыктарынын биргелешип кызмат­ташуусу жакшы натыйжаларды берерин бел­гилеп кетүү керек. Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын 3-мууну жаралып жаткан учурда алардын мазмуну дал ушул нерсенин зарылдыгын камтып, жеткилеӊ адисти даярдо­одогу алардын ар биринин орду чоӊ экендигин билдирип, маанисин баса көрсөтөт.

Азыркы педагогикалык билим берүүнү мо­дернизациялоодо баарыдан мурда, окутуу­нун субъектиси катары окуучуга багыт алууга артыкчылык берилет. Бул болсо окутуунун активдүү формаларын издөөнү, окуу процес­син дифференциациялоону шарттайт. Жаӊы реформаларга байланыштуу билимдин мазму­ну гана жаӊырбастан, тарбиялоонун мазмуну да жаӊыртылат. Тарбия процессинде инсанга багытталгандык менен катар, тарбиянын ма­даният таануучулук жана адеп-ахлактык нарк- дөөлөттөргө болгон баалуулук принцибине артыкчылык берилет. Билим берүү тарбиядан ажырагыс экендиги белгилүү, анткени билим берүүнүн түпкү маӊызында адамдын образын же инсандын инсандык турумун жаратуу деген­ди билдирет. Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институту дал мына ушул талаптарды аткарууга багытталган келечектүү институт.

 

Назаркул ИШЕКЕЕВ,
Ж.Баласагын атындагы КУУнун проректору:

– Ааламдашуу процессине каалайбызбы, каалабайбыз­бы, баары бир аралашыбыз керек. Бирок кандай жол ме­нен? Ошондо ар бир инсан ойлонот, толгонот, ой багат. Ошого кирүүнүн жолун, ык­масын, деӊгээлин аныктаган бир чоӊ түшүнүк бар – ка­тегория деген. Бул – билим, илим жана маданият. Эгерде билимге, маданиятка, илимге ээ болсок, анда ааламдашу­уга акыл-эстүүлүк, тереӊдик менен өзүбүздү сактап калуу аркылуу аралашабыз. Ушун­дай зор агымда бизди кол­доп, коргоп турган – билим берүү системасы.

Бүгүнкү республикабыз­дын ийгилиги дагы, кемчи­лиги дагы Улуттук универ­ситет менен байланыштуу. Маселен, Жогорку Кеӊеште иштеп жаткандардын 60тан ашыгы биздин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү, 90 жакыны кандайдыр бир деӊгээлде университет менен таг­дырлаш. Андыктан КУУ­нун 80 жылдыгы катардагы окуя эмес, бул – улуттун, мамлекеттүүлүктүн тагды­рындагы өзгөчө маани бери­ле турган, өзгөчө ой чайкай турган окуя.

Академик В. Вернадский­дин жакшы сөзү бар: ”Клас­сикалык университет болуш үчүн үч критерий сакталыш керек” деген. Биринчиси, мыкты билим, экинчиси, мык­ты илим, үчүнчүсү, ал окуу жай маданий баалуулуктар­дын ордосу болуш керек. Үч критерийден алып караган­да, биздин университет ушул үч миссиясын үзгүлтүксүз, жигердүү өтөп келатат. Бел­гилей кетүү керек, улуттук университет жаӊылануунун, өзгөрүүнүн кан жолунда. Анын ачык фактысы катары Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институт­тун ачылышын айтсак болот. Бул окуу жай базар экономи­касына ыкчам ылайыкташып, тездик менен чыгармачы­лыктын алкагына чыкты. Ал эмне менен түшүндүрүлөт? Биринчиден, элдин турмушу кескин төмөндөдү. Ошонун натыйжасында, материал­дык жетишсиздиктин айынан элеттик балдар окуй албай калышты. Ошондо айыл өкмөтү, институт жана ата- эне болуп, т.а. үч сызыктуу келишимдин негизинде бал­дарды окутканга жетишишти. Экинчиден, бүтүрүүчүлөр бо­лочоктогу кызмат орду ме­нен камсыз болуп атат. Муну менен биз утушка ээ болдук. Ошентип, абдан кыска мез­гилде институт уӊгулуу, ну­скалуу тарыхын чийип атат.

Педагогикага негиз сал­ган Я. Коменскийдин:” Билим берүү жаратылышка окшош болуш керек” деген жакшы теориялык түшүнүгү бар. Ал эмне деген сөз? Жараты­лыш көп түстүү, көп боектуу. Азыр Ала-Тоо көрккө келип турат, жаратылыш кулпунуп турат, жылдызы жанып турат. Көрсө, улуу окумуштуу билим берүүнү дагы көп түстүү, көп боектуу болушун каалаган экен. Ошол эле мезгилде ушул ойду айтуу менен ал: “Табият кандай фундамен­талдуу болсо, билим дагы ошондой болсун” деген. Ушул жагынан алып караганда, ин­ститут абдан жигердүү иштеп жатат. Практика билим берүү системасындагы категория. Мисалы, Англияда 32 жума педагогикалык практиканы өтпөгөн бүтүрүүчүнү мектеп­ке киргизбейт.

Педагогикалык практика биздин чыгарган продукци­ябыздын витринада турган көрүнүшү. Бизден бүтүп жаткан балдардын билими, педагогикалык чеберчилиги кандай, келечекте кандай мугалим болот деген сөзгө толук жооп бере турган би­лим берүү процессинин эӊ уӊгулуу категориясы – педа­гогикалык практика. Инсти­тутта педагогикалык прак­тика үзүрлүү өтүп жатат. Себеби педагогикалык прак­тикага алып бара турган окуу комплекстери толук иштелип чыккан, окуу нормативдери толук жетекчиликке алынган. Экинчи өзгөчөлүгү – бул жер­де иштеген мугалимдердин баардыгы мектепте иштеп, мектеп программасында бы­шып, такшалып келгендер. Ушул эки компонент болочок­тогу мугалимдерди даярдоо­до олуттуу таасирин тийгизип жатат.

Дайырбек МУСАКУЛОВ, КУУнун Практика жана карьера борборунун кызматкери, педагогикалык практиканын башчысы:

– Улуттук университет боюнча педагогикалык практикага тогуз факультет, бир институт барат. Башка факультеттерге салыштырмалуу Педагогикалык кадрларды максаттуу даяр­доо институту практикага абдан чоӊ көӊүл бурат. Негизинен жогорку окуу жайларда практикага аз гана саат бөлүнгөн. Ошондуктан көп учурда теориялык жактан алган билимдер бышыкталбайт, толукталбайт ж.б.у.с. кемчиликтер бар. Кий­ин бүтүрүүчүлөр мектепке барганда тажрыйбасы аз экени көрүнүп турат. Ал эми Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунда практикага саат көбүрөөк бөлүнгөн. Бул жакшы көрүнүш. Негизинен практика учурунда теоретик -мугалимдер менен практик-мугалимдердин көзөмөлдөөсү аркылуу студенттер бир топ ийгиликтерге жетише алышты. Менин баамыма караганда, жож менен мектеп тыгыз иште­гендиктен, бир максатты көздөп, бир багытта баратышат.

Кипариса КУЛБОЛДИЕВА, Ж.Баласагын атындагы КУУнун Педагогикалык кадрларды максаттуу даярдоо институтунун практика-жетекчиси:

– Бүгүнкү иш-чара КУУнун 80 жылдык мааракесине ар­налды. Ошондой эле 3-курстун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн студенттеринин өткөн мамлекеттик практикасынын жыйынтыгы чыгарылды. Мыкты насаатчылык кылган мектеп­терге, айыл өкмөт башчыларына, мугалимдерге институттун Ыраазычылык барактарын тапшырдык. Институтта алган теориялык билимин биздин студенттер практика учурунда ишке ашыра алышты. Практикага барган 300 студенттин ичинен 45и мыкты деп табылды. Анткени берген ачык са­бактарында алар келечекте мыкты адис боло тургандыгын далилдеп беришти. Биздин балдар мугалимдик кесипти анын кыйынчылыгына, татаалдыгына, айлыгынын аздыгына карабай тандап алышкан.

Самыйбек ЭСЕНБЕКОВ, Логвиненко айыл өкмөтүнүн башчысы:

– Биринчи эле ата-энеӊ жана күчтүү мугалим эсте калат. Мугалимдин орду 20 жыл мурда кандай татыктуу болсо, азыр да ошондой болуш керек. Эгерде силер окуткан окуучуӊар ата-энеси менен келатып, баары чогуу учурашса, анда ал өз кесибиӊердин ээси болуп, ордуӊарды тапканыӊардын белгиси.

Нурбек АКИБАЕВ, Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысы:

– Менин ата-энем дагы мугалим болгон. Андыктан мугалим­дик кесипти жакшы билемин. Олимпиадаларда сыйлыктуу орунга жетишкен окуучуларга 10-20 миӊ сомго чейин сыйлык катары берсек, ал эми сынакка катышып, байгелүү орундарга жетишкен мугалимдерге үй салуу үчүн жер берип жатабыз. Дегеле мугалимдерге колдон келсе бардык шарттарды түзүп бериш керек.

Шарипа КОЙЛУБАЕВА, №85 мектептин социалдык педагогу:

– Практикага келген студенттердин билим деӊгээлдери жетиштүү деп айтуу кыйын. Андыктан практикант-студенттердин кетирген кемчиликтерин ай­тып, оӊ жолго салганга бар­дык шарттарды түзүп бер­дик. Маселен, мүнөзү оор балдар менен кандай иштөө керек жөнүндө жардам бер­дим. Анткени практиканттар жаштык кылып, балдардын психологиясына доо кети­рип алышы ыктымал. Бизде жаӊы конушта мигранттар көп. Андыктан энелик мэ­эримге муктаж балдар жок эмес. Алар менен күнүгө иштөөгө туура келет. Мен практиканттарды ата-эне­лер менен тааныштырып, келбеген окуучуларды мек­тепке кантип тартканды, ата-энелер менен иштөө багытын көзөмөлдөп жат­тым. Эгерде мектеп менен жогорку окуу жай байла­нышып, бири-бирибиздин кемчилигибизди толуктап, айтып, көпүрө болуп турба­сак, жакшы адистерди уядан учура албайбыз.

Жыпара КАРЫБЕКОВА,

№84 мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими:

– Биздин мектепке сегиз студент бөлүнүп, үч ай бою практикадан өтүштү. Эки студент абдан жакшы деген баага татышты. Институтта алган теориялык билимдерин мектепте пайдаланышты. Бирок бил­беген жактары көп болгондуктан, биз кеӊешибизди айтып, балдар менен иштегенди үйрөттүк. Бир сөз менен айтканда, практика студенттерди аябай так­шалтты жана бышырды. Чыныгы мугалим болуучу­лар бар экен. Жүргөн-турганы, сүйлөгөн сөздөрү дагы мугалимдик кесипке дал келишет.

Мээрим АСЕК кызы, 3-курстун студенти:

– Мен №33 гимназияда англис тили боюнча практикадан өттүм. Бул мектептин мугалимдери абдан сы­лык экен. Биз билбеген ыкмаларды үйрөтүштү. Ошондой эле окуучулар менен кандай сүйлөшүш керек, кан­тип сабакка даярданыш керек, кантип ар кандай кырдаалдан чыгыш керек д.у.с. нерселер менен бизди сугарыш­ты десек ашыкча болбос. Негизинен практика мага абдан жакты.

 

Гүлнара АЛЫБАЕВА

Оставьте первый комментарий

Оставить комментарий

Ваш электронный адрес не будет опубликован.


*